Жолондун керээзи
Маяк акын Жолондун тун уулу, союз кулай электе Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда окуган. Эчкимдикине окшобогон аңгемелери бар. Биз күтүүсүз жолугуп, сүйлөшө кеттик. Сөз алыстан башталса да жүрүп отуруп Жокеме келдик. «Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн» дегенди эстедик.
— Атам мага акыркы сөзүн айтып калганга үлгүрдү, – деди ал.
— Муну Меңди эжем билеби, айттың беле? – дедим.
— Угалек, – деди Маяк.
— Жолон аке анда шаарда беле?
— Ооба, Мамакеевдин клиникасында жаткан. Апам «барып келсең боло» дегенинен, ошол кезде дефицит болуп калган китептерден сегизди сатып алып кирип барсам кыйналып атканына карабай кроваттан атып турду.
— Отур, – деди. Отурдум.
— Иштер кандай? – деп сурады.
— Жакшы. Китеп алып келдим…
Азыр ойлосом ооруп аткан көңүлүн аз болсо да жибитсемби деген окшойм, айтор билбейм, буга чейин кээде өз үй-бүлөсүнөн да китепти гана жакшы көрө тургансып сезилген атам күтүлбөгөн жерден:
— Это все ерунда (Мунун баары куру сөз) – деди.
— Почему? – дедим.
— Кеп мында эмес, эми… Андан көрө туалеттеги бачоктон суу агып атат, ошону оңдотуп алгыла, – деди.
— Башка эчтеке деген жокпу?
— Эчнерсе дебеди.
— Анан ошол сөздөрүн ушунча жылдан бери ичиңе катып келатасыңбы. Меңди эжеме айталексиңби? – деп дагы сурадым.
— Айткан жокмун, – деди Маяк.
Мен Маяктын бир сырдуу мүнөзүн жакшы билгендиктен андан ары жайына койдум да, акындын «кеп мында эмес, эми…» «бачоктон суу агып атат,ошону ондотуп алгыла» дегенин эстедим.
Кайран акын, көрсө уулуна акыркы сөзүн айткан экен да, керээзин айткан экен да. «Эми баары бүттү, буга чейин бейчеки аккан сууну мен токтотуп келген элем, уулум, мен салган журттун башында эми сен калдың, ошол аккан сууну эми сен токтотуп алгын» деген экен да. Анткени суу дегениң алаканындагы өмүрүң эмеспи. Мен улаган өмүрдү мындан ары төгүп-чачып албай, туш келди агызбай улап алгыла деген экен да дедим.
— Жокем сага керээзин айткан турбайбы.
— Көп жылдан кийин түшүндүм, – деди Маяк.
Ойлорум талаалап айылга, бала кезимде далай ирет уккан «керээз» деген сырдуу, сурдуу жыйык созду эстедим. “Алда кургур ай, жок дегенде кереезин айтпай кетпедиби?” арзан. Ата керээзин канча балдар укпай өсүштү.
Азыр бачоктон суу аккан жери жокпу? – деп сурадым Маяктан.
— Жок, – деди ал.
— Акпай эле койсун, – дедим. Ал да, мен да акын Жолон жөнүндө сүйлөшүп келаттык. Анын бизден агып кеткенине он жыл өтүп кетиптир.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, “Асаба”, 20-апрель, 1999-ж.