ЖОЖдон 5 жыл окуганыңды курстан 1 айда үйрөн

“Sunrise Studio” компаниясы Кыргызстандагы уюлдук тиркеме жасаган алгачкы компаниялардын бири. Бүгүн бизде конокто аталган компаниянын негиздөөчүлөрү Данияр Арзыматов жана Алыбек Айдарбек уулу болуп, тиркеме жасоонун оош-кыйышынан кеп кылды.

Уюулдук телефондогу “WhatsApp”, “Instagram” сыяктуу социалдык тармактарга үзгүлтүксүз баш багып, “Мой говорящий Том”, “Subway Surfers” өңдүү оюндарды калтырбай ойнойбуз. Бирок аталган колдонмолорду “Ким, кантип жасайт? Каяктан каражат табат?” деген суроолорго анчейин кызыкпайбыз.

“WhatsApp”тын бир түрүн иштеп чыкканбыз

Өзүбүздү Кыргызстанга керектүү уюлдук тиркеме жасаган алгачкы компаниялардын бири деп тааныштырсак болот. Анткени ушул жаатта иш алып барган көптөгөн компаниялар узакка жетпей, ишин токтотуп коюуда. Ал эми улантып кеткендердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдөн түшкөн буйрутма менен иштешет.

Эң оболу “WhatsApp” сымал колдонмо жасап баштаганбыз. Бирок бир топ иштин аягына чыгып калганда, ал долбоор токтоп калды. Көрсө ага көп акча талап кылынат экен. Ичинде кыргыздын улуттук киймин кийген, калпакчан, шөкүлөчөн смайликтер бар болчу. Баарынан элге алар кызыктуу болгон. Азыр болсо колдонмо же сайттарды жасоого буйрутма түшөт. Бул каражат табуунун дагы бир жолу десек болот.

Студент кезде ар кандай IT технологияларга кызыгып жүрүп, кийин смартфон алганда андроидге кызыгуум арта баштады. Ичиндеги колдонмолор кантип жасаларын изилдеп, көп убакыт короттум. Ошентип жүрүп, бир чети бөлөм, бир чети досум болгон Алыбекти чакырып, колдонмолор тармагында иштешели деп сунуш тадым. Sunrise Studioнун негиздөөчүлөрүнүн бири ушул адам. Азыр командада дизайнер, сүрөтчүлөр болуп 15ке жакын адам бар. Буга чейин жасалган “Баластан”, “Mixer.kg”, “Festa” ж.б. көптөгөн эмгектерибизди телефонуңуздагы play marketтен тапсаңыз болот. Мисалы “Festa” деген тойлорго кызмат кылат. Ырчы-чоорчу, тамада, ашпозчуларды ушул колдонмодон тапса болот.

 

Маршрутуңузду көзөмөлдөп туруңуз

Азыр биз буйрутма менен шаардагы маршруттук такси, автобус жана троллейбустардын каттамын көзөмөлдөгөн колдонмо жасап жатабыз. Мисалы кечинде жумуштан чыкканда кээде маршрут күтүп бир далай убакыт туруп калабыз. Жайдын күнү болсо мейли го, бирок кыштын кечинде күтүү деген тирүүлүктүн тозогундай болот. Азыр баарыбызда смартфон бар. Эгер биз иштеп жаткан долбоор аягына чыкса анын ар бир колдонуучу өзүнүн марштуртук таксиси же автобусу кайсы жерде келе жатканын уюлдук телефону аркылуу биле алат. Ал картадан көрүнүп турат. Качан гана сиз түшчү аялдамага жакындап калганда кеңседен же үйүңүздөн чыгып, түшүп кетип каласыз. Муну Бишкек мэриясы жана шаардагы ири компаниялар каржылап жатат.

 

Уюлдук тиркеменин булагы – жарнама

Көпчүлүктү азыр тиркеме аркылуу кантип акча табат деген суроо кызыктырып жатса керек. Интернет айдыңында асыресе колдонмо жаатында каражат табуунун жалгыз жолу – жарнама. Байкасаңыздар керек фейсбук, инстаграмм, одноклассники деген ири социалдык тармактардын лентасында жарнама деп чыгып турат. Ошол жарнамага компаниялар өз продукциясын жарыялоо үчүн оңбогондой акча төлөшөт. Мисалы, фейсбукту алсак, айына 500 доллардын тегереги. Ошондой ийгиликтүү колдонмого айлануу үчүн биринчиден колдонмо өзү керектүү болуш керек, экинчиден элге таанытуу үчүн жарнамалоо керек. Инстаграмм башында 30 млн колдонуучусу бар чакан эле тармак болчу, кийин фейсбук сатып алып айлантып жибергенде тез эле колдонуучулардын саны 300 млнго жеткен. Чыгаша болмоюн киреше болбойт дегендей, фейсбукта алгачкы жылдары тек гана чыгаша болуп турган. Жылына жарнамага 2 млн доллар акча кетирчү экен. Азыр инста чыгашасын толук жаап, жылына млндогон доллар киреше табат. Биздин иш так ушул жарнамалоого келгенде токтойт. Анткени бул тармакка бир топ каражат жумшалат. Анын үстүнө бир колдонмону жасоо үчүн 5 миң доллардай акча, 3-4 ай убакыт сарптап атабыз. Алтообуз ортодон каражат чыгарып, чыгымдарды жаап келатабыз. Кыргызстанга ылайыктуу жакшы долбоорлор бар. Биз аягына чыгып койгонбуз. Бирок ошону айлантып кеткенге алыбыз келбей турат.

 

Кыргыздар IT тармагы акча табарына ишенбейт

Демөөрчү издеп көп жакка кайрылдык. Бирок биздин бизнесмендер интернеттен акча табууну эптүү жол катары эсептебейт. Алар алып-сатууну чоң бизнес деп билет. Болбосо дүйнө жүзүндө басым IT технологияга жасалып, ири акчалар ушул тармакта жүгүрүүдө. Мисалы, дүйнөдө мунай өндүргөн компаниялардын капиталы биригип, бир Googleдукуна жетпейт. Мунай чыгаргандардын мунайы бар дейли, бирок гуглдун эч бир кең байлыгы жок. Ал абадан акча жасап жатпайбы. Плей маркетке колдонмо жайгаштыруу үчүн googleга 25 доллар төлөнөт.

Программист болууга дипломдун кереги жок

Менин билимим программист, Алыбектики энергетик. Бирок мен билгенди Алыбек деле билет. Муну менен мен программа жасоо үчүн атайын диплом же сертификат зарыл эмес деп айткым келип турат. Анткени университетте азыркыга ылайыкталган программа жок. Окуу методу эски. Мындан 10 жыл мурунку методдор окутулат. Уюлдук программалоо деген түшүнүк жокко эсе. Мисалы, окуу жайда 5 жыл үйрөнгөнүңдү өз алдыңча курстарга барып, 1 айда эле өздөштүрүп алсаң болот. Эгер дипломуң, жайнаган сертификатың болуп, мээңде эч нерсе жок болсо, эч ким ишке албайт, а бирок билимиңди тастыктаган бир да документиң жок болуп, билимиң күчтүү болсо, мен-мен деген компаниялар талашат.

Бизде кесипкөйлөр жок болгондуктан, өзүбүз үйрөтүп, биздин компанияга иштетели деп программалоону үйрөткөн курс ачканбыз. Анткени башында бизге программист керек болуп издегенде, табуу өтө кыйын болгон. Кээ бири айлык акысына асмандын башын сурашат. Кээ бири биз билгенди билбейт. Ошондо биз Кыргызстанда кесипкөйлөр жок экенин, өзүбүз үйрөтүшүбүз керек экенине ынандык. Азыр тармакка кызыккан жаштар көп. Бизде бир канча студент окуду. Окуп жатат. Арасынан шыктууларын тандап өз командабызга коштук.

IT технология биз үчүн азыр жаңы нерсе болуп аткандыктан, түшүнүү үчүн бир топ убакыт керек деген ойдомун. Анткени бул тармак менен байып жаткан өлкөлөр да дароо түшүнүп кеткен дегенден алысмын. Келечекте Кыргызстанды IT тармак менен өнүктүрүп, өлкөдөгү ийгиликтүү жана алгачкы компания болобуз деген пландар бар.

 

Кыргызстандагы 5 популярдуу колдонмо

  1. ПДД и штрафы КР 2015 – тиркемесинде жол кыймылынын эрежеси, айыппул өлчөмү, ИИМ, ЖККнын байланыш номурлары камтылган.
  2. Кыргызстан намаз жылсанагы – Бишкектеги жана Ош облусундагы намаз саатын так көрсөтүүчү тиркеме
  3. Kyrgyzstan Flag Theme Clock – чет элдиктер үчүн жасалган колдонмо. Кыргызстандын гербин, гимнин жана желегин табууга болот.
  4. Кыргызские пословицы – кыргызча макал-лакаптар. Тиркемеде 2000 ден ашуун макал бар.
  5. “Mixer.kg”- Өлкөдөгү дүкөндөрдүн топтому. Үйдөн отуруп соода кылганга абдан ыңгайлуу

“Саресеп”, 21.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.