Бектуруш САЛГАМАНИнин 1001 ырды камтыган “Алтын арман” поэмасынан алынган ырлар

*   *   *

Албырып туш тарабым,
    алоолоп кош жанарым,
      өзүң бар үчүн күсөп,
          Ошко мен көп барамын.

Сенин от кучагыңда,
балкыган убагымда,
Бейиште турган өңдүү,
батпайм муң, убайымга.

          Сүйүүбүз – байлыгыбыз,
      сүйүүбүз – бардыгыбыз.
  Жубубуз жазылбасын,
жупташсын тагдырыбыз.

          Арам ой пенде бөлгүс,
          арадан жел, кыл өткүс,
          биз 2 денедеги,
          бириккен 1 жүрөкпүз.

Күн өңдүү жанып жүзүм,
келатам дагы бүгүн…
…Көрктүү, жаш – байыркы Ош,
койнунда сен бар үчүн!  

1979-жыл

 

*   *   *

Каердесиң азыр сен эми,
кандай алда жашап келесиң,
жаркыраган оттуу элеси,
жүрөгүмдү мекендегеним?

Коюндашып далай жыл жүрүп,
канбай калган сага кумарым.
Жаның сыздап туруп калп күлүп,
жылытасың жаттын кучагын.

Азбай-тозбой келген көп жылдан,
айкелисиң жаштык чагымдын.
Күлүмсүрөп — Сүйөм! – деп турган,
көзүңдөгү мени сагындым.

Канбай калган эле кумарың,
көз алдыңдан чубап жаштыгың,
жаныңды эзип муздак убайым,
жаш жыттанып турар жаздыгың…

…Алган эриң мендей көрүнбөй,
ар тараптан “жарк”- деп элесим,
жүргөндүрмүн бир саам бөлүнбөй,
жүрөгүңдү мекендегеним!..

1999-жыл

 

*   *   *

Сен – менсиң, мен болсо – сенмин,
менмин – сен, сен болсо – менсиң.
Бейиштин өзүнөн келген,
периште, периге теңсиң.

Жыттанып – Алай, тоо, арча,
жанымды балкыттың канча!
Сенде бүт кыздардан чыкпас,
сыйкыр, күч, касиет бар да.

Махабат – Кудайдан белек,
муңкантпай барктайлы, демек.
Бөлүнбөй суктантып баарын,
бактылуу болуубуз керек.

Сеники – меники баары,
меники – сеники дагы.
Өчүрсөк кайрадан жанбайт,
өчпөсүн көңүлдүн шамы…

Суктанткан сүйүүнүн көзүн,
сен – менсиң, сенмин мен – өзүм.
Бизди ким – Бөлөк! – деп айтса,
былжырайт, баары – калп, төгүн!..

1978-жыл

 

*   *   *

Жоодураган көзүң кандай,
  жаңы гана аткан таңдай!
      Өрөпкүймүн жарылчудай,
        өз териме өзүм батпай.

Жел эңсеген эбелектей,
гүл көксөгөн көпөлөктөй,
эңсеп келдим намашамда,
эстүүм, кантип кетем өппөй?!

          Ачып оттуу кучагыңды,
      арылт менден куса, муңду.
  – Сүйөм! – дечи, көздөрүңдү
сүйүп тиктеп турайынчы.

         Келгенимде – кубанганым,
      кеткенимде – муңайганым,
  көргөндөрдүн көзү күйсүн,
кел өбөйүн, кучактайын.

       Сенсин – чексиз багым, жаным,
      сенсин – барым, сенсин – баарым.
      Кел, өбүшүп таң атканча,
      көрктөйлү Ошту – сүйүү шаарын!

1980-жыл

 

*   *   *

Сүйлөсөң, ыраспы барганың,
  сүйбөсөң кезиктиң неликтен?
    Туурабы менден сыр катканың,
      тымпыйган айыптуу периштем?

Өзүңдөн эмес, не угамын
өңгөдөн ал жорук тууралуу?
– Кечир! – деп бышактап турасың,
көөнүмдү күмөн, шек булгады.

— Кечирдим! – деп коюш жеңил го,
  кайрадан ишениш – оор, кыйын.
    Болбосок бир ойдо, сезимде,
      биз кантип жашайбыз о, кийин?!

Мен асти сенден сыр катпагам,
махабат – сыйлоо деп билемин.
Жашыруу бар жерде ар качан,
жоголот урмат, барк, ишеним.

         Сүрөткө да бирге түшкөнүң,
      сен ага койбошуң жолукпай,
  сүйүүмдүн таптаза дүйнөсүн,
сасытты осурак коңуздай.

         Кулаттың сүйүүнүн ак туусун,
      көтөрөм аны алып кетип мен.
  Кой, таап ал кызганбас жакшысын,
кош бол эх, күнөөлүү периштем!..

1981-жыл

 

*   *   *

Ак түймөдөй көк асманга кадаган,
айды тиктеп отурганбыз бульварда.
Көзүмө бир кыпын түшүп, ал анан
капкараңгы тарткан аалам бир паста.

Сүрткүлөсөм болбой, тынбай жаш агып,
сен да пүйлөп, чыкпай азап чеккенмин.
— Тынч тур! Чоң ач!  – деп асманды каратып,
тилиң менен жалап алып бергенсиң…

…Эчен ирет жылмайттырды алыста,
эске түшүп ал айлуу түн, ал кыпын.
Соңку демди тартып бара жатып да,
сени эстермин ыраазы болуп, Алтыным!

2020-жыл

 

*   *   *

Көңүлүм калар булбулдун ырынан,
кулпурган гүлдүн, атырдын жытынан.
Келатат сени көргөндөн булкунуп,
кетчүдөй чыгып жүрөгүм кынынан.

Көңүлүм калар – жер, күн, ай, асмандан,
көтөрүп кетпес байлык, мүлк, мансаптан.
Кайт болор – майрам, оюн-зоок, тойлордон,
катарлаш жүргөн дос, тууган жандардан.

Көңүлүм калар – замзам суу, балдан да,
калар аш, тамак улугу – нандан да.
Карабай кетсең падыша көңүлүм,
кыяры чындык жашоону, жанды анда.

Таппаймын сендей жакынды жаныма,
таппайсын мендей жакынды жаныңа.
Бир гана сендик сүйүүгө сыйынам,
бир сенден калбайт көңүлүм дайыма!..

1980-жыл

 

*   *   *

Биз үзчү гүлдөрдү бөлөктөр үзүп,
биз басчу жолдордо бөтөндөр басып,
биз күлчү күлкүнү башкалар күлүп,
баратам сени эстеп өңүмдөн азып.

Кызарып көзүндөй кутурган иттин,
кусалык көз илбей муңканат күн-түн.
Кур десе бүгүн бир түшүмө киргин,
кубантып түшүмө көп кирип жүргүн.

Буудайдай куурушка казанга салган,
баркыттай пушту түс күн батып барат.
Бу мен бар тарапты кара түн баскан,
балбылдайт нурданып сен жүргөн тарап.

Бизге да буйруган гүлдөрдү жыттап,
биз үчүн буйрулган жолдордо басып,
бирибиз сүйлөсөк, бирибиз тыңшап,
бир жүрсөк күлкүбүз асманды жарып…

2023-жыл

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.