Каныбек Осмоналиев, профессор: «Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар»

Каныбек Осмоналиев эмгек жолун мектепте физика мугалими болуп иштеп баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетинде доцент болуп бир топ жыл эмгектенген. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты. 2005-2007-жылдары Билим берүү жана илим министринин орун басары, андан кийин министр болуп иштеген. Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын бир нече жыл башкарган.

– Каныбек Осмоналиевич, азыркы маалда билим берүү тармагы туңгуюкка кептелип турат. Мындай абалга кантип келип калдык?

– Билим берүү тармагын биз мамлекеттин стратегиялык тармагы деп кабыл алышыбыз керек болчу. Бирок 25 жылдан бери ошол түшүнүктү калыптандыра албай койдук. Билим берүү жана илим системаларын саясаттан оолак кармай албадык. Ал экөө тең табиятынан өз алдынча, эркин жашап-өнүгө турган фундаменталдык түшүнүктөр. Эч кандай «жылаңач саясат» менен конъюнктуралык коомдун туундулары болуулары керек эмес. СССР кулагандан кийин билим саясатын бир нукта алып кетүүнүн ордуна колдон чыгарып жибердик. Бийлик болсо мектептин имараты турса, китеп менен камсыз кылсак, мугалим болсо болду да деп ойлоду. Бирок андай эмес да… Эгемендик алгандан бери мугалимдердин социалдык абалын көтөрө албай койдук. Мен СССР убагында төрөлүп, калыптанып калган киши катары айтсам, ал убакта мугалим бизге ыйык болчу. Мен мисалы, мугалим тагынган галстукту тагынгым келчү, анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурагым келчү. Ал бизге устат, акыл бергич болчу. Анан СССР ураганы эмне болду? Баркы түштү. Себеби бири ичип кетти, бири базарга чыгып кетти, бири психологиялык жактан жабыркады, дагы бири ага чейин үй-бүлөсүн айлыгына кенен бакса, эми болсо бай жана «бизнесмен» кошунасына көз каранды болуп калды…

– Билим берүү тармагына бюджеттен бир топ эле каражат бөлүнөт экен го. Ал каражат мугалимдин социалдык абалын жеңилдетүүгө жетпейби?

– Билим берүү министрлигине бюджеттен жылына 20-25 млрд. сомго чейин бөлүнөт экен. Өзүм учурунда министр болуп жүрүп да бул акчалардын көбү кайда кетерин биле албай койдум. Минфиндин колун карап туруш керек болот. Ал эки гана статьядагы керектөөлөрдү каржылайт. Бири мугалимдердин айлыгы, экинчиси соцфонд. Мугалимдин айлыгы орточо эсеп менен 7 миң сом. Материлдык-техникалык базаны түзөмүш болушат. Китептерге деп 80 млн. сом каралат экен. Бирок ал акча 25 млрд. сомдун жанында көлдүн бир тамчысы да. Анан жыл аягында Минфин калган акчаны башка керектөөлөргө жумшап коет. Мисалы, өкмөттүн башка зарыл керектөөлөрүнө же бир жерде кокустан кырсык катталып калса, ошол жакка жумшадык деп отчет берип коюшат.

– Ошону дароо эле Жогорку Кеңешке мынча сумма, Минфинге мынча сумма деп өзүнчө бөлсө болбойбу?

– Ачык жазып койсо, ал бюджет бекилбейт. Биз социалдык багыттагы өлкөбүз да. «Билим берүүгө 25 млрд. сом, Саламаттык сактоого 25 млрд. сом кетти» деп мактанышыбыз керек куру сөз менен тилекке каршы…

– Сиз айткандай мугалимдин баркы жок, ошол эле учурда молдонун сөзү барктуу болуп калган заманга өтүп бараткандайбыз…

– Ооба, мугалим тигинтип өз алапайын таппай жүргөн чакта бул демилгени молдолор колго ала башташты. Болгондо да ар кандай диний агымдардын агындылары менен тарбиялап, биринчи чектен экинчи чекке өткөрө башташты. Ар бир диний миссионер өзүнүн диверсиялык ишин жасаганга аракет кылышты. Азыр алар көбөйгөндөн көбөйүп, керек болсо каптап кетти. Миссионерлер бизге атайлап диверсиялык иштерди жүргүзүп жатышат. Чала сабат молдолор алардын тилине кирип, биздин балдарды диний фанат кылып тарбиялап жатышат… Бизде дароо эле жыйынтык бере турган нефтибиз, газыбыз жок. Ошон үчүн биздин негизги куралыбыз илим жана билим болушу керек болчу. Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кыргыз бир нерсени бат өздөштүрөт. Тилди бат үйрөнөбүз. Ар кимдин салтын да (кереги барын да, жогун да) сиңирип алабыз. Мына ошол ийкемдүүлүгүбүздүн кесепетинен ар кандай диний агымдарга агылып, өзүбүзгө сиңирип атабыз.

– Бирок Конституцияда дин эркиндигине жол берилет го?..

– Буга Конституция жол берет. «Дин эркиндиги жана диний уюмдар» деген мыйзам биринчилерден болуп 1991-жылы, керек болсо Жарандык кодекске чейин кабыл алынган. Бирок биз бул эркиндикти ээнбаштык менен колдонуп жатабыз. Орустарда айтат го, «Заставь дурака богу молиться, он себе лоб расшибьёт» деп. Биз ошондой болуп бир чектен, экинчи чекке өтүп кеттик. Учурунда баарыбыз атеист болсок, азыр баарыбыз радикалдуу динчил болуп баратабыз. Биз светтик мамлекетпиз деп диндин маселе-көйгөйлөрүн дагы жолго таштап койдук. Анын натыйжасында ар ким каалаганын кылып, фанатка айланып динге баш ийе баштады. Айрыкча ислам динине. Натыйжада 5-күнү балдарын жума намаз деп балдарын сабакка жибербей, керек болсо таптакыр окутпай койгон үй-бүлөлөр көбөйдү.

Мунун түпкү себеби — идеологиябызды жоготуп алганыбызда. Мисалы, учурунда эл коммунизм үчүн биригип, бир максатты алдыбызга коюп, ал бизге утопия болсо дагы жетүүгө далалат кылчубуз. Сапаттуу окуу келечекке жол ачарын туюп, ошол эле учурда ыймандуу, адептүү болуу абзел экенин билчүбүз. А азыр сапаттуу билимди диндин кээ бир догматикалык түшүнүктөрү менен карама-каршы коюп калдык. Болбосо ислам эң перспективалуу, оптимисттик, прогресивдүү дин деп айтылат. Убагында Мухаммед пайгамбарыбыз динди, билимди жана өлкөнү чогуу алып кеткен. Убагында, өзгөчө төртүнчү халифтен кийин ислам дүйнөсү дүркүрөп өскөн. Аравиядан Андалузияга ( азыркы Испания) чейин мамлекет курушкан. Алгебра, химия, алгоритм, косинус, синус, тангенс, котангенс деген терминдин баарын арабдар киргизген илимге. Араб цифралары киргизилип, унификация кылынган. Китеп деген да арабдардын сөзү. Кит- ап –билим бергич дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда, ислам менен илим айкалышып өнүккөн. Ислам Ренессансы 8-кылымдан 14-кылымга чейин созулган. Бара-бара өчүп-өчүп отуруп исламдын радикалдык, фанатикалык касиеттери гана калды. Азыр физикадан ачылыш жасаган кишини каапыр деп, атом менен электронуңду урганым жок деп чыгышат. Сотовый телефонду болсо, шайтандыкы дешет. А колунда сотовый телефон дагы бар, ошол физика илими жасаган бомба менен барып жардырып атышат. Мен азыркы илимди жакшы билип, илимдин баалуулуктары менен диндин алдыңкы авангарддык баалуулуктарын катар айтып бере алган молдо көрө элекмин. Европада экөөнү катары менен айтып берген пасторлар, поптор бар. Бизде болсо, эркектер сакалын өстүрүш керек, кыздар хиджап кийиш керек деп ар кандай талаптарын коюшат. Бир нерсе болсо эле өлүмдү сүйлөшүп, тозоко түшөсүң деп коркутушат. Кыскасын айтканда, биз Ислам интеллигенциясын түзө алган жокпуз да…

– Азыр бизде мечит көп. Алар кайсы каражатка салынып атканы белгисиз. Салып берип жаткандарга мечиттин ордуна мектеп салып бер деген өтүнүч-талабыбызды койсок болот беле?

– Ошол сөздү айтчу эл башкаруучулар башынан туура эмес позицияны ээлеп туруп алышты. Чиновниктердин ар биринин өзүнүн диний секталары пайда болду. Алар чет элдик эмиссарлардан акча ала башташты. Алардын жардамы менен шайлоо компанияларын өткөрүп, мечит тургуздуруп, «силерге мечитти мен айтып салдырып бердим» деп упай топтой башташты. Дин ээнбаштыгына жол бербегендин ордуна чоңдорубуз өздөрү кошулуп кетти. Акыркы күндөрү депутаттарыбыз «бешинчи күндү иш күн кылбай эле коелу, жума намазга барышыбыз керек» деп трибунадан сүйлөй башташты. Чоңдордун суранычы менен деп бир эмес, эки мечити бар айылдар көбөйдү. Керек болсо баргылардыкы, жорулардыкы, саруунуку, сарбагыштыкы деп уруулардын мечиттери бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Мечит менен бирге медреселер көбөйдү. Айтмакчы, СССР учурунда бир да медресе болгон эмес. Азыр Кыргызстан боюнча токсонго жакын бар. Ошентип биз мечит менен медреселердин эбегейсиз көбөйүп кеткенин көзөмөлдөй албай калдык.

– Медреселердин окуу программасын ким көзөмөлдөйт?

– Булар бирдей программа менен иштебейт. Мисалы, кайсы бир он медресе Сауд Арабиянын башкаруусунда, дагы бир он медресенин ээлери — Иран, Түркияныкы дагы бар, дагы бир ону өзүбүздүкү. Пакистан менен Афганистандын таасириндеги медреселер бар. Окуп аткандарды программалары ар бөлөк болгондуктан, баланы башка мечитке которуп окута албайсың. Программаны Муфтият түзүп бериш керек. Алар түзүп берип эле жүрүшөт. Бирок Муфтият өздөрү ичинен бөлүнүшөт да. Бири-биринен жашырышып, бири Сауд Арабияны, бири Түркияны колдошот…

– Айрым ата-энелер балдарын светтик билимден куржалак калтырып атышат. Бизде балдарын мектепке жибербей койгон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу каралганбы?

– «Балдарга тогузунчу класска чейин милдеттүү түрдө билим бериш керек» деп Конституциялык нормада жазылган. Тилекке каршы, биз муну мыйзамдардын көбү биздин мамлекетте аткарылбай келаткан сыяктуу эле, бул норма да бузулуп келатат. Баласын мектепке жибербеген ата-энеге атайын статья бар. Биринчисинде эскертүү берилет, экинчисинде административдик чара колдонулат, үчүнчүсүндө кылмыш иши козголот. Бирок ата-эне камалган бир да факты жок. Мектеп директору канча баласы сабакка келбей жүргөнүн өзү билбейт. Кыргызстанда 1 млн. 200 миң окуучу болсо, анын 200 миңи сабакка барбайт. Мен депутат болуп жүргөн кезде бир окуя болду. Жумгалда 4-класста окуган 5-6 баланы Бангладешке 12 жылга окууга алып кетишиптир. 4-класстын баласы ошол учурда 11 жашта болсо, 12 жылдан кийин 23 жашка чыгып, дапдаяр фанатик, радикал болуп келет. Каникулга келип-кетип жүргөн болсо, керек болсо 15 жашка чыкканда эле ата-эне, туугандарынын башын айландырып, үндөп коет…

Мындай кырдаал негизинен, КМШ өлкөлөрүндө орун алып келет. Ал эми Чыгыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү менен Грузиялар болсо АКШ, Еврокошуун жана Түштүк-Чыгыш мамлекеттерин туурашып абалды оңдоп кетишти. Алар чет элдик эмиссарлардын «каалоо-тилектерин» ишке ашырышкан жок.

«Де-факто», 27.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.