«Көчмөн дүйнөдөгү» көздөн учкан көк жээк

Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
арыйсың көр оокатка байланганы.
Карыткан адамдарды – жылдар эмес,
Алардын ишке ашпаган армандары.
Толук Бек Байзак. 

Азыркы Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдары XX кылымда башталган дүйнөлөшүү (глобализация) жараяны менен тыгыз байланыштуу. Өлкө өз алдынча жолго түшкөндөн бери мурдагы көнүмүш чектер жоюлуп, диний, идеологиялык, маданий жаңы агымдар кирип, экономикадагы кризис бүтүндөй бир муундун тагдырын өзгөрткөн эмгек миграциясын пайда кылды. Мына ушул динамикалуу, татаал, салттуулук менен жаңы көрүнүштөр бири-бирине таасир эткен мезгилдин типтүү маанайын, кубулуштарын, адамдык проблематикасын чагылдырган кызыктуу адабий табылгалардын бири – акын Толук Бек Байзактын «Көчмөн дүйнө» ырлар жыйнагы.

Китептин аталышы да, мазмуну да баштан-аяк автордун жеке турмуштук тажрыйбасы жана ал жашаган доор менен тыгыз байланыштуу. Анын жаштыгын журналистикадан, жетилген курагын Түркиядагы жана Орусиядагы эмгек миграциясынан бөлүп караш мүмкүн эмес. Бул жагынан жыйнакты баштан аяк тепчип өткөн темалардын бири – Мекендин тагдыры тууралуу түйшөлгөн санаа, ага болгон бүтпөс кусалык:

Сага караан боло албадым, бу капалуу күнүңдө.
Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө.
Биз кайтаарбыз жеңиш менен
күндөрдүн бир күнүндө,
ал анткени өзүң барсың,
жүрөктөрдө, сүйүүмдө.
Касиетин Ата журттун
уул эмесмин сезбеген,
алыс жерде өзүңдү эстеп
сагынамын, эскерем,
бирок ушул кыйын күндө
сага берээр, саа жөнөтөөр,
сүйүү, үмүт, ырдан башка эчтемем жок, эчтемем…
(«Кош, мекеним»)

Кыргыз эли менен кыргыз мамлекетинин абалы кейиштүү экенин көп эле акындар жазып келатат. Бирок «карыз кылган чирик дөңгөчтөр отун болуп жарабай» турганын айткандар сейрек эле болсо керек. Толук Бек Байзак бул жагынан мекенинин абалын өзүнүкү менен ажырагыс байланышта, терең эмпатиялык туюм менен карайт: 

Мекеним үшүп турат. Мен да үшүдүм.
От жагалы, бар бекен тамызгылык?
Чириген дөнгөчтөрдүн кереги жок,
жылытпайт, күйбөйт дагы, карыз кылып. 

Ырас, жалпысынан кыргыз эли – биринчи иретте көчмөн цивилизациянын көрүнүктүү өкүлү. Көчмөндүк – кыргыз элинин тарыхына эң чоң таасир эткен доорлордун бири. Анын ийкемдүүлүгү, кыймылдуулугу, дүйнөгө болгон мамилеси жана этикалык императивдери кыргыздын улуттук менталитетин аныктаган. Бирок азыркы миграция – бая кыргыздар каалашынча өз жеринде көчүп-конуп, ырахаты менен жер ооштурган илгерки көөнө турмуш ыгы эмес, кыйла жыл отурукташып калган жеринен, боор эти менен тең болуп, бир эсе арабөк абалда турган мекенинен айрылган аргасыздык. 

Мындай жаңыланган маанидеги көчмөн духтун илеби китепте бир нече тегиздиктен ачылган. Алардын бири – Аккан Суу – Деңиз – Ысык-Көл үчилтиги. Аккан Суу – тээ Жеңижоктон бери кыргыз акындары тынымсыз кайрылган темалардын бири. Автор да адам өмүрүн агып жаткан дайрага салыштырып, анын башынан өткөргөн нерселерин да суунун тагдырына окшоштурат: 

Дарыялар кайда агарын билишпейт,
Ала-Тоонун ар жагынан куюлуп.
Дарыялар жансыздыкты сүйүшпөйт,
өмүр бою ырдашчудай туюлуп. 

Бирок жолдон күтөт канча тосмолор,
ар кай жакка чачыратып бурушат.
Керек болсо дудук кылып кээ бирин,
суу сактагыч көлмө кылып тынышат. 

Дарыялар кайда агарын билишпейт,
эркиндиктин ырын ырдап түбөлүк.
Азып тозуп алар агып жеткиче,
алыстагы деңиз барат түгөнүп.
(«Дарыялар кайда агарын билишпейт»)

Жаратылышта дарыялар же деңизге, же көлгө куят. Андыктан Аккан Суунун бул жыйнактагы экинчи өңүтү – Деңиздин учу-кыйыры жок чексиздиги, анда саякаттап өткөн өмүрлөр, ага байланышкан тагдырлар. Автор деңизди өзү басып өткөн жолдун оош-кыйыштары, кубанычы жана кайгысы, өмүрдүн баалуулугу менен бирге карайт. Айталык, кызы Акылайга арналган ырында аны маякка салыштырып, өзүн жээгин таба албай жаткан кеме катары сезгенин көрөбүз: 

…Анан сездим, ааламдын албуут деңиз экендигин,
мен анда жалгыз кеме алдастаган,
серпилип толкунуна зор турмуштун,
чайпалып ары-бери чыгып калган,
жалгыздык аралына жан баспаган. 

Деңиздин сырын, анын тереңдигин, кенендигин дүйнөдө көп акындар ырга салган, бирок түбүнө жеткен эмес. Ал ар бир акынга деңиз өзүнчө ачылган. Толук Бек Байзакты бирде ал философиялык күтүүсүз жыйынтыктарга, бирде акын жана адам катары багыт берүүчү ориентирге алып келет. 

Тең салмагын бу дүйнөнүн,
кармаса да Теңири,
Тереңдиги жок деңиздин,
кыска болот өмүрү. 

Таңдан кечке ошол үчүн,
жүрөгүмдү бүлөймүн.
Мен баруучу бир деңиздин,
соолубашын тилеймин.
(«Соолубасын деңиздер»)

Жыйнакта деңиз ашыктык ырларына да фон жана салыштыруу катары көп кызмат кылат. Айрым ырларда лирикалык каармандын ашыгы – авторду сагындырган жээк. 

Көздөн учкан көк жээк болуп,
жетпөөчүдөй көрүндүң.
Бара албасам толкун болуп,
жеңгени ошол өлүмдүн. 

Башкасында аял заты – алыстагы азгырган, көзгө илинер-илинбес арал: 

Деңиз сырын начар билген адамдай,
сага барчу жолду жүрөм табалбай,
Көздөн учкан закым болуп мелтиреп,
алыстасың ачылбаган аралдай. 

Дагы биринде аял – ошол албуут, сырдуу, терең деңиздин өзү: 

Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып,
мен деңизчи ашык болгон карарып.
Толкунуңда чабалактайм балыктай,
бир жоголуп, бирде кайра жаралып… 

Алыстагы мухитсиңби азгырган,
толкун сымал эркелеген, наз кылган,
мынча неге ээлендирдиң, эңсетип,
махабаттай кышты дагы жаз кылган..

Же ушуга эле үндөш: 

Таарынычсың жаралуу көңүлүмдөй,
сагынычсың аялуу өмүрүмдөй.
Кайда толкуп барасың деңиз окшоп,
чардак сымал чарчатып мени сүйбөй…

Бирде – сүйүүнүн өзү деңиз: 

Бар сырым, арманымды төгүшкөнү,
келемин толкун болуп бөлүшкөнү.
Ойноткон кемелерди мухит сымал ,
жүрөгүң – сүйүүлөрдүн көрүстөнү
Жүрөктөр – сүйүүлөрдүн көрүстөнү…

Бирок автордун жан дүйнөсүндө Аккан Суунун эң сүйкүмдүү, жанга жакын өңүтү – Ысык-Көл. Грузиядан келген кесиптештер көлүбүздү көрүп алып, «ребята, да это грех называть озером, это же море» деп чын дилинен суктанган жайы бар. Эске сала кетсек, айтылуу акын Жолон Мамытов Ысык-Көлдү «бешинчи океанга» салыштыруусу – кыргыз поэзиясындагы эң мыкты табылгалардын бири. Бирок баалуулук жагына келгенде дүйнөдөгү деңиздер менен Ысык-Көлдүн ортосунда чоң айырма бар. Ал – дүйнөлүк чалкып жаткан суу мейкини эмес, кыргызга гана таандык, кыргыздын боор эти менен тең бүткөн, кыргыздын жүрөгүнө жакын деңиз. 

«Ысык-Көлгө» деген ырында ушул мамиле жакшы ачылат. 

Мени күтүп жатасыңбы алыста,
кээде толкуп, кээде тунуп мелтиреп?
Сени таштап бакыт издеп кеткемин,
эми сенсиз таңдар атып, кеч кирет. 

Жашоо деген жаңылануу эскирип,
турмуш ушул кубаныч да эчкирик.
Аттын башын шарт буруучу кез келер,
баткагыңдын бакыттыгын кеч билип. 

Алигиче үмүт үзбөй адамдан,
жатышса да соодалашып, азалап.
Пенделерди көр дүйнөгө карарган,
жатасыңбы эртели-кеч тазалап? 

А мен дагы кутула албай кургуйдан,
курган жаным көр оокатка багынды.
Алыс жерден келалбасам капылет,
кабыл алгын жүрөгүмдү, жанымды. 

Жалгыз сенсиң жан дүйнөмдү жайгарып,
жардам берчү өзүмдү өзүм табышка.
Мээримиңди адамдардан аябай
менсиз толкуп жатасыңбы алыста? 

Демек, ага кыргыздын мамилеси да өзгөчө болууга тийиш. Кыргыз илгери Ысык-Көлгө түшкөн эмес. Сыйынып, суктанып гана тим болгон. Автордун окурмандын эсине салып жаткан ушул баалуулугу илгеркилердин жүрөгүндөгү ыйыктык дагы эле бар экендигин далилдейт: 

Бу көлгө келиш керек тайынышка,
жөн гана келбеш керек чайынышка. 

Жыйнактагы экинчи даана байкалган тегиздик – Ата Журт – Түркия – Орусия үчилтиги. Жалпы эле «Көчмөн дүйнө» – дал ушул үчөөнүн ортосундагы адамдын, азыркы дүйнөдө ар башка элдерден алган таасирин, сабагын, тажрыйбасын салыштырып, ортосунда өзүн таап-таппай турган кыргыз баласынын абалы. 

Кыргызстанда жүрүп жазылган ырлар «Жайлоодо» аттуу чыгармадай фольклордук стилге жакын, кыргыз кыртышына ынак болсо, четте жазылган же ал жактагы таасирлерден улам жаралгандарында ошол өлкөлөрдүн илеби келип турат. 

Булардын ичинен Түркиянын таасири биринчи иретте бир топ ырлардын стилдик өзгөчөлүгүнөн, техникалык эркиндигинен, маанайды берүүдөгү ыкмаларынан байкалат. Анткени заманбап түрк акындарынын бир топтору уйкашка жана ыргакка анча байланбайт, ойдун агымын үзбөй бергенге аракет кылышат, бирок ички ыргак сөзсүз бар. Автор Назым Хикметтин «Деңизге кетким келет» деген сөзүнө салыштыруу иретинде «Тоолорго кетким келет» деп жазган ырынан тартып азыркы чыгыш поэзиясынын психологизмине чейин сиңирген. 

«Сүкүт» деген ырында автор өзү да байкабастан суфист акын Желаледдин Руминин сүйүүгө арналган ойлорун улайт: 

Бул дүйнөнүн жарымы жарык,
жарымы болсо караңгы.
Убакыт да учат куштай,
күйүктүрүп адамды.
Биз да ошондой жаралыппыз,
ысык сууктан, ак карадан, жек көрүүдөн, сүйүүдөн.
Жададым эх, күйүүдөн!
Олтурамын сүкүт салып,
ой учугун чубаймын,
акылмандан ою тунук,
сүйүү сырын сураймын.
Ал жылмаят сырдуу гана
түпкүрүнөн кылымдын:
«Махабаттын каалаганы
– каалаганы Кудайдын…»

Автордун бул тирүүлүккө, болмушка, дүйнөгө болгон мамилесине да бир эсе ак-караны аралаш караган, турмуштун ар бир көрүнүшүн ышкы менен сүрөттөгөн  «дүнүйөчүл» кыргыз ак таңдай акындары менен ар бир кубулуштан Жараткандын мээримин көргөн Чыгыш акындарынын стили аралашкан: 

Тирүүлүк, бар экенсиң!
Дайрадай атырылган шар экенсиң,
жакшыга, жаманга да жар экенсиң,
кедейге кенен болуп, а байларга,
улактын терисиндей тар экенсиң.
Баары бир сүйөм сени,
Күн менен ар бир таңда көргөнүмө,
баарына бирдей көңүл бөлгөнүңө,
жашоомо үмүт берип, сүйүү берип,
баа жеткис бу өмүрдү бергениңе!
Жараткан, сүйөм сени! 

Же дагы бир ырында айтылгандай: 

Бу кечте кайрадан ырдаймын,
сагынычтын терезесинде.
Жалгыздыктын жан досу – ырлар,
бу кечте мага не шыбырар?
Асмандай аппак кары себелеген,
адамга үмүт берип ченебеген,
бактардай ак кебезге оронушкан,
мага окшоп кан жолдордо тонолушкан,
жана да сүйүү катып көкүрөккө,
сактаган бир кайырсыз жоголуштан..

Саякатчылык романтика жана карт тарыхтын кекселиги, цивилизациялык ролу жана баарын батырган космополитизми менен өзгөчөлөнгөн Стамбулдан айырмаланып, Москва акындын жүрөгүнө суук болуп кирип, турмуш болуп чыккан. Анын таасири миңдеген башка мекендештерибиз сыяктуу эле жашоо сабактарына бай, катаал, өзүң менен бетме-бет келтирген, жашоонун мыйзамы, өтүп жаткан өмүр тууралуу ойлондурган экзистенциалдык маселеге барып такалат. Анын бир мисалы төмөнкү саптардан туюлат: 

Кар себелейт жаан аралаш Маскөөдө,
сууланышкан чачтарымды тараймын.
Бара жатып трамвайда элүүнчү,
декабрдан арт жагымды караймын. 

Караймын да, көздөн учкан карааны,
алыстагы Ата Журтту самаймын.
Өтүп жаткан бу жылды да узатып,
чачтарымдын ак талдарын санаймын.

Москвада өткөн өмүрлөр жалгыздыкка, учу жок ойлорго, сансыз санаага жык толгон. Башка мекендештерибиз үчүн да орус баш калаасынын ырайы менен үрөйү көп учурда автор үчүн чоочун: 

Маскөө суук. Маскөө мерез. Маскөө – арман.
Олтурам, ой толкуну курчап алган.
Жылытпайт ысык ичкен кофе дагы,
жылытат жалгыз ырлар, берип дарман. 

Өрттөнөт ойлор чиркин, болуп көмүр.
Жылдарың каркырадай, учат өмүр.
Жетимдей жалтайлаймын чоочун үйдө.
Жан дүйнөң – жыртык чокой, жыртык көңүл.

Бирок ошону менен катар Москвада үмүт да, жакшы тилектер да, бактылуу ирмемдер да бар. 

Бузалбайм маанайыңды шамал окшоп,
жүзүңдөн суратпастан өпкүлөгөн.
Бу дүйнө өзүң сымал аяр, назик,
бу дүйнө – карегиңдей мөлтүрөгөн. 

Батырып бар бакытты көз ирмемге,
мен эми эс-мас болуп олтурамын.
Шамалдай ойлорумду алып учат,
шамалы кереметтүү Москванын.

Адам баласынын жашоосундагы ар кыл өңүттөргө дүйнөлөшүүнүн тийгизген таасири сөзсүз түрдө анын жалгыздыгы тууралуу маселени кабыргасынан коюп, алдыңкы орунга чыгарат. Ушу тапта коом дээрлик атомардык деңгээлге чейин чачырап, индивидуализм кыйла кеңири жайылган позицияга айланганда адамдын адамга болгон мээрими, кызыгуусу, жан тартышы айрыкча жамаатчыл кыргыз коому үчүн абдан актуалдуу жагдайга айланууда. Ошондуктан жыйнактагы көзгө урунган дагы бир тегиздик – глобализация менен жеке адамдын жалгыздыгы. Ушундан уламбы, айтор «Мен жөнүндө ойлойсуңбу кичине?» аттуу ырында Толук Бек Байзак чоң шаарларда бири-биринен руханий жактан алыстап бараткан адамдардын абалын сүрөттөйт. 

Мен жөнүндө ойлойсуңбу кичине, мен жөнүндө?
Бул калаада сан миң адам самсыган.
Карабастан кебетеме, түсүмө,
жаркый карап жазгы күндөй жакшынам.
Жамгыр сенин жашыңа окшоп,
каректериң жүрөк козгоп,
бир карашта жан дүйнөмү жанчыган. 

Ажыдаардай жутат мени ичине,
бул албуут шаар, бул кымгуут шаар, тагдырларга тойбогон.
Жетсем дегем аз да болсо кичине,
кыялдарга, максаттарга ойлогон.
Бирок барам жутулуп,
кайдыгерлик кулкунуна, эч эркиңе койбогон. 

Эртели-кеч каршы-терши ташынган,
поезддерде, трамвайда,
агымында көр оокаттын агамын.
Бетондолгон дубалдарга жашынган,
бетондолгон жүрөктөрдөн,
эмнени издеп табамын? 

Каршылыгын алалбаган сүйүүдөй,
жамгыр болуп Кудай ыйлайт көчөдө,
үнү менен бир таштанды баланын…

Же илгерки Чыгыш акындарынын бир үзүм тыянактарындай, кыргыздын «атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башка бар» деген накыл кебиндей чындыкты эске салган саптар бар: 

Көңүлүм – үзүлгөн гүл.
Көз жашым жамгыр болуп төгөт бүгүн.
Сезбепмин жан дүйнөмдө сурак барын,
билбепмин жан дүйнөңдүн бөлөктүгүн… 

Жыйнактагы ашыктык ырларынын маанайы да өтө кеңири диапазондо берилген. Биринде «балмуздактай таттуусуң да, дал ошондой муздаксың» деген таарыныч катылса, башкаларында «аялды түшүнүштүн кереги жок, аларды сүйүш керек ченеми жок» деген турмуш чындыгына бай жыйынтык ачылган. Болгону, бул китептеги ашыктык ырлары акындын тагдыры, басып өткөн жана багындырып жаткан жолдор, аралык, адамдардын ортосундагы тереңдеп бараткан ажырым аркылуу чечмеленет. 

Жалпысынан бул китептеги ырлардын баарын тегиз мыкты деп айтууга болбойт. Бир топторунда ыр жазуунун техникасы жагынан чала иштелген жерлери көп. Айрым ырларда «кузгундар», «чөөлөр» сыяктуу трафарет салыштыруулар көзгө урунат. Кээде күчкө салып, жазыш үчүн жазылып калган ырлар деле жетиштүү. Алардын катарында автордун атасына арнап жазылган ырлары жана башкалар ошол убактагы чыныгы психологиялык абалдан эмес, уулдук же жарандык милдеттин жүгүнөн улам жазылгандай учурлар бар. Анткени чыныгы ырлар күтүүсүз келет, ээ-жаа бербей төгүлөт, бугуң менен кошо чыгат. 

Ошентсе да жыйнактагы ырлардын басымдуу көпчүлүгү андай кемчиликтерден оолак, андан да маанилүүсү – жогоруда сөз болгон ар кыл тегиздиктерден талдоого мүмкүн болгондуктан, адабиятчыларда да астейдил кызыгуу жаратып, окурмандардын жүрөгүнөн да терең түнөк табат деген ишеним бар. 

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.