Рахат АМАНОВА: “КҮМҮШ КЕМЕР”
Келин мазар булактын жанына олтуруп, жылаңаяк таманына кирген майда таштар менен тикенектерди тазалап терип, бутун суу менен жууп, канталап чыккан жерлерине топурак септи да, жалбырактарды үзүп, ороп туруп, жүзаарчысын тең бөлө айрып таңып койду. Анан төштүн түбүнөн алкынып агып аткан киргил дайраны ойлуу карады.
Дайра киргенде өйүз-бүйүз өткөндөр ирик улоо минип өтөт. Себеби бул жер эки дайранын кошулган алабы. Суу киргенде дайралар бири-бирине атаандашкансып албууттанып, бар күчүн бири-биринен чыгарчудай болуп, кошулган алабында суунун кочкулу артып, таштарды апчып агып, не бир сүрдүү болчу.
Мазар булактын тушундагы тектирчеге эс алганы олтуруп, жошо кызыл түстөгү узун баркыт кемзели менен кош этек көйнөгүнүн этегин чөп-чар, ыпыр-сыпырдан тазалап, жүзүн булактын суусу менен жууп, мазарга чүпүрөк байлады да, анан тизелеп олтуруп кыйлага чейин Кудайга жалынды. Кудайга жалынганда «күкүктөп кирген дайрадан өтүп алсам экен» деп жалынган жок, андай оюна да келбеди, санаасын ээлеп алган болочок бактысын тилеп жалынды. Ажал аны али-бери албай турганын, азыр болуп жаткандын баары Кудайын сыноосу экенин туюп турду. Буудай ыраң жылдыздуу чырайынан чечкиндүүлүк менен кайрат көрүнүп турган жаш келин чөк түшкөн абалында колун жайып, анан көкүрөгүн бооруна алып, көккө карап сыйынып алды да, акырын дагы ылдыйлап түшүп дайраны телмирип карап олтурду.
Күрпүлдөгөн суунун шарынан араң угулган үндөрдү кулагы чалып маңдайды карады. Өйүздөгү заставадан муну баятан бери дүрбү менен кызыгып карап турган орус чек арачылардын келатканын көрдү. Маңдай жактагы жардан ылдый түшүп, сай менен атчан чаап заматта жетип келген аскерлерди кайдыгер карап койду. Келген үч чек арачынын олбурлуусу сууга атчан кирип баратып, шеригин түшүрүп, бир атты жетелеп алды да, өйүзгө жеткенде келинге «мин» деп ишарат кылды. Анан жообун күтпөстөн шап билектен алып атка мингизип, берки өйүзгө өтүп, келинди да түшүрдү. Келин малма суу болгон көйнөгүнүн этегине жылаңаяк бутун кымтылап жерге олтура калды, беркилер мунун корунуп, тартынып атканын дароо түшүнүштү. Куйкул сары чач чек арачылар келиндин турпатына тигилип, кордук көргөнү байкалбаган, тескерисинче, кийген кийиминен, алтын сырга, билерик, акак, шуруларынан бардар жерден экени көрүнүп турганынан, бул байдын качкан токолу же кудалап койгон жерине көңүлү жок үйүнөн качкан байдын кызы деп божомолдошту. Анткени аскерлер жергиликтүү тоолуктардын жашоосун жакындан билип калышкан болчу. Үчөө келиндин таш-тикенек кирип тытылып калган бутуна таңдана карап, өздөрүнчө бирдемелерди айтып, кызуу талашып-тартышып, анан жергиликтүү кара кыргыздардын жашоосуна кийлигишпейли дештиби, байдын кызы же токолу болсо аркасынан куугун келсе балээде калабыз дештиби, биртке туруп аттарына шапа-шупа минип, жар башындагы заставага чаап кетишти.
Атайын эл көрбөсүн деп кечки маалга туштап, күн батыштагы мазар булак түшчү ээн кыя жолго салган эле, эми чычырканак баскан Бөкөймөнүн ичи менен жүрүп, күн чыгыш тараптагы тээ өрдөштөгү жайлоого таңга маал чыгып кетиш керек. Ошон үчүн кайненеси менен энеси айтып дайындагандай, дарыянын боюндагы чоң үңкүргө кирип кемзелин жайды да, ооз жакка сулк кулады.
Уйкусу канып калыптыр. Таң ата элек экен. Айдын шооласы үңкүрдүн ичине билинер-билинбес түшүп, сыртта теребел көөшүлүп магдырайт. Башын оң жагына буруп, үрүл-бүрүл жарык түшкөн үңкүрдүн ичин бир сыйра карап, анан сол жагына бурулуп асмандагы бадырайган жылдыздарды, маңдай жактагы Тайгак-Ташты, Көк-Кыя менен Кайыңдыга кирип кетчү жолду карап жатты.
***
Атасы бул кызды бешикте жаткан кезинде Соотбек бийдин баласына макул көрүп кудалашып койгон эле. Жылдар кубалашып, кыз бала дегениң ургаачы заадисине тартып тез эле көзгө көрүнө түштү. Болгондо да тунук жүзү албырып, тал-тал чачы жаак ылдый төгүлгөн сулуу бийкеч болду. Айлуу түндүн ак чөлмөгүн издеген ойноок, аруутай кезинде бир айылда бирге өсүп, бирге чоңойгон келишимдүү жигитке көңүл-шерти байланып калбадыбы… Тагдырдын жазганы белем, баш кошобуз деген тилектери таш каап, атасынын айтканын эки кылбаган жигит көңүлүнө төп келбеген кызга үйлөнүп, кыз да Соотбек бийдин баласына көз жашын төгүп баш кошту. Баш кошуу го баш кошуу экен. Бирок дили арзыбаган бирөөгө жантүгөй болуп ышкысын жандырып жашап кетүү, эртели-кеч ошону «түгөйүм» деп кабылдоо ашык жандар үчүн оор болду. Экөө тең «бирге болобуз» деген шертине туруп, акыры жубайлары менен ажырашты. Келин төркүлөп келген боюнча кетпей койду. Жигит сүйкүмү жок келинчегин төркүлөтүп алып барган боюнча алып келбей койду. Келиндин ушу таптагы жылаңаяк тоо-таш кезген сапарынын башаты ошондон башталды.
Эсине он беш жашында тийген биринчи күйөөсү элестеди. Жок, жок, кандай болсо да аны менен жашаганга көңүлү келбейт болчу, андан көрө өлгөнү артык эле. Баланын атасы элдин баарын жайлоого чыгарып ийип, келинин ээрчитип, байбичеси экөө Чоң-Караколдон түшүп, тээ ылдыйдагы жардын кычыгындагы тикенектердин артына чычкан өткүс кылып жашырылган темир эшиктүү жертөлөгө алып кирип, ичиндеги кызыл дүнүйөнү көрсөтүп айтканы эсинде: «Балам, энең экөөбүз сага эле ишенебиз. Азыр заман тынч эмес, ак орус, кызыл орус болуп бөлүнүп атат, кимдин ким экенин деле билбей калдык. Мынабу дүнүйөнү энең үчөөбүз эле билебиз, кокус бирдеме болуп кетсе сага тапшырабыз. Сен Кудайга аманатсың, биздин жалгыз жаманыбызды ээрчитип адам кылып кетсең болду, балам», – деп он беш жаштагы эстүү келинине ишенич арткан эле. Ошондогу кызыл дүнүйө көз алдында калды, бирок дүнүйө да көзүнө көрүнбөдү, кайната-кайненесинин бапестеп отурган жакшылыгы да көрүнбөдү.
Төркүлөгөн боюнча уулу канча барса да ынабай, ортомчуларга ынабай, кайын журтуна келбей койгон келининин аркасынан байбичесин ээрчитип, жан-жөкөрлөрү менен өзү келе жаткан Соотбек бийди орустар Тайгак-Таштан өткөрбөй коюшту. Айласы кеткен тоодой-таштай бий аркасына кайтып кеткенге мажбур болду.
— Атаа, байбиче! Келиндин да Кудайга айтканы бар окшойт? Жолубузду минтип орустар бууп койду. Артка кайталы. Келин болсо да балабыздай болуп калды эле. Кел, байбиче, батабызды берели! – деп батасын берип, белиндеги күмүш кемерин чечип, байбиче колундагы күмүш билеригин чечип берет да, жигиттеринин бирин Кайыңды аркылуу чаптырат.
— Аманатты куда-кудагыйга тапшыр. Келиним уулду болсо бешигине мынабу күмүш кемерди артып койсун. Байбичем экөөбүздүн куда-кудагыйга эч кандай кинебиз жок! Белимден чечип берген белегим байбичем экөөбүздүн келинибизге берген батабыз болсун! Оомийин!- деп артка кайтат.
Бийдин аркасынан көп узабай орустар сая түшүп, Кашкарга изин суутуп кеткен боюнча кайран киши дайынсыз эле. Соотбек бийдин аманаты кыздын энесинин колуна тиет. Байына айткандан заарканган байбиче кызына гана айтып, күмүш кемерди, билерикти бекитип жүргөн болчу.
***
Келин кайнатасы менен кайненеси жолу болбой кайтып кеткен жерди карап олтуруп: «Ата-а!.. Эне-ее!.. Кечирип коюңуздар мени! Мени кечирип коюңуздар!..» – деп алгач шыбырап, анан эчкирип кирди. Көңүлүндө асабадай сыйлуу боюнча калган ушул эки адамдын кечиримин туйса жараткан Кудай туйгандыр? Телегейи тегиз бактысына кошул-ташыл кыжаалат ой ичинен жеп жүрбөдү беле? Көрсө, сүйгөнүнө жетүү дүйнөсү түгөл болуу эмес турбайбы!.. Толук бакыт эмес турбайбы… Андай дүйнөсү түгөл бакыттын даамын татыш үчүн ичтен жеген санаа болбошу керектигин кийин түшүнүп атпайбы. Күмүш кемер менен билерикти энеси көрсөткөндөн бери көңүлүнүн тереңинде: «Асыл адамдардын көңүлүнө азар берип койдум, аттиң!» деген санаа ичинен жеп жүргөнү жалганбы? Сыртынан сыр бербегени менен кайнатасы менен кайненесинин аманатын эстеген сайын ичинен жүз өлүп, жүз тирилип жүргөнү жалганбы? Акылгөй энеси аманат тууралуу экинчи ооз ачкан жок. Бирок жүзүндөгү беймаза көлөкөчү? Айрыкча энесинин жүзүндөгү ушул беймаза көлөкөнү көргөн сайын жүрөгү тилингени жалганбы?
Мына азыр Кудай алдында агарып алгандай жеңилдеп алды. Кыжаалат ойлорунун эсесин чыгарып алгандай жеңилдеди. Кудайдын кудурети менен жүрөгүнүн түпкүрүнөн суурулуп чыккан ыйы менен агарып алгандай болду. Ал азыр өлүмгө да кайыл эле, ажал алып кетем десе бактылуу болуп күлүп кетмек. Анткени жаны жай алып агарып турду.
***
Үрүл-бүрүл таң атты. Сайда өскөн чычырканак токойдун ичи менен жолго түштү да, тээ Теректин өрдөшүнө караңгы түн киргенде араң жетти. Жардын башы менен төтө жолго түшүп, ары-бери каттаган элдин көзүнө урунгусу келбеди. Үстүндөгү кемзели менен көйнөгү биртке тооруксуптур. Буту жыңайлак болбосо кечке маал жетмек, сай бойлоп өскөн чычырканак токойдун тикенектери жанын чыгара таманына өтүп, көгөрүп, шишип чыккан бутуна киргендерин терип отура калып, киши-кара көрүнсө буйтка жерге бекинип атып жайлоонун өрдөшүнө жеткиче түн кирип калган эле.
Кечээ энеси менен кайненеси айткан тээ дөңсөөдө обочодо турган алты канат боз үйдү таап, акырын кирип барды. Боз үйдө очоктун боюнда от калап отурган, заңкайган ак элечек кийген, жүзүн кабат-кабат бырыш баскан Бүбү кемпир отуруптур. Башка эч ким жок. Бүбү эне келген элди көргөнү атайын жалгыз боз үйдө турат болчу. Келин киргенде башын буруп карап койду да, үн катты:
— Дегеле кеч келдиң да? Баятан бери сени келет деп күтүп олтурам.
«Бүбү эне бүгүн келээримди каяктан билди?» деп таң калган келин акырын унчукту:
— Арыбаңыз, эне…
— «Келгенимди каяктан билди?» деп таң калбай, бери жаныма өт. Кечээ карасам сага жол түшүп аткан, кантсе да заадибиз бир, бир атадан тараган эже-сиңдибиз, көңүлүм түтпөй жолуңду карадым. Келе турган болуп камынып калыптырсың. Анан келе жатканыңды көрдүм. Бери жаныма өт да, жылуу суу алып колу-башыңды жууп, даарат алып кел. Анан жабыкбашыдан менин кийимдеримден алып кий, атала куюп ич, шам-шум этип уктап ал. Анан сүйлөшөбүз.
Келин очоктун боюна өтүп, нарыдан-бери Бүбү кемпир айткандын баарын аткарып, таш-тикенек кирген буттарынын ооруксунуп жатканын да билгизбей, элпек кыймылдап, төшөк салып эненин жанына баш койду. Бир сөз айттырбай арыдан-бери баарын оюндагыдай жасап, жайган дасмалды жыйып, атала ичкен аягын таза жууп аяк капка салып, жаздыкка баш койгон сиңдисине ичи жылыган кемпир туруп, «үшүп калыптыр» деп тон алып келип келиндин үстүнө жаап, өзү да жатканга камынды.
***
Сергек келин кумгандын капкагы ачылып-жабылганын угуп, акырын турду да, жаткан жерди иреттеп, Бүбү кемпир намазын окуп бүткүчө отту улуулатып жагып, дасторкон жайып, таңкы даамды коюп, эненин отура турган жерин дайындап койду. Ак шайы чоң жоолукту башына чалып байлап, көөлбүгөн көйнөгү менен жашыл баркыт кемзелинин үстүнөн желбегей ичик жамынган кемпир бир куюм чайын ичип болуп сөз баштады:
— Садагаң кетейиним, зирегим, адамдын көңүлүнө азар бергендин акыбети болот. Эч нерсеге карабай көңүлүңө жаккан жигитке баш кошуп бактылуу болдуң, бирок балалуу болбой азабыңды жедиң. Башкасын кой, күйөөң салынды кылып таштап койгон кыздын көңүл акысы бар да, каралдым. Күйөөң экөөң ушу же жубан эмес, же кыз эмес салынды болуп орто жолдо калган бечараны ойлогон жоксуңар да, кагылайын? Анын күнөөсү эмне?
Каным! Оо, Кудай, чындап эле күндөш атыгып калган ушул Каным бечараны бир да жолу «кантти экен» деп ойлобоптур. Күйөөсүнөн да кызыгып сурабаптыр!.. «Жабылуу аяк жабылуу боюнча калсын» деп Каным тууралуу сөз козгобойт эле. Болбосо бала кезинен эле анын аянычтуу тагдырын билгени үчүн азыркы албан-субандай күйөөсүн ага ыраа көрбөй койбодубу. Арзыганы экөөнү эки башка жолго салган жазмыштын буйругу ого бетер адилетсиз, ого бетер таш боор көрүнүп туруп албадыбы. Ошол жазмышка кашкая өчөшүп атып акыры күйөөсү экөө көздөгөнүнө жетти эле.
— «Балалуу болбой жатат» деп энең келгенде «кызың наар тартпай жылаңаяк келсин, кайра келген жолу менен кетсин» деп жөн айткан жокмун, аны дилиме, тилиме салып, Кудай сага сыноо берди. Бутуңа таш менен тикен кирип бир күндүк тарткан азаптан эле канча кыйналдың, Канымдын акыбалын эми түшүндүңбү?
— Түшүндүм, эне… Деги айтыңызчы, мен тилегиме жетемби? Балалуу боломбу?
— Балалуу болосуң, бир эмес бир нече жолу бешик терметесиң. Болгону мындан аркы жолуңда керт башыңды ойлой бербей, карабашыл кишинин да убал-сообун эске алып, пейилиңди кенен салып жүр. Тагдыр дагы далай жолу сынап көрөт. Дагы да тарткылыгың бар. Андан алган нускаң эсиңде болсун. Азыр тургун дагы, садага болоюнум, таң атып келатат, келген жолуңа түш. Бирөө-жарым байкап калбасын, этияттап көздөн далдаа кет! Мен айткан сөздөрдү акылыңа салып калчап, дилиңе салып муютуп ал.
***
Жолго түшкөн келин дарыянын боюндагы баягы чоң үңкүргө караңгыда жетти да, көңүлү эч нерсеге чаппай, канталап көгөргөн буттарынын ооруганына да кайыл, ооз жакта олтурду. Бүбү эненин «бир нече жолу бешик терметесиң» дегени да бейкунт көңүлүн жибите албады. Ал ушунча азап жеп, ушул үчүн барды эле го Бүбү энеге? Азыр болсо бул сөзгө кайдыгер эле. Көз алдына каратору, пекене бой, буттары ооруйбу же кандай, тайтактап баскан арык, ыраңы серт кыз элестеди.
Канымдын элеси жол бою ээрчип келди. Анын карасургулт серт өңү, тайтактаган майыптыгы ажырашууга даана себеп болгон эле. «Кудайдын кылган иши да, он баланын ичинен ушу кызыбыз кайсы жазыгына ушундай майып туулуп калды, билбейбиз. Бешиктеги кезинде билбей кудалашкан экенбиз, убадага туруп уулуңарды үйлөнттүңөр, дообуз жок» деген ата-энеси ичи дарты ичинде кызын унчукпай алып калышкан. Эл-журт да бул чечимди туура көрдү. Келбетине акыл-эси төп жигиттин чечимин баары туура көргөн.
Келин да ал байкушту көңүл бурганга арзыбайт деген, демек, аны ошондой майып кылып жаратса, Кудайдын буйругу, Кудай биз тарапта деген түгөйлөр ал бечарага маани беришкен эмес. Ошол майып бечаранын көңүлү эмне болду деп бир пенде маани бербептир. Бирөө да маани бербептир! Керек болсо Канымдын ата-энеси деле маани бербептир.
«Балалуу болуп калсам экен» деп ит-кушка жем болгонго да, арам өлүп калганга да кайыл болуп, элден-журттан бекинем деп, азабын жеп барар баргыча, келер келгиче чычырканак токойдун ичи менен басып жүрүп, мынакей, аксаңдатып бастырып, майыптын азабын бир күн болсо да Кудай көзүнө сайып көрсөтүп койду.
Азыр ал күйөөсүнө да, өзүнө да, балалуу бололу деген тилегине да кайдыгер тартып , өзүнө окшоп адамдын кемтигине кесир кылган адам атмайдан көңүлү калып турду. «Бул да бир Кудай жараткан пенде» дебей, бирин тоготпой башын аттап, экинчисин теңине албай койду эле, анакей, «бала эле болсо болду, бапестеп койнума салып багып алат элем» деп Кудайга зар болду.
Адам атмай өзүндөй мерез экенине ынанды. Болгону ыраңы серт болгон үчүн, жылдызы суук болгон үчүн, майып болгону үчүн өзү баш болуп, баары Каным байкушту тирүүлөй чийинден чийип таштаптыр. Бирөө да «байкуш майыптын көңүлү эмне болду экен» дебептир. Бирөө дагы! «Бул да тирүү жан го» дебеген өзүнөн, байкушту көңүл бурууга арзыбаган текейдей көргөн өзүнөн көңүлү калып турду. Канымды эмне үчүн «алып кал» дебеди экен? Эмне үчүн? Байкуш ичсе бир кесе аш ичет эле го? Күндөш болот деп чочулай турган себеби да жок эле го? Ал бечара эми эмне болот? Эмне болмок эле? Ата-энесинин көзү барда биртке төркүнгө батып жүрөт, андан кийин төркүндөгү келиндин орду улагада эмеспи. Ал байкушту эми колдон-колго өткөрүп, кимдин аялы өлсө бала-бакырага бакмачы, кимдин кемпири өлсө чал-чабырга бакмачы кылып, түрткүнчүк кылышат экен да бир кесе аш, башпаанек үчүн…
Кечээгиде «агардым» деп каадасынган өзүн-өзү ушул саам жек көрүп турду, бул дүйнөнү, ушундай тагдырга себепчи болгон адам атмайдын баарынан көңүлү калып турду, өз жаны өз денесине батпай, деги эле жанын коёрго жер таппай өксүдү. Бешик терметпегени беш жылга аяк басып, анысы айыбына айланып, абысын-ажындарынын «жакшылардын назарынан калган эме» деген сөздөрүнө уугуп бүткөн келиндин жашоого кызыгы кетип бараткан эле.
— Каны-ым!.. Мен куруюн! Сага буюрбаган бакытты мага насип кылабы Кудайым?!.. Байкушум, сенде эмне жазык! Жазмышым энчилеген сүйкүмсүз эримди боюма жуута албай койсом менде эмне жазык? Бой тарткандан бери арзышып, сүйүшүп жүргөнүм сенин эриң болуп калса, ага көксөп тийген менде эмне жазык, Каным?.. Сенде эмне жазык да менде эмне жазык?.. Байкушум, кечир мени, Каным, мен куруюн… – деп айтып, жоолугунун учу менен көлдөгөн көз жашын аарчып дарыя жакка теңселип барды. Башы салмактанып ооруп, көздөрү караңгылашып чыкканынан муздак сууга бети-колун чайып сергип алгысы келди. Кочкул кызыл суунунун тайыз кечүүсүнө бутун малып бети-колун сууга чайып атканын билет, анан береги күрпүлдөп кирип аткан суунун улуу жагына байкабай бут коюп алдыбы, же суу улуулап кирдиби, буту ташка сыйгаланып тайыганы эсинде. Албуут дарыянын агымы жыга койгонун, чоочуп кыйкырганын, муздак суу денесин какшатканын гана билет. Андан ары алкынган суунун шар агымы келиндин назик, жепжеңил денесин муздак кучагына орой тартып, үлгүртпөй агызып кетти.
***
Көзүн ачса кенен сайда жайылып аккан суунун алабы тарам-тарам болуп тайыздаган жеринде, дарыянын боюндагы чычырканак токойдун жанында жатыптыр. Башы эңги-деңги жаны сууну окшуп алып кайра сулк жатты. Айдын шооласы айланага төгүлүп, теребел жымжырт. Бир гана тоонун түбүндө кирген дарыянын күрпүлдөгөнү угулат. Келиндин зирек акылы көзгө сайгандай айтып атты: «Тур өөдө! Эмне жатасың кыйратып койгонсуп? Кандай күн көрсөң да кайыл болуп жаша. Каным бечара да баарына кайыл болуп жашап атат. Тур өйдө! Канымдай бечаралардын сообуна калып өл, өлсөң дагы. Балалуу болсоң болосуң, болбосо жок. Балалуу болбосоң көп болсо Канымдай болуп бакмачы болоорсуң! Тур өйдө!»
Ушинтип өзүнө-өзү эс болуп, өзүнө өзү эш болгон келин кийимдерин чечип бир сыйра сыгып алды да, жанчылган денесинин ооруксунганына да, тытылган жылаңаяк бутунун сыздагынына да көңүл бурбай, эми Кудай эмес, өзүн өзү жазалагандай өчөшүп басып, бүлөсүнө кайтып баратты.
Тогуз айдан кийин келин балканактай уул төрөдү. Кайнатасы менен кайненеси мал-жанын аябай жентек той беришти. Баланы бешикке салаарда берилбеген аманаттын айыбынан чочулаган Жали байдын байбичеси куда-кудагыйын тээ жайлоонун төрүнө атайын ээндетип тигилген боз үйгө чакырып, кызы менен күйөө баласын небереси менен кошо алдырып, Соотбек бийдин аманатын көрсөтүп, болгонун болгондой айтып берди.
Күмүш кемерди көргөн андагы бий менен байдын ок жегендей абалына ошол түн, байбичелери менен жаш жубайлар, анан бешикте болпоюп жаткан бөбөк күбө болду.
— Кан куда! Балдардын көңүлү деп сен экөөбүз эмне кылдык, аа?! Атаны кайран Соотбегим ай!.. Атаны кайраным ай! Адамдын асылы экенсиң! Баласын чанган келинге батасын берген береним ай, эреним ай! Байбичесин айт!.. – деген бийдин түндүктөй зор денеси күйүп күл болуп кетпей, сары чийкил жүзү көгөрүп кеткендей болду.
Бай жер катуулугунан калды. Арыкчырай узун бою кичирейип кеткенсип, кызыл чийки жүзүнөн жер-сууга батпаган өкүнүч көрүнүп турду. Этек жакта олтурган кызы менен күйөө баласын бир карап, болпоюп дүйнөкапар бешикте жаткан небересин бир карап, ойго батып кыйлага олтурду. Бардыгы ойго чөгүп үн чыгарбай тунжурашты. Кыйла өтүп, байбичесинин колунан күмүш кемерди алган бай унчукпай барып, зарыга күткөн небересинин бешигине артып койду.
***
Жылдар өтүп, бакубат, бактылуу жашаган түгөйлөр орто жашка барып калганда, маңдайдагы кошуна чалды «зайып таптык» деп бала-бакырасы үйлөнтүп коюшту. Кошуна катын-калачтар менен чалдын зайыбын көргөнү киргенде аял Кудайдын эсебине тан берди. Бул баягы Каным эле. Канымдын карасургулт серт жүзүнө бырыш эрте түшүптүр, өңү керсары. Турмуштан оор түйшүк тартканы көрүнүп турат. «Байкуштун багып алаары болгондо чалдын үйүн башпаанек тутуп келет беле?» деп ичинен сыздап алды. Келген зайып ким экенин айтканда күйөөсү да таң калганын жашыра албай турду.
Күндөр өткөн сайын кудайы кошуналардын ымаласы ысык боло баштады.
— Каным, жайлоодон бир карын майды, бир баштык курутту сага жасап келдим. Кыздар жупка жайып, кургатып коюшту. Кышындасы курутка салып жегенге кыздар жупка жайып берип турушат. Анан чара берчи, топоздун эти бар эле, салып берейин? – Үйдүн ичинен Канымдын ачуулуу үнү угулду:
— Дегеле муну кара, бардар киши болуп ташынып, биз ачка калгансып!
«Угуп алат» деп койбой, дайыма ачык эле кейинип-кепчинип, урушуп, кагынып-силкинип турчу Каным баары бир чара көтөрүп чыкты.
— Меймандарды эртеңкиге чакырдык, акем экөөңөр даяр болуп тургула?
— Даяр болгудай эмине, биз ашуу ашып келмек белек, ботом? Беш кадам маңдай-тескей отурабыз го? Жакшына болчу нары! – деген Канымдын заар чачкан тилине дайыма унчукпайт. Күлүп эле коёт. Себеби турмуштун ачуусун көп татып калган Канымдын жанын кагуу-силкүүдөн калкалай турган тилинине башка эмнеси бар эле? Көрүнгөн үйгө барып өгөйгө башын батырып жүрүш оңой дейсиңби? Кудай андайдан сактасын! Мусаапыр жанын калкалаш үчүн тилин кайрап көнүп, заарын чачканга уста болду да бечара.
«Каным эмне десе да жарашат» деп, ичинен кудайы кошуна болуп калганына сүйүнөт. Барган сайын Каным да өзгөрдү, жайлоодогу кошуналары ооз тийсин деп, базар-учардан келип калган алма, өрүк, кампут, печений болсо балдарына деп атайын берип жиберет. Бара-бара зайыптардын ынтымагынан кошуналар жакын болуп кетишти.
Күйөөсү ким келбесин дайыма «төргө акем менен Каным отурсун» дейт. Бар тапканын «алгач ушу кудайы кошуналарым ооз тийсин» деп турат. Бирдеме болсо кеңешип, алгач ушуларды чакырат. Канымдын урушуп, кейип-кепчигени кадимки эле көнүмүш адат эле. Анын ачуулуу сөздөрү угулуп турбаса эсеп эмес эле. Бир жакка бир күн айылчылап кетсе чалы баш болуп оңкулдап жаман болушат. Уул-кыздары да айылдын келаткан Канымды көргөндө: «Каным таеже-е келатаа-ат!» – деп сүйүнүп чуркашат. Балдарына «Каным таежеңер мага эже болот» деген.
— Мени тим эле сагынып кетишкенсиген аш алдап ичерлер! Муну карасаң тим эле, мени сагындыңар дейсиңерби аа? Каяктан! Бул тайтаңдап кампут менен томпок печений алып келатат дейсиңер да! –- деген Каным чалы менен маңдайдагы кошуналарына атаган түйүнчөгүн бирөөсүнө карматып, кемзели менен чепкенинин чөнтөгүн чукулап калат. Кайда барса да, качанкы бир кездеги күнүлөшүнүн балдарына атап момпосуй менен печенийден чөнтөгүнө салып алат.
— Каны-ым таежем келди-и-и!.. – деп өзүн карай чуркап келаткан аш алдап ичерлерди көргөндө, «үйүмө жеттим, аа» деп сүйүнгөн Каным, балдарга бирден-экиден тийчү момпосуй менен печенийди издеп, адатынча чөнтөгүн чукулап калды.
12.02.2024, Ош