Шабдан РЫСКУЛОВ
Нарын шаарында туулган. М.С. Щепкин атындагы театралдык окуу жайын, СССРдин Эл артисти Юрий Соломиндин өнөрканасында актёрдук бөлүмүн аяктаган.
Кыргыз телевидение жана радиосунда, КРдин Саламаттык сактоо тармагында эмгектенген.
Ырлары
* * *
Караңгы да акыр түбү сөгүлөт.
Көңүл муңу сырдашканда чегилет,
Канчалаган өмүрлөрдү жетелеп,
Канчалаган күндөр алга теминет.
Кайран жаштык калып артта кол булгап,
Келээр жашың күттүрбөстөн жээлигет.
Көзгө илинбей шашкалактап алдыга,
Капрай өмүр неге мынча ээлигет?
* * *
Дүрт этип жанып жүрөктүн алоо оттору,
Унутта калган сезимди серпип козгоду.
Жок, эркем, антпе, анчалык мени кыйнаба,
Ал мага учкул эчаакы кыял окшоду.
Улгайган кезде уйкуга кеткен сезимим…
Ойготпо ансыз жүрөктө жансыз толтону.
* * *
Таң алды ак шоокумда ойлойм сени,
Күзөтүп түн оокумда ойлойм сени…
Буралып гүл жайкалып талааларда,
Бүчүрү бүр какканда ойлойм сени.
Көңүлдө муң чайпалса ойлойм сени…
Үмүтүм көк мелжисе ойлойм сени,
Кыялым жел желписе ойлойм сени…
Эңсөөнүн уузу кетпей көөдөнүмдөн,
Күтүүнүн күүсү элирсе ойлойм сени,
Эреркеп булут өргүп булактарга,
Буулугуп жүз чайкашса ойлойм сени.
Булбул куш үнүн салса ойлойм сени,
Булдурап тили талса ойлойм сени.
Ак куусу, айдың көлдүн уктаганда,
Ай нуру сырын ачса ойлойм сени.
Сагыныч саргайтканда ойлойм сени,
Сан кыял айкашканда ойлойм сени,
Делбирлеп, эңсөөлөрүм ээлик бербей,
Арзуумду таркатпаса ойлойм сени.
Чагылса, күн нурлары ойлойм сени,
Ичиркетсе суук ызгаары ойлойм сени.
Жанымдын зарын төккөн көктөмүндө,
Жан салган эм сыңары ойлойм сени!
Жан дүйнөмдүн жараатын айыктырып,
Ашыктык аруулугун кайып кылып,
Жомок болуп күтүүсүз келчи мага,
Сезимиңдин бир талынан кайык куруп!
* * *
Сагыныч көлдөп, удургуп көөдөн бурганак.
Сезимим селдеп кусалык бугу тутанат.
Сан ойлор оргуп, биригип мөлтүр булагы,
Сай-сайлап агып дайрага дархан айланат.
Сайрандап анан ашыктык оту учкундап,
Саадак күү чалып, жүрөктө делбир үн кагат.
Сыр дүйнө өзү искетип жыттуу бүрлөрүн,
Сулуумдун акак алкымын жыттайм аймалап.
Сергиген көңүл бир толкуп алып эргүүдө,
Сүйүүнүн жазат дастанын улуу саймалап!
* * *
Талыкшып жүрөк, кагышы улам басаңдап,
Тамыры жандын.. табынан тайып алсырап,
Тушалып кыял… туурунан түнөк табалбай,
Ташыркайт сезим калыпка келбей… кашаңдап.
Тагдырлар кошпос баянга сүйүү айланып…
Таберик кылат… качанкы күүсүн кайталап!
Күбүлүп үмүт, күйүткө зили тамчылап,
Каректер уугуп… кайыгып көзгө жаш чылап,
Калт кетип сезим, өр албай өксүп чөгөлөп,
Көңүлдүн муңу… күкүмдөйт күндө жанчылат.
Кылымга житип, дастанга сүйүү айланып…
Көбөрсүйт көөдөн… көксөлүү күүсүн кайталап!
Буйруксуз сүйүү буюгуп буусу тарабай,
Буулугат ыйлайт, жаралуу жүрөк канталап!
* * *
Тайгак кечүү, буйтка жолу туюктун,
Өмүрүмө багыт берчү уюткум.
“Кандай сыноо күтүп турат алдыда?”, –
деп ойлонуп эчен ирээт буюктум.
Эх, башыңдан эмне гана өткөрбөйт…
Тагдыр деген тегирмени турмуштун!


