Араб акылмандарынан жашоого болгон 10 эреже

Ар кайсы замандын философиясы келечектеги муундарга ойлонууларына жан азык болгон жана ар кандай жагдайларда жол көрсөткөнгө жөндөмдүү кыска көп нуска сөздөрдү калтырышкан. Өз кезегинде чыгыштын акылмандарынын айткан санат кептери башкалардан так жана тереңдиктери менен айырмаланышат. Төмөндө араб акылмандарынын ар кандай шарттарда колдонсо боло турган 10 кеңешин сунуштайбыз.

Эгерде досум менин душманым менен достошсо, андай достон кол үзгөнүм оң.

“Уу кошулган кантты жеп алгандан сактангыла, өлгөн жылаанга конгон чымындан сак бол” – деп жазган 11-кылымда Персиядан чыккан дарыгер жана философ Авиценна. Бул сөздүн мааниси – адамдарга этият мамиле кылып, андагы “кантты” эле көрбөй, жүрөгүнүн тереңинде катылган “ууну” да көрө бил, – бул досторуңдан душмандарыңды ажырата билүүңө жардам берет дегени экен.

 

Сабырдуулук – Кудайдан башкаларга арыз-муңуңду айтып ыйламсырап барба дегенди билдирет.

12-кылымда жашап өткөн философ жана диний окумуштуу Ибн Араби ушинтип жазган. Анын ою боюнча, башыңа оор кайгы келгенде арыз-муңуңду кудайга сыйынуу учурунда гана жеткиз. Калган учурларда көзүңдүн жашын төгүп, ар кимдин тынчын ала бербей, чекеңе жазган тагдырыңды чыдамкайлык менен көтөрө билүү зарыл.

 

Акылсыз бүткүл аалам бир гана ал үчүн жаралган деп эсептейт… Кокус ал күткөн нерсе анын оюндагыдай болуп чыкпаса, анда бүт дүйнө жалаң жамандыктардан турат деген тыянакка келет.

Бул жөнүндө 12 кылымда жашаган философ жана дарыгер Маймонид жазган. Эгерде бир жолу жолуңуз болбой калса, бүт дүйнө сизге каршы чыгып, атайылап жолуңузга бөгөт коюп жатышат деп эсептештин кереги жок. Адашкан ишиңизге башкаларды күнөөлөбөй, өзүңүздүн кылганыңызды талдап көрүңүз.

 

Акылмандыкка жетишүү үчүн беш кадам жасоо керек. Биринчи кадам – бул жымжырттык, экинчиси – уга билүү, үчүнчү кадам – укканыңды эстеп калуу, төртүнчү кадам – билгениңди турмушка ашыруу, ал эми бешинчиси – алган билимиңди башкалар менен бөлүшүү.

Ар бир акылмандын асыл максаты, философ Ибн Габриолдун ою боюнча, алган билимиңди өзүң менен көрүңө ала кетпей, келечек муундарга калтырып кетүү. (11-кылым)

 

Адамдыктын жолуна, өзүндөгү иттик сезимин жок кыла алган киши гана түшө алат.

9-кылымдын акылманы Аль-Фараби жаныбарлар сыяктуу айбандык инстикттин жетегинде болуп, өзүнүн айбандык керектөөлөрүн гана канаттандыруу максатында жашоодон алыс болууга чакырган. Адам тамак жөнүндө эле ойлобой, терең жана бийик ойлорду ойлой баштагандан тартып адам боло баштаган.

 

Бүгүнкү сүйкүмдүү нерсе эртең жек көрүндү нерсеге жана бүгүнкү жек көрүндү нерсе эртең сүймөнчүккө ээ болушу мүмкүн.

Көпчүлүк ойлоп жүрүшкөндөй сүйүүдөн жек көрүүгө чейин бир кадам экендиги жөнүндөгү айтылып жүргөн сөз жаңы деле эмес, ал жүздөгөн жылдардын сынагынан өткөн. 13-кылымда эле бул жөнүндө Курандын аяттарын талдоочу билермандардын бири Ибн Каййим аль-Джаузийя жазып калтырган экен.

 

Жамандыкка каршы жамандык менен күрөшпө, аны менен жакшылыктын жардамы менен кармаш.

Канчалык ачуу жана ызалуу болуп, жан-дүйнөңүзгө оор бүлүк салбасын жамандыкка жамандык менен жооп берүүнүн кажети жок деп жазган 11-кылымда жашаган Сулейман аль-Хаким. Жамандыкка жамандык кылганың – демек, жамандыктын жүрүшүн андан ары улантып, ага жеңишке жетишүүгө, сезимдериңди бийлетип жиберүүгө жол бергениң. Ага андай мүмкүнчүлүк берүүнүн кереги жок. Жамандыкка жакшылык кылуу жамандыктын андан ары уланышын токтотуп, жамандык жасаган адамга бардык эле иштер жамандык менен чечилбесин, күч – жакшылыкта экенин түшүнүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

 

Кимде-ким самаганына жетүү менен каалоосун токтото алам деп ойлосо, ал өрттү саман менен өчүрөм деген жиндиге окшош. 

Белгисиз Персиялык акылмандын бизге жеткен сөзү боюнча, биз самаган нерселерди кубалап жашасак, биз адегенде ойлогондой, тилегибизге жетсек эле ошону менен баары бүтүп калбайт экен, ал каалообуз кайрадан күчөп, өсүп, формасын өзгөртүп, баштагыдан да кылдат, баштагыдан да курчуп, ага жетүү үчүн баштагыдан да көп күчтү жана каражаттарды талап кыла баштайт. Ошондуктан, өмүрүңдү бүтпөгөн каалоолоруңа жетүү үчүн жанталашып артынан кубалап, жансыз машинага айланып кетпей, эстүү жашоо менен өткөзүш керек.

 

Келесоолор адамдардын мыкты жактарын байкашпай, анын жаңылыштыктарын гана көрүшөт.

Алар адамдын жаралуу жерине гана конушкан чымындар сыяктуу. 13-кылымдагы сириялык чиркөө ишмери Абу-ль-Фарадж бин Харун жазгандай, ар кимдин жаман жактарын гана көрүп, алардын кемчиликтерин чукулап, элдин көзүнчө шылдыңга алган адамдар, көңүл бурууга татыксыз. Андай адамдын акылы башка кишини сындап, анын көңүлүн оорутканга эле жетет. Мындай адамдардын сөзүн этибарга албаңыз, алар тажатма чымын сыяктуу ызылдап жатып тим болушат.

 

Кайсыл жерде туулган болсоңуз үйүңүз ошол жерде эмес, ал сиз качып кетүүгө аракет жасабай калган жерде.

20-кылымда жашап, азыркы жазуучулардын катарына кирсе дагы, Нагиб Махфуз байыркы философторго татыктуу ойду айтыптыр: – гармония бул адамдар жетсек деп умтулган негизги нерселердин бири, ага жетишкенде адам көптөн бери издеп жүргөн үйүн тапты деп эсептесе болот.

Кылымдардын түпкүрүнөн бизге жеткен арабдардын акылман ойлорунун бир кичинекей үзүмү ушундай.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.