Нурсултан Абдикаримов

1997-жылы 26-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында жарык дүйнөгө келген.

№86 Курманжан Датка атындагы окуу тарбия комплексин 2016-жылы аяктап, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырган.

ЖОЖду 2020-жылы аяктап, өзүнүн айылындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенет.

 

ЫРЛАРЫ

 

*   *   *

Жайдын жамгыр жааган салкын кечинде
Жалгыз бойдон жүргөнүмө арданам.
Жигиттерди жигитсиңер дей албайм!
Ушул кечте сүйгөнүнө барбаган…

Эриндерди нымдап жайдын жамгыры,
Эзилишсин эт жүрөктөр эринден.
Чыкпай койгон кыздар кызыксыңар эй,
Чачын кайра кургатыштан эринген!

Жаандан качып чуркагандан пайда жок,
Жай баскыла, далдоо жерге шашылбай.
Жар салгыла сүйүүңөрдү жамгырда,
Жүрөктөрдү кол чатырга жашырбай!

Үлбүрөгөн көйнөк кийип чыккыла,
Үшүгүлө шамалына бул кечтин!
Кийими жука кыналышкан жаштарга,
Көздөр менен жылынганды үйрөтсүн!

Кучактарга кучактарды толтуруп,
Суу болгула ушул кечте барынча!
Кереметтин керемети ушул маал,
Кетпегиле жамгыр басылмайынча!

 

*   *   *

Бакыттан башым маң, дүйнөм дүң!
Келеби ошентип жүргөн күн?..
Кысканда жүрөктү сенсиздик,
Кыялга батканды үйрөндүм.

Жашабайм арасат ойлордо,
Изденем сен менен болгонго!
Тытмалап жүдөткөн санааны
Күч жетет көтөрүп койгонго!

Кубанып, жүзүмдү муңайтпай,
Кудайдан башкага сыр айтпай
Элесиң эм болуп келатат,
Эзгенде сагыныч чыдатпай…

Кезикчү күн жакын, биз анан,
Келгенче ал күндөр, жүр аман!
Мен сени сен барда сүйгөндөй,
Мен сени сен жокто сүйө алам!

 

*   *   *

Жыргалыңды азабың ала качкан,
Күйүт күүп, күлкүсүн ала жаткан,
Караанымды көрөмүн кышкы бакта,
Калбаат тартып, жапжалгыз бара жаткан.

Жүрүп келет көтөрүп сөлөкөтүн,
Сүрүп келет жарыктар көлөкөсүн.
Жакынымдай сезилет жалгыз бакта
Ийни түшүп, ой басып, жөнөсө ким…

Туман басып, алды жак туңгуюктап,
Түнү жоортуп жүрөктөр, күндүзү уктайт.
Чыдагыла жакындар, жалгыз баскан,
Чындап сүйүү бар болсо, бизди унутпайт!

 

ЭРКИН ОЙ ТОЛГОО

Келбе дейсиң!
Сүйбө дейсиң!
Бул ирет мен айтканыңды кыла албайм.
Укпайм дейсиң!
Чыкпайм дейсиң!
А мен сенден ук же чык деп суранбайм.

Келе берем!
Сүйө берем!
Мени бирөө ал нерседен тыя албайт!
Сагынгандан!
Жалынгандан!
Сүйгөн адам ал нерседен эч убакта уялбайт!

Ошон үчүн, сүйүү дайым бийик турат акылдан,
Акылымдын азыр ордунда эместигин жашырбайм!

Бирок билем, убакыттын бети жок!
Саамга деле токтой турчу ниети жок!
А мен андан бир топ эле түзүкмүн,
Мага сени күтүүнүн саар, кечи жок!

 

*   *   *

Көтөргүлө башыңарды, жигиттер!
Сүйүү биздин бой тердетчү аламан.
“Сүйүү жомок” деп айтышкан жандардын
Аламандан кызыгы эчак тараган!

Өрттөнгүлө махабаттан тутанып,
Карагыла алоосуна жалтанбай!
“Азап” дешет махабатты айрымдар,
Калган кезде “сүйөмүн” деп айталбай.

Тагдыр менен ымала, бул тайкылык!
Сен да качыр, ал да тынбай тап берет,
Кулачтарды марттык менен ачкыла,
Кучактарга бир гүл, бир кыз чак келет!

Чакыргыла арууңарды, бүгүн кеч!
Чакырымдар талытпасын кадамды.
Алдай берет акыл, мезгил, чектөөлөр,
Сүйүү гана сүйдүрө алат адамды!

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.