Александр КУПРИН: “АЖАЙЫП ДОГДУР”
Бул аңгеме ойдон чыгарылган жок. Бул окуялар мындан отуз жыл илгери Киев шаарында чындыгында эле болуп өткөн, мен сөз кыла турган үй-бүлөнүн эсинде ал окуянын ар бир көз ирмеми ыйык нерседей сакталып ушул убакытка чейин унутулбай айтылып келет. Мен болгону, ал оозеки айтылган аңгемени кагаз бетине түшүрүп, кейипкерлердин атын өзгөртүп койдум.
— Гриш, а Гриш! Карасаң, торопойду… Күлүп жатат… ал күлүп жатат. Оозун карасаң, оозунда чөп жүрөт!… Мына сага!
Тамак-аш саткан дүкөндүн чоң айнек витринасынын алдында, катуу сууктан үшүп, айласыздан ордунда секирип бийлеп турушкан эки өспүрүм бала, бири-бирин капталга чукулап тынымсыз каткырып жатышты. Алардын бул акылдары менен аш казандарын бирдей дүүлүктүргөн укмуштуудай көргөзмөнүн жанында турганына беш мүнөттөн ашты. Илинген лампалардын көздү уялткан жарыгында кыпкызыл алмалар менен апельсиндер тоодой үйүлөт; оролгон жука папирос кагазынын сыртынан алтын түсү көрүнгөн пирамида түрүндө жыйналган мандариндер; табакчаларда ооздору жалжая ачылып, көздөрүн тостойткон – ышталган, маринаддалган чоң балыктар; андан ылдыйраак тасмадай оролгон колбасалар, кесилген, кызгылт тарткан чочконун семиз саны… Майда калай челекчелердеги, кутучалардагы туздалган, кайнатылган, ышталган татымдар, витринадагы керемет сүрөттү толуктап турду.
Жыйырма градус суукту жана апасынан алган тапшырманы – күтүүсүздөн жана кайгылуу аяктаган тапшырманы унутуп коюшуп, арбалып турушкан балдардын улуусу биринчи эсине келди:
— Болду, Володя, кеттик, кеттик… Жүрө бергенибиз жарабайт…
Алар бир учурда чогуу үшкүрүп алышты да (алардын улуусу эми араң онго чыккан, эртең мененки борщтон башка ооздоруна эч нерсе ала элек болчу) витринага дагы бир суктана көз жүгүртүп алышып, көчө менен жүгүрүп жөнөштү. Кээ бир үйлөрдүн буу баскан терезелеринен кооз балатылар көрүнө калып, алар алыстан нурун чачкан бир чоң жаркыракка айланып жатты, анда-мында көңүлдүү музыканын үнү да угула калат… Бирок, алар чымырканып, өздөрүн ал азгырыктуу терезелердин жанына бир нече секундка болсо да токтоп, суктанууга жол беришкен жок.
Балдар улам арылап барган сайын көчөлөр ээндеп, караңгы боло баштады. Шумдуктай кооздолгон дүкөндөр, жаркыраган балатылар, ары-бер зуулдап чана сүйрөгөн таскактуу аттар, майрамдык маанайда бака-шака түшкөн адамдар, сууктан эки бети кызарган сулуу айымдар – бардыгы артта калды. Ээн аянтчалар, ийрийген тар көчөлөр, үңүрөйгөн караңгы кыя жолдор… Акыры алар кыйшайып, урап калчудай болуп, башкалардан өзгөчөлөнүп турган үйгө жете келишти; анын жертөлөсү таш менен көтөрүлүп, үстү жыгачтан салыныптыр. Алар тегеректеги үйлөрдүн жашоочулары таштандыларын ыргыткан кир, муз баскан тайгалак короону айланып өтүшүп, ылдый карай жертөлөнүн узун, караңгы коридору менен барышып, өздөрү жашаган бөлмөнүн эшигин сыйпалап таап ачып киришти.
Мерцаловдордун үй-бүлөсү бир жылдан ашык убакыттан бери ушул жер алдындагы үңкүрдөй болгон үйдө жашап жатышкан. Балдар ыш басып, нымдан улам ыйлап турган дубалдарга, бөлмөнүн бир бурчунан экинчи бурчуна тартылган жипте дайыма илинип турчу жуулган кирге, чыракта күйгөн керосиндин, бөбөктөрүнүн сийдик-богу менен чычкандын жыттары аралашкан каңырсыган жытка — жанга баткан жакырчылыктын анык жытына көнүп бүтүшкөн эле. Бирок, бүгүн көчөдөн көрүшкөн майрамдык шаан-шөкөттөрдөн кийин, өздөрүнүн ит чыдагыс шоркелдей турмуштары, алардын кичинекей жүрөктөрүн ачыштырып, бир башкача кысып, оорутуп чыкты. Бурчта салынган кир төшөктө жети жашар чамасындагы оорулуу кыз жаткан: эти от менен жалын болуп ысып, эки бети албырып, үзүл-кезил оор дем алып, татынакай көздөрү кайдадыр алысты тиктеп кыйналып, онтолойт. Төшөктүн жанында шыпка илинген бешикте эмчектеги бала ээ-жаа бербей ыйлап жатты. Оор турмуш жонунан басып, кыйналганы жүзүнөн көрүнгөн бойлуу, арык аял тизелей калып, оорулуу кызынын башындагы жаздыгын оңдоп, чыканагы менен бешикти терметип коёт. Аркаларынан муздак абанын толкунун ээрчитип, эшиктен балдары кирип келишкенде – аял сарсанаага баткан жүзүн буруп, чыдамсыздык менен тигилерге кайрылды:
— Эмне болду?
Балдар унчукпай туруп калышты. Гриша мурдун шыр тартып, эски кебез кемселден кичирейтип тигилген пальтосунун жеңи менен сүртүп койду.
— Катты бердиңерби? Гриша мен сенден сурап жатам, катты бердиңерби?
— Бердик – деди ал сууктан калтырак баскан үнү менен.
— Анан? Сен эмне дедиң?
— Сен үйрөткөндөй эле айттым. Мерцаловдан, сиздин мурдагы иш башкаруучуңуздан келдим дедим. Ал болсо “Акмактар…жоголгула бул жерден!…” – деп кууп чыкты.
— Ал ким экен? Ким менен сүйлөштүң? Жакшылап түшүндүрчү Гриша!
— Эшикти кайтарган киши менен да… Андан башка ким болмок эле? Мен ага “Байке, бул катты берип коюңузчу, мен жообун сыртта күтө турайын” – дедим. Ал “Дагы эмне дейсиң… Кожоюндун силердин катты окугандан башка кылар иши жок экен да…” – деп койду.
— А сен эмне дедиң? Мен айттым: “Жээрге бир сындырым наныбыз жок, Апам ооруп өлүм алдында жатат…Атам жумушка орношкондо сизди ыраазы кылып кетет, Савелий Петрович, кудай урсун ал сөзсүз келип кетет.” Ошол учурда жанагы коңгуроосу да шыңгырап калса болобу. Ал бизге карап: “Көзүмө көрүнбөй жоголгула! Тез кетип калгыла…!” – деп Володьканы желкеден ары бир сокту.
— Ал мени желкеге сокту – деди жанатадан бери агасынын сөзүн бөлбөй угуп жаткан Володя желкесин сыйпалап.
Агасы ойлоно түштү да, карбаластап чапанынын терең чөнтөгүнөн бырышкан конвертти сууруп чыгып, үстөлдүн үстүнө койду.
— Мынакей ал кат…
Апасы башка эч нерсе сураган жок. Биртопко чейин каңырсыган үп бөлмөдө какшап ыйлаган наристе менен Машутканын тез-тез дем алып, онтологон үнүнөн башка нерсе угулган жок. Тынчтыкты апасы бузду:
— Тигил жакта эртең мененки тамактан калган борщ турат, муздап калды, жылытканга отун жок… Ичип аласыңарбы?
Ошол учурда коридордо келе жаткан адамдын этият баскан дабышы жана анын караңгыда каалганын туткасын издеп тырмалап жаткан шыбырты угулду. Апасы менен эки уулу эшиктин ачылышын күтүшүп, ал тарапты карап калышты.
Эшиктен Мерцалов кирди. Ал жайкы плащчан, жайкы чий калпакчан анысы аз келгенсип көлөчү да жок эле. Көгөргүчө үшүгөн колдору шишимик тартып, көзү үңүрөйүп чарасына кирип, жаактарынын сөөктөрү уркуюп, ач арбакка окшойт. Ал аялына лам деп ооз ачкан жок, аялы да суроо бербеди. Алар бири-бирин эч сөз айтпай, көздөрүнөн түшүнүштү.
Ушул каргыш алган жыл Мерцалов жана алардын үй-бүлөсү үчүн эң кыйын жыл болду, кырсык жалгыз келбейт тура, улам бир кайгы алардын баштарына удаа-удаа келип баш көтөрткөн жок. Адегенде өзү ич келте менен ооруп, бир аз чогулткан акчалары дарыланууга кетти. Ал дарыланып жүргөндө жыйырма беш сом айлыгы бар, үй башкаруучу деген кичинекей кызмат ордун башка бирөө ээлеп алды… Анан жарыбаган акча үчүн табыла калган ар кандай майда-барат жумуштарга жалдануулар, иш сурап кат артынан кат жазуулар, колго илинерлик буюмдарды күрөөгө коюп, сатмайлар башталды. Үч ай мурда бир кызын жерге жашырды, экинчиси тигинтип баш көтөрө албай төшөктө жатат. Бечара Елизавета Ивановна оорулуу кызын карап, наристесине эмчегин эмизип, ал аз келгенсип күндө шаардын аркы четиндеги бир үй-бүлөнүн кир-когун жууп, чарк айланып жүрөт.
Бүгүн керээлдин кечке кандай болсо да Машуткага дары алыш үчүн бир аз болсо да каражат тапканга далалат кылып, миң алакетке түштү. Шаардын теңин аралап жумуш издеди, уят-сыятын жыйыштырып, ар кимге жалдыраганга чейин барды; Елизавета Ивановна күндө барып иштеген кожойкесине барып кур кол кайтты, балдарды Мерцалов мурда иштеп кеткен төрөсүнүн үйүнө жиберди… Бирок, кээ бирлери майрамдын камылгасы менен алек болуп жатышканын шылтоолоп, кээ бири акча жок экенин айтып, а кээ бирлери мурдагы кожоюндун эшик кайтаруучусу сыяктуу эле тилдеп кубалап чыгып жатышты.
Алар он мүнөтчө үн катпай олтурушту. Бир кезде Мерцалов олтурган сандыгынан ыргып туруп, ушаланган чий калпагын чекесине баса кийип сыртты карай жөнөдү.
— Эми кайда барасың? – деп тынсыздана сурады Елизавета Ивановна.
Каалганын туткасын кармап, ачканга даярданып калган Мерцалов бурулуп карады.
— Олтура бергенде эмне – деди ал каргылданган үнү менен. – Барайын… кайыр сурап көрөйүн.
Көчөгө чыгып башы ооган жакка кетип бара жатты. Бул жолу да тумшугуна бир нерсе илинерине ишенген жок, үмүтү эчак өчкөн эле. Ал көчөдөн акчасы толтура капчык таап алсам же болбосо өзүнө белгисиз тууганынан чоң байлык мураска тийип калса деп кыялданчу мезгилди небакта эле башынан өткөзкөн болчу. Азыр ал ачка олтурган үй-бүлөсүнүн кыйналганын, алардын азап-тозогун көрбөй, кайдадыр бир алыс жактарга кетип калгысы келип жатты.
Кайыр сурасабы? Бирок, ал күндүз эки жолу аракет кылып көргөн. Биринчисинде еноттун терисинен тигилген тон кийген мырза, ага кайыр сурагандын ордуна иштеш керек деп акыл үйрөтсө, экинчиси — аны полицияга салып берем деп опузалаган эле.
Ал шаардын борборундагы коомдук гүл бакчага келип калганын деле байкаган жок. Жанатадан бери тоону беттеп, өр талаш басып келгендиктен күйүгүп, чарчай түшкөн. Ал ойлонбой эле бакчанын ачык турган дарбазасынан кирип, кар баскан липа аллеясында орнотулган олтургучка көчүк басты.
Бул жерде мемиреген тынчтык өкүм сүрүп турган эле. Ак кыроо жамынышып менменсинген дарактар, турган жеринде үргүлөшөт. Анда-мында жумшак соккон сыдырым жел кыймылга келтирген бутактан кулап түшкөн бир кочуш кар, улам ылдыйкы бутактарга тийип, болор-болбос шабыртаган үн чыгарганы болбосо… жымжырт. Капыстан эле, тагдырдын тикенектүү жолунда, тамтык жери калбай тытылып жарадар болгон Мерцаловдун жан-дүйнөсү, айлананы өз кучагына курчап алган ушул улуу жымжырттыктай магдыраткан жымжырттыкты самап кетти.
“Жаткан боюнча – деп ойлоду ал – аялымды, ачка олтурушкан балдарымды, оорулуу Машутканы экинчи көрбөйм” Колун чыптамасынын ичине сойлотуп, белине кур кылып байланып жүргөн бир топ эле жоон жипти сууруп алды. Асылып өлүү тууралуу ой мээсине бекем орноду. Бул ой аны караманча чочуткан жок. “Кыйналып жүрүп өлгөнчө, тез өлүп калганым түзүк” – деп ойлоп койду. Бул чечимин жаңы гана ишке ашырууга камданганда, катуу сууктан тоңгон абада, тээ аллеянын баш жагында келе жаткан адамдын кадамынын кычыраган дабышы жаңырып даана угулду. Күтпөгөн жерден тоскоолдук пайда болгонуна кыжыры келе түшкөн Мерцалов бурулуп караганда, аллеяда жылт-жулт эткен сигаранын чогу, анан бара-бара жылуу тумак, тери тон, кончу бийик көлөч кийген орто бойлуу карыя көрүндү. Ал өтүп бара жатып, капилеттен эле Мерцаловко карай бурулуп, колунун учу менен тумагынын оңдоду да, ага кайрылды:
— Сиздин жаныңызга олтурсам болобу?
Мерцалов унчукпай тетир бурулуп, олтургучтун аркы четине жылып олтурду. Беш мүнөтчө экөөнүн оозунан тең сөз чыккан жок, бейтааныш сигарасын чегип, кошунасын астырдан байкап карап олтурду (Мерцалов анын көз карашын сезип жаткан).
— Укмуштуудай түн болуп турат, – деп күтүүсүздөн сүйлөп кирди карыя, – кычыраган суук… тыптынч. Таза аба… Орустун кышы – кандай сонун!
Анын добушу, – баланы эркелетип жаткандай жагымдуу, кары кишинин добушундай жумшак эле. Мерцалов үн каткан жок.
— Таанышымдын балдарына белек-бечкек алдым эле (анын колунда бир нече таңылчактары бар болучу), – деп сөзүн улантты ал, – бул керемет бакчаны айланып өтө албай кире калдым.
Мерцалов жаратылышында жоош, уялчаак адам эле, бирок ал карыянын акыркы сөздөрүн укканда өзүн кармай албай калды. Тез бурулуп, карыяны карап колдорун силкилдетип бакырып жиберди:
— Белек!.. Белек!.. Тааныштардын балдарынабы!.. А менин балдарым ушул мүнөттө ачкасынан өлгөн жатышат! Аялым таң аткандан бери наар албай, эмчегинен сүт чыкпай калды… Белек!..
Мерцалов анын мындай туш келди айтылган айып сөздөрүнөн кийин карыя ордунан туруп, кетип калат деп ойлогон, бирок ал жаңылыптыр. Карыя өзүнүн жаак ылдый койгон сакалы агарып бараткан, акылдуу, мээрим чачкан жүзүн ага жакындатып, жооткото сүйлөдү:
— Коё туруңуз… толкунданбаңыз! Шашпай, кыскараак айтып бериңизчи, чогуу ойлонсок бир айласын табарбыз.
Анын турган турпатында адамды өзүнө тарткан, адамга ишеним жараткан бир нерсе бар эле, Мерцалов толкунданганын баса албай какап-чакап, бирок эч нерсесин жашырбай өз абалын толук айтып берди. Ал ооруганын, кызмат ордун жоготконун, бир баласынын өлгөнүн, кыскасы бүгүнкү күнгө чейин башынан өткөзкөн азап-тозогун баяндады. Бейтааныш анын сөзүн бөлбөй кунт коюп угуп, тигинин жан-дүйнөсүнө сүңгүп кирип, окугусу келип жаткандай каректеринен көзүн албай тиктеп турду да, жаш баладай ордунан ыргып туруп, Мерцаловду билегинен кармады.
— Кеттик! — деди бейтааныш аны колунан тартып. —Тез кеттик! — Сиз бактыңызга жараша доктурга жолуктуңуз. Баары жакшы болот деп айталбайм дечи, бирок… кеттик!
Он, он беш мүнөттөн кийин Мерцалов менен догдур караңгы жертөлөгө кирип келишти. Елизавета Ивановна оорулу кызынын жанындагы төшөктө, бетин майланышкан кир жаздык менен жаап алып жаткан экен. Балдар алигиче жанагы олтурган жеринде муздак борщту ичээр-ичмексен болуп ыйлап олтурушуптур. Атасынын күтүүсүз чыгып кетип, апасы кыймылсыз жатып калганын көргөн балдар бир жамандыкты күтүшкөндөй үрпөйүшүп, көз жаштарын борщ куюлган ыш баскан чөңкөгө төгүп жатышкан болчу. Бөлмөгө кирер замат догдур пальтосун чечип, бир топ эски, эчак модадан чыккан аркасы тилик кемселчен калды да, Елизавета Ивановнанын жанына басып барды. Ал догдур жанына барганда да башын көтөргөн жок.
— Болду, болду, сулуу айым – деди доктур, аялдын жонунан жумшак сылап – Тура гой! Кана, мага оорулуу кызыңды көргөзчү.
Анын жанагы бакчадагыдай эле эркелете чыккан жумшак үнүн уккан Елизавета Ивановна төшөгүнөн секирип туруп, доктурдун айткандарын так аткара баштады. Эки мүнөттөн кийин эле Гриша ажайып доктур жиберип, кошуналардан алып келген отунду тутандырып, Володя болгон күчү менен самоорду үйлөп жатты. Елизавета Ивановна Машуткага ысытма компресс коюп… Бир аздан кийин Мерцалов да келип калды. Ал доктур берген үч сомго жакын жердеги ашканадан кант, чай, нан жана ысык тамак алып келгенге үлгүрүптүр. Догдур үстөлгө олтуруп, алакандай чөнтөк дептеринин бетине чиймелеп бир нерселерди жазды да, аны айрып, табак менен бастырып койду.
— Бул кагаз менен дарыканага барып дары алгыла… Эки саат сайын чай кашык менен ичирип тургула. Көкүрөгүн жумшартып, какырыгын чыгарат… Ысытма компрессти жакшы болгуча жасай бергиле… Эртең Афросимов деген мыкты догдур бар. Ал жакшы адам. Мен ага азыр барып айта кетем. Ага сөзсүз көрсөткүлө. Жакшы калыңыздар! Кудай колдоп келе жаткан жылда ишиңер оңолсун! Негизгиси көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө!
Ал күтүлбөгөн келген жакшылыктан эстерин жыйнай албай турушкан Мерцалов менен Елизаветага кол берип коштошуп, оозу ачылып калган Володянын бетинен назик сылап койду да тездик менен көлөчүн, пальтосун кийип чыгып кетти.
Мерцалов эсине келгиче тигил караңгы коридордо бараткан. Ал артынан чыгып кыйкырды:
— Догдур! Доктур, токтой туруңуз!… Атыңызды айтып коюңуз!… Балдарым кудайдын астында кимге арнап дуба кылып, кимге алкыш айтышты билип алышсын!
Доктурду караңгыда кармап алчудай болуп улам кучагын жайып коёт. Ошол учурда коридордун аркы башынан карыянын жумшак добушу чыкты:
— Э, дагы эмнени айтып жатасың!.. Болбогон кеп!.. Андан көрө тезирээк үйүңө кайт!
Ал үйүнө келгенде дагы бир күтүлбөгөн нерсеге кабылды: ажайып доктурдун дарыканага жазган буюртмасы менен кошо, бир нече баалуу кредит билеттери жатыптыр…
Ошол эле күнү кечинде Мерцалов күтүлбөгөн жерден алардын азаптуу турмуштан суурулуп чыгышына себеп болгон ак көңүл, боорукер, айла кетип турганда ажаат ачкан, ажайып доктурдун атын билип алды. Дарыканадан алган кичинекей дары куюлган бөтөлкөнүн бетинде чапталган кагазда: “Профессор Пироговдун буюртмасы боюнча” деген жазуу кашкайып туруптур.
Мен бул аңгемени Григорий Емельянович Мерцаловдун – ооба, баягы көө баскан чөңкөдөгү борщко жашын төккөн Гришанын так өзүнүн оозунан бир нече жолу уккам. Азыр ал банктардын биринде жооптуу, чоң кызматтардын бирин ээлеп, өзүнүн кедейлердин көйгөйлөрүн чечүүдө жан-дили менен үңүлүп киргендиги жана таза, так иштегени менен белгилүү. Ал ар дайым бул ажайып доктур жөнүндөгү аңгемесинин соңунда үнү каргылданып, көзүнө жаш тегеренип барып токтойт да анан кошумчалайт:
— Ошондон кийин биздин үйгө периштелер келип түшкөндөй болду. Бардыгы жакшы жагына өзгөрдү. Адегенде январь айынын башында атама жакшы иш табылды, апам менен Машутка жакшы болуп айыгып кетишти, агам экөөбүздү өкмөттүн эсебинен окуткан гимназияга киргизкенге мүмкүнчүлүк табылып окуп калдык. Ал ыйык адамдын бизге кылган жакшылыгын айтып бүтө албайбыз. Ал олуядай болгон адамды биз андан кийин бир эле жолу – аны акыркы сапарга өзүнүн Вишнядагы коругуна көмгөнү алып бара жатышканда көрдүк. Бирок аны көрдүк деп да айта албайбыз, анткени ага тирүү кезинде тиешелүү болгон улуу, кубаттуу жана ыйык нерсе өмүрү менен кошо өчүп, кайрылгыс болуп кеткен эле.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ