Карылык

 

(Хусеин Карасаевдин эскерүүлөрүнөн)

Ар нерсенин башы – сайран, түбү – ойрон. Адам туулганда чоң кубаныч, той, шаан-шөкөт. Үй-бүлө сайран курат. Ата-эне баланы аттай арка кылат, тоодой медер кылат. Бала тың чыкса – ата-эненин төбөсү көккө жетет. Туулган бала коом турмушунда мыкты адам болуп, жеке гана атанын баласы болбостон, адамдын баласы болуп өссө КOOM үчүн да сыймык.

Адам карыганда өзүнө эсеп берет. Коом турмушунда кандай пайдалуу иштер кылганын ойлойт. Өмүр зая өтпөй, пайдалуу иштерди иштеген болсо, өңүнө жылмаюу кирет, өзүнө ыраазы болот. Колунан келсе баштан өткөн мажараларын (укмуштуу окуяларын) айтып, эл оозунда калат. Сабаттуу адам болсо жазып кетет. Ошондо адам армансыз дүнүйөдөн кетет.

Мына, мен да карыдым. 77 жашка аяк бастым. Кийинки жылдары чымырканып катуу иштедим. Алар чыга элек. Бирок коомчулукка белгилүү. Жаштыктын оту жалындап, байге атындай арындап жүрүп алган билим, тажрыйба жазуу түрүндө калды. Денем менен кошо чирип калат эле, армандуу болот элем. Бактыма жараша ал болгон жок. Армансызмын. Балдарымды да, неберелеримдин кээ бирлерин да коомго пайдалуу адамдардан кылып тарбияладым го деп ойлойм. Баштан толгон кайгылуу күндөр да, кубанычтуу күндөр да өттү. Бирок башы кара, буту айрылардан болгонум жок. Адамдарга жакшылык кылдым. Толгон адамдарга илим-билим бердим. Ошолор кезиккенде ийилип салам берет. Маа ошонусу эле керек болчу.

Курган сайран бары аяктап калды. Бир күнү көз жуммай! Оой, кандай коркунучтуу сөз! Ушул коркунуч адам баласына дин ишенимин туудурат. Карыганда көп адамдар, ал тургай окумуштуу кээ бир адамдар, жазуучулар динчил болуп калат. Мен андай болгум келбейт. Диндин эмне экенин жакшы билем. Өмүр бою диндин, айрыкча ислам дининин дүмүрүн казган адаммын. Араб тилин, фарсы тилин билгендигимден, курандын маанисин жакшы түшүнөмүн. Исламдын ажыттарын аябай текшергемин.

Кыргызда: «корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт» деген макал бар. Анын мааниси мындай: кыргыз конокту куру жаткырган эмес. Кой союп жаш эт берген. Конокко союла турган кой: жаш, дени таза, мертинбеген болушу шу зарыл. Ошон үчүн койду жетелеп келип, туура тарттырып, конокко даана көрсөтүп, бата кылдырат. Ошондо байкуш кой коркот. Көзү жалдырайт. Бары бир ал кой корксо да өлөт, коркпосо да өлөт! Өлүм ошол сыяктуу. Корктуң эмне, коркподуң эмне? Бирок адам өлүм кыйноосун тартпай өлсө. Менин тилегим да жан чыгуу кыйноосун тартпай өлсөм, мүрт кете берсем экен.

Карыганда бир нерсеге кызыгуудан калат. Бир кезде саа кызык көрүнгөн окуя же иш – анчейин гана бир нерсе сыяктанып кетет, демилге азаят. Карыганда кулжундабай, арам сөз айтпай, мээримдүү болушу керек. Кишинин барына атадай болуп карыш керек. «Акылы бар карылар, жаңы келген күйөөдөй» деп акын Кылыч айткан. Ооба, сызылып жакшы карыш керек. Зыяпатта, эл баш кошкон жерде үлгүлүү сөздөрдөн айтып, элдин көңүлүн өзүнө буруп отурушуң керек. Сенин сөзүнө отургандар кулак коюп кызыгып, кыбалары канып отура турган болсун. Ал колунан келбесе, унчукпай, тамагынды жеп отура бер.

Карыганда көр жеме болсоң, үй-бүлөңө жакпай, кагуу жейсиң. Андай карылар жөнүндө Зыяш экөөбүз мындай деп бир жазганыбыз бар: «Карып калган кезинде, кемпириңе жакпайсың, келиниңе батпайсың, төрт аягың бүрүштөп, айгырдан бычкан аттайсың» деп. Ооба, так ошондой кор болосуң.

Өмүрдүн татынакай жиби ар кимде ар түрдүү болот окшобойбу! Бирөөлөрдүкү узун, чыйрак, бирөөлөрдүкү кыска, бош болот көрүнөт. Ошол татынакай өмүр жибин өзүң аяп, жакшылап чыйратып, бекемдеп турушуң керек. Ал – дене тарбиясы. Муну жаш кезден башташ ылаазым. Мен жаш кезимде үлдүрөгөн, бүкүрөйгөн жүүнүм бир аз бошураак бала элем. Өтө арык болчумун. Эмнегедир денени чыңалтуу жагын көп караштырдым. Студент кезимде эле денемди одеколон менен сүрүү, ага суу, туз кошуп сүрүүнү адат кылдым. Менин турган бөлмөмө келген адамдар «сенин бөлмөң дайыма эле атыр жыттанып турат. Ошону себинесиңби?» деп сурар эле. Андан кийин, 1938-жылдан баштап, 10–15 градус суукта жылаңач короого чыгып басканды адат кылдым. Адамдын кулагы менен колу үшүйт экен. Денемдин жогору жагы жылаңач бойдон сууну тартып алма кудукка кар бороондоп, уйгу-туйгу түшүп чапкылап турганда, чымырканып барып сууну кудуктан алчумун. Бир күнү ушундай бороондо кудукка барсам, бир орус кемпир (Москванын четинде Одинцово деген кыштакта) суу тартып алып жаткан экен. Мени байкаган жок. Сууну алып чакасына куйду. Мен колундагы чаканы алайын дегенде, кемпир мени көрүп калып, коркуп кетти окшойт. Чокунуп жиберди. Чакасын ала качып чыга берди да, чакасын жерге коюп дагы чокунуп жиберди. Ал жердегилер мени биле турган. Бирок кемпирдин көзүнө бир жин, шайтан сыяктуу көрүнүп кеттим окшойт. Ошентип, кычыраган суукта денемди чыңалта баштадым. Албетте, бир нече дене машыктыра турган кыймылдарым бар болчу. 1939–1940-жылдары Москвада СНК СССРдин турак үйүнөн квартира алып, көчүп бардым. (СНК да иштечүмүн). Жакшы турмуш адамды жалкоо кыларын ошондо билдим. Кыштакта отун жарып, суу ташып аракеттенген адам дароо эле белен оокатка өттүм. Жалкоолук моюнга минди, денени чыңалтуу калды. Согуш башталганда Фрунзеге келдик. Арык бойдон эле жүрөм. 1946-жылдан эт баса баштады. Жүрөк согушу бузулайын деп калды. Кайтадан дене машыктырмайды баштадым. Кийин эле 1962-жылдан кайтадан эртең менен 16 градус муздак сууга ваннада куюнуп, кычыраган аязда дагы жылаңач короодо жүрүп, жер шыпыра турган болдум. Албетте, ал үчүн эрдик керек. Ошо бойдон дене машыктыра турган кыймылды, суукка жүрмөй адатты уланта бердим. Албетте, кээде таштап коюп аттым. Иши кылып, менин ден соолугум оңоло баштады. Жүрөгүмдүн ооруй коймою жоголууда. Өпкөгө терең жел тартууну да жүргүздүм. А дегенде баш айлана түшчү. Эми бир саат өпкөгө жел тартсам да баш ордунда. Азыр эми 77 курагымда дене машыктыра турган кыймылды дайыма жүргүзө турган болдум. Муздак сууга куюнуу, аязда тышка чыгуу калды. Коркуп таштап койдум. Анын үстүнө мындан 12 жыл мурун көл айланасына бир дача өңдүү неме куруп алганмын. Жыл сайын ошол дачада кеминде үч ай турабыз. Пайда болгон оорулар Ысык-Көлдүн суусунун касиетинен айыгууда. Аларды жазып отуруу жадатып жиберер.

Мына ошентип, өмүрдүн татынакай жибин ардактап, аны аяп келе жатамын. Бирок өлүмдөн буйтап өтө албайсың. Өлүмдөн Мамай да кутулган эмес. Кайда качып барбасын көр казып аткан адамдарга жолугат. «Кимдин көрү?» деп сураса, «Мамайдын көрү!» деп жооп бере берген. Ошон үчүн «кайда барсаң – Мамайдын көрү» деген накыл сөз жасалган. Ошол көр эми даярдала баштады.

Өмүрдү узарта турган дагы бир нерсе – күлкү, көңүлдүн куунактыгы. Албетте, адам курулай эле «күлөм» деп күлө бербейт эмеспи. Анын да өзүнчө бир ыкмалары бар. Анын бири шайырдык, тамаша сөздү көп билгендик. Шайырдык да адамга бүткөн касиет. Мен өмүрүмдө боордош элдердин балдары менен көп аралаштым. Ошол элдердин көр көм адабиятын көп окудум. Ошонун натыйжасында ошол элдердин күлкүлүү сөздөрүн билдим. Өзүм да көп айта турган болдум. Отурган элдерге күлкүлүү аңгемелер салып берүүнү адат кылдым. Ошолордун тилинде сүйлөй турган болдум. «Сен канча тил билсең, ошончо кишисиң» деген сөздүн калети жок экен. Каказ агайындар, татар, өзүбек агайындар менен отурганда, алардын тилинде сүйлөп, аларды күлдүрүп, өзүм да күлө тургамын. Мындай сухбат адамдын көңүлүн ачат. Өмүрүңдүн узарышына өбөлгө түзөт.

Дагы бир жакшы нерсе башка оор кайгы түшкөндө такыр эле салбырап калбоо. Башка түшкөн кордукту эрдик менен көтөрө билүү. Мен жок жерден, жала менен далай кордук көрдүм. Бирине муюбадым. Анткени, иш ак болсо коркпойсуң да, катуу өкүнүчкө калбайсың. Мына бу да өмүрдүн бир узарышына шарт түзөт.

Бары бир канча амал-айла кылба, акыры өмүрдүн акыры келет. Башы сайран болгон өмүр акыры ойрон болот. Мына ошондо: Эр чырагы эки көз экөө бирдей тунарат; эр канаты эки кол – экөө бирдей суналат; азоо жүрөк токтолуп, өмүрлүккө «дем алат». Өмүрдүн татынакай жиби тырс үзүлөт. Сен тирүү табыйгаттан өлү табыйгатка кошуласың. Такыр бөлөк, суук табыйгатка айланасың. Ошондо эң жакын көргөн адамың да жаныңдан качып оолактайт.

Мына ошентип, өмүр чиркин өтөт. Унутуласың. Бирок сени унуттурбай турган бир нерсе – илим адамы болсоң – артыңдагы эмгегиң, эл бийлеген адам болсоң адамдарга иштеген адилет ишиң. Өзүң жазбаган менен, сени бирөөлөр жазат. Жазуучу-акын болсоң – көркөм чыгармаларың. Мындай адамдарды «өлдү» деп айтууга болбойт. Алар кылым бою элдин жүрөгүнөн орун алат. Жөнөкөй адам болсоң эл башына оор түшкөндө, жоо эшигиңди сагалаганда – көрсөткөн эрдигиң. Эл андай кишилерге кыйрагыс эстелик коёт, тарыхчылар даңазалап жазат.

Мына «Карылык» деген темадан канча сөздөр чубалып чыкты. Адам өтө карыган кезде өлүмдү «көксөп» калат. Анткени, акылы бар карылар укум-тукумунун аман кезинде көз жумгусу келет. Тукумунун чыгым болушунан коркот. Ошон үчүн ошолордун алдына кеткиси келет. Кыргыз элинин «алдыңа кетейин!» деп жалынганы бекер эмес, ов!

Өз билгенимди анча-мынча айттым «Баштан өткөн мажара» деген өмүр эстелигимде.

Ал жетпейт алыш башын дарыя алса,
Тулпардын сыны кетет дартка чалса,
Чечендин сөзү кетет карып калса,
Акимдин күчү кетет тактан тайса,
Сулуунун баркы кетет байкабаса.

Эл казынасынан.

Ар нерсе өз тушунда күүлдөйт тура. Жаштыктын алоосу жанып турган кезде – тартынуу, айбыгуу деген болчу эмес эле. Өлүм эмне экени ойго да келчү эмес. Ар нерсеге кызыгуу күчтүү болчу. Күнүнө үч жолу киного баргандан жадачу эмеспиз. Ар бир жазуучунун китебин окуп, ар бир коюлган оюнду көрүп, пикир айтууга кызыгар элем. Эми, карыган кезде – алардын бардыгы «жасалма» сыяктуу көрүнүп калат экен. Ал – кайраттын качкандыгы го. Чогулуштан качып калат экенсиң. Ал эми курбулар чогулган зыяпатка баргың келет.

Мен көбүнчө үйдө отурам, машинка басам. Айбанчага отуруп алып бир нерсе жасайм. Иши кылып тыным жок – кыймыл. Эми чөбүрөм Чолпон менен теңтуш болуп баратам. Кээде ошону менен «эрегише» кетем. Ал беш жашта. Мен – сексен жаштамын. Калыбы – полюстун эки башы окшошураак болобу деймин. Адам алжыган кезде «бала болуп калат» деген чын болсо керек. Мен ал даражага жете элекмин. Аны менин кийинки эмгектеримден эле байкаарсыңар.

Хусейин КАРАСАЕВ, “Ала-Тоо”, № 9, 1988

Аттокур ЖАПАНОВдун фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.