Карел ЧАПЕК: “КАРТ КЫЛМЫШКЕРДИН АҢГЕМЕСИ”

(аңгеме)

— Анын эмнеси бар экен, – деди пан Лидер, жазуучу, – ууруну издөө – бул кадимки эле иш, ал эми уурунун өзү тоногон адамды издеши, дайыма эле боло бербейт. Билип койгула, мен дал ошондой абалды башымдан өткөргөм. Жакында эле жаңы аңгемем жарыкка чыккан, – эмнегедир ал жарыялангандан кийин менде бир оор сезим пайда болду. Эй, тууганым, дедим өзүмө, ушул сыяктуу аңгемени бир жерден окубадың беле…Балакет баскырдыкы, бул теманы эми кимисинен согуп алдым экен?

Үч күн бою кежең болуп ооруган койдой болуп, – кимди туурап, кимден алып жазганымды эстей албай, кыйналып жүрдүм. Үч күндөн кийин бир жакшы таанышыма жолугуп ага мындай дедим: уксаң, негедир акыркы жазган аңгемем бирөөнүкүнө окшошуп туруп алды.

— Ооба, мен аны бир көз жүгүрткөндө эле байкагам, – деди таанышым, – сен Чеховдон илип алыпсың.

Мен кадимкидей жеңилдей түштүм, андан кийин бир сынчы досума жолугуп сүйлөшүп жатып, сөз келе калганда айтып калдым: сизге айтсам ишенбейт болушуңуз керек, кээде адам өзү да билбей эле бирөөнүн чыгармасын уурдап алат экен. Менин акыркы аңгемем дал ошондой болуп калыптыр!

— Билем, – деп жооп берди сынчы, – Мопассанадан алыпсың.

Андан кийин досторумдун баарын кыдырып чыктым… Билесиңерби, кылмыштын тайгак жолуна бир түшүп алсаңар, андан бат эле чыгып кетебиз деп ойлобогула! Элестетип көргүлөчү, ушул жалгыз аңгемени мен Готтфрид Келлерден, Диккенстен, Д’Аннунциодон, «Миң бир түндөн», Шарль Луи Филипптен, Гамсундан, Штормдон, Хардиден, Андреевден, Банделлодон, Розеггерден, Реймонттон жана башка авторлордон көчүрүп алган болуп чыктым! Бул мисалдан жаманчылыктын сазы кантип оңой эле улам тереңге соруп кетерин көрсөңүздөр болот…

— Ал эч нерсе эмес, – деди күрс-күрс жөтөлүп алып, карт кылмышкер пан Бобек аңгемесин баштады. Бул айтканың мага киши өлтүргөн кылмышкер бар, бирок кылмыштын өзүн таба алышпай айлалары кеткен бир окуяны эске салды. Кеп менин өзүм жөнүндө болуп жатат деп ойлобогула, ал кезде мен дал ошол киши өлтүргөн кылмышкер менен чогуу олтургам.

Бул окуя Палермодо болгон эле. – Пан Бобек жөн-жайын мактаныч кылбай жай түшүндүрө кетти: – Мен ал жерге Неаполдон келе жаткан кемеде кокусунан колума тийип калган бир чемодандын айынан олтургам.

Ал кылмышкер жөнүндөгү окуяны мага ошол «үйдүн» улуу көзөмөлдөөчүсү айтып берген эле; мен ага «францисканц», «крестүү марьяж» жана «кудайдын берекеси» (бул оюнду башкача «готисек» деп да коюшчу) деген карта оюндарын үйрөтүп жүргөм. Кудайга чын ниети менен берилген пенде эле, ал көзөмөлдөөчү.

Кыскасы, алардын фараондору түн кирип калган кезде, – алар Италияда дайыма экиден жүрүшөт – көрүп калышыптыр: Бутер менен, – бул алардын сасыган портуна карай кеткен көчө, – бир тип теңселип келе жаткан экен. Алар аны токтошканда – рогсо dio! [Итальянча сөгүнгөн сөз] – анын колундагы каны кургай элек шамшарды байкашат. Түшүнүктүү иш да, аны полицияга алып келип суракка алышат: кимсиң, кайдан келе жатасың, кимди жарып салдың?

А жигит озондоп, ый аралаш мындай деди: мен киши өлтүрдүм, бирок ким экенин айта албайм, анткени айтсам башкаларга кесири тиет. Андан канча аракет кылышса да башка сөз айттыра алышпайт.

Андан кийинкиси белгилүү да, өлгөн адамдын денесин издей башташат, бирок эч жерден таба алышпайт. Ошол күнү өлгөн адамдардын өлүктөрүнүн баарын карап чыгышат, бирок алар өз ажалдары менен, бири маляриядан дагы бирлери башка бир оорулардан каза болушуптур. Кайра баягы жигитти суракка ала башташат. Ал Кастрожованнилик жыгач уста Марко Биаджо деген неме экен. Христиан дининдеги бир адамды бычак менен жыйырмадан ашык сайып өлтүргөнүн, бирок анын ким экенин айтып, башка адамдарды бөөдө жерден жабырката албайм дейт да, айтканына катуу турат. Андан башка сөз айтпай, өзүнө кудайдын каарын чакырып, башын жерге койгулайт. Кылмыш кылган адамдын мынчалык күнөөсүн моюнга алып, чын дилинен өкүнгөнүн биринчи жолу көрүшүм, – дейт көзөмөлдөөчү.

Бирок, өзүңүздөр билесиздер, фараондор эч кимге ишенишпейт эмеспи; алар өздөрүнчө күңкүлдөп жатышты – бул Марко деген неме эч кимди өлтүргөн эмес окшойт. Жөн эле калп айтып жаткандай. Шамшарды текшертүү үчүн университетке жиберишсе, алар кан адамдыкы дешиптир, алардын айтымында шамшар так жүрөккө малынган экен. Бирок, кечирип коюңуздар, алар аны кантип билишет, мээм жетпейт.

Ооба, алар эмне кылышты биле албай турушту, киши өлтүргөн кылмышкер бар, а киши өлтүрүү жок! Жасабаган кылмыш үчүн соттогонго эч кимдин акысы жок! Бул жерде сөзсүз corpus delicti [кылмыш курамы (Лат.)] болуш керек.

А Марко болсо, кудайга жалынып, анын күнөөсүн жеңилдетишин, аны батыраак соттошун суранып жатты.

Сен, рогса Madonna, дешет ага, сени батыраак соттосун десең кимди өлтүргөнүңдү мойнуңа ал; каргыш алган эшек, сен бизге күбөлөрдүн атын ата! «Мен өзүм күбөмүн!»-деп кыйкырып жатты Марко, – мен адам өлтүрдүм деп ант берем!» Мына, ушундай иш болгон…

Көзөмөлдөөчү мага дагы Марконун татынакай, сулуу жигит экенин айткан; канчадан бери мындай адамга жагымдуу кылмышкер боло электигин кобураган. Ал окуганды да билчү эмес экен, Библияны баш-аягы кылып тетири кармаса да, аны колунан түшүрбөй, көз жашын төгүп жатты дейт.

Анын жан-дүйнөсүн жубатуу үчүн анын жанына дин кызматкерин кошо олтургузушту, ал кудай алдында аларга айтпаган сырды ачып, кимди, качан, кантип өлтүргөнүн молдокеге айтып берет го деп үмүттөнүшкөн эле.

Ошол молдоке Маркодон көзүн жашылдантып чыкты дейт; бул камактагы адам кырсыкка кабылып бузулуп кетпегенде, кудайдын мээрими тийчү адам экен; жан-дүйнөсү акыйкатчылыкка суусап турган пенде экен дептир молдоке.  «Мени асып өлтүрүшсүн, – дейт Марко молдокеге, – мен ошондо гана күнөөмдөн арылам, ошондо гана акыйкатчылык болот!» Ошентип, бул иш жарым жылдан өтсө да алга жылбайт.

Иштин жылбай токтоп калганына тынчсызданган полициянын башчысы мындай дейт: бул кара баскан Марко эмнеси болсо да аны асып өлтүрүшүн каалап жатса, анда ал кармалгандан кийин Ареналлда өлтүрүлгөн аялды мен өлтүрдүм деп мойнуна алсын. Шерменде болдук го, мында кылмышкер бар, өлүк жок, тигинде өлүк бар, кылмышкер эмдигиче кармалбайт. Эки ишти бириктирели; Марко жаза алгысы келип жатса, ага баары бир да, аялды өлтүрдүм деп моюнуна алсын. Бул сунушту укканда Марко чалкасынан кетти: жок, киши өлтүргөн күнөөм аз келгенсип, эми калп айтып, алдап, күнөөмдү көбөйтө албайм.

Мына, ал так ушундай акыйкатты сүйгөн адам болгон экен.

Полицияда андан ары эмне кылышты билишпей, каргыш алган Маркодон кутулуштун амалын издеп жатышты.

«Анда эмесе, – дейт алар көзөмөлдөөчүгө, – ага качып кеткендей шарт түзүп бер; аны сотко бере албайбыз, антсек өзүбүз уятка калабыз, өзү өлтүргөнүн моюнуна алып жатса жөн эле коё берип да жибере албайбыз; ошондуктан аракет кылыңыз die cane maledetto билинбей качып кеткидей кыл». Ошондон кийин аны шаарга калемпир, туз өңдүү майда-чуйда нерселерди алып кел деп кайтаруусуз эле жумшай башташты. Анын камерасынын эшиги күндүр-түндүр кулпу салынбай ачык калып жатты. Марко керелдин кечке чиркөө менен ар кайсы касиети бар деген адамдарды кыдырып, кечки саат сегизде түрмөнүн эшиги жабылчу маалда, акактап жүгүрүп келип киргенге үлгүрүп жатты. Бир жолу эшикти атайылап эле эрте жаап коюшканда ызы-чуу салганын айтпа, айла жок аны камерасына киргизүүгө аргасыз болушту.

Бир күнү ага көзөмөлдөөчү мындай дейт: «Эй, рогса Madonna [Италиялыктарча сөгүнгөн сөз], бүгүн сен бул жерде акыркы түн түнөйсүң; эгерде кимди өлтүргөнүңдү мойнуңа албасаң, сендей бандитти эртең эле кубалап чыгабыз; шайтанга барып жалын, ошол сени соттосун!» Ошол түнү Марко камерасынын терезесине асылып өлөт…

Билесиңерби, жанагы молдоке, эгерде кимдир бирөө кылган күнөөсүн чын жүрөктөн мойнуна алып, кылган ишине ак дили менен өкүнсө, өзүн-өзү өлтүрүү чоң күнөө болсо да тозоктон жанын жактап кала алат деп айткан имиш. Бирок, молдоке бул жерден жаңылып жатса керек, бул маселе боюнча алигиче бир пикирге келише элек эмеспи.

Кыскасы, мага ишенип койгула, Марконун жаны ошол камерадан кетпей жашап жүрдү. Кандайча дебейсиңерби: ал камерага кимди камабасын, бир аздан кийин анын абийири ойгонуп, кылган иштерин моюнга алып, күнөөсүн кечиришин кудайдан тилеп жалына баштачу болду. Алибетте, ар кимге ар кандай убакыт керек эле: жеңил кылмыш кылгандар ошол эле түнү күнөөлөрүн моюнга алышса, оор кылмыш жасагандарга үч жумага чейин барып, анан уяттары ойгончу. Бардыгынан көбүрөөк убакытка кулпу бузган уурулар, акча жегендер, дегеле көп акчалуу кылмышкерлер чыдачу, көп акча уят-сыят деген немени оңой менен тургус кылып уктатып салат окшобойбу. Марконун арбагы айрыкча анын өлгөн күнүндө күчүнө кирэр эле. Бара-бара Палермодо ал камераны оңдоп-түзөтүүчү жайга айлантып алышты, түшүнүп жатасыңарбы? Ал жерге күнөөлүлөрдү оң жолго салыш үчүн олтургуза башташты. Алибетте, полициянын көмөгү менен иштерин жасап жүргөн кылмышкерлер да бар эмеспи, алардын кээ бирлери бул акмак фараондорга аябай керек адамдар болгондуктан аларды ал камерага жакындатчу да эмес. Менин оюмча, ал акмактар укмуштуу камерага олтургузбагандары үчүн чоң кылмышкерлерден пара да алып жүрүштү окшойт. Азыркы учурда ыйык деген нерсеге да ишениш кыйын болуп калбадыбы…

Ошондо Палермадогу көзөмөлдөөчүнүн айткандарын анын башка коллегалары да ырасташты. Ошол учурда ал камерада көчөдө мушташып, элдин тынчын алган Бриггс деген англиялык матрос олтуруптур; ооба, ошол эле жерден Формозко даабатчы болуп кеткен Бриггстин дал өзү, кийин уксам ал дин үчүн өлүмгө башын байлап бериптир.

Дагы бир кызыгы: Марконун камерасына бир дагы көзөмөлдөөчү же болбосо түрмөнүн башка кызматкерлери баш багышкан эмес экен, алар ал жакка киргенден чочулап турушчу дейт…

Мен, улуу көзөмөлдөөчүгө кудай жолуна көп каршы келбеген кээ бир карта оюндарын үйрөтүп жүргөнүмү жана айтпадым беле. Эми, анын утулуп калганда кандай чычалаганын айтпай эле коён! Бир жолу, анын колуна карта келбей утулуп калды. Ал адатынча ызаланып кетип, мени Марконун камерасына камап салбаспы.

«Per Bacco [Клянусь Вакхтын аты менен карганам (итал.)], деп кыйкырды ал, мен сага көрсөтөм!» Мен кирдим да, жатып уктап калдым. Эртең менен мени көзөмөлдөөчү өзүнө чакырды: кандай, оңолдуңбу? «Билбейм, Signore commandante [мырза башчы (итал.)]; баш көтөрбөй уктаптырмын». — «Андай болсо кайт артыңа!» – деп кыйкырды ал. Маалкатып чоё бербей кыскартып айтсам, – мени ал камерада үч жума кармашты, бирок эч жыйынтык болгон жок, мен өзгөрүлгөн жокмун. Көзөмөлдөөчү айла жок башын чайкады: силер, чехтер, кудайдын да алы жепеген, жедеп такымын жеген немелер окшобойсуңарбы! Анан ал мени болгон бок ооз сөздөр менен катуу сөктү.

Билесиңерби, ошондон кийин Марконун камерасы иштебей калды. Кимди ал жакка олтургузса да өзгөрүү болгон жок – алар мурда кандай болсо ошондой боюнча чыгып жатышты! Оо кудай, анан кандай гана ызы-чуу көтөрүлбөдү дейсиң! Мени дирекцияга чейин алып барышты, эмне кылдың эле, эмне кылып буздуң деп жатышты. Мен ийнимди куушургандан башка эмне кыла алмак элем? Бул жерде менин эмне тиешем бар?

Мен камераны бузуп салганым үчүн – үч сутка карцерге олтуруп чыктым.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.