Рюноскэ АКУТАГАВА: “Жигиттер менен Ажал”

(аңгеме)

Көшөгөнүн эч кандай жасалгасы жок. Эки евнух [1] чыгып келет. Алар өз ара сүйлөшүп жатышат:

– Бул айда императордун гареминдеги аялдардын алтоосу төрөгөнү турат. Ал эми, ичи салаңдап төрөйүн деп калгандарын кошкондо, бир нече ондоп саналат.

– Шумдугуң кур! Аларды ким боозутуп жатат өзү?

– Ит билсинби. Гаремдеги аялдарга экөөбүздөн башка эч бир эркек кирип баралбаса. Ага карабастан гаремде айына кеминде бирден аял көз жарып жатат. Таң каласың буга!

– Аларга жашыруун бир эркек келип жүрөт имиш деген да сөздөрдү угуп калам. 

– Башында мен да ошентип ойлогом. Анан биз кайтарууну күчөттүк. Ага болбой эле аялдар өзүнөн өзү боюна бүтүрүп алгандай төрөп жатышат.

– А силер аялдардын өздөрүн жарга такап сураган жок белеңер?

– Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Алардын айтуусуна таянсак, бир эркектин аларга келип жүргөну ырас. Болгону ал эркектин үнү эле угулуп, өзү көрүнбөйт имиш.

– Тообо! Таң калаарлык иш экен.

– Өтө таң калыштуу! Сырдуу көрүнбөс киши жөнүндө кабардар болгон соң, ага бир чара көрбөсөк болбой калды. Кандай айласын кылсак болот деги?

– Чынын айтсам башыма түзүк эч нерсе кирбей турат. Аларга бир көрүнбөс эркек келип жүрөт имиш деп атасынар. Бул чын бекен өзү?

– Ооба.

– Анда жердин баарына кум себелеп чыксак кантет? Эгерде ал көрүнбөс эркек учуп жүрсө, анда айласы жок. А эгер ал буту менен жерде басып жүрсө, анда кумдан анын издерин оңой эле байкоого болот.

– Туура айтасың! Таппасаң сыйпалап кал! Кумдан издерин байкасак, аны кармап алсак да болот.

– Эч болбосо ушундай кылып көрсөк болот.

– Ушундай кылалы анда батыраак.

 

       

Экөө чыгып кетет. Ордодогу кызматчы аялдар жерге кум себелеп жүрүшөт:

– Бардык жерге себилди окшойт.

– Мына бурчка бир аз себелеш керек экен.

Дагы кум себелеп киришет.

– Жүр эми, кире бериштеги аянтчага себели.

 

       

Аялдар чыгып кетишет. Эки жигит шамдын жарыгында сүйлөшүп олтурушат:

В: Хан ордого каттаганыбызга бир жылдын жүзү болуп баратат.

А: Убакыт учкан куш. Бир жыл мурда биздин башыбыз «бирдиктуу объективдуу реалдуулук» жана «ыймандын улуу чеги» сыяктуу ойлорго толо эле.

В: Мен атман [2] эмне экендигин унутуп баштадым.

А: Мен болсо Упанишад [3] философиясы менен коштошконума көп болду.

В: Качандыр бир кезде экөөбүз өмүр жана өлүм түшүнүгү боюнча олуттуу ой жүгүртөөр элек.

А: Болбогон сөз! Биз болгону олуттуу ой жүгүрткөн адамдай түр көрсөтөөр элек ал кезде. Биз мына азыр олуттуу ой жүгүртүп жатабыз десек жарашат.

В: Билбейм. Мунун баары башталгандан бери мен өлүм тууралуу бир да жолу ойлоно элекмин.

А: (какшык менен.) Ошонуң жакшы экен сенин.

В: Качып кутула албаган нерсени кечке ойлоно бериштин кажети не.

А: (дагы какшыктап.) Бир күнү сен да, мен да бу жалгандан кетебиз дебейсиңби.

В: Алдыда дагы бир же эки жыл өмүрүбүз бар деп ойлойм.

А: Аны кантип билсе болот…

В: Эртең же сен, же мен өлүп калышым мүмкүн. Бирок муну кечке эле ойлоно берүү жашоонун кызыгын кетирет.

А: Адашасың. Бүгүнкү жыргалчылыкты ойлоп, эртеңки өлүмдү унутуп салуу мына ошол чындап жашоонун баркын кетирет.

В: Эмне десең ошо де, бирок, өлүмдү ойлоп жашоонун зарылчылыгы деле жок деп эсептейм.

А: Бул деген өзүн өзү алдоо да жөн гана.

В: Эмне болсо, ошо болсун. Өлүмдү сен эле ойлоно бер, каршы эмесмин.

А: Минтип жашоонун эмне кереги бар? Өмүр сага өзүндөгү калпыс ойлорду жеңиш үчүн берилген тартуу.

В: Сөзүңө аралжы, бирок мен азыр кайдагы бир, болбогон философиялык сандырактарга башымды ооруткум келбейт. Эмне десең, ошо де, бирок, мен мындан башкача жашай албайм.

А: (өкүнуу менен). Өзүң бил анда.

В: Биз кайдагы бир нерсени талашып-тартышкыча иңир кирип кетиптир. Бол, чамдайлы.

А: Ошону айтсаң.

В: Алдагы көрүнбөс-тонду бере салчы. (А көрүнбөс тонду Вга берет. В көрүнбөс тонду кийип, кайыпка айланат. Эми анын үнү эле угулат, өзү жок.) Кеттик анда.

А: (Ал да көрүнбөс-тонун кийип, кайыпка айланат. Анын да эми үнү эле угулуп, өзү жок.) Кечки шүүдүрүм түшүптүр.

 

Эчтеке көрүнбөйт, үндөр гана угулат. Көшөгө караңгылыкка чумкуйт.

Үн А: Кандай капкараңгы!

Үн В: Мен аз жерден сенин тонуңдун этегин тебелеп ала жаздадым.

Үн А: Шаркыратмадан атып чыккан суунун шарпылдаганын уктуңбу?

Үн В: Ооба. Биз айбанчага жеттик.

 

       

Гарем. Көшөгөдө көптөгөн жылаңач аялдар жүрүшөт. Кээ бири олтурса, кээ бири ары-бери басып жүрөт, кээ бири жөн гана жатат. Үйдүн ичи күүгүм жарык. Аялдар өз ара сүйлөшүп, арасында шаңкылдап күлүп калышат:

– Алар дале жок го.

– Мына Ай да батты.

– Ал экөө эмнеге кечигип жатышат?

– Эмнеге алигече үндөрү угулбайт экөөнүн?

– Анын үнүн гана угуп, өңүн көрө албай жүргөнүмө чындап өкүнөм.

– Анткен менен мен анын денесинин жылуулугун сезип жаттым.

– Алгачкы нике түнү менин жүрөгүм түшүп калган.

– А мен болсо түнү менен калчылдап коркуп чыккам.

– Мен дагы.

– Мен калчылдап-титиреп жатсам, анын: «Өзүңдү карма. Калчылдаба, берекем» дегеничи.

– Ий, ооба десең.

– А мени алгачкы нике түнү аз жерден өлтүрүп коё жаздаган.

– Жанагы жаңы төрөгөн неме кантти? Тынч-аман төрөп алдыбы курган?

– Ооба, жанараакта эле көз жарды.

– Элестетип жатам: Эми ал кандай бактылуу аял, кандай бактылуу эне.

– Төрөгөн баласын көрсөң, эми бир татынакай, колдорун быйтыйтып.

– Ачыгын айтсам мен да бирди төрөп алгым келип жүрөт.

– А мен чынын айтсам бирди да төрөгүм келбейт. Төрөйүн деген кыпындай оюм жок.

– Койчу, ботом.

– Анан эмей. Кыйналып төрөгөнүң бир азап, анан аны багып чоңойтконуң бир азап. Андан көрө төрөбөй эле, каалаган эркектин койнунда өзүңдөн кетип кумардын туу чокусуна чыгып жыргап жатканга не жетсин!

– Мм, ошондой де. Тообо кылдым.

Үн А: Силерде жарык дале күйүп турат. Көгүлтүр жарык көшөгөсүндө силердин денеңер кандай сүйкүмдүү көрүнөт, кыздар!

– Ии, ана! Тигине келишти!

Үн В: Кандайсыңар кыздар, жакшысыңарбы?

– Ой, биз жакшы айланайын, келгиле!

– Эмне кечиктиңер?

– Бери бас, мен мындамын!

– Койчу ай, ал бүгүн мени менен болсунчу!

Үн А: Сен бүгүн колуңа алтын билерик тагынып алыптырсын.

– Ооба. А эмне экен?

Үн В: Эчтеке. Чачтарың тим эле жасмин гүлү буркурайт.

– Ыя де! Жаным!

Үн А: Сен дагы деле калтырап кетип жатасың.

– Албетте, бул кубангандан улам.

– Келчи, жаным! Келчи, берекем!

– А сен тиги жерде турасыңбы?

Үн В: Колдоруң кандай жумшак, кандай назик!

– Мен сендеги мээрим эч качан түгөнбөсө экен деп тилейм.

– Мен сени бүгүн түнү эч бир башка аялга ыраа көрбөй турам. Сени эч кимге бергим келбейт, чынын айтсам.

– Мен бир гана сендикмин деп сөз берчи, жаным. Сөз бересиңби, алтыным?

Аялдардын аңкыштап онтогон үндөрү чыгат:

– А!..  А!..  Аах!.. Оохх!.. Иий жаным!.. Берекем!.. Алтыным!..

Аялдардын аңкыштаган үндөрү басаңдай түшүп, андан ары ырахаттан кыңкыстап-онтогон үндөргө өтөт.

 

       

Көшөгө жымжырттыкка чөмүлөт. Капыстан колдоруна найза кармаган кароолдор кирип келишет. Мемиреген тынчтыкты кароолдордун кыйкырган үндөрү бузат:

– Мына издери турат кумда!

– Бул жерде да издер турат!

– Тиги жакты көздөй качышкан, тиги жакта!

– Качырбагыла! Качырбай ороп кармагыла!

 

Чакчелекей, будуң-чаң түшүп жатып калат. Туш-тушка кыйкыра качып жөнөгөн аялдар. Кароолдор кумдагы издердин артынан түшүп ары-бери чуркап жүрүшөт. Шам чырактар өчүп, көшөгө караңгыга бөлөнөт.

 

       

Үстүлөрүнө тон кийген А жана В пайда болот. Алардын каршысынан бетине кара беткап кийген эркек киши тосуп чыгат. Көшөгө күүгүм жарыкка бөлөнөт.

А жана В: Кимсиңер силер?

Эркек: Хе-хе-хее… Силерди менин үнүмдү унутуп калат деп такыр ойлогон эмесмин.

А жана В: Сен кимсиң өзү?

Эркек: Мен – ажалмын. Тактап айтсам, ажал периштесимин.

А жана В: Ажал периштеси?

Эркек: Коркпой эле койгула. Мен мурда да болгом, азыр да бармын жана келечекте да кыяматка чейин боло берем. Алмусактан бери бар нерсе эмне болсо, ошонун так өзү – мына менмин. 

А: Сага эмне керек?

Эркек: Мурда эмне керек болсо, азыр да ошол керек.

В: Ошого келдим де. Ошондой де…

А: Эмне демекчибиз, мен сени күтүп жүргөм. Азыр сен жүзүңдү ачып көрсөтүп, анан мени алып кете берсең болот.

Эркек: (В-га кайрылып.) Сенчи, сен? Күттүң беле менин бир күн келишимди?

В: (Селт эте түшүп.) Жок, айланайын, кайдан. Күткөн эмесмин. Мен дагы жашагым келет. Дагы бир аз коё тур, жан соога. Мен азыр жашмын. Сөөгүм ката элек, жапжаш жигитмин. Мен дагы бир аз жыргап жашап алайын. Коё тур мени, жан соога.

Эркек: Мага бирөөнүн жалынып-жалбарганы кыпындай да таасир этпейт. Сен муну алдын ала билишиң керек болчу.

В: (Көздөрү алактап.) Эмнеге мен өлүшүм керек? Эмнеге башкалар эмес, ушул тапта жалгыз мен өлүшүм керек?

Эркек: Сен ансыз деле көзү көргөн менен көөдөнү сокур, өлүктөн айырмасы жок пенде катары жашоо кечирдиң. Тирүү өлүк болгон соң, сага өмүр менен өлүмдүн айырмасы канча. Сен азыр мени көргөндө гана көөдөнүң менен көрүп, көзүң ачыла түштү.

В: Бул бир эле мен эмес. Бу жарыкка келген ар бир адамдын маңдайына акыр бир күн келчү өлүмдүн мөөрү басылган. Бардык адамдын тагдырына жазылганы ошол.

Эркек: Мен муну айтпай эле турам. Азыркыга чейин сенин мен жөнүндө ойлогон бир да күнүң болбоду. Менин бар экенимди анан бара-бара такыр аңдабай да калдың. Жашоодогу адашуулардын чеңгээлинен суурулуп чыгам деп жатып, сен напсиңдин каалоолорун ээрчип кеттиң да, кайрадан адашуулардын торуна түштүң. Качан сен мени такыр унутуп калганда, сенин напсиң эчтекеге тойбогон жырткычка айланды. Өзүң болсо жүрөгүң карайып, ач карышкырга айландың. Мындай нерселер мени өзүнө эртерээк чакырат. Менден качып кутулам деп жүрүп, мени кайра өзуңө эртерээк жакындатып алдың.

В: (Ачуу кыйкырып жиберет.) Аа-й!.. Ии-й!.. Жан соога, өлтүрө көрбө мени! (Шөмтүрөй чөгөлөп олтуруп калат.)

Эркек: Мен бардыктын жоготуучусу эмесмин, мен бар жандууну төрөгөн энесимин. Сен бар жандуунун төрөгөн энеси – мени унутуп таштадың. Мени унутуп салган, мага кайдыгер адам – бул жашоону унутуп салган, бардыкка кайдыгер адам. Жашоонун чыныгы маңызын унутуп салган көкүрөгү сокур адам өлүүгө тийиш!

В: Өлтүрбө мени, суранам! Аа-й! (Шөмтүрөй чөгөлөп олтурган жеринен жан берип, жерге кулап түшөт.)

Эркек: (Күлүп.) Келесоо десе! Эчтекеге татыксыз, анык шерменде өлүм! (А-га кайрылып.) Коркпо менден. Кел мындай.

А: Мен сени жанатан бери күтүп турам. Сенден коркконум да, качканым да жок.

Эркек: Сен менин жүзүмдү бир көрсөм деп жүрдүң беле. Жарык кирип баштады. Мени жакшылап карап ал.

А: (Эркектин жүзүнө тигиле карап.) Аа-ий, эй! Ушул турган – ажал периштеси сенсиңби?

Эркек: Мен болбосом, анда киммин?

А: Сенин жүзүң ушунчалык сулуу, ушунчалык нурдуу экен. (Ичинен ойлонот: “Мен ажал периштесин өтө түрү суук неме болсо керек деп ойлоп жүрсө”.)

Эркек: Мен сага келген жокмун.

А: Эмнеге? Мен сени күндө эстеп, сенин акыр бир күн келишиңди күтүп жүрдүм. Сенден башка эчтекени ойлободум. Эх, бок-жини, ак менен карасы эриш-аркак жашаган жалган дүйнө. Жыргалынан азабы көп арман дүйнө. Менин жанымды алып, бул жашоонун азабынан куткара көр.

Үчүнчү үн: (Ушунчалык кубулжуп, уккулуктуу тунук чыгат.) Кайдагы болбогон сөздү айта бербе! Менин жүзүмдү жакшылап кара. Сен мени дайыма эстеп жүргөнүң үчүн, мен сенин башыңды ажалдан азат кылдым. Бирок менин бардык кылык-жоруктарыма көз жумат деп ойлобо. Кара дагы мени жакшылап! Сен кетирген күнөөлөрүңдү мойнуңа алдыңбы? Анда мындай: азыртан баштап, сен дагы жашайсыңбы же азыр өлөсүңбү, аны эми өзүң чеч. Эрк өзүңдө.

А: Сенин жүзүң дагы сулуу, дагы нурдуу болуп баратат.

Үчүнчү үн: (бир калыпта туптунук, мээрим менен.) Жарык кирип баратат. Жүр болбосо мени ээрчи, жаркыраган кенен, азап-тозоктон азат, чыныгы дүйнөгө чогуу кетели.

Бетине кара беткап кийген киши артынан жигит А-ны ээрчитип, жаркырап атып келаткан, супсулуу, бир ажайып, өзгөчө таңга сүңгүп кирип кетет.

Кароолдор жигит В-нын өлүгүн алып чыгып кетишет. Анын денесинен көптөгөн жаракаттар көрүнүп турат.

Бодхисаттва Нагарджуна уламышынын негизинде жазылган.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

 

[1]. Евнух – гаремдеги аялдарды кайтарган адам. Тарыхый маалыматтарга таянсак, кээ бир кул эркектерди атайын бычып салып, гаремдеги аялдарды кайтарууга дайындашкан;

[2]. Атман – индия философиясындагы жана индуизм дининдеги негизги түшүнүктөрдүн бири. Термин адамдагы жана бүткүл жандуулардагы жогорку «Мен» түшүнүгүн баяндоо үчүн колдонулат;

[3]. Упанишад – шрути категориясындагы индуизмдин ыйык жазмаларына таандык, диний-философиялык мүнөздөгү байыркы индиялык трактат топтому. Анын негизинде философия, сүкүт тартуу жана Кудайдын жаратылышы тууралуу талкуулар жатат.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.