Эмнеден чарчаганымды билишпеди
Кыргыз поэзиясынын классиги, кайталангыс талант Омор Султанов менен маек. (2014-жылы жазылган).
Элмира Ажыканова: Сиз бүт өмүрүңүздү ыр жазууга арнап келатасыз. Бир кезде “Поэзиянын түнөгүн издеп таппай жүрөм” деп жазган элеңиз. Таптыңызбы?
Омор Султанов: Таптым десем жаңылам. Себеби поэзия деген бир уя, же үй, же көчө, же көлдүн жээги эмес экен. Бүткүл дүйнө поэзия экен. Бирок ошонун анча-мынча үнүн, келген жагын билип алуу – көп жакшы нерсени алып келчүдөй экен. Мен поэзиянын эмне экенин аздыр-көптүр билип калганыма өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Ыр жазгандар абдан көп. Бирок төрт сапты уйкаштырып жазганы менен поэзия болбойт экен.
Э. А.: Чыгармачыл адамдардын көбү эң жакшы чыгармамды жаза элекмин деп айтып калышат.
О. С.: Ооба, мен да ошол мааниде бир ыр жазгам. Башкаларды билбейм, мен улам бир ырымды жазган сайын кийинким мындан жакшы болот деп ойлойм. Кээде мурунку ырларымды өзүм окуп көрүп, жакшы чыккандарын “Чын эле ушуну мен жаздымбы?” деп да ойлоп кетем. Бирок улам кийинкилерим мурункудан жакшы болушу керек.
Э. А.: Акын дайыма ырдын үстүнө түшүп жазуу керекпи же ыр өзү келеби?
О. С.: Мен өзүмө качан, кандай учур болбосун ыр жаза алышым керек деген максат койгом. Качан болбосун жазам десем жаза алам. Анте албасам акын экеним кайсы?! Ыр жазуубу же башка кара жумушпу – айтор ар кандай ишти уюштуруу керек. “Эргүү келгенде жазам, болбосо менден ыр чыкпайт” дегендерге макул эмесмин.
Э. А.: “Ашуу-Төр” жыйнагыңызда табият менен ыйман темасын жуурулуштуруп жазган бир нече мыкты ырларыңыз бар. Ошол теманы дагы улантып, түрмөк (цикл) кылсаңыз болобу?
О. С.: Ал өзү түгөнбөй турган тема. Биз табият, ыйман темасын жазып бүтмөк тургай али баштай элекпиз. Ушул теманы кеч баштап калганыма өкүнөм. Себеби, биз абдан торсулуп кетпедикпи. Менин ырымдын пайдасы болот беле, билбейм. Бирок ырдан сабак алган киши болбой жатат го. Ошентсе да табият темасы жазыла берет.
Э. А.: Прозаиктер дайыма кара сөз жазуу – азаптуу иш деп айтышат. Эгер андай болсо поэзия оңой ишпи?
О. С.: Эгер адамга эргүү (илхам) келсе эч кандай жумуш азапка турбайт. Тескерисинче, жыргап иштеш керек. Мен “Ак жол, көк асман” повестимди ушунчалык жыргап, ырахаттанып жазган элем. Ал повестимди поэзияга окшош проза болду деп жүрүшөт. Бирок эми жанагы кирпичтей болгон көлөмдүү романдар, роман–трилогиялар, эпопеялар көп эле күчтү, энергияны талап кылса керек. Мисалы Чеховду Л. Толстой “Прозадагы Пушкин” деп айткан. Ал чындыгында Чехов ушунчалык жеңил окулат жана жыргап окуйсуң. Менин идеялымда чыгарма ошондой болушу керек. Мен да ушуга аракет кылам. Эмне үчүн Ч. Айтматовдун чыгармалары жеңил окулуп, жугумдуу болот? Себеби, ал өз заманынын ритмин таба алган жазуучу. Ошондой болушу керек. Аны “Информационная проза” деп да айтып жүрүшчү.
Э. А. : Адабиятчылар сиздин чыгармачылыгыңызды кенен иликтеп ачып бере алыштыбы?
О. С.: Мурунку сынчылар көп окушчу. Гегелден баштап окушчу. А азыркылар андай эмес. Азыркы сынчымын дегендердин көбү поэзия эмне экенин билбейт, түшүнбөйт. Сынчылар көңүлүнө албасын. Пушкинди Пушкин кылган Белинский болгон. Бизде Айтматовду тереңден ачып берген Кеңешбек Асаналиев болду. А мен тууралуу көп эле жазышты. Бирок үстүртөн, сыйпалатып жазышты. Мисалы “Чарчоонун жүзүнчү ыры” деген түрмөгүмдү ким биринчи ачар экен деп ойлогом. Ушуга чейин эч ким менин эмнеден чарчаганымды билишпеди.
Э. А.: Бүгүнкү турмушта жаза турган тема абдан көп. Эмне үчүн биздин калемгерлер учурдагы турмушту жазбай жатышат?
О. С.: Ооба, жазса болор эле. Бирок бүгүнкү заманда бүгүнкү күн эртеси эле эскирип кетип жатат. Менимче, бул турмушту бир аз акылдан өткөрүп анан жазыш керек го. Андан көрө учурдагы турмушту журналисттер жазса актуалдуу болуп жатпайбы. Айталы, эки президент кулады. Булардын өмүр тагдыры, баскан жолдору белгилүү. Мына, драматургдар үчүн дапдаяр трагедия. Жазышса болмок.
Э. А.: Сиз орустун жазуучулары менен илгертен эле байланыштасыз. Азыр да алардын адабий иш-чараларына дайыма чакырылып, Москвага көп каттайсыз. Алар азыр адабиятты кантип өнүктүрүп жатышат? Кандай өрнөктөрдү алсак болот?
О. С.: Азыр алардын деле айласы кетип калды. Бирок алар биздей болуп басмаларын жаап салышкан эмес. Адабий журналдары үзгүлтүксуз чыгат. Азыркыларын так айта албайм. Бирок менин адабиятка аралашып кеткениме орус адабиятынын таасири чоң болду. Эми кыргыз адабиятын чынында эки эле күндө окуп бүтсө болот негизинен. А орус адабиятынан эң көп нерсени үйрөнсө болот.
Э. А.: Бүгүнкү эгемен турмушта эмнеден чарчадыңыз?
О. С.: Эгемендик келгенден бери акылсыз сөздөр көп сүйлөнүп атат. Туура эмес сөзү үчүн эч ким эч кимге жооп бербей калды. Өзгөчө мени чарчаткан нерсе – аялдардын көчөдө айкырып-кыйкырып жүргөндөрү. Аял качан ошентчу эле?! Митингге чыгып кыйкырып бергени үчүн акча алышат деп угам. Бул жаман жорук. Кыргыздын салтын, насилин унутуп баратышат. Биз кыргыздын нускалуу салт-санаасын улантсак эле – ошонун өзү эң жакшы идеология болмок. Жаштарга эмне тарбия бердик? Митингге чыкканды, улуу-кичүүнү көзгө илбей, жулунуп сүйлөгөндү үйрөттүк.
Э. А.: Сиз Чилинин улуу акыны, Нобель сыйлыгынын ээси Габриэлла Мистральды котордуңуз. “Аял болуп туруп ушунчалык чоң ойлорду айта алган” деп жаздыңыз.
О. С.: Адабиятта аял калемгерлердин мындай чулу ойлорду айта алганы аз болгон. Мен ошол өңүттө айткам. Нобель сыйлыгын алган биринчи аял калемгер болгон. Мистраль ааламдык масштабда ой жүгүрткөн күчтүү акын. Мен ушунчалык суктанып окуп, берилип которгом. Бирок ал биздин кыргыз окурмандарына анчейин жетпеди. Муну да мен сынчылардан көрөм. Ошолор адегенде окуп, “Мына ушундай мыкты акын бар дүйнөдө, окугула” деп окурмандарга жарыялап сунуш кылуу керек эле. Бизде ушул нерсе жок болуп атат, анткени адабият ишмерлери өздөрү окушпайт.
Э. А.: “Саякбай менен бир жүрдүм” деген ырыңыз бар. Бир маегиңизде “Ушу киши тирүү кезинде бааланбай кетти” деп өкүнгөн экенсиз.
О. С.: Ооба, мен Саякбай Каралаевди он жылдай ээрчитип жүрдүм. Таяк таянып жүрөр эле. Саякбай жөнүндө “Манасчы” деген фильмдин сценарийин Болот Шамшиевге жазып бердим. Анда ал жаш болчу. “Бул менин дипломдук ишим эле, мага белек кылсаңыз” дегенинен сценарийди ага баш-оту менен бергем.
Саякбай абдан жупуну жашап өттү. Үйүнө көп барчумун.Түнөп да калган учурларым болгон. Кээде сүйлөбөй дуңкуюп олтуруп алчу. А кээде абдан чечилип сөзмөрлүгү кармачу. Ал чынында ичинде зор дүйнө бугуп жаткан кайталангыс киши болчу. Бирок аны жанында жашап жаткандар деле анча теңине ала берчү эмес. Учурунда бир жүргөн абышка дегендей эле мамиле кылышкан. Кийин анан зор манасчы турбайбы деп калышты.
Э. А.: Кайрадан чыгармачылыкка келели. Акындар улгайган кезде сезимдери мокоп, акылга салып жазып калышат дейт. Бул жагы сизде кандай?
О. С.: Буга мен макул эмесмин. Адам балким ошентип ойлоп өзүн өзү мокотобу дейм. Мага мындай ой деле келбейт. Чынында азыр мага убакыт гана керек болуп атат. Убакыт болсо ырдын саптары өзүнөн өзү келерине ишенем. Акынга таланттан сырткары билим жана тажрыйба да керек.
Э. А.: Рахмат. Ден соолукта болуңуз. Мыкты ырларды жаза бериңиз.
Маектешкен Э. АЖЫКАНОВА,
“Кыргыз радиосу”, 2014-жыл, сентябрь