Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Үндөр”
(аңгеме)
Ал жайдын толукшуган кезинде чочугандай борбор калаага зыяраттап келип калды. Шаар тарапка он жыл бою бир басып келгенге чамасы келген эмес. Жалгыз кызы батирден батирге көчүп жүрүп, акыры шаар чекесинен томуктай жерге ээ болуп, ал жайга өжүрөдөй үй тургузуп алганын укканда, ошого жетине албай сүйүнүп, чакыртпай-этпей эле тапкан-ташканын артынып эл катары күн көрүп жүргөн шаардагы кызынан кабар алганы өзү кирип келди. Анүстүнө кызы эрден чыгып келгенде, апасынын ичинде келген небереси ушул күздө мектепке барат. Башканы сагынбаганда да, апасынын жан шериги, жалгыз таянар тоосу, таятасынын сүймөнчүгү – жети жашар небересин ушунчалык сагыныптыр, сөздүн ачыгы, небересин бир көрүп, моокум кана жыттап-жыттап алышка гана атайын келген кербези. Миң уккандан бир көргөн артык демекчи, он жыл аралыгында борбор калаа, шаар тургундары болуп көрбөгөндөй өзгөрүптүр.
Кулак укпай калган соң, киши элден да өзүнөн өзү четтеп калат тура. Айылда деле элге анча аралашпай калганына көп болгон. Кулак угуп, көз көрбөгөн жылгадагы тегерек-чети арча токойго курчалган чабандан калган илгерки эски үйдү оңдоп-түздөп кирип алган. Ээн жылганын койнундагы жайда бал жашик кармап тиричилик өткөрүп келет.
Айылга кайтканда кызы автобекет тараптагы эл көп тамактанган кафеге атасын алып келди. Түштөнүү маалы болгондуктан кафенин кенен залы чоло жери калбай адамдарга жык толгон. Туш-тараптан күбүр-шыбыр үндөр угулат. Ал тамактанып олтурган шаар тургундарына кызыгуу менен суктана карап олтурду. Адам аттууну тиктегенден көз тойбойт, чиркин. Адам жүзү ушунчалык ысык келгенин айт. Албырган жүздөрүнөн кандайдыр бир жылуулуктун илеби шоолдоп тамат.
О, адам, адам!.. Кандай керемет жансың!.. Казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол илинет эмеспи. Адам жүзүнөн жылуулуктун шоолдоп тамып турганы – бул анын ички жан-дүйнөсүнүн кардай тазалыгын билдирет. Ошон үчүн, адам, өзүң жарыксың. Сезимтал жан жүрөгүңөр айыксын… Күндөй ысып мээрим чачып тургула, бул дүйнөдө болсун үчүн сүйүү чын!… Сүйүү үчүн адамзат баарына кайыл: Жазга айланат назданган, жай болушат толукшуп, саргайган берекелүү күздөй төгүлүп, кычыраган кыштай күндө тазарып турушка даяр. Жашылдана жарык чачып жалындай, жашашат-ов жүрөктөргө от жагып. Аруу ыйманын сактап жашайт баарысы, бүт сабырын жакшылыкка жорушуп.
Адам жүзүнөн шоолдоп тамып турган нурга эргий түшкөн жаны алардын коңгуроодой мукам үнүн моокум канганча угуп алгысы келди. Төш чөнтөгүнөн кулакка такчу аппаратын алып чыгып, керең кулагына такты да, айланасындагы адамдардын тээ жан-дүйнө түпкүрүнөн жаңырып чыккан сыбызгы үндөргө кулак төшөдү. Аппараттын жардамында туш тараптан келип жаткан үндөр аскадан жаңыргансып кулагына даана угулуп, бар тарабынан анын кулагына жамгырдай куюлуп жатты:
“…Алгач өзүн Мисирден шарият илимин үйрөнүп келген каары катары тааныштырат. Анысы деле жалган имиш. Он жыл илгери Түркияда кылмыш жасап кармалып, түрктүн түрмөсүндө отуруп чыккан экен. Намазды түрмөдөн үйрөнүп чыгат. Балакеттин баары облустук казыятка түшкөн акчанын суммасын билгенде башталат. Орозо-битирден, ажыга бармакмын дегендерден топтолгон акчаны тескеген имамдарды уу коргошун берип билгизбей жайлаган дешет. Башкы мечиттин имамы Ташкентке зыяратка барган жеринен киллер жалдап көзүн тазалатып салат. Кийин мечиттен жалгыз өзү сегиз миллион доллар акчаны чыгарып кетет. Эки айылга өз жанынан эки мечит салып берди, орозо айында ошол мечитте бир ай бою элге бекер тамак-аш таркатат. Ошончо адамдын көзүн тазалап салыш оңойбу, мындайдын сурагы акыретте оор болот. Ошого ушундай соопчулук иштерди жасап Кудайга жагынайын десе керек. Ажыга бир эмес, эки жолу барып келди…
…Кыргызстанда жашап жүргөнүмдө “Кыргызстан – жердеги бейиш” дегенге такыр ишенчү эмесмин… Москвага кайра кайтып баратып… Таксист киши бажаңдап көп сүйлөгөн киши экен… Суусамыр менен Чычкандагы жаратылыш кооздугун көргөндө, кылгырып көздөн жаш кетти, чиркин…
…Ошондон кийин эркек аттууну өлгүдөй жек көрүп калдым…
…Чолпон-Атадан түн ортосу жолго чыктык…
…Келесоо милийса ушул чыканактай назик келин кантип өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөнгө жарасын деген ойдо тигиден шек санабай качырып жиберет…
…Жарма сатып байып кетет деп ким ойлоптур…
…Кудай жана периштелер менен түз сүйлөшөм десе, элдин баары ага ишенет… Аял башы менен бечара тыртайган күйөөсүн үстүнө минип алып оозу-мурдун канжалата сабаптыр… Сатылган үйдүн акчасын бүт алдатып жиберет…
…Сим-карта сатып алганы ЦУМга барат…
…Аркысын го билбедим, берки тургандын аптиси кырт еврейге окшошуп кетет экен…
…Атасы өлүп жатса, балдары үй талашып тытышып, итимдей эле болушкан… Аялынан катуу таяк жеген күйөө курган ооруканада өзүнө келе албай жатып жан берет…
…Советтик доордо төрөлгөн, ак бешикке бөлөнгөн деп жалаң ыр менен тост айтар эле ыраматылык киши. “Сузак” чайканасынын маңдайында өзбектер менен бир чоң табак ашка мелдеше кетип, күркүрөп кирип турган Ак-Буурага кандайча секирип жибергенин айтып берсем, бооруң эзилет…
…Телефонду Беш-Сарыдан алганы белгилүү болот…
…Оозу-мурду кыйшайбай туруп беш миң доллар бересиң дептир… Алдымдагы лагманды зорго жеп түгөттүм…
…Карагаттай көздөрүн жадыратып азгыра тиктесе, ичи кадимкидей элжиреп кетип…
…Ошондон кийин аял аттуудан иттей көңүлүм калды…
… Алгач аны жөн гана Ормон опузага салып айтып койду деп ойлогом… Апасы өтө тили заар катын экен… Эшикти ача салсам, чындап эле мага мылтык кезеп туруптур… Аялы мени жеп жиберчүдөй тиктеп… Мени атсаң ат, өлтүрсөң өлтүр, суранам, бирок чала өлүк кылып кыйнабай өлтүр дедим…
…Айыл тургундары таза сууга деп беш жыл топтогон акчаны казиного бир түндө уттуруп жиберет…
…Мас эргул тырмагын боёп, сөйкө-шакек тагынып, жайылган узун чачы кызыл-тазылга боёлгон аял кийимченди кыз экен деп ойлоптур… Таанышат… Сырдашат… Түндөсү такси жалдап Кеминди көздөй чыгып кетишет…
…Өзүнөн өзү урунуп-беринип жүрүп кайдагы бир жаман ишке аралашып алат… Алгач билбейм деп жанын жейт. Жаалданган тигилер туш тараптан тепкилеп киришкенде, жан керек болгон кургур: “Тийбегиле, төлөп берем! Сары аттын пулу бар, сары аттын..!” – деп жан-соогалап кыйкырат.
…Башы ооруп турган кайната арак экен деген ойдо чыныга толтура куюлуп турганды так тартып жиберет… Аз жерден өлүп кала жаздап… Келини чачын ошону менен жуучу экен… Уксус экенин билди дейсиңби… Жок… Кимди дейсиң?.. Анысын тааныбайт экемин… Кийин ажырашып кетишиптирби?..
…Таза мен үйлөнүп жаткансып кеч күздө жылаңбаш барып алганымды айтсаң…
…Кудайды кантип алдаса болот деген суроонун үстүнөн баш катырып көрөт. “Кудайды алдоонун эффективдүү жолдору” деп актай баракка жазат да, логика жана комбинаториканын элементтерин пайдаланып теңдеме түзөт. Теңдеменин чечимдерин изилдеп көрөт… Тообо кылдым, эй!… Пенде… Ар кимди алдап, сыздатып жүрүп байып деле кетпеди… Алдабаганы эми Кудай калды эле… Деги заман кайда баратат… Заман ордунда эле турат, адамдын шүйкүмү бузулду… Пейил бузулду…
…Кызып турган аташкөрөктү көчүгүнө басып жиберген имиш…
…Үлбүрөгөн жука көйнөк ичинен көрүнүп турган модалуу ич кийимдерин көргөндө, өзүмдү кармана албай жаман болдум…
…Оперлер кармашканда, тиги кыз аларга дароо эле жыйырма миң доллар сунуштайт. Алар мыйзамга салып ишти сотко өткөрүп бермек болушат… СИЗОдо жатканына сегиз күн болгондо, экинчи курбу кызы Бөкөнбайда жашынып жаткан жеринен кармалат… Кийин сотко беш миң доллар берип кутулуп чыгып кетет… Кыйын кыз экен кыскасы, байлыгың көтүңдө калгыр…
…Таза айласы кеткен кургур үстүндөгү көйнөгүн чечип беришке мажбур болот…
…Москвадан Краснодар тарапка отуздай кыргызды малина тергенге жүктөп барат. Эки ай малина тергизип, акчасын бербей коёт… Тооба кылдым!.. Кыргызды кыргыз кул кылган заман… Пистолет такап, атып салам деп коркутуптур…
…Минип бараткан аты тык токтой калып, кошкуруп жиберет…
…Өзү суранган имиш экен…
…Ошол кош мажүрүм талды көргөндө, дале көздөн жаш чууруйт…
…Борбордук аянтта митинг уюштурам деп кармалып, беш жарым жылга кесилип кетет…
…Чочуп кеткен эргул: “Апаа!” – деп кыйкырган бойдон мейманкананын экинчи кабатындагы терезеден секирип жиберет… Баягы жерде резкий соолуктум дейт… Кыз эмес экен… Эркек…
…Ха-ха-хаа!.. Койсоңчу, досум, тамашаңды… Кайдагыны айтасың да…
…Эрдиги бар, эси жок эргул кыздын жеңесин ошол жерде баса калып зордуктап таштайт…
…Дайранын тайыз жериндеги кечмеден атчан өтүп баратып, сууда чубалып турган узун арканды байкап калат. Сууда агып бараткан аркан экен деген ойдо эңкейе калып, камчынын сабы менен илип алса, аркан эмес эле, биринин куйругун бири тиштеп кечмеден өтүп баратышкан чычкандар экен… Ой, тообо!.. Бул чын бекен өзү?.. Чын, кел мелдешесиңби?..
…Үстүнө беш жүз миң кошуп берем десе да албайм аны…
…Тим эле асмандан жылдыз жаап жаткандай…
…Дудук экен деген ой кетет…
…”Мадина” базарында иштеген алты кыргыз, төрт өзбек, жыйырма чакты уйгурду уктатып кетет…
…Алгач айылда аны сүйүп калдым деп өлөрчө жалдырайт. Тиги келесоо мунун сөзүнө ишенип, шаарга качып келет… Алдап чакырып… Кафеде сыйлап… Алтын шакек-сөйкөлөрдү күрөөгө коюшат… Ээрчитип келип, сойкуканага алдап сатып жиберет…
…Тили кекеч неме аларга эптеп жатып араң түшүндүрөт…
…Барат… Көрөт… Алдайт… Качып кетет…
…Эшик ичинен илинип турган деп өздөрү тастыктап жатышат, туурабы? Кайра эле эшик ачылып калыптыр деп жатышат. Муну кандай түшүнсө болот?.. Куралчан ууру алгач ичкериде жашынып жаткан. Алар карайлап сыртты аңтарып жүрүшкөндө, ууру сыртка качып чыгып, изин жашырып кеткенге үлгүрөт…
…Түндөсү өлөрчө ичкен эргул алгач шашпай олтуруп баш жазат. Анан күзгүгө карана коём деп, көргөн көзүнө ишенбей чалкасынан кетет. Күзгүгө караса, мурду түп орду менен жок. Эки тешигинин гана орду калган да, мурундан дайын жок, кысталак. Жүзүнө беткап тагынып жумушуна барат. Жумуш убактысы бүткөн соң, түндө ашынасы экөө ичкен Академия Науктун жертөлөсүн аңтарып карайт… Ал жерде мурду жок экен. Ал жайдан чыгып, карайлаган жаны “Ош” базардын кире беришиндеги пивокананы аңтарып, Жаш Гвардия бульварындагы түндө каңгып жүргөн жерлерин бүт тытып карап чыгат… Жок эчтеке… Үйүнө жетип келген беш-алты милийса жоголгон мурунду ит менен издеп да таба албай коюшат… Көл тарапка кеткен кан жолдун боюндагы бензин саткан жайда кудум сеникиндей мурду бар адам кассада олтурат деген кабарды укканда, такси жалдап учуп-күйүп жетип барат. Мурду ага куюп койгондой окшош киши бул мурунду эч кандай уурдап албагандыгын, мурду туулгандан бери өзүнүкү экендигин, керек болсо муну тастыктап бере турган күбөлөр толтура экендигин айтат. Кокус Кудай мурундан айтпаган бир бучук мурун муну көчөдөн таап алып, өзүнө кадатып алдыбы деген шайтан үмүткө жетеленип эки ай бою жоголгон мурдун эл көп топтолгон жайдан издейт. Кармалган шектүүнүн баары эле мурду туулгандан бери өзүнүкү экенин айтып, айласын алты курутушат. Аргасы түгөнгөн кургур интернетке: “Өз каалоосу менен мурдун сата тургандар болсо, өзүмө кымбат баада мурун сатып алам ” – деп жарыя берет. Шаардын булуң-бурчуна “Мурун жоголду. Таап алгандар болсо, кайтарып бергиле. Сүйүнчүсү бар” – деп жазылган жарыя кагаздарды чаптап чыгат… Ии, ооба, ооба! … Дал өзү!… Аны бирөө тамашалап жазган эмес… Хе-хе-хее!.. Ананчы!.. А сен эмне деп ойлодуң эле?.. Жок, жок… Бул болгон окуя… Мурду кийин табылат… Бирөө жолдо жаткан жеринен таап алган имиш экен…
…Эгенге тийбесем, уу ичип же асынып өлөм деп коркутат… Эгендин жездеси Жээналыга барат да, Эген экөөнүн ортосунда болгон ишти ачык эле айтып таштайт… Ителги сайрайт насыя, бөдөнө сайрайт накма-нак… Миша! Миша! Миша!.. Миша дейсиңер, аа! …Жан Клод Вандаммдын тренери… Жаагын өлгөн эшектин жаагындай кылып деп Боронов Шара агайды сөккөн дешет… Жээналынын атасы… Чын махабат!.. Улуу сүйүү!..
…Кыдыруудагы бейитке барат да, Жээналы өзүнө көр казып, жай даярдайт… Тирүү туруп өзүнө өзү ошентип жай казат. Жайдын күнү имиш … Дарбандын калта кактысы Жеңишбек экөө жер талашып чырдашкандан кийин болгон иш экен… Гүдү кетип калган болот… Миша! Миша! Миша!.. Миша дейсиңер, аа!.. Жан Клод Вандаммдын тренери… Жалжактап күлгөн оозуна сийип жиберсе деп Гүдүнү сөккөн дешет… Гүдү кечке эле токтобой күлө берсе, ошентип айтыптыр… Жээналынын атасы… Сейиттин баласы Назди жаман түшүргөн дешет… Ким айтты антип? …Канат кола айтты… Наз жетимиш сегизинчи жылкы… Улуу философия!.. Байыркы Кытай философиясы десеңчи!.. Индуизм окуусу… Атаганат десеңчи…
…Артынан калбай тилин салаңдатып ээрчип алганды килейген ит экен деп ойлоп эчтекеден бейкапар эшегин кыдыңдатып, кыңылдап ырдап келе берет. Кийин карышкыр экенин сезип калып…
…Ха-ха-хаа!.. Иэ, ооба, ооба!.. Илгери пахта теримде болгон окуя… 1978-жылы күзүндө… Ыя?.. Жок, кийин жолукпадык…
…Кырк миң долларга бербей коёт…
…Жайкысын Көл тарапка кеткен кан жолдун боюнда казанга жүгөрү кайнатып сатып эки айда миллион сомго иштейт…
…Эгер Кытайда болгондо, бул киши атууга кетмек… Сауд Аравияда мындайларды жума күнү аянтка алып чыгып, эл көзүнчө кылыч менен калласин алат экен…
…Эки жумада жүз миң табышат…
…Бөдөнө семиргенде туптуура жети жолу бытпылдык атат…
…Жанындагы түрк ошентип айтса, бул дабдыр ага ишениптир… Издеп таппай коёт… Айылдагы жеңесине телефон чалат… Койнунан тапанчасын сууруп чыгып, тигини башка үч жолу атат да, өзү башын мыкчый олтуруп калат…
…Төө-Ашуудан өтө бергенде… Качып кеткен дунганды таба албай эси оойт… Айла жок кредит алышка туура келет…
…Фактыны көзүнө сайып көрсөтүшүп да мойнуна алдыра албай коюшат…
…Чымкенттен үч КАМАЗ коон жүктөп келет…
…Алла берсе алты саатта аласың, Алла бербесе алты жылда да албайсың дептир беймарал…
…Өзүн жипке байлап аскан жеринен байкап калышып, жиптен араң чечип алышат…
…Ошентип ойдо жок жерден балдызына асыла коём деп, иттей шермендеси чыгат… …Кайненеси кармап алат… Ал аялды кайненеси деп ойлогон эмес да… Ким ойломок эле… Үч жыл мурун “Орто-Сай” базарынан көргөм… Өзү ошентип айттыбы?.. Жалган баары…
…Жонуна аптамат артынган бир короо милийса иттери менен жетип келет… Журналист кыз кийин пайда болгон… Макаласын окуган жокмун… Дөң-Алыштын тоомундагы жылгада… Кайран аксакал кетменди таяна туруп, муну мен эккемин деп беймарал туруп бериптир… Жетимиш сегиздин чайын ичип олтурам деп айтыптыр… Муну сатып, акчасына ажыга бармакмын, калганын жетим-жесирге, кембагалга таркатып бермекмин дептир сотто… Кысталак!.. Астапыралла!.. Тапкан шылтоосун кара… Ал жакта дароо эле “пахан” шайлашыптыр деп уккам… Ыя?!.. Эмне дейсиң?.. Он сотых жерге таза апийим, сегиз сотых жерге кара куурай…
…Качан турмушка чыгасың деген суроодон иттей тажадым…
…Экөө баягы жерде мушташа кетишет…
…Бир күнү үйдө эч ким жок кезде кайнатам мага тийишсе болобу… Бети жок шерменде… Апама төкпөй-чачпай баарын айтып таштадым… Апам бир келесоо да…
…Аны орус экен деп ойлоп кыргызча иттей балит сөздөр менен ашатып сөгө бериптир… Тиги муну түшүнүп калып, экөө ошол жерде жакалаша кетишет. Көрсө, ал орус эмес эле, татар экен…
…Ошондо аялга жакындаганым ушул болсун дедим. Башка үйлөнбөйм деп чечтим… Тойдум байдын кызына!.. Тойдум баарына!..
…Бычак менен аны кандайча өлтүрө сайып салганын өзү аңдабай калат…
…Жер тиктеп ойлонуп баратып жолдо жаткан адамдын мурдун таап алат…
…Кээде адам болуп жаралып калганыма өкүнүп кетем… Ит болуп жаралып калсам болчу экен деп калам өзүмчө…
…Иттин ичегисиндей чубалган чыгармасын үч ай дегенде араң жазып бүтүрөт…
…Бир үй-бүлөнүн тагдыры ошентип бүтүндөй талкаланат… Убагында төлөй албай… Акырындап сойкулук жашоого да көнүшүп кетет…
…Доктур бир айдан кийин өлөсүң десе, бүгүн өлүп кала тургансып аябай жаман болот… Ха-ха-хаа!.. Бирөөдөн мылтык сатып алат… Өлөрдүн алдын бир жыргап алайын десе керек… Чак түштө мылтыгын кезеп банктын башкы офисине түз кирип барат…
…Складдан ноутбук менен телефон уурдай коём деп, иштен айдалып кетет…
…Ажаан кайненесинин заар тилинен тажаган назик келин бир күнү аны балталап өлтүрөт…
…Тергөөдө тиги чолок муну сатып коёт… Болгонун болгондой тергөөчүгө шатыратып айтып салат… О, энеңдискей, көр чолок!.. Көрсө, бир бутуңду бекерден жеген эмес экенсиң да деп ичинен аттиң кылып кала берет… Ыя?… Анысын го билбедим… Убагында чолокту адам кылып бутуна тургузган ушул киши дешет… Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын деген ошол да… Бутунда айыбы бар деп эч ким тийбей койгондо, буга катын да таап берген деп жүрүшөт… Өзү өкүл ата болуп берет… Ана эми…”
Киши өлөсө жандай араң козголуп столдон турду да, сенделе басып сыртка жөнөдү. Кулагына туш-тараптан аппарат аркылуу агып кирген үндөрдү тыңшап олтуруп, көп жылга карып кеткенсиди. Жүзүндөгү каат-каат бырыштар көбүрүп чыкты. Кетип баратып аппаратын кулагынан алып, чөнтөгүнө салып койду. Кулап түшүп мүрт өлүп калчудай калтырап араң басат. Артынан түйүнчөктү көтөрүнүп кызы чыкты. Алдынан оро-пара кезиге калганды кызыгып тиктегиси да келген жок. Кетип баратып өзүнчө сүйлөнүп кирди:
— Тообо кылдым… Адамдын ички жан-дүйнөсү менен табияттын айырмасы асман менен жердей тура. Пенденин ичине сүңгүп кирсең, көңүлдү чөгөрүп, өлгүңдү келтирип жиберет экен. Мындайларды уга берсе, бир күн асынып же уу ичип өлүп алчудай киши. Бир карасаң, адамдын күнүмдүк жашоосу деле үйүгүшкөн иттин жашоосунан айырмасы жок. Атаганат десеңчи, жерге-сууга батпаган пенде… Ит кылбаган ишке барат да, бирок итчилиги менен бири-бирине көнүшүп, кайра кечиришип жашоосун уланта берет. Таң каласың буга!.. Илгери мага окшогон бир кембагал пайгамбардан сураган экен… Минтип сураптыр…
— Бирөөнүн жашоосу менен сенин ишиң канча, – деди жанында бараткан кызы атасына нааразы түрдө. — Тоодо жалгыз жашап жүрүп, киши кийик болуп кетипсиң.
— Жер-Эненин койнунда кайберен кийик болуп кетсем кана эле, – деди кызына карап. — Бүркүт болуп тоого сызып кетким келет, тагып алып кыраан куш канаттарын.
— Болбогон сөздү айтпачы, ата, – деди кызы. — Сени ойлой берип бул жакта мен куруп бүтө турган болдум. Тоодогу тиричилигиңди токтот да, менин үйүмө, жаныма баса берсеңчи. Айта берип чарчадым. Сени кантип бага албай калмакмын.
Киши кызынын бул айтканын укпай калды. Дагы өзүнчө сүйлөнүп кирди:
— Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде деп бекерден айтышпайт экен да. Адам сыртынан казактын кызгалдактуу талаасындай кең, көзгө толумдуу, сулуу, айкөл көрүнөт. Ички дүйнөсүн аңтарсаң, какшыган таштак ээн сайда, эрме чөлдө, коко тикенектүү какыраган талаада жылаңаяк бараткансып денең жыйрыла түшүп, көңүлдү муздатып жибергени жаман экен.
— Асан кайгыдан айырмаң жок калыптыр, – деди кызы атасын нааразы тиктеп. — Адамдын кимдиги менен сенин ишиң канча.
— Адамдын ичинен жаңырып чыккан сырлар кулакка ушунчалык жагымсыз угулганычы, – киши кебин улады. — Угуп олтуруп, он жылга карый түштүм. Демек адамды ичине куюлган зат чирип кеткен сырты кооз кумурага окшотсо болот. А ичиндеги чирикти кантип жок кылса болот?..
— Адам пейилин сен эмес, пайгамбар да оңой алган эмес, – деп сүйлөндү жанында бараткан кызы. — Адамга пайгамбар менен Ленин да жакпаган. Сен ким болуп калыптырсың. Уфф!.. Кишинин жүрөгүн сыгып жибересиң.
— Аа, таптым, таптым! – киши сүйүнүп кетти. – Ичиндеги чирикти жок кылыш үчүн ар бир пенде ичинде чирип, былгып жаткан көңгө түркүн гүлдүн уругун сээп ташташ керек. Ошондо ичиндеги чириктин баары гүлгө айланып, сыртына жайнап чыгат. Ошентип сасыган боктун баары гүл болуп жоголот.
— Сенден бирөө акыл сурап жатабы, – деди жанында бараткан кызы ага нааразы түрдө, — Же пул сурап жатабы, өз ишиңди кылып, жөн эле жүрсөңчү.
— Аа, таптым, таптым! Мунун да сыры табылды! – киши дагы сүйүнүп кетти. — Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа!.. Кандай керемет сөз, бакытты көздөй кеткен жол. Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа! Адам баласы ушуну кылса эле, согушмай, тытышмай, алдамай-сокмой – кыскасы, бар балээнин, бок-жиндин баары жер үстүнөн өзүнөн өзү жок болот. Кийин мен өлүп калсам, бейитиме ушинтип жазып кой, кызым. “Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа!” – деп жазып кой. Уктуңбу, даткайым кызым?
— Тообо кылдым десеңчи, – деди кызы акырын. — Ушул кантип болсун.
— Болот эле. Өзү ушинтип айткан де. Бул кемакылдан эки миң беш жүз жыл илгери Конфуций деген улуу даанышман киши айткан дегин.
Сүйлөнүп келатып кантип автобекетке жетип келишкенин билбейт. Дале бирдемелерди өзүнчө сүйлөнүп жатты.
Борбор калаадан райборборго түз жөнөгөн авто-унаа ордунан жылып баштады. Киши колундагы түйүнчөктү авто-унаанын багажына салды. Кетерде кызын кайра көрбөй кала тургансып койнуна бек кучактап, мойнунан жыттап көпкө турду да, анан чекесинен өптү. Чөнтөгүнөн капчыгын сууруп чыгып, бар акчасын майда тыйындан бери кызына сунду. Кызы албай койду эле, урушуп жатып кызынын чөнтөгүнө салып койду.
* * * *
Тар-Капчыгайдын тоомунда жаткан жапжашыл бөксө тоонун кырындагы жалгыз аяк жол менен жонуна куржун асынган жалгыз караан эрбеңдей басып баратты. Асман чайыттай ачык. Бир маалда токтой калып, жылга койнундагы атарабына он чакты бал жашик коюлган жепирейген жалгыз тамды көпкө тиктеп турду. Чөнтөгүнөн бирдемесин сууруп чыкты да, кулагына такты. Жанында турган очойгон таштын үстүнө олтура калып, туш тарабынан келип жаткан табият үнүнө кулак төшөдү. Үндөр аскадан жаңыргансып кулагына даана угулуп, бар тарабынан анын кулагына жамгырдай куюлуп жатты: булбул үнү, аккан суунун үнү, кайнар булактын шырылдашы, суу жээктей өскөн жашыл камыштын шуудураганы, шамалдын зуулдап баратканы, бөдөнөнүн бытпылдык атканы, аарынын канаттары дирилдеп, туш-туштан күкүк сайрап, тоңкулдак тынбай “тоң-тоң” эттире карагайды чокулайт, топ кекилик пырылдай уча качты, тээ алыстан көрүнгөн жылаңач аскадан бүркүт шаңшып, тунуп калган кулактарды жаңыртып, тоңуп калган жүрөктөрдү эритип, үлүңдөгөн сезимдерди ойготуп табият күүсүн токтоосуз чалып жатты, кайра жанып жалдыраган суз көздөр, көрбөсө да угуп турду сокурлар, укпаса да сезип турду дүлөйлөр, ичи тарлар ыйлап жатса буркурап, таш боор жандар өзүн сезип бактысыз, аны көздөй бери жылды дүйнөлөр…


