Улуу муундан үйрөнөр сабагыбыз эмне?

Элибиздин уучу кур эмес экен, 20-30 жаштын нары-бери жагында 100-150гө жакын ыр жазып жүргөн поэзия талапкерлери бар. Арасында жазгандары поэзия деп айтуудан оголе эле алыс, ырдын эң жөнөкөй талаптарына жооп бербегендери да, уйкаштыкты эми үйрөнүп калгандары да, кадыресе калем шилтеп, там-туң басып келаткандары да бар. Поэзия талапкерлеринин жаш курактарын эске алуу менен, белгилүү себептерден улам, азырынча аты-жөндөрүн атабай туралы. Алардан мыкты акындар чыкпайт деп таккесер айтканга, оозду куу чөп менен аарчыганга али эрте. Талант дүрт этип жанган от сыяктуу. Күтүүсүздөн эле күндөрдүн биринде жанар тоодой атылып чыгышы ыктымал. Же келечегинен үмүттөндүрүп, жакшы чыгып келип эле, жазбай калса таң калбаса да болот. Себеби, жаш куракта баары эле ыр жазып башташат да, кийин таштап коюшат. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Жаштыктын деми менен эргүү, ышкы келип, анан күндөрдүн биринде өзүнөн өзү токтойт окшойт. Колуна калем кармап, күнү-түнү ыр жазып, ансыз жашай албачудай болуп жүрүп,анан эле баарын жыйыштырып койгондор бардык мезгилдерде, биздин учурда да болгон.

Ал эми ырга олуттуу мамиле жасап, анын артынан түшкөн, өзүн поэзиясыз элестете албаган жаш чыгармачыл күчтөр тууралуу айтсак, алардын ичинде өзүнүн стихиясын таба албай чайналгандар, өзүн өзү кайталагандар жок эмес. Тар тематиканын алкагынан, тагыраагы турмуштук майда-бараттын айлампасынан чыга албай, экинчи дем жетпей аксагандары да бар. Кайсы бир жеңил-желпи табылгаларды таап алып, ошого корстон болуп, дымак күтүп өзүн чоң акын сезип калгандар деле четтен табылат.

Жаңы толкун, жаңы муундагылардан Улукбек Омокеев, Болот Мамбетисаев, Гүлүмкан Исаева, Эльгиза Бусурманкулова, Бектурсун Адиев, Кудайберди кызы Айзат, Малика Жумадилова, Исамидин уулу Бектурали, Зухра Самудинова, Кундуз Суранбаева, Чынгыз Рыскелдиев, Нурлан кызы Бегайым, Бекмурат Келдибаев, Саламат кызы Зухра ж.б.лардын жазган ырлары жаман эмес. Чыныгы акындык таланттын учкундары чачырап турат. Алар ыр дүйнөсүндө азбы-көппү бир топ ийгиликтерге жетсе да, эмнегедир бир нерсе жетишпегендей, жазгандарынын “тузу” кем болуп, мала даамданып тургандай, барып-келип дүйнөлүк поэзиянын мектебинен өтпөгөндөй туюла берет.

Акын Омор Султанов 26 жашында “Тоо күндөрү” аттуу алгачкы китеби менен адабият дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштап, “Отузунчу станция” ырлар жыйнагы менен таасын талант экенин тастыктап койгон. Ал анда болгону 31 жашта болгон.

Ошентип акындын улам кийинки ыр жыйнагы адабиятка жаңылык апкелип, өмүр бою өсүү жолунда болду. Ал эч качан майда-барат, келди-кетти ырларды жазбады. 35 жашында жарык көргөн “Аэропанорамасын” алабызбы, 41 жашында “тапкан” “Аралдар арасында”, же 47 жашында жараткан “Чарчоонун жүзүнчү ырынбы” – булардын ар бири адабият дүйнөсүндөгү чоң окуя. Эр ортону элүүнү күтпөй эле поэзия классиги катары таанылган, муну адабий чөйрөдө баары моюнга алган.

Акын Турар Кожомбердиев болсо 20 жашында “Көлчүктөгү айы” менен адабият дүйнөсүнүн астанасын аттап, өзүн талашсыз таланттуу акын экенин тааныткан. 1965-жылы, 24 жашында «Кызыл алма», 1966-жылы, 25 жашында «Тоо үстүндөгү күн», 1968-жылы, 27 жашында «Таңкы симфониясы» чыгып, ар бир жыйнагы окурмандардын жүрөгүнөн орун тапты. 1972-жылы – 31 жашында «От өчпөгөн коломто» менен поэзия дүйнөсүнүн алтын жылдызы болуп жанды. Жапжаш бекен!?.

Табылды Мукановдун “Шуру жоготкон кызы” – 27 жашында, “Каректеги жери” – 30 жашында, “Жүрөктүн кагышы” – 34 жашында жарык көргөн. Мына ушул аты аталган ыр жыйнактары менен ал баарыбызды таң калтырып да, суктандырып да, тамшандырып да турат. Баарыбыз сыйлаган Табылды да жапжаш кезинде эле поэзия дүйнөсүндөгү багындыра турган бийиктиктердин баарын багынтып койгон.

“Алтымышынчыларда”, 70-80-жылдары адабиятка келген муунда мындай мисалдар оголе көп. Өкүнүчтүүсү, өткөн кылымдын 90-жылдары, 2000-жылдары, андан кийинки он жылдыктарда келген жаңы муундагы жаш акындар арасында жарыяланган ырлары, жарык көргөн ыр жыйнактары менен поэзия дүйнөсүн дүң кылгандар дээрлик жок болуп жатканы эч кимге жашырын эмес. Алар социалдык баракчаларындагы “досторунун” арасында барктуу, сыйлуу болгону менен, тамшанып, таңгалып окуй турган ырлары болбой жатканын каалайбызбы же жокпу моюндоого туура келет.

Мунун сыры эмнеде? Эмне үчүн бүгүнкүнүн Омор Султановдору, Табылды Мукановдору, Турар Кожомбердиевдери, Алик Акималиев, Жолдошбек Зарлыкбековдору чыкпай жатат? Эмне үчүн “алтымышынчы”, “жетимишинчи”, “сексенинчи” жылдардагыдай күчтүү толкун жаралбай жатат?

Мунун жообу О.Султанов, Т.Муканов, Т.Кожомбердиев, А.Акималиев, Ж.Зарлыкбеков ж.б.лар менен жаңы муундагылардын чыгармачылык өнөрканалары менен салыштыра келгенде эле өзүнөн өзү чыгып калат.

Улуу муундагы акындардын дээрлик баары дүйнөлүк поэзиянын кайталангыс мектептеринен өтүшкөн. Ошол эле Омор Султанов дүйнөлүк адабияттын алптары – чилилик акындар Пабло Неруда жана Габриэла Мистральдын поэзия мектебинен таалим алган. Габриэла Мистраль да, Пабло Неруда да латын америкалык, тагыраагы чилилик акындар. Болгондо да Габриэла Мистраль – Пабло Неруданын устаты. Тагдыр эки улуу акынды Пабло Неруда 12 жашар кезинде жолуктуруп, Г.Мистраль болочок гениалдуу талантка жол көрсөтүп, тушоосун кескен. Кийин көп жылдар өтүп, экөө да Нобель сыйлыгынын лауреаттары болушкан.

Г.Мистраль менен П.Неруданын ортосундагы устат жана шакирт катары жылуу мамиле өмүр бою кала берген сыяктуу. Г.Мистраль тууралуу китебинде Пабло Неруда улуу устатынын Темуко шаарчасынын жашоочуларына болгон таарынычын жана жан кайгысын: “Биздин Темукодо ал уулу тууралуу поэма жазды. Аны ар бир сөзүнө поэзия ширелген кара сөз түрүндө жазды. Турмушка чыкпаган аял уулу тууралуу поэмасында кош бойлуулук, төрөт, энелик камкордук жөнүндө жазган эле. Анан эле шаарчада күңүрт имиш-имиштер жүрө баштады. Бул көзсүз, сокур болмуштар анын жан дүйнөсүн жаралады. Мен карагайчылардын, темир жолчулардын уу тилинин канчалык заар экенин билем. Габриела катуу таарынды, ал таарынычын өлөр-өлгүчө унута албады, уу тилдин заарын өзү менен кошо кара жердин алдына ала кетти” – деп бөлүшкөн жайы бар. Пабло Неруда да жеке жашоосунда акындыктын, акылдын азабын тарткан учурлар жок эмес. Ырас, Пабло Неруда чет жерлерде дипломаттык иште жүргөн, Чили президенттигине талапкерлигин да койгон. Бир караганда тагдырдын эрке баласы болгон. Арийне күнүмдүк чыныгы турмушта адамды курт сыяктуу жей берген ушактар, көрө албастыктар, бут тосуулар, чагымчылдыктар арбын эмеспи. Ага Айтматовдун адамдык тагдыры деле мисал. Сыягы, ал Г.Мистралдын Темуколуктарга болгон таарынычы аркылуу акындар сыртынан күлүп жашаганы менен ичинен кан өтүп турганын башкалар билсе, укса, устатынын уу сөзгө ууккан абалын мисалга келтирип, темуколуктар акындын алдынан өтүп кечирим сураса дегенди каңкуулаган окшобойбу.

Бири-бирин аяп, бири-бирине болгон жылуулукту сезип турган Латын Америкасынын бул эки улуу акыны бири-бирине дүйнө таанымы, көркөм ой жүгүртүүсү боюнча да абдан жакын. Пабло Неруда Г.Мистралдын шакирти катары устатынын жолун улап гана тим болбостон, Мистраль бир тепкичке көтөрүп койгон Чили поэзиясын андан жогору бийиктикке көтөргөн. Жаңы ойлорду айткан, жаңы табылгалар менен байыткан.

Азия менен Латын Америкасын миңдеген чакырым аралыктар, океандар, суулар, кургактыктар бөлүп турса да, ушу бүгүн, Латын Америка поэзиясы менен улуттук поэзиябыздын мыкты үлгүлөрүн салыштыра отуруп, дүйнөнү поэтикалык кабылдоо, ой-туюмдардагы кандайдыр бир паралеллдер, окшоштуктарды кездештиресиң.

Омор Султановдун гениалдуугу ушунда, ал мына ушуну, латын америкалык эки улуу акындын алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөн поэзиясы менен кыргыз поэзиясынын жакындыгын, дүйнөнү кабыл алуудагы, сезип-туюудагы жакындыгын байкаган экен. Пабло Неруда Габриэла Мистралдын ойлорун улап, жаңы ой, жаңы түс кошуп, андан ары улам, тереңдетип алып жүрүп отургандай, Омор Султанов да өз чыгармачылыгында улуу акындардын улуу ойлорун кыргыз ыр кыртышына кынап отургузуп, биздин нарк-насил, биздин ой-таанымда тереңдетип, жаңы көркөм дүйнөнүн каалгасын ачып таштаган.

Пабло Неруда Матильда Урруитага болгон сүйүүсүн “Сүйүү жөнүндө 100 сонетте” кандай даңазаласа, Омор Султанов да өзүнүн кир кол менен кармагыс махабатын “Сен жөнүндө поэмасында” дал ошондой даңазалаган. Ал эми “Сүйүү жөнүндө жыйырма ыр жана үмүтсүздүктүн бир ыры” баштаган ырлары кыргыз акынын “Чарчоонун жүзүнчү ырын” жаратуу идеясына жем таштаган.

Латын Америкасын эле эмес, дүйнөнү дүң кылган эки акындын ырларын которуу менен, Омор Султанов алардын чыгармачылык дүйнөсүнөн баа жеткис руханий азык тапкан да, Латын Америка поэзиясы акынга илбирс секирик жасаш үчүн секиче болуп берген. Ошентип, анын акындык жолу шыдыр кеткен. Чыныгы шедевр чыгармаларды жараткан. Кыскасы, Пабло Неруда жана Габриэла Мистраль Омор Султановго кайталангыс мектеп болгону жана терең из калтырганын жокко чыгарууга болбойт. Башкалар кандай ойлойт билбейбиз, биздин оюбузча бул эки акынсыз Омор Султанов таптакыр башка акын болмок.

Латын Америка поэзиясы кыргыз акындарынын көбүнө, анын ичинде Табылды Мукановго да таасирин тийгизген. Бул – ойлордун күтүүсүздүгү. Алгыр бүркүттөй, комдонгон илбирстей селт эткен салыштыруулар.

Ал эми акын Сүйүнбай Эралиевде бенгал акыны, Нобель сыйлыгынын лауреаты Рабиндранат Тагордой сай ташындай салмактуулук, чалкыган океандай тереңдик байкалат. Сүкөң комуз чапкан устадай кылдат, эч кайда шашпайт, балта-чотун колуна кармап, акырын сап артынан сап жарата берет. Бир маалда карасаң үнү мукам комуз жаралган болот.

Алик Акималиев болсо Артюр Рембо, Поль Верлен, Эдгар По сыяктуу башкалар анча этибар ала бербеген европалык, америкалык акындарды таап алып, ошолорду которуп, чыгармачылык өнөрканасын үйрөнгөнгө кызыкты. Мунун өзү анын башкаларга окшошкусу келбеген азоо кыялынан кабарлап турчу.

Мына ошентип, улуу муундагы акындарыбыз дүйнөлүк поэзиянын мыкты үлгүлөрүнө, поэтикалык көркөм ой жүгүртүү салттарына таянуу кыргыз ырын жаңылашты. Улуттук поэзиянын жаңы үлгүлөрүн жаратышты. Кыргыз ырына реформа жасашты.

Жогорудагы мисалдарды эмне үчүн келтирдик!?. Улукбек Омокеев, Болот Мамбетисаев, Гүлүмкан Исаева, Эльгиза Бусурманкулова, Бектурсун Адиев, Кудайберди кызы Айзат, Малика Жумадилова, Исамидин уулу Бектурали, Зухра Самудинова, Кундуз Суранбаева, Чынгыз Рыскелдиев, Нурлан кызы Бегайым, Бекмурат Келдибаев, Саламат кызы Зухра ж.б.лар да эч тартынбай, батыл изденсе, чоң ийгиликтерди жаратарында, ар бири поэзия асманында жылдыз болуп жанарында эч күмөн жок. Болгону убакыттан уттурбай, курч кезинде, жүрөктөрүндө от күйүп жаткан куракта жазып калышы керек.

Ыр – бул жаштыктын деми, күчү. Ырды жаш кезде жазып калбаса, убакыт өткөн сайын кеч боло баштайт. Андыктан, ырды басып баратып да, уктап жатып да, бир нерсени көңүлсүз тиктеп туруп деле жарата бергендери оң. Эң башкысы, жаныңды карч уруп изденгенден, урунуп-берингенден, жол издегенден, адашкандан коркпогон дурус.

Анан да, жаш чыгармачыл адам башка адабиятты окубай, башка элдердин көркөм ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын таанып билбей, дүйнөлүк адабий мектептен сабак албай, аны жетик өздөштүрбөй, өз казанында эле кайнай бергенде колго алаарлык бир нерсе жаратышы кыйын.

Эң башкысы, “Адамда баары жакшы болушу керек” – деп А.Чехов айткандай, чыгармачыл адам – кир кол менен кармагыс жакшы адам болушу керек. Жакшы адам болбой жакшы ыр жаралбайт. Майда-бараттандан өйдө жашап, аруу ойлорду ойлонмоюн, бийик максаттарды көздөп жашамайын, сулуулукту жана улулуукту пир тутмайын, тереңдикти көксөмөйүн, ал адамзатын тамшандырып, таң калтыра турган нерсе жарата албайт. Анын жазгандары күнүмдүк көр тирликтин түйшүгүн тегеренип, айланып калат.

Ушул жерден айтпай кетпесек болбойт, кийинки муундагы жаш акындарда “Бир Аллахты тандадым” дегендей, диний темадагы ырлар көп кездешчү болду. Бул ырларда – биз өмүрдү эмес, өмүр бизди каалаганы, ошон үчүн бул дүйнөгө жаралып калганыбыз, Аллах адамдарды жараткан үчүн аларды жакшы көрө турганыбыз, ошон үчүн бир Аллахты тандаш керектиги тууралуу даваат айтылат. Башка эч нерсе.

Албетте, ким эмнени жазат, ал ар кимдин өзүнүн эрки. Бирок, буга окшогон саптардын ээлери, дегеле диний темада жазгысы келгендер каалайбы же жокпу, мына ушуга үндөш ыр саптары поэзия менен эч коошпой турганын, миң уйкаштырып, миң көркөмдөгөнү менен канаттуу поэзия катары кабыл алууга мүмкүн эместигин айтып коюубуз парз. Эгер жаштардын кийинки мууну да мына ушул жолой менен кете турган болсо, анда алар чоң жаңылышат жана бул кадамдары поэзиянын да, диндин да ыйыктыгын булгашат.

Жаңы муундагы акындар 21-кылымда жашап, мына ушундай диний ырларды жазып, ушул жолго түшүп, поэзияда даваат айта баштаганы кооптуу көрүнүш. Дегеле, айрым жаш акындардын ырларын окуп отуруп, көп нерсеге кыжалат болосуң. Алар тал чыбыктай ийилчээк ырларында өздөрү да түшүнүп, түшүнө албаган ички сезимдерин, болор-болбос нерсеге болгон кайгы-капасын, эссиз таарынычтарын, болбосо турмуш кыйынчылыктарынын алдында шалдайып отуруп калган алсыздыктарын жазган болушат. Же айрыкча жигиттер атажуртка өпкө-жүрөгүн чаап киришет. Мындай майда таарыныч, атажуртка болгон жалган сезим бирде болбосо, бирде окурманды ишендире албагандай эле, көңүлүн кайт кылып коюшу ыктымал. Андыктан, жаштар буга окшогон жасалма, ары “жансыз” сезимдерди жүз кайталап жаза берүү менен алыска узай албай тургандыктарын сезиши керек. Жаштардагы дагы бир кемчилик жапжаш туруп карып калган кишилердей жазышат. Айрымдар түптүз эле керээз-мурасын айтып кирет. Жаш адам өлүмдү эмес, өмүр тууралуу, кайгы тууралуу эмес, кубаныч жөнүндө, күз тууралуу эмес жаз тууралуу көбүрөөк жазганы дуруспу деп ойлойсуң.

“Болор бала богунан” дегендей, мыкты акын болчу калемгер чү дегенде эле селт эттире тургандай жазганы дурус. Башкача ойлонуп, башкаларды туурабаганы оң. Болбосо, чыныгы даанышманга тиешелүү кыраакылык менен көзү көрбөсө да, көкүрөгү менен көрүп, жүрөгү сезип тургандай айтканга, жазганга неге болбосун.

Мүмкүн жаштар “үстүбүздө үйүбүз жок, кыйналып жашап жатабыз, анан бизди кыйнап мыкты ыр жаз деп талап кылганыңар жарабайт” дешер. Орустарда эле дворяндар, княздар акын-жазуучулук менен шугулданбаса, калган башка элдерде курсагы токтор ыр же кара сөз жазып, же башка бир өнөрдүн артынан кубалаган эмес. Т.Сыдыкбеков деле жаш кезинде алгачкы чыгармаларын ашканада отуруп жазыптыр. Себеби жалгыз отуруп алып чыгармачылык менен узанаар бөлмөсү болбоптур. Анысы ал, жазуучу ал жылдары кургак учук оорусу менен да алышкан. Белгилүү котормочу Сүйүнтбек Бектурсунов Л.Толстойдун “Согуш жана тынчтыгын” эки бөлмө үйүнүн меш турган кире беришинде, түн ичинде отуруп которгону тууралуу кызы: “Бир бөлмөдө атабыз, апабыз, биз балдар уктайбыз, бир бөлмөдө айылдан келген туугандарыбыз жатат, атабызга үйдүн кире бериши артат” – деп айтты эле. Акын, сынчы, котормочу Аман Токтогулов да үйдүн азабын тарткан. “Поэзияга мамилени” квартиралап жүрүп жазган, “Менин Дагстанымды” улам бир квартирага көчүп жүрүп которгон.

Үй азабы кыргыз акын-жазуучуларынын баарынын башынан өткөн. Союз убагында үстүңө үй эмес, ижара (квартира) табылышы азап болчу. Үй кожоюндары кааласа түн ичинде сыртка чыгарып салган учурлары болгонун азыркы жаштар балким билбес чыгар. Ушул өңүттөн алганда, жаш чыгармачыл күч үйдү шылтоологону туура эмес.

Ырас, өткөн кылымдын 90-жылдары оор жылдар болчу. Чыгармачыл адамдар ыр эмес, өзүн түгөлдөгөнгө айла-амалын таппай калган доор эле. Ага салыштырмалуу азыр жашоо бир нукка түшүп калды.

Ким чын жүрөгү менен адабиятка кызмат кылгысы келсе, анда С.Эралиев, О.Султанов, Т.Муканов, Ж.Зарлыкбеков сыяктуу акыл азабын тартып эмгектениши жана андан жыйынтык чыгарышы зарыл деген ойдобуз!!!

О.Султанов 30 жашында, Т.Кожомбердиев 20 жашында, Т.Муканов 25 жашында классик болуп калышкан. Демек, жаш чыгармачыл адамдар ойлоно турган нерсе арбын. Эң башкысы билек түрүнүп, күндүр-түндүр изденбесе, чыгармачыл өмүрү социалдык барактарда, же өздөрүн пиар жасаган Р.Отунбаеванын демилгелер фонду сыяктуу ар кайсы демилгечи фонддордун күнүмдүк шоуларынын деңгээлинде эле кала берет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.