Ашкананын бурчунда жазылган поэзия же акын Махабат Касеинованын дүйнөсүнө көз чаптыруу
Жакында эле кыргыз поэзиясында өз үнү, өзүнүн кызыктуу жан дүйнөсү менен айырмаланган акын кыздын чыгармалар жыйнагы колума тийди. Сөз Махабат Касеинованын “Аалам сыйган ашкана” аттуу китеби жөнүндө болмокчу. Анын ырларын мурда социалдык тармактардан кезиктирип жүрсөм дагы, жаңы китеби колума тийгенде гана анын поэзиясы кандай тереңдикке ээ экенин толук сезе алдым. Акын дароо эле китептин баш жагында ушундай ыры менен баштаган экен:
Ишенем эми өкүнүч болбосуна,
ичимден тилейм Кудай колдошун да.
«Татыктуу алып кет» деп мындан ары,
тапшырам тагдырымды жолдошума.
Абысын-ажын болор сырдашарым,
а чыны, билгендерге бир казалмын.
Кыргызга атым, мейли, чыкпаса да,
кызыма окуп берер ыр жазармын.
Албетте бул ыр терең психологиялык мааниси бар, тагдыр, ишеним, аялдын ички дүйнөсү тууралуу ой толгоо. Тематикалык талдоого келе турган болсок жогорудагы саптар аялдын жашоодогу маанилүү чечимге келген учурду да сүрөттөйт. Ал ишеним менен келечекке карап, Кудайдын жардамына жана өмүрлүк жолдошуна, ошондой эле тандалган тагдырына болгон таянычын баяндайт. Анан дагы аялдын социалдык чөйрөдөгү байланыштары жөнүндө айтылып келип “казалмын” деген метафора аркылуу өзүн сырдуу, терең мааниге ээ жан дүйнө катары көргөзүүгө далалат кылат.
«Кыргызга атым, мейли, чыкпаса да,
кызыма окуп берер ыр жазармын», –
деген саптар жөнөкөй саптардай сезилгени менен, акындын жалпы чыгармачылык кредосун билдирет. Махабат акын чыгармачылыкты коомдук даңктан эмес, жеке баалуулуктардан поэзиянын маңызын издейт. Ал коомго жар салып ыр жазбайт, кызына окуп берүү үчүн жазат. Бул чыныгы ички дүйнөнүн үнү. Алыкул акын айткандай поэзия анын калп айтпаган сырдашы, өмүрүн сүрөттөгөн күзгүсү.
Махабат Касеинованын ырларында аялзатынын ички дүйнөсү, үй турмушу, бейпилдикке умтулуу, жан шерикке болгон ишеним, анан албетте, жашоонун поэтикалык тамыры кеңири берилет. Поэзия ал үчүн салтанаттуу сахна эле эмес, ашкананын бир бурчу:
Толуктабай жакшы акындын катарын,
толуктадым жакшы аялдын катарын.
Уурдап кетпей кимдир бирөө бактымды,
Узак болсо экен ушул сапарым.
Ыр жазууга ырас кээде умтулам,
ыйын уксам бышактаган бирөөнүн.
Оорусам да көөдөн толо бук болуп,
ойлойм, бирок бейпилдигин бүлөмдүн.
Жаратканым кезиктирген жолдошум,
аралашпайт жүйөөсү жок ыр-чырга.
Ырас, кээде ыйлап жүрөк толгонуп,
ыр жазылат ашкананын бурчунда.
Бул феминисттик декларация эмес. Бул аял акындын өзүн акын катары тастыктоосу. «Толуктабай жакшы акындын катарын, толуктадым жакшы аялдын катарын» деген саптар өзүн эки дүйнөнүн тең укуктуу мүчөсү катары кабыл алган лирикалык каармандын өзүн-өзү поэтикалык баалоосу. Бул жерде поэзия аялдын табигый абалын чагылдыруу менен кадимки турмуш менен акындык дүйнөнүн кош бойлуу абалын чагылдырат. Бул поэзиядагы аял акындын образын кайрадан жаратууга жасалган баалуу аракет. Аял акындыгы бул тынч, сабырдуу, бирок жүрөк толо акыл-эс менен айтылган үн. Ал үнүн коомго кыйкырып жеткире албаса да, анын үнүн уккусу келгендер үйдүн дубалынан угуп турат. Ал үн чыныгы жашоонун, муң менен үмүттүн үнү.
Акын Махабат Касеинованын эми Мекен деген ырына талдоо жасайлы:
МЕКЕНГЕ
Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды,
Мекен-ата, айта берип дартымды,
сурабапмын сендеги абал кандайын,
сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды…
Миңи келди, миң бир түрлүү сүйлөдү,
бирок сага бири чындап күйбөдү.
Кайдан таап, кантип кадап бере алам,
кымкабыңдан катар түшкөн түймөңдү?!
Арыздансаң, айтсаң көптүр арманың,
көркүң кетти тытмаланды жан-жагың.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
сени бүтүн сакташса дейм балдарым.
Уулум, кызым менден сага аманат.
Качандыр бир карлыгачтай сабалап,
жаным сенин асманыңда айланып,
деним сенин кучагыңдан жай алат.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
сени бүтүн сакташса экен балдарым.
Бул “Мекенге» аттуу ыры акындын жүрөгүнөн чыккан, руханий мурас жана улуттук абал тууралуу кайрылуусу. Бул жерде Мекен акын үчүн ата-эне сыяктуу. Бирок ошол ата-энени сурабаган, кайрылып карабаган муундун атынан акын күнөөнү өзүнө алат. Бул өтө бийик моралдык кайрылуу:
«Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды,
Мекен-ата, айта берип дартымды,
сурабапмын сендеги абал кандайын,
сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды…»
Акындын поэзиясында мекенчилдик саясаттан ажырап, жан дүйнөнүн кыйкырыгы менен берилет. Ал Мекенди сактап калууну ураан менен эмес, түймөсүн кайра кымкабына кадап берүү менен өлчөйт:
«Кайдан таап, кантип кадап бере алам,
кымкабыңдан катар түшкөн түймөңдү?!»
Бул образдуу, назик, бирок катуу кайрылуу. Акын улуу максаттар жөнүндө каңкуулап айтпайт, ал балдарына “бүтүн Мекенди” мураска калтырууну эңсейт. Анын аң-сезими өтмүш менен келечекти байланыштырган поэтикалык көпүрө.
Махабат Касеинованын поэзиясы философиялык дагы, өзүндөй жөнөкөй дагы. Ал күнүмдүк турмушту поэтикалаштыруу менен чоң темаларды чагылдырууга аракет кылат. Анын поэзиясында декларация жок, бирок даана мекенчилдик, чыныгы сүйүү, чыныгы жан дүйнө бар.
Анын поэзиясы «дүйнөгө эмес, кызына» кайрылган ыр. Бирок дал ошол ыр дүйнөгө керек.
Акындын дагы бир ырын талдай кетсек:
ЧЕХОВДУ ОКУП ОЛТУРАМ
Көркөмүн ойдун издөөгө,
көк асман беттеп кол сунам.
Башка ишим деле толтура,
Чеховду окуп олтурам.
Кошунам келдиң кечте сен,
баягы сөзүң бүтпөгөн.
Кыжаалат боло карадым,
кыжырга толгон жүз менен.
Анымды деле байкабай,
айтасың турмуш жарышын.
Кайнене келин кармашын,
абысындардын чабышын…
Балдардын камы, нан-чайы,
коңшумдун сөзү кайдагы.
Чеховду окуп олтургам,
калтырдым экен кайда аны?
Ансайын тилим күрмөлө,
айткым бар эми бирдеме.
Айтсаң айт Чехов тууралуу,
айтпасаң, анда сүйлөбө!
Күттүрүп көпкө саргайтып,
көктө бир жылдыз жангансып,
Чеховду окуп олтурам,
башка ишим бүтүп калгансып…
Бул ыр аял акындын руханий портретин жана интеллектуалдык жалгыздыгын ирония менен сүрөттөгөн терең поэтикалык чыгармалардын бири. Ал адабият, турмуш, коомдук чөйрө жана аялдын ички дүйнөсү ортосундагы татаал карама-каршылыктарды Чехов аркылуу көркөм көрсөтүүгө аракет кылат.
«Башка ишим деле толтура,
Чеховду окуп олтурам».
Бул саптардан аялдын дүйнөсү турмуштук майда-барат иштерге толуп турганы менен, жан дүйнөсү жогорку көркөм ойго жана руханий азыкка суусап турат. Акын бул жерде адабиятты күнүмдүк жашоодон качуу эмес, өзүн сактап калуунун жалгыз жолу катары берет. Көр оокат менен адабияттын дал келбестигин, инсан жан дүйнөлөрүнүн карама каршылыгын сүрөттөйт.
Акырында акындын дагы бир ырына талдоо жасай кетели. Анткени бул ыры анык жан дүйнө кыйкырыгы:
Айыл, турмуш, азан-казан, Дүйнө, Күн,
Ай чапчыган сезимдер жок менде бир.
Асылдыктан аласалып баратам,
акындыгым билесиңби сен деги?..
Күндө ушул, күткөн нерсем белгисиз,
күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.
Үй турмушу – үңүлдөгөн бир дүйнө,
калем сынат, жазыла албай ыр калат.
Бирөөлөрдүн айтып үйүн, бак-шагын,
бирөөлөрдүн санап дүйнө, мал-жанын,
элдин шары менен жашап үйрөндүм,
элестете албастырсың калганын…
А ырларчы, мунарыктайт алыстан,
алда неге таарынгандай карашып…
Анда-санда көз саламын аларга,
айнектердин чаңын сүртүп баратып.
Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшсө да,
мендеги ойлор билем бир күн биригет.
…Айнек сүртүп, алыстарга тигилип,
акындыгым эске түштү бул ирет.
Айыл, тагдыр, азыноолак оокат-жай…
Ай чапчыган сезим кайда мендеги?
Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү,
акындыгым билчү белең сен деги?..
Махабаттын бул ыры турмуштук реалдуулукту жана акын жан дүйнөсүнүн “жашыруун кыйкырыгын” абдан ичкериден бере алган чыгарма.
Ырдын негизги темасы турмуштун бир өңчөй, кайталанма агымында акындык жан дүйнөнүн жоголуп бара жаткан сыяктуу сезимдери. Автор көр турмуштагы күнүмдүк иштердин (азан-казан, үй тиричилиги, элдин сөзү) артында жүрүп, акындык илхамдан алыстап калгандай абалды сүрөттөйт. Бул чыгармачыл адамдын эң оор абалдарынын бири. Акын жандүйнөсүнүн кыйкырыгын түз кыйкырып эмес, метафоралык образдар аркылуу берүүгө аракет кылат:
Мисалы, айнек сүртүү – сырттан караганда жөнөкөй иш, бирок ички мааниси бар: бул чаң басып калган ырларына, кыялдарына көз чаптыруу.
Мунарык – алыстан бүдөмүк көрүнгөн, бирок көңүлдү тартып турган нерсе. Бул – акындык дүйнө.
Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшүү – турмуштагы ар түрдүү алаксыткан иштердин сүрөттөлүшү.
Бул образдардын баары күнүмдүк жашоонун үстүрт көрүнүштөрүнүн артында кайнап турган ички кыймылды көрсөтөт. Акын кыйкырбайт, бирок анын үнү образдарда угулат.
Махабат Касеинова бул ырында акын жан дүйнөсүнүн кыйкырыгын түз кыйкырып эмес, турмуштун майда-чүйдөсүнүн артында катып, образдардын тили менен жеткире алган. Ырдын баалуулугу чындыкты кооздогон жасалма сөздөрдө эмес, турмуштук майда көрүнүштөр аркылуу терең ички драманы ачып берүүдө.
Кыргыз поэзиясында айыл турмушу тууралуу жазылган ырлар арбын. Бирок алардын көбү айылдын кооз жаратылышын же жандуу көркөм сүрөттөрүн гана берет. Ал эми Махабат Касеинова бул теманы таптакыр башкача ачып, айыл турмушунун тынч көрүнгөн сырткы сүрөтүнүн артында катылган ички драманы чебер жеткирген.
Анын дал ушул «Айыл, турмуш…» деп башталган ыры турмуш менен чыгармачылыктын ортосундагы тирештин күбөсү. Бул жерде автордун жан дүйнөсүнүн кыйкырыгы түз үн менен эмес, образдардын ичинде угулат.
Ырда бир нече жолу кайталанган суроо бар:
«Акындыгым билесиңби сен деги?..»
Бул риторикалык суроо турмуштун өзүнө, балким окурманга да кайрылгандай. Анда нааразычылык менен кошо жалбарган үн да бар. Бул суроо ырдын эмоционалдык өзөгүн түзөт.
Ыр ички монолог сыяктуу: акын өзү менен сүйлөшөт, бирок ошол эле учурда бизге да сырын айтып жатат.
Акын бул ырында турмуштук реалдуулуктун чаңы астында унутулуп бараткан акындык дүйнөнү сүрөттөп, окурманды ошол чаңды сүртүп, кайрадан жарыкка чыгарууга үндөйт.
Биз бир нече ырын талдап чыкканда, Махабат Касеинованын поэзиясында айкын көрүнгөн күчтүү жактары да, айрым алсыз жактары да байкалды. Кыскача баамды бере кетейин.
Күчтүү жактары:
- Чынчылдык жана турмуштук негиз – Касеинова көбүнчө өз башынан өткөн турмуштук абалдарды, айылдагы күнүмдүк жашоону же ички сезимдик абалдарды ачык, жалган кооздоосуз берет.
- Образдык табылгалар. Ал майда турмуштук көрүнүштөрдү символдук деңгээлге көтөрө алат (мисалы, “айнек сүртүү”, “мунарык”, “ай чапчыган сезим”).
- Эмоцияны үнсүз берүү чеберчилиги. Ырларында кыйкырык жок, бирок шыбыроо аркылуу чоң толкунданууну жеткире алат. Бул поэзиядагы сейрек касиет.
Алсыз жактары жана кемчиликтери:
- Тематикалык чектелүү коркунучу бар. Көпчүлүк ырларында турмуш, ички дүйнөнүн меланхолиясы, сагыныч мотивдери айланасында гана жүрөт. Бул окурманга таасирдүү болгону менен, темалар өтө узак кайталана берсе чыгармачылык айдың тарышы мүмкүн.
- Ритмдин туруксуздугу. Айрым ырларында муундардын узун-кыскасы өтө айырмаланып кетет, бул кээде ыргактын бир калыпта угулушуна тоскоол болот. Мисалы, эки саптын бири өтө кыска, бири өтө узун болгондо ички динамика үзүлүп калат.
- Уйкаштыктагы шашмалык. Кээде ойду толук ачпай туруп эле сөздү уйкаштыруу үчүн эртелеп бүтүргөн учурлар бар. Бул айрыкча философиялык тереңдик талап кылган ырларында сезилет.
Махабат Касеинова азыркы кыргыз поэзиясында сезимдин чынчылдыгы жана символдук көркөм табылгалар боюнча өзүнчө үнү бар акын. Бирок келечекте чыгармачылык масштабын кеңейтүү үчүн темаларды ар тараптан ачууга, ыр формасын, ритмди бир аз тартипке келтирүүгө, уйкаштыкта шашпай, ойдун табигый агымын сактоого аракет кылышы керек.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз поэзиясында Махабат Касеинованыкындай үн керек. Анын үнү трибунадан эмес, ашкананын бурчунан чыгат. Бирок ошол үн улуттук аң-сезимдин, аял рухунун жана поэзиянын жаңы багыты. Ал кыйкырбайт, бирок баарын угузат. Ал элге мактанбайт, бирок эли үчүн жазат. Махабат Касеинова бул жаңы доордун тынч акыны. Анын ырлары эч кандай кыйкырыгы жок жашоону тынч сүйгөндөр үчүн.
P.S. Мен бул жерде акындын болгону бир нече ырына гана пикиримди айтып, өз алдымча талдоо жасоого аракет кылдым. Китептин ичинде дагы көптөгөн жакшы ырлары бар экени талашсыз. Орустун улуу акыны жана адабиятчысы Лев Озеровдун “Таланттууларга колдоо көрсөткүлө, жазмакерлер өздөрү жулкунуп чыгышат” деген жакшы сөзү бар. Андыктан таланттуу жаш акындарга пикирлерин айтып турууга окурмандарга жана адабият сынчыларына чакыруу жасап кетмекчи элем.


