“Насыйкат” тобунун жетекчиси Бакыт ЧЫТЫРБАЕВ: «Биздин кыл кыяк жүрөктү козгоп, сезимди бийлеген аспап»

Кыл кыяктын чебери, комузчу, композитор, кайталангыс күүлөрдүн атасы, залкар талант Мураталы Күренкеевдин жолун жолдоп келе жаткандардын бири Бакыт Чытырбаев. Ал убагында комузчу, күүчү Нурак Абдрахмановдун кеңешин угуп, аны менен өнөр сахнасында бирге жүрүп калган шакирти болгон. Кийин ден соолугуна байланыштуу көп жылдар эл алдына чыкпай калган. Бир жолу Байтик айылындагы Жүзүмкан аттуу бүбү аялга барса, айтыптыр: “сага кыл кыяктын аталары таарынып жатыптыр, кыякты черткиниң, кыякты таштабашың керек” – деп, ошондон улам жаңы күч, дем пайда болуп, тарап кеткен топту кайра чогултуп, кайрадан иш баштап жаткан учуру.

– Бакыт агай, “Насыйкат” тобу тууралуу айтып берсеңиз?

– Адегенде “Жаңыргагы” деп атап, уюшулганбыз. Көп жылдар ишибиз токтоп калды, эми кайрадан жанданып иш баштап жата-быз. Ушул жылдын июль айынан бери, атын “Насыйкат” тобу деп өзгөрттүк. “Жаңыргагы” деген башка тилге которулбайт экен. Көп аттарды сунушташты, арасынан ушуга токтодук. Топтун мүчөлөрү үч адам: кыргыз элине таанымал комузчу, кыргыз күүлөрүн мыкты аткарган, өзү да күүчү, обончу Нурзат Орозалиева, коңур үндүү ырчы Айдай Стамкулова жана мен. Учурда Бишкек шаарында чакан концерттерди берип жатабыз.

– Уюшулгандан бери кандай конкурс-фестивалдарга катыша алдыңыздар?

– Көп өлкөлөрдө болдук. АКШ, Чикаго, Голландия, Франция, акыркы жолу Эстониядагы элдик музыкалардын конкурсуна чакыруу келип, барып катышып келдик. Эстон эли биздин күүлөрдү, ырларды абдан жакшы кабыл алышты, залдагы элдер 5 мүнөттөй кол чаап колдоп турушту. Азыр да башка өлкөлөргө чакыруулар түшүп жатат, буюрса, барабыз деп камданып турабыз.

– Кыл кыяк өнөрүн үйрөнгөндөр көпбү?

– Кыл кыяк тартууга үйрөнүүгө жаштардын кызыгуусу артууда. Албетте, бул өнөргө кошумча түрткү керек. Бул жөнүндө ойлонуп, жаңы идеяларды издеп, ошону иш жүзүнө ашырсак деген ойдомун. Бул өнөр баалуу, нарктуу терең тарыхы бар өлбөс өнөр. Мисалга дүйнөдөгү башка аспаптарга караганда, биздин кыл кыяк мазмундуу, жүрөктү козгоп, сезимди бийлеген сыйкыр үнү менен айыр-маланат. Бул аспап унутулуп калбашы керек, урпактарга берилип, уланып кетсе деп тилек кылам. Ошондуктан азыртадан ойло-нуп келечегине кам көрүү керек, анан кол-доочу демөөрчүлөр дагы болсо. Кыл кыякты байыркы аспап деп атасак болот. Негизи жыл-кы баккан элдердин маданиятынан улам жаралган десек болот. Бара-бара ар кайсы элге тарап отуруп, кыяктын формасы, тарткан му-зыкасы өзгөрүп жайыла баштаган.

– Канча окуучуңуз бар, аты чыгып калгандары барбы?

– Окуучуларым бар. Азыр дагы келип сабак алып үйрөнүп турушат. Музыкалык мектептерди, консерваторияны бүткөндөрү мага келип улантып, үйрөнүп турушат. Залина, Нурбек, Айнура деген окуучуларым элге таанылып калышты.

– Башка топторд он айырмаңыздар эмнеде?

– Айырмачылыгыбыз ар бир музыкант өз алдынча күү аткарып, ырдайт. Электрондук коштоолорсуз, жандуу үн менен болот. Илгерки ата-бабадан калган салттуу фор-масында аткарганга аракет кылабыз. Башка фольклордук топтор нотага салып аткарышат, алар атайын ошондой максатта түзүлгөн. Негизги бул өнөрдүн маңызы, түпкүлүгү жоголуп кетүүдө. Ошону сактап калууну максат кылабыз.

– “Чагалдак” борбору сиздерге про-дюссердик кызмат көрсөтөбү?

– “Чагалдак” продюссердик борбору жаңы уюшулду. Алар биз сыяктуу кыргыз-дын салттуу музыкасын алып жүргөн топтор-ду колдоп, концерттерин уюштуруп беришет. Биз да арасында барбыз. Азырынча материалдык жардам бере алышпайт. Борборду түзгөн белгилүү журналист карындашым Жаңыл Жусупжан, ал өз кеңештерин идеяларын айтып турат. Чет өлкөгө чыгууга жолдомолорду таап берүүгө салымын кошуп келүүдө.

– Кандай колдоого муктаж болуудасыздар?

– Ырчы кызыбыз Айдай Стамкулова комузга муктаж. Акчанын тартыштыгынан комуз сатып алууга мүмкүн эмес болууда. Азыр аспаптардын баасы дагы өсүүдө. Ми-салы жакшы комуз 20 миң сомдон жогору турат. Андан сырткары улуттук колориттеги жаңы костюмдарды тиктирип, жаңыртып алсак жакшы болмок.

– Репертуарыңарда эл уга элек, биле элек күүлөр барбы?

– Нурзаттын аткаруусунда эл жакшы бил-беген күүлөр бар. Нурзаттын күү чыгаруу өнөрү күчтүү. Айдайдын аткаруусунда элдик ырлар бар. Мен дагы жаңы күүлөрдү иштеп чыгуудамын, анан М.Күренкеевдин эл уга элек күүлөрү иштелип жатат.

– Сизди Мураталы Күренкеевдей мыкты аткарат деп баалашат, кантип үйрөнүп калдыңыз?

– Республикабыздын айылдарынан кыл кыякчы издегем убагында, акырында таппай, архивдеги Иманкул, Саид, Мураталы ата-ларыбыздын үн жазмадагы күүлөрүн угуп, үйрөнүүгө 20 жылдай убакыт сарптагам. Күренкеевдей ойнойт деп баалагандары-на ыраазымын. Күүнү күүдөй толгоп, сызда-тып, сүйлөтүп тартыш керек. Ошол даражага жеткендирмин балким. Мураталы атабыздын болгон күүсүн тартам. Ал кишинин күүлөрү аз жазылып калыптыр. Алтын фондуда эки эле күүсү бар экен. Андан сырткары борбордук архивден пленкалар үзүлүп жаткан жеринен сактап калдым, “Кербез”, “Кош кайрык” аттуу эки күүсүн алып чыгайын деп турам, буюрса.

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”, 27.10.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.