Интернетте эмне кеп?..

moldurЭгемберди Эрматов аке, жаңы жылыңыз куттуу болсун! Эми, жаңы жылда Борбор шаарыбыздагы илинген жарнактардагы кыргызча жазууларга көңүл бурасыз го деп үмүттөнүп жатам.

Кыргыз тилинде “мөлтүр” деген сөз бар. Ал эми Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде илингенбул “мөлдүр” деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Асан Турсункулов, сүрөтчү

 

Азыр Кыргызстанда тартылып жаткан коммерциялык фильмдерге көзүм түшүп калат. Башкасын айтпай эле коёюн, кыргыз тилин кордогон тексттер. Маданият министрлигиби, Президент алдындагы тил комиссиясыбы, ушул арзан кинолордун, жок дегенде, тилин карап койсо болот эле.

Нургазы Мусаев, окутуучу

 

Бишкек шаарында жашагандардын эң көйгөйлүү маселеси –сөөк коюу. Көрүстөн маселеси шаардыктар үчүн оорго турууда. 2 чарчы метр жер коммерцияга айланып, баасы асмандын башын чапчыды: 30дан 60 миңге чейин турат дейт. Ал бааны ким чектейт, кимдердин чөнтөгүнө кетет, кимдер тескейт, жоопту ким берет. Колунда жок, жакыр адамдарсөөктү жайына берүү үчүн банктан кредит алып, аныкантип төлөйт? Кыргыздын 2 чарчы метр жериөлгөндөр үчүн эч убакта акчага сатылып, коммерцияга айланбашы керек. Бул салтта жок жосун!..

Кайнарбек Бийлибаев, философ

 

Соцтармак келгени каталардын күнү тууду. Жайнаган катасы менен жабыратып китеп-гезит чыгаруунун эрен-төрөнү билинбей, андан эч ким делеуялбай калды. Чала сабат, оюн түзүктөп кагазга түшүрө албагандар ушу ыраатында бара беришсе кийин каталардын “төөбастысында” калабызбы деп корком.Өзүн сыйлаган коом кемчилик-мүчүлүштүгүнөн сабак алып оңдоого аракет кылчу, биз тескерисинче чала сабаттыкты төргө чыгарып алдык. Акыры келип сабаттуу жазуу улуттук маданияттын белгиси экенин эске тутуп, текстке олуттуу мамиле кылууга өтпөйлүбү. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Бекташ Шамшиев, журналист

“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.