Акыреттик бир сүйүүнүн баяны

 

(Жазуучу Рахат АМАНОВАнын “Үлүк эне” чыгармасын көркөм талдоо)

Ушул жер тамдын ичи тыштагы кымгуут турмушка аралашпаган, сырткары кишиге анчейин сырын ачпаган өзүнчө бир дүйнө. Бул чакан дүйнөчөнүн өзүнө гана тиешелүү чындык кабылдоосу, турмушту жүрөгү каалагандай көрүүгө эрки жеткен «өз көзү», «өз аң-сезимb», «өз акыл-эси» бар. Өзү үчүн ушундай өзгөчө жашоону жаратып, түптөп алган жан – аялуу дүйнөсү менен көп нерсе туюндура алган кемпир. Сырткы дүйнөнүн «туура» деп кабыл алган жашоо мыйзамына, өзү жаратып, өзү туура деп кабыл алган өзгөчө жашоосун бетме-бет коё алган кемпир. Үлүк кемпир аялуу сезимдеринен жаралган өзгөчө жашоосун жаап-жашырайын да дебейт, тескерисинче, болгон бүткөн акыйкатын согуш кесепетинен эсинен ажыраган абышканын алдында болсо да ачыктап жашайт дагы, ал акыйкатын айылдагылар да кабыл алууга мажбур болушат. Кемпирдин кейибей-нетпей, кадыресе бактылуу жашап жүргөнүнүн да жөнү бар. Анткени ал өз оюнда жалгыз эмес. Кемпирдин элестетүүсүндө үйүндө абышкасы, шаарда бала-бакырасы, кыз-кыркыны жана көптөгөн неберелери бар… Дал ошондой жашоодо жашайт биздин каарманыбыз. Бирок бул кадимкидей эле акыл-эси толук, зирек кемпир.

Кыргыз адабиятында Экинчи дүйнөлүк согуш – өзүнчө бир улуу тема. Жазуучу Рахат Аманова өзү турмуштан көрүп-билген бир окуяны көркөм чыгармага айландыруу аркылуу бул темага дагы бир жакшы толуктоо гана киргизбестен, адам аң-сезиминде болуучу купуя аалам менен өмүр сүрө билүүнүн бир өңүтүн ачып берген. Чыгарманын постулатын күлгүн курагында күйөөсүн согушка узатып, калган өмүрүн бүтүн бойдон ошол биринчи никесине, арзуусуна арнап жашап өткөн ургаачынын жазмышы менен жашоосу ээлеп турат. “Үлүк эне” аттуу ушул чакан чыгарма буга чейин да талдого алынган болчу.

Чыгарма элет элине мүнөздүү тил менен жазылып, элет атмосферасы менен окурманды өзүнө тартып, ошол дем менен окурманды кемпирдин жашоосуна баш багууга мажбурлайт. Окуган соң күлгүн курагында сүйгөн адамын согушка узатып, андан кайра кат-кабар албай, өмүр бою жалгыздык менен жашап өткөн Үлүк эне жөн гана кайгылуу тагдырдын ээси эмес, тескерисинче, жүрөк түпкүрүндө өзүнүн аяр, аздек дүйнөсүн купуя сактап калган өзгөчө жан экендигине ынанасың. Себеби Үлүк үчүн согушта апаат болгон жаншериги башкалар үчүн жок болсо да, өзүндө жок эмес, БАР. Башкы каарман Үрүлкан эненин образынан (эл аны “Үлүк” деп атап алган) — тагдыр буюрбаган АЙЫПСЫЗ сүйүүгө карата, арманга айланган турмушка карата кыргыз аялзатынын, деги эле аялзаттын мамилесинин актыгы, аруулугу, бекемдиги көрүнүп турат. Ичинде бүтүндөй бир аалам куруп, унчукпай жашап жаткан кайраттуу аялдын образы – реалдуу жашоо менен кыял дүйнөсүн айкалыштырып, жоготуунун арман менен кайгысына моюн бергиси келбеген, баш ийгиси келбеген терең психологиялык образ.

"Күтүү", Асатилла Тешебаев
“Күтүү”, Асатилла Тешебаев

Чыгарманын башы “…Үрүлкан эне үлүлдөй болуп үйүнөн чыкпайт эле. Айылдагы келин-кесек Үлүл эне деп тергеп жүрүп, акыры абысын-ажындарынын оозуна сала бергендей, Үлүк аты эл оозуна алынып кеткен болчу. Эми болсо азан чакырып койгон атын өзү өгөйлөп, кулагына өөн угулуп калган” деген сүйлөмдөр менен башталат. Жазуучу аңгемесинин ичиндеги бир абзацты да, жада калса бир сүйлөмдү да жөндөн-жөн баяндоо иретинде жазбаган экен, чыгарманын темасы менен идеясын ачып берүүдө ар бир сүйлөмдүн, абзацтын артынып турган жүгү бар тура. Негизи эле кара сөз менен иштөө дал ушундай чеберчиликти талап кылат. Чыгарма толук окулуп чыккан соң, дал ошол башталыш абзацтын өзүндө символикалуу терең маани камтылганын байкоого болот. Мисалы, “үлүл” дегенибиз жумшак денелүү, сыртында катуу кабыгы бар жаныбар. Үлүл кабыгы жок калса муздакта, ысыкта калып сыртта кыйналышы мүмкүн, бирок кабык ичинде жылуулугун сактайт. Ал эми Үлүк эне да өзүнүн жан дүйнөсүнүн жылуулугун сактап калуу үчүн кабык сыяктуу үйүнө, эскерүүлөрүнө, “жөө жомогуна” жашынып алган кейипкер. Чыгармада “Үлүк кемпирди үйүнөн минтип чыгарбаса оңой менен бир жакка чыкпайт…” деген сүйлөм кездешет. Демек, Үлүк эне үйүндө (кабыктын ичинде) кыялындагы, элесиндеги жылуулукту, өмүрдүн жакшы бир ирмемдеринин изин сактап жашайт. Күн сайын күйөөсүн эстеп, кез-кез анын тээ жаш чактагы кийим-кечесин күнгө жайып, мына азыр келип калуучудай үмүт менен, сабыр менен жашоону түстүү боюнча кабылдап жашайт. Дал ушул түстүү дүйнөсүнүн жаралышынын башаты улуу күтүү менен күйүттөн келип чыгып, бара бара өз ээсин махабаттын тирүү эстелигине айланткандай сезилет. Аялдын карылыкка чейинки өмүр сызыгы – сүйүүнү жоготпой жашоонун, жүрөккө кыпындай болсо да жылуулукту катып, тиричиликти улантуунун символу.

Окурман сөзсүз баамдап-байкап ыраазы боло турган дагы бир жакшы нерсе – кыргызга мүнөздүү нарктуулук темасынын кичинекей эпизод аркылуу жетишерлик ачылгандыгы.

“Күн жылый баштагандан эле күндө бир маал күйөөсүнүн кийимин күнгө жайып, кайра эски чемоданга салып коймою бар. Бирөө ушул маалда келгенин жактырбайт. Анысын элдин баары билет. Бир гана ушу кудасына уруксат эле. Алакандай айылдагылардын бардыгы эч нерсе билбеген кыязда, мындай маалда аялуу дүйнөгө бейчеки башбагышпайт. Бакыйган сөөлөттүү карыя ушул жепирейген тамды карай басканын көргөндө эле бири-бирине алыстан ишарат кылып, «эч кимиң жолобо» деп тыйып коюшат. Үлүктүн «жөө жомогу» айылдын аялуу сырына айланган. «Бөтөн бирөө, колу-коңшу айылдан бирди-жарымы Үлүктүн жөө жомогун угуп-билип калбасын, сөзгө калбайлы, кокуй!» деп, айрыкча бай байбичелер баарын «шүк отур» деп ооз ачырбай тыйып турушат”

Жогорку эпизодду окуган соң кыргыз айылдарындагы нарктуулуктун жазылбаган мыйзамы эсиңе түшүп, автордун бул жааттагы алпейим баяндоосуна жүрөгүң жылыйт. Жашоонун ак-карасын иргеп, өнө боюна сиңирген карылар Үлүк кемпирдин ошол кыялдан жаралган жомогуна өз алдынча тереңдик, түшүнүү менен мамиле жасап, анын купуя жашоо-ааламын эч кимиси бузгусу келбей, атүгүл башка бирөөлөрдүн ашыкча кеп-сөзүнөн да коргоп, аярлап турат. Улуу муундан кичүү муунга өтүүчү эс-акыл менен нарк мына ушул сыяктуу нускоолор менен уланып келери шексиз…

Бакыйган сөөлөттүү, бирок согуштун кесепетинен эс-тутумунан ажырап, ошол эле учурда өзүнө карата адамдардын олуттуу эмес мамилесин аңдап-сезе алган карыянын образы – чыгармадагы автордун айтайын деген оюн ийине жеткирүүдө чоң жүк көтөрүп, аңгемени байытып турат. Кудасы – унутчаак карыя менен Үлүк кемпирдин аңгеме-дүкөнү бир жагынан анчейин бир эрмектешип баарлашуудай гана сезилгени менен, экинчи жагынан экөөндө тең бар карылык менен жалгыздыкты жеңүү аракетин, алардын ички дүйнөлөрүнүн оор жагдайын ачып берген. 

“… Кезинде каркыбардай сөөлөттүү карыянын алдынан бир өтүп койгонду олжо көргөндөр, эми «жолукса ардемени сурап мазени алат» деп жолду айланып өтөт. Бир гана Үлүк кемпир карыяны «азыр келет» деп күтүп турат. Экөөнүн сөзү бүтпөйт. Кемпир тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө жашаган жакындарын айтып, көз алдына элестетип, бир саамга болсо да «жөө жомогун» корунуп-нетпей айтып алганына, кыялындагы тиргилигин, чалын, бала-бакырасын, келин-кесек, күйөө балдарын, куда-сөөгүн, небере-чөбөрөлөрүн сөз кылып божурап алганына бактылуу эле. Күндөгүсүн күндө, азыркысын азыр унутуп турган чалга Үлүктүн «жөө жомогу» менен баары билген жомоктун айырмасы канча? Кемпир күндө берилген суроолорго күндө шашпай жооп берет.

— Арыбаңыз, байбиче! — Келиңиз, куда! Төргө өтүңүз. — Сиз ким элеңиз, байбиче? — О мен тоокелердин кызы болом, куда, илгерки «Көзгө атардын» келини болом, кайненем Сабайдын кызы, көкчөлөргө жээн эле го? — Аа, ооба, ооба. — Уул-келиниңиз көрүнбөйт го, байбиче? — Аа, уул-келин кудалар жакка тойго кетишти”

Же болбосо:

“… — Оо, байбиче, сиз ким элеңиз? Амандашып учурашкандан кийин, абышканын күндө берген суроосуна даяр жообун кемпир күндө тажабай-нетпей жооп берет: — О мен Үлүкмүн куда, Кудаштын байбичеси болом. — Аа, жакшы, жакшы. А Кудаш көрүнбөйт да, байбиче? Бир жакка кеттиби? — Жанагы шаарга кетти эле, куда, бала-бакырадан кабар алайын деп. — Кабар алганы жакшы, бала-бакыра да «атам келет» деп күтүп калат. — Ошо, ошо «бала-бакыра күтүп калат экен, барып келейин» деди”,

– деген эпизоддордо эки карыя бири-бирин “куда, байбиче” деп тергеп, божурашып баарлашып, адашкан эс-тутум менен болсо да коом тарабынан унутулуп бараткандарды тирилтип, тирүү боюнча кабыл алып олтургандарына өздөрү ыраазы. 

Чыгармада автор жашоо деген эмне, эскерүү деген эмне, үмүт деген эмне, элестер менен жашай алуу канчалык чындык болушу мүмкүн деген суроолорду коюп, кандайдыр бир деңгээлде чыгармасы аркылуу өзү да бул суроолорго жооп берген. Үлүк эне өз өмүрүндө көп армандын көйгөйүнөн өз кыялы менен болгон “жөө жомогун” артык көрөт. Бул – кайгыдан качуу да эмес, тескерисинче, чындыктын өтө оор салмагын көтөрүп, аны өз алдынча кабыл алуу, түбөлүктүүлүктүн бар экенине ишеним менен жашоо. Коомдук деңгээлде алып караганда, “Үлүк эне” чыгармасы – бул согуш апаатын же болбосо кийинки оор турмушту баштан кечирип, бирок ошого токтоолук, тереңдик менен мамиле жасап, унчукпай арабызда жашап келе жаткан улуу муунга биздин муундан тек гана көмөк эмес, сыйлык эмес, терең урматтын, түшүнүүнүн керектигин алдыртан туюндуруп турат. 

Ал эми бул чыгармада жазуучу Рахат Аманованын балким өзү байкап- байкабай да таап алган жаңы табылгасы катары – адам, эгер турмуш агымынын сырткы таасирлерине жеңилбей, өз ички дүйнөсүнүн кабылдоосу, ыргагы менен жашай алса, ал жазмышындагы бактысыздыкка каршы тура алат, өз ичинде дүйнө кура алат, бакыт кура алат. Эгер ал моралдык да, руханий да күчтүү адам болсо гана… Ал үчүн адам, инсан Үлүктүкүндөй болгон эки дүйнөгө жете турган күчтүү, акыреттик сүйүүгө эгедер болушу керек. Анткени ал жандын өлбөстүгүнө, түбөлүктүүлүккө ишенет. Ал эми сунуш катары, бул кыска аңгемедеги табылгасынын ажарын арттыруу үчүн дагы тереңдетип иштеп чыгуусун каалайт элек.

Жазуучу Махабат Саидрахманова

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.