Сенеканын Луцилийге жазган каттарынан – 1
БИРИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Дал ушундай кыл! Өзүң үчүн мурда тартырып жиберген, же бекер эле кетип жүргөн убактыңды кайра утуп ал, аны сакта жана өзүңө арна. Мага ишенбесең өзүң байкап көр: биздин убактыбыздын бир бөлүгүн күч менен тартып алышат, бир бөлүгүн уурдап кетишет, ал эми дагы бир бөлүгүн өзүбүз пайдаланбай коё берип жиберебиз. Бирок бардыгынан жаманы бул өзүбүздүн кенебесигибизден кетирген жоготууларыбыз. Жакшылап карап көрчү: өмүрүбүздүн көпчүлүгүн болбогон иштерге коротобуз, бир далайын бекерчилик менен өткөзөбүз, жана калган өмүрүбүздү кереги жок нерселерге жумшайбыз. Сен мага убакытты баалай алган, бир күндүн баасы канча экенин билген, ар бир саат сайын кандай жоготуулар болуп жатканын сезе билген адамды көрсөтө аласыңбы?
Сокурлугубуз ушул, өлүмдү биз келечектен күтөбүз; арийне, анын көпчүлүк бөлүгү аркабызда калды—канчалаган артка кайрылгыс жылдарды узаттык, ошонун баары эле өлүмгө тиешелүү. Кымбаттуу Луцейим, дал мага жазганыңдай кыл: бир саатыңды да бошко кетирбе. Бүгүнкү күнүңдү колуңдан чыгарбай кармап калсаң—эртеңки күнгө көз карандылыгың аз болот. Сен күтүп олтурганча, өмүрүң учуп өтүп кетип жатпайбы. Билесиңби Луций, убактыбыз гана өзүбүздүкү, калганын баарынын бизге бир да тиешеси жок. Бизге жаратылыш ээлик кылуу үчүн, бир гана колго илинбей салааларыңдан уюлган убакытты ыраа көрүптүр, аны да жөн коюшпай каалаганы жула качышат.
Адамдар деги келесоо эле: түккө татыбаган, арзан, оңой кутула турган нерселерге карыз болушат да; ал эми ага бөлүнгөн убакытты төлөп берейин же болбосо аны артка кайтарып берейин деген сөздү эң жоопкерчиликтүү, бирөөнүн кылган жакшылыгын жакшы түшүнгөн мыкты адамдан да уга албайсың.
Балким, мага кыйынсынып үйрөтүп жатасың, кана өзүңдүн жайыңды айтчы?—деген тургандырсың. Чын жүрөктөн моюнума алам: эсебин так алып жүргөн ысырапкор катары мен канча коротконумду жакшы билем. Эч нерсе жоготкон жокмун деп айта албайм, бирок канча жоготконумду жана эмне үчүн жоготконумду, анан да жакырчылыгымдын себебин айтып бере алам. Мен деле көпчүлүк адамдардай эле, жакырчылыкка өзүмдүн кемчиликтеримдин тиешеси жок деген адаммын; Анан кандай дебейсиңби? Менимче, колунда болгон нерсеге ыраазы болгон адам кедей эмес.
Бирок сен өзүңдүн мүлкүңдү эмитен сактап кал: бул ишти баштоонун убактысы дал эми келди! Биздин ата-бабаларыбыз айткандай, челектин түбү көрүнүп калганда, сарамжал боло албайсың. Анын үстүнө түбүндө аз калганын мындай кой, жалаң чары калат эмеспи. Ден-соолукта бол.
ЭКИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Сенин мага жазгандарың, сен жөнүндө элден уккандарым сага болгон үмүтүмдү жандырды. Сен улам-улам жашаган орудуңду которбойт экенсиң, саякатка да чыкпайт деп уктум. Бир жерде туралбай эки жакка чарпыла берүү,— бул жан-дүйнөсү оорулуу адамдын белгиси. Мен ойлойм, жан-дүйнөңдүн бейкуттугунун биринчи далили — көчүп-конуп жүрбөй күлүң додо болгуча бир жерде туруктуу жашоо өткөзүү жана өзүң менен өзүң болуу. Эми бери кара: ар кайсы жазуучулардын ар кандай китептерин ылгабай окуу, ошол селсаяктыкка жана тентип жүрүүгө окшобойбу? Эгерде, өзүңө пайдалуу нерсе үйрөнөм, окуган китептен мээмде бир нерсе калсын десең анда тигил же бул улуу акылман менен көпкө чейин бирге калып, баарлашышың керек. Бир эле убакта — бардык жерде боло албайсың. Ар кай жактарга саякат кылып жер кезип жүргөн адамдын коноктоочулары толтура, ал эми достору жок. Бир акылмандын жазганын окуп сиңире электе, шашкалактап ар кайсы китепти барактап чыккан адам да ошондой. Шашып ичип, кусуп салган тамактан денеңе эч пайда келбейт. Ден-соолукка улам бир дарыны иче бергенден зыяндуу эч нерсе жок. Ар кайсы дарыны сүйкөй берсең денеңдеги жаракат айыкпайт. Көчөттү кайра-кайра көчүрө берсең куурап калат. Эң пайдалуу нерсе да тез жардам бере албайт. Китептер көп болсо, көңүлүңдү топтой албай, акылың чачырайт.
Ошондуктан жыйнагандарыңдын баарын окуп жетише албасаң, анда алыңа ченеп, окуй ала тургандарыңды калтыр,— ошол эле жетиштүү.
«Бирок, – дейсиң сен, – мен кээде тиги китепти, кээде бул китепти окугум келет».
– Ар кайсы тамактан чөп башылап жеген, — ашыра тойгондуктун белгиси, тамак-аштын түрлөрүнүн көптүгү тоюндурбайт, ал аш казанды бузат. Ошондуктан белгилүү жазуучулардын чыгармаларын оку, кээде башка нерсеге алаксыгың келсе, мурда окуп таштап койгондоруңа кайрыл. Күн сайын жакырчылыкка, өлүмгө жана башка кырсыктарга каршы нерселерди камда жана бир сыйра карап көрүп, сиңирип кете ала турган бирөөнү танда. Мен дал ошондой кылам: окуган көп нерселердин ичинен бирөөнү эстеп калам.
Бүгүн мен Эпикурдун мындай деп жазганын көзүм чалды (мен бирөөнүн кошунуна тез-тез качкын катары эмес, чалгынчы катары кирип чыкканды жакшы көрөм): “Көңүлдүү жакырчылык — дейт ал,— акыйкат нерсе”. Бирок, кантип эле жакырчылык көңүлдүү болуп калсын? Кимде аз болсо кедей эмес, ким көптү кааласа ошол кедей. Эгерде ал бирөөнүн байлыгына көз артса, өзүндө турган оокатын санабай, али колу жете элек нерселерди санап жатса, андай адамга анын үкөктөрүндө жана кампаларында канча дан бары, кайтарган канча жандыгы бар экени баары бир эмеспи? Сен байлыктын чеги барбы деп сурайсың? Ылдыйкы чеги—керектүү нерсеге ээ болуу, жогоркусу—сага канча керек болсо, ошончо.
Ден-соолукта бол.
ҮЧҮНЧҮ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Сен мага досумдан кат берип жибердим деп жазыпсың, анан ага мен жөнүндө ойлогонумдун баарын эле ага айта бербе, мен өзүм деле ага көп ачыла бербейм деп эскертипсиң. Демек, бир эле катыңда сен аны досуң катары көрөрүңдү, бирок досуңа ишенгендей ишене албасыңды мойнуңа алыптырсың. Эгерде “досум” деген сөздү жөн гана көнүмүш адат менен, айталык шайлоонун астында ага катышып жаткан өкүлдөрдүн бардыгын “кайраттуу, каарман адам” деп сыпатагандай же болбосо көчөдөн жолугуп калган адамдын атын эстей албай ага “мырза” деп кайрылгандай айтып жаткан болсоң, анда мейли. Бирок, сен аны чынында эле досум деп эсептеп, ошол эле убакта ага өзүңө ишенгендей ишене албасаң, анда сен жаңылып жүрүпсүң жана чыныгы достук эмне экенин билбейт экенсиң. Билбеген, түшүнбөгөн нерселериңди досуң менен бөлүшүп талкуула, бирок адегенде досуң эмне адам экенин жакшылап түшүнүп ал. Достоштуңбу ага ишен, сыноодон достошкуча өткөз. Кимде ким Феофрастын “Сынга жакшы көргөн адамыңды ал, жакшы көрүш үчүн сынаба” деген кеңешин эске алышпаса, анда алар баш-аягын билбей чаташтырып алышкан немелер. Достошкуча шашпай ойлон, достошууну чечтиңби, анын достугун жан дилиң менен кабыл ал, аны менен өзүң менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө бил. Ага душманыңа да каалабаган нерсени жасап алып, өкүнүп калбагандай жаша. Эч кимге билдиргиңиз келбеген купуя сырыңызды, досуңдан башка киши менен бөлүшпө. Аны ишенимдүү досуң катары көрсөң гана — ишенимдүү доско ээ болосуң. Көбүнчө, алдамчылыкты алдамчылардан коркондорго үйрөтүшөт, жана шек саноолору менен сатып кетүүгө укук беришет. Эмне үчүн кээ бир сөздөрдү досум турган жерде айта албайм? Эмне үчүн ал жанымда турганда, өзүмдөн башка чоочун киши жок, жалгыз турам деп ойлобойм? Кээ бир адамдар биринчи эле жолуккан адамга досуна гана айтчу нерселерди айта башташат, аларга иши кылып эле уккан бирөө болсо болгону, ошентип ичиндеги бугун чыгарып алышат. Кээ бирлерине болсо, эң жакын адамдары да анын сырын билишин каалашпайт; колдон келсе аны өзүнөн да жашырмак, ошондуктан алар ичим тап болуп тымпыйып жүрүшөт. Тигиниси да мунусу да туура эмес: көрүнгөнгө ишене берген да, бирөөгө таптакыр ишенбөө да, —экөө тең чоң кемчилик, бирок мен айтаар элем, биринчи кемчилик жакшыраак, экинчи кемчилик—коопсуз. Сөгүшкө ар дайым тыбырчылап шашканы да, мурдун балта кеспеген кенебеси да бирдей татыктуу. Анткени, шашкалактык ишмердүүлүктүн эмес, жан-дүйнөсүнүн коёрго жер таппай, будуң-чаң болуп кайсалактап жүргөндүктүн белгиси, ал эми кыймылдагандан да эринген адат, —бул жан дүйнөсүндөгү бейкуттуктун эмес, эркеликтин жана бузулгандыктын белгиси. Ошондуктан жадыңа мен Помпонийден окуган сөздөрү түйүп ал: «Кээ бирөөлөр караңгыга ушунчалык көнүп алышкан, алар жарык тийген нерселерди да көрө алышпайт». Бардык нерсе айкалышып туруш керек: кенебес дагы кыймылдап аракеттениши керек, шашкалакка да тынч алып, эс алуусу зарыл. Жаратылыштан кеңеш сура: ал сага күн менен түндү жаратканын айтып берет. Ден-соолукта бол.
Которгон Абийрбек Абыкаев



