Рахат АМАНОВА: “КҮНҮЛӨШ”

аңгеме

Кыз-күйөө олтурган боз үйдүн жасалгасынан көз тайгылат. Айдай ажары шөкүлөсүнүн үлпүнчөгүнөн көзгө урунган кыз бою түндүктөй узун, алыбеттүү, ак саргыл жигиттин жанында гүлдөй жайнап турду. Бири-бирине төп келген кыз-күйөөнүн жүзүн нур чайып, түгөйлөр бактылуу эле.

Жай эми көркүнө чыга баштаган маал. Күн чайыттай ачык. Жайлоодогу элдин баары тойдун шаңы менен шайдоот, шатыра-шатман. Кыз тойдун шааниси аяктап бараткан. Күйөө бала жоро-жолдоштору менен эшикке чыгып, азыр жеңелеринин коштоосунда кыздын чыгаарын күтүп, аттанууга даяр турушту. Алыс-жакындан келген катын-калач кызды сапарга узатууга кирип, боз үйдүн ичине кирген-чыккан аялдар батпай, баш көргөндү көз көрбөй топурап калганда, кыз мына-мына астана аттап чыгаарда чыңырган үн чыкты. Азыр эле гүлдөй жайнап турган кыз ичин кармап түйүлүп, эс-учун билбей Кудайга үнү жеткидей чыңырып жатып калды. Айдай жүзү куудай кубарган кыз ичин кармап онтосо адам жанына туралбайт. Турган элдин баары саамга нестейип, жанагы кубанычтуу топураган толкун эми ачуу ый аралаш ызы-чууга айланды.

Эшикте кыздын чыгышын күйөө жанчылары менен күтүп турган жигит саамга эмне болуп кеткенин түшүнгөн жок. «Кыз жаман болуп атат!» дегенди угуп үйгө атып кирди. Жигит киргенде гүлдөй үлбүрөгөн кыз өксүгөн энесинин колунда онтоп жаткан эле. Андан аркысы түш көргөндөй кирди-чыкты эсинде.

— Кантип?! Эмне болуп кетти?! Кызга эмне болду?! – деген суроолорго жооп табылбай, эки тарап тең эси эки, акылы айран болду.

Жигит түш көргөндөй абалда жүрдү. Кыз экөө кечээ эле алты бакан селкинчекти күүлөп тээп атышпады беле? Алым-сабак айтышкан кыз-жигиттердин тамашасына чер жазып, төрдө жанаша олтурушпады беле? Бир жыл бою той боло турган күндү эсептеп, ансайын күн өтпөй, жигит адеп сактадым дегенде ай сайын алты жолу келип, жеңелеринин коштоосунда келген арзуусу менен айлуу түндө жолугуп атышпады беле? Тойлордо көрүшүп калышса, айчырайы ар дайым жеңелеринин аркасына бекинип, жигиттер тарапта олтурган муну уурдана карап, каректери чагыла түшсө көздөрүн ала качып күлмүңдөп, кырк өрүм төгүлгөн чачын кармаламыш болуп калганычы…Ушунун баары түш көргөндөй кайып болдубу?

 

***

Кызды жигит менен жолуктурганы кезеги менен төрт жеңеси коштоп келчү. Көбүнчө былтыр келин болуп келген кичүү жеңеси келет, улуураактары бала-бакырасынан, тиргиликтен көп бошобойт. Кичүү жеңеси менен кайынсиңдиси экөө аябай жакын болуп кетишти. Себеби жеңеси менен жигит бир уруктан болушат, бирок эки башка айылда турушат. Кайынсиңдиси жигит тууралуу, болочок кайын журту жөнүндө жеңесинен сурап бүтпөйт, кызыгып баарын сурайт. Жеңесине кыз менен жигиттин мамилеси кызык, ал аны сурап бүтпөйт. Айчырай баарын төкпөй-чачпай айтып берет, экөөнүн шыбырашкан таттуу сөздөрүн бирде албырып, бирде уялып айтып берет. Жигит биртке кечиксе да ыйламсырап ушул жеңесине айтат. Басса-турса сөздөрү түгөнбөгөн экөөнүн жашы да теңчамал, жеңеси болгону бир жаш улуу. Сырдашып бири-биринин жанынан кеткиси келбеген экөөнү баары тим коюшат. Кайненеси да келинди анча жумшабай, кызын күйөөгө узатып алгыча жеңеси менен черин жазып алсын дейт. Күйөөсү бир жакка кетээри менен жаш келин кайынсиңдисин жанына чакырып алып, басса-турса шыбырашып, кыткылыктап бирге эле.

Бүгүн биринчи жолу жигит акырын белинен имерип, кыздын жаагынан сүйдү. Бул ирмем экөөнүн эркинен тышкары күтүүсүз болгондуктан, жер айланкөчөк атып, уялып кетишти. Карылуу жигиттин жанында жанаша турган көпөлөктөй кыз астейдил жигиттин оттуу көздөрүнө күлмүңдөй карады:

— Энем «сеп камылга бүтүп калды, биртке калды» дейт.

— Макул. Анда биртке күтө туралы. Ата-энем мени бир жылдан бери шаштырып атышат. Тойго былтыр эле даяр болушчу. Тун бала эмесминби. Өзүм да аябай күтүп атам.

«Өзүм да аябай күтүп атам» деген сөзгө кыз албырып, бактылуу жылмайды.

— Сиз бат-баттан келип турасызбы?

— Мен күндө келет болчумун, жеңелериң уят деп атышпайбы.

— Ооба, уят дешүүдө. Кеч болуп кетти, издеп калышпасын. Жакшы туруңуз… – деп, жанагы таттуу ирмемге балкыган кыз уялып, кеткиси келип шашып, бат эле кайыр айтышты да, албырган жүзүн колу менен басып жүгүрүп кетти.

Бүгүн жеңесинин өргөөсүндө калды, акеси кийикке кырга кеткен эле. Түн бир оокумда божурашып атып жеңесинин жашыганын көрүп чочуп кетти.

— Эмне болду, жеңе? Эмнеге ыйлап атасыз?

— Кыз, мага көңүл бурбай эле коюңуз! Ата-энемди, бир туугандарымды, айылымды сагындым. Жигитиңизди көргөн сайын төркүнүмдү көргөндөй болуп атпайынбы…

Кыз жеңесинин сагынычын түшүнө баш ийкеди. Ооба, сагынат да. Келин болуп келгенине бир жылдай эле болсо.

— Жеңе, ыйлабаңызчы, мен сизди бир тууган эжекемдей жакшы көрөм, жеңе…- деген жароокер кыз жеңесин соорото кучактады.

Мөлтүрөгөн жүзү да, жүрөгү да тунук кайынсиңдисине эреркеген келин эми өпкө-өпкөсүнө батпай бугун чыгара ыйлап алды.

 

***

Кайынсиңдиси мунун эмнеге ыйлап атканын билсе кана? Кыздын жаны бирге ашыгын бир көрүп алыш үчүн зарыгып жол караганын билсе кана? Жигитти сагынып, куса болгондо жанын коёрго жер таппай калаарын билсе кана? Экөө шынаарлашып жанаша баскан сайын кызганычтан жанын коёрго жер таппай жатканын билсе кана?.. Бүгүн кыздын белинен имерип, бетинен сүйгөнүн көрүп, тирүүлөй өлүп-тирилгенин билсе кана?.. Арманын билсе кана!..

Жаштыгына карабай элдин оозуна алынып калган жигитти биринчи жолу айылына тойго келгенде көргөн. Элдин арасында бою середей бийик, заңкайган ак жуумал, бүркүт тумшук жигитке кадалган келин-кыздардын сугалак көздөрүнөн кызганганы ошондо эле башталган. Басса-турса эсинен чыкпаган жигитти туугандар арасындагы аш-той, мейманчылыкка келген жерден көрүп, көргөн сайын арзуусу ашып, бир жолу ак чөлмөктө саймалаган жүз аарчы карматкан болчу. Бирок жигит унчуккан эмес. Кийин-соңгу көргөн жерден жигиттин көздөрүнөн өзүнө деген учкунду издеди, үмүттөндү, жакшы түшүн ушул жигитке байлап жоруду, жөн эле бир-эки жолку саламын ынактыкка жоруп, өзүнө арналган сезим деп жоруп, жүрөгүнүн тереңине саймалап сактап алды.

Кудалап койгон жерине күйөөгө тийгенде да үмүтү бар болчу, күтүп жүрдү, «бир күн болбосо бир күн келет» деп, «сезимин билдирет» деп. Анткени жигиттин буга деген сезими бар да?.. Баягыда алыстан сырдуу карабадыбы? Алик алып жатканда караганычы! Айылына ордо атканы келдим демиш болуп, атайы муну көргөнү келбеди беле? Башка эмнеге келмек эле?

Ушундай өзү токуган жомогунда жашап калган келин чексиз бактылуу да, бактысыз да, үмүттүү да эле. Күтүүсүздөн үмүтүн таш капты. Жомогу жолбун экенине көзү жетти. Кайынсиңдисин жакшы көрүп калган жигит ким экенин билгенде тирүүлөй өлүп-тирилгенин билет. «Үйлөнөм» деп кыздан кыз тандаган жигит арзуусун ушул айылдан тапкан эле. Канчадан бери өзүн-өзү курулай алдап жүргөнүн түшүнгөндө алдынан жер көчүп, үмүтү таш капкан курган келиндин сүлдөрү сүдүрөлүп калды. Жигитти жек көрдү. Унутам деди. Бирок унута албай койду, кайра кусалыгы ашып, сагынычы сары ооруга айланды. Мынакей, азыр кайынсиңдисине кандай таттуу сөздөрдү арнап атат дейсиң! Жолдун алысына карабай көздөрү от чачырап кусаланып жетип келип атат!.. Бүгүн болсо жүзүнөн сүйдү, тигине!

Ушундай сезиминен бир үзүм арнап койбогон жигитке бир туруп ызасы артып, жек көрүп, кайра туруп сезимдери ээ-жаа бербей кусалантып, өксүгү өлчөөсүнөн ашкан келин кызганычын ооздуктай албай бараткан болчу. Азыр да ийинене башын жөлөп, кучактап олтурган кызды муунтуп салгысы келип араң өзүн кармап турду. Мунун жүзү кумсарып кубулганын мөлтүрөгөн кыз төркүнүнө деген сагынычына жоруду, маани берген жок.

 

***

Келиндин кайнатасы бир күнү байбичесине сөз ыргытты:

— Кичүү келиниң төрөйүн деген ою барбы? Балаң экөөнүн ымаласы кандай деги?

— Балам экөөнүн ымаласы жакшыдай эле. Анча шашпай коё туралачы, атасы. Келинди байкадым. Колунан да, тилинен да келген зирек чыкты. Баралына келгенде алдына аял аттууну салдыргыдай эмес! Азыр жаш эмеспи. Баары акырындап ыгына келет. Бул да ошентет бир күнү.

— Ошондой эле болсун, – деген байдын көңүлү тынып калды.

Баласы эмне үчүн кыр-жонго, эки жакка көп басып кетээрине бай менен байбиче анча маани беришчү эмес, жаштыгына шылтап коюшчу. Келини тың чыкканына көңүлдөрү ток болчу.

Келинчегин алгач көргөндө эле жактырып калган жигит үйлөнгөндө бактылуу бүлө күтөм деп ишенген. Бирок эл көзүнө сыр бербеген келинчеги мындайда, экөө ээн калганда кабагы салкын, телмирген жанга айланат. Алгач жубайынын көңүлүн алганга аракет кылды. Бирок жарынын жанына жуутпаган кайдыгер мамилесин көрүп акырындап жүрөгү сууп алыстады. Кечээ жакында эле үйлөнгөнү үчүн ата-энесин капа кылгандан айбыгып, карындашы күйөөгө узагыча ооз ачпай турайын деди. Эркектик намысы ойгонгон жигит аялынын үстүнө аял алмак болуп, чечими бышып жетилип калган эле. Эки жакты карап, өзүнө ылайык жар тандап жүргөнүн эч кимге айткан да жок.

 

***

Келинге той түшүрүп келген төркүндөрү ыраазы болду, «кыз бала да бечара, төркүнүм деп атпайбы» деп. Азыр кайынсиңдиси өтүп кеткенден үчүлүгү чыккыча жүргөн жигитке мисирейип караганы башкача. Мелтейип, жука эриндерин кымтып алган тейинде сустайып тик карайт. Бул эмнеси? Бир жума «төркүндөрүм келди» деп жүгүрүп жүргөн келинге эмне болду? «Аке» деп бир ооз көңүл айтып койгонго жарабайт да? Эмине, жакшы көргөн кайынсиңдиси үчүн ичи ачышып, кекээрлеп атабы? «Кара жолтой жигит экенсиң, биздин урукту сөзгө калтырдың» деп атабы? Жигит түшүнбөй калды. Кантсе да башка элге түшкөн кыз бооруң эмеспи, боор толгоо күткөн эле. Бир ооз сурап койгонго жарабаган аксаргыл келиндин салкын мамилесин башкача жоруду: «Аа, төркүнүм дегени менен бул жактыкы болуп калган экен! Бул да «сенин айыңдан» деп атса керек, «чыккан кыз чийден тышкары» деген ушу экен да…» – деп көңүлү кайт боло түштү.

Сөөктү жерге бергенден кийин, кыздын жасатын арчадан жондуруп атасы жасатып, энеси шөкүлөсүн, не бир асем жасалгалуу үлпөт кийим-кечесин кийгизип, байлап-матап жыгач жасатты атка отургузуп жигитке кошуп атказышты.

Күлүк карагердин башын буруп, жигит кыздын жасаты отургузулган ак боз атты чылбырынан алып жетелеп жөнөдү. Жасатты жандап бараткан жигитти көргөн элдин каңырыгы түтөп карап турду. Кызын эмес, кейбирин узатып жаткан атасы менен энеси кан жутуп турса да балага батасын берип узатышты. Бата берген эл узап бараткан жигит менен жасаттын соңунан боз чалгандай термелип, катын-калач жашына муунуп көпкө кетпей турду.

 

***

Кыз тараптан жигиттин аталаш эжеси коштоп чыкты. Эжеси ушул айылга келин болгонуна он беш жылдай болуп калган. «Күйүттүү бала жолду катар өзү менен өзү болсун, мен жанында кетем» деген эжеси сеп коштогондордун баарын алдыга качан эле узатып жиберген. Ак элечеги менен кийген кийими өзүнө куп жарашкан эжеси жаш болгону менен сөзү өтүмдүү, эки жакка тең ызааттуу-сыйлуу, кадырлуу кыз, кадырлуу келин болчу. Эч ким көзгө көрүнбөй калганда эжеси сөз баштады:

— «Эмне болуп кетти?» деп атасыңбы? Өзүбүздөн кетип калды…

— Өзүбүздөн? Өзүбүздөн болгону кандай? – кыздын үчүлүгү чыккыча ооз ачпаган жигит эжесин суроолуу карады.

— Кыздын кичүү жеңеси, өзүбүздүн кыз эле кылды окшойт баарын…

— Кандайча?.. Эмне үчүн?! – жигиттин көздөрү канталап, каны кайнап чыкты.

— Эже-сиңди болуп сырдашат элек. Мага сен тууралуу айта берип, и-ий!.. Сен тууралуу угайын, айтып берет деп мага жакындады да бечара. Кантсе да өзүбүздүн кыз, жаш неме ичиндеги бугун чыгарып алсын, айтса да мага айтсын, мен эле угайын, бирөө-жарым билип калбасын дедим. Акырындап сага көңүлү сууп кетеби деп жүрдүм. Жүз аарчы да берген экен. Сен кайынсиңдисин жактырып калганыңды билгенде «өлөм» деп канча ыйлады бечара!..

Жигит кумсаргандан кумсарып, азыр барып аксаргыл келинди жара тартып таштачудай жаактары түйүлүп чыкты. Кыздын «ичим» деп жан бергенинен, башкалар сыяктуу эле ичегеси буралып калдыбы же капысынан көз тийдиби деген эле. Элдин баары дароо эле «экөө көзүгүп кетти» деген. Жигиттин кара жини кайнап чыкты. Канчык!.. Көрсө!.. Токтой тур, канчык! Колу белиндеги канжардын сабына жармашты. Карагердин башын шарт буруп жөнөй бергенде эжеси чылбырдан кармап ачуулуу унчукту:

— Токто!.. Каякка жөнөдүң? Сени акылы бар, түшүнөт деп айттым! Сөз көтөрөт деп айттым! Токто дейм!

— Абеже! Коё бериңиз дейм!.. Абеже!..

— Каякка барасың?! Каякка?.. Бир эси жоктун айынан эки эл чабышсынбы? Алайдагы Адыгине экиге бөлүнүп жатып калсынбы?! Эсиңе кел! Өзүбүздүн абийрибизди өзүбүз төгөлүбү? Сөзгө калалыбы?.. Эсиңе кел дейм!

— Абеже!.. Буга кантип чыдайм?! Мууздап келем канчыкты!

Жигиттин канталаган көздөрүн көрүп, эжеси ичи ачышып өксүп, көзүнүн жаш он талаа болду.

— Садага болоюнум, ай!.. Сенин тоюңду коштоп барбай, мен бейбак сага жасатты жетелетип, күйүттү сени ээрчип баратам! Оо, Кудай! Бул эмне деген кара шумдук?..

— Абеже! Менчи?! Атамдарчы?! Кызчы?.. Баарыбызды сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылган канчыкты өз колум менен соём! Азыр барып жара тартып таштайм!

— Кагылайын! Бир ачууңду мага берчи?..

— Бизди кара жолтой деп атышат, абеже!.. Кантип чыдайм?!

— Оо, Кудай!.. Садага болоюнум ай! Сени акыл-эстүү деп айттым! Өзүн кара жолтоймун деп, ичинен жебесин деп айттым! Сөзүмдү түшүнүп атасыңбы? Өзүн күнөөлүү сезип бирдеме болуп албасын деп айттым!..

Эжесинин ушул сөздөрүнөн кийин жигиттин жаалы кайтып, бирок каны ичине тартып турду.

— Кудай, а-ай! Төркүнүмө келин алып барбай, жасат алып баратам!.. Акем менен жеңеме «Келин келди, аке, жеңе!» деп сүйүнчүлөбөй, «жасатты чечип алгыла» деп кантип айтам мен шордуу!.. Балдарынын туну элең! Баш көргөн баласы элең. Бир эси жок бейбактын айынан баарыбыз тирүүлөй азапка калдык го?.. Оо, Кудай! Бул эмине кылганың?.. Атаны курган жаным ай?.. – деген келин ызалуу көз жашын тыялбай турду.

Эжесинин өзүнөн бешбетер аянычтуу абалын түшүнгөн жигит байсал кылып, токтоо унчукту:

— Абеже, макул, ыйлабаңызчы… Сизди угайын.

Аял киши эмеспи, төркүнүнө жасат алып барып калам деп үч уктаса түшүнө кирбеген эжеси өксүп, оо бир маалда басылды. Унчукпай кыйлага чейин бастырып барышты. Эжеси акырын үн катты:

— Сага ушуну айтайын деп атайын келдим, садага болоюнум. Жаш болгонуң менен акылың бар. Акыры түбү баары бир билинет, билингенде кеч болуп калбасын деп айттым. Сени өзүн-өзү ичинен жеп албасын деп айттым. Айтканда сага ишенип айтып атам, кагылайын… «Төркүнүмө жасатты өзүм жеткирип келейин» десем баары туура көрдү. Жабылуу аяк жабылуу боюнча калсын…

— Абеже, кандайча болуп кетти? Айтыңызчы?

— Кандайын кайдан билейин, кагылайын?.. Сен ала турган кыздын ден соолугу чың болчу! Ден соолугунда бир мандем болсо жеңеме, сага айтат элем го, «болбойт» деп. Элди эми-дому кылып жүргөн мен билем го? Ушу чөлкөмдө кимдин эмне мандеми барын мен билем го акыры. Мага берки бейбак сиңди болуп жардам берип калчу. Анан эми зирек экен, аны-муну үйрөтүп коё берейин деп, жанымда алып жүрдүм. Менден кетип калды окшойт кашайып… Өзүмдүкү деп ишенип, кайсы чөп кандай экенин айтып үйрөтүп жүрбөймбү. Кербендер ары-бери өткөндө керектүүнү суратып алчумун. Бизде жогу башка жакта болот. Ар кандай аралашма, кошулмаларга ардеме керек болот. А тиги аркамдан калбай сурап-нетип, «билгениңизди үйрөнөм» деп жүргөн. Анан кечээгиде кызды карасам ууланганы көрүнүп турат. Беркини карасам өңүнөн кетип калыптыр. «Оңбой кал, бейбак!» дедим ичимден. Көзүбүз тиктешип калганда эле түшүндүм…

— Ошондой деңизчи, абеже…

Каны кайнаган жигиттин ачуусун акыл-эстүү эжеси жүйөөлүү сөзү менен басып койду. Эжесинин айтканын туура көрүп, ачуусун басканы менен, аксаргыл келинди жек көрүп турду. Бирок эжеси айткандай айласы жок эле.

Күйүтү ичине түшүп кеткен жигит кырк күн соолуп жатты. Кыздын себине келген ак өргөөсүн тигип коюшкан эле, жасалгалуу ошодо жатты. Уулун молдо чакыртып дем салдырган энесинен башка киши кирбеди. Кырк күн өткөндөн кийин уулун элге чыгабы десе чыккан жок. Атасынын каары кайнады. Эртеси күнү атасынын үнү чыгып кирип келди да, ачуусу менен уулун жон талаштыра камчы менен чаап-чаап алды.

— Тур, атаңдын оозун урайын десе!.. Бир кыздын күйүтүн тартып жатып алганын кара! Алып алган катының болгондо аркасынан өлүп алмак экенсиң, кысталак!.. «Баш келинибиз боло турган кыз өлүп калды» деп энең экөөбүз да кыйла болдук. Жетет да эми!.. Тур өйдө! Тирүүнүн иши тирүүлүк! Бизди кепке-сөзгө калтырбай, Мадали бийдин жакшы кызы бар деди энең. Алып кел! Үйлөн! Тойго дегенибиз ачылып-чачылып калып кетмек беле? Келе тургандарга да айтып койгонбуз. Тур! – деп чыгып кетти.

Үйлөндү. Атасы айткан кызга үйлөндү. Жигитке эми кандай кыз болсо да баары бир эле.

Күтүүсүз жаңылык кыздын кыркы чыккандан кийин келди. Аксаргыл келин «төркүнүмө барып келейин» деп жөнөп, жолдо кирип аткан сууга агып кетиптир. Албуут, кандуу дайра киргенде адамдарды алып кетип турчу эле, ошон үчүн элдин баары суудан көрдү.

 

***

Төркүнү жакка жолго чыккан келин күрпүлдөп кирип аткан кызылкочкул суунун жанына келип, эңкейиштеги сыйгалак таштар жакка басып барды. Бул жерден аркы жээкке өтчү солкулдак көпүрөнү жылда суу алып кетчү. Көпүрө азырынча бар экен.

Күйөөсү үстүнө аял аларын угуп, кайдыгер болгусу келгени менен ызага уугуп турду. Эркектик намысы жол бербей, аялымдын жанына жолобойм дегенди жигит эч кимге айткан эмес. Көнүлү келбеген келинчегин күчкө салып аял кылгысы келбеген жигит мырзалыгына салып сыр бербей жүрдү. Жанына жакын жуутпаган аялын айтам деп, өзү кеп-сөзгө калгысы келбеген эстүү жигит көңүлүнө төп келген кызды жолуктурган эле. Сыпайы, бир сырдуу жигитке кыз өзү алдыртан кылгыра карап кызыккан болчу. Сөз айттырса макул болгон кыз экөөнүн убадасы бышып, сөз алышып койгон. Күйөөсү карындашынын кыркы чыгаары менен мунун бир тууган бөлөсүнө үйлөнө турганын айтты.

— Кыз мага жакты. Көңүлүбүз төп келип калды. Кадырыма жете турган акыл-эстүү кыз экен. Атамдарга айттым, сени төрөбөйт экен дедим. Карындашымдын күйүтүн унуткартып, ата-энем неберелүү болсун дейм. Менин балалуу болушуму күтүп журүшөт, билесиң. Айтканыма тууган-урук да макул болду, – деди.

Бир күн болбосо бир күн бул сөздү укканга даяр болсо да мынчалык ыза болом деп ойлогон эмес. Башка кыз болсо этибар алмак эмес. Буга сиңдиси күндөш болгону атат. Күйөөсү муну адам катары көрбөй, үстүнө аял алганы атат!

Мырзалыгы менен аты чыккан эстүү күйөөсүн эми көрүп аткандай болду. Эми таанып аткандай болду. Түшүнөн чочугансып, эки жагын карап акылын токтотуп нестейди. Эмне болуп кетти?..Эми күндөштүн бала-бакырасын баккан салынды катынга айланабы? Кайда барат анан? Болгондо да бирге ойноп, бирге чоңойгон бөлө сиңдиси күндөшү болгону атат! Өзү жетелеп чоңойткон сиңдисинин балдарын багып бир кесе аш ичеби ? Кандай кордук! Ким буга күнөөлүү? Ким?! Өзү күнөөлүү… Өзү! Бардыгына өзү күнөөлүү!

Мындан ары жашоого мүмкүн эмес!..

Келин сыртынан сыр бербегени менен ушинтип атып өзүнө өзү жексур болуп калган эле. Кээде түшүнөн чоочуп, кээде күндүзү эле эшик-эликке жалгыз баргандан коркуп, кайынсиңдисинин үнү кулагына угулган сайын элтейип, бара-бара ыраңынан азып баратты.

 

***

Көзүнө кымыз куйган жыгач аякка уу салганы элестеди. Ак өргөөгө кирип-чыгып аткан опур-топурда эч ким элес албады. Ууну өзүнө деп катып жүргөн, дайыма жанында жүрчү. Кайынсиңдисине берейин деген ою жок болчу. Бирок азыр жанаша турган кыз-күйөөнүн бактысын көтөрө албай калды. Азыр кызды алып чыгышат да, аткарып жигит менен узатышат. Кайын-журтунун астанасын аттап кайынсиңдиси келин болот. Бул жеңе болуп барат. Ушул ак өргөөнү кыз-күйөөгө атап көтөрүшөт. Анан… Анан жеңе болуп өз колу менен кыз-күйөөгө керилтип төшөк салат. Баягыда жигит кызды белинен имерип бетинен сүйгөндө өлүп кала жаздаган болчу. Оо, алардын жанаша турганын эстеген сайын кан жутат эле! Кайынсиңдисин жек көрүп, азыр барып муунтуп таштагысы келет эле! Алтургай кайынсиңдиси жигиттин эркелеткенин атайы ашыра айткансып, ошонусу менен таттуу уулап аткансып жек көрүүсү ашып чыгат. Кызганычтан өрттөнгөн келин жинди болуп кете жаздаганынан, буга үңүлүп караса эч нерсе оюнда жок мөл боюнча турат да турат… Кыздын тунуктугунан кыжыры ансайын кайнап чыгаар эле. Ашыктардын арзуу илеби күчөгөн сайын мунун кызга күнүлөштүгү күч ала берди.

Бүгүн болсо… Бүгүн өз колу менен атлес, баркыт көрпө-жууркандарды көөлбүтүп, кабаттап төшөк салат. Үйдүн ичин кыпкызыл боёкко боёгон очоктогу оттун чогуна өз колу менен суу куюп, кумганды коёт. Кызга үлбүрөгөн жибектен ич көйнөк кийгизип, чачын экиге бөлүп өрүп берет да, баятан көшөгөнүн сыртында күтүп турган жигиттин жанына жетелеп келет. Анан бири-бирин жалжылдап караган жуптарды калтырып чыгып кетет… Ак өргөөдө бакытка тунган кыз-күйөө калып, баарынан куру жалак калган байкуш өзү сүлдөрүн сүдүрөп чыгып кетет!.. Оо, Кудай!.. Бул эмне деген кордук!.. Эмне деген адилетсиздик!.. Мындай ачуу ызаны көтөрө албайт эле. Кызганычы күч алып туталанган келин жанын коёрго жер таппай калды. Кайынсиңдиси да жанын койбой:

— Сиз жеңе болосуз, жеңе! – деп туруп албадыбы. Алгач укканда селт этип чочуп, бирок «жок, менден башкалары жеңе болсун» дей албай койду. Кыздын көңүлүн кыя албай койду. Кайненеси да экөөнүн ынактыгын көрүп, атайы чакырып дайындады:

— Кыздарымдын кенжесине сен жеңе бол. Кийин-соңгу «өз кайынсиңдиме жеңе болбой калгам» деген арманың болбосун, – деди. Кайненеси айтып аткан соң жок дей алган жок.

Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, кызганычка уугуп калган акыл-эсин пештей албай калды. Кыз үйдөн чыгарда «бир кесе кымыз жутуп алайынчы, тамагым кургап калды» деп калды. Бирөөлөр кымыз куя салды. Кызды ороп алган кыз-келиндер менен узатып аткан энелер үйдүн ичи-сырты толо болчу. Баары шаңдуу, сөздөрү да түгөнбөй бири кирип, бир чыгып аткан. Кемзелинин чөнтөгүнөн акырын алып, билдирбей ууну салып жибергени эсинде…

Келин күрпүлдөгөн сууну бойлоп солкулдак асма көпүрөнүн жанына келди. Төркүнүнө кетчү наркы жээктеги жолду карады. Айланада эч ким жок жымжырт. Күн ачык. Кызыл кочкул албуут сууну карап кыйлага олтурду. Анан капыстан чыккан үнгө кулак төшөп калды. Кулагына кайынсиңдисинин күлкүсү угулду:

— Жеңе, келсеңиз бери? Бери өтсөңүз! Карасаңыз, жеңе, мына гүлдөрдү карасаңыз! Укмуш жыттуу экен!

Караса кыз шөкүлөсү, той кийими менен гүлдөй үлбүрөп наркы жээкте турат. Кайынсиңдисинен бул жолу негедир корккон жок. Эмнегедир баргысы келди. Жүрөгү тартып туруп алды. Кыз гана буга жакын боюнча калганын туйду. Калган эч кимге кереги жок калганын түшүндү. Бир гана кайынсиңдиси күлүп-жайнап чакырып атпайбы муну. Бир гана кайынсиңдиси!..

— Кыз!..Кагылайын, кыз! Мени кечириңиз, кагылайын кыз!.. Мен куруюн!.. Сизге азыр өтүп барам, кыз!.. Сизге баратам… – деп, аркы өйүзгө жүткүндү.

Аркы өйүзгө өтүп баратканда күрпүлдөп аккан суунун шары муну да, көпүрөнү да заматтын ортосунда аласалдырып алып кетти.

 

***

Карылуу, түндүктөй бою узун, бели түптүз карыя дөңгө чыгып көп олтурат. Токсондон ашып калса да акыл-эси даана, көзү курч, эгерим эч жери оорубаган сөөгү таза киши атты минип алыс-жакын аш-тойдон да калбайт эле. Карыя кээде илгерки арманы айчырай менен анын аксаргыл жеңесин эстейт. Жаш кезинде аксаргыл келинди жек көргөнү менен, азыр жөн гана боору ачыйт.

— Ата-ааа, бечаралар… Экөө тең кете берди!.. Бөөдө кете беришти… – деп өзүнчө калганда күбүрөнүп калат.

Байбичеси экөөнөн тарагандар бир урук эл болду. Канат-бутагын кеңири жайган карыя ошондогу кыз менен келинди эстеген сайын ойго тунат. Бир гана өкүнүчү – бөөдө өлгөн айчырай кыз менен аксаргыл келинди эстеген өзү эле калды. Эми көзү өтүп кетсе бечаралардын бу жарыкта изи-тозу калбайт тура?.. Карыя адатынча оор күрсүнүп алды.

25.08.2024


Рахат АМАНОВАНЫН баракчасы

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.