Антон ЧЕХОВ: “Душмандар”
(аңгеме)
Сентябрдын караңгы кечинде, саат ондо земстволук дарыгер Кириловдун жалгыз уулу алты жашар Андрей дифтериядан каза болду. Дарыгердын зайыбы каза болгон баласынын керебетинин алдына чөгөлөп, башына түшкөн кайгыга чыдабай айласы куруп отуруганда коридордо коңгуроо катуу кагылды.
Дифтерия оорусунан улам бардык кызматчылар эртең менен үйлөрүнө жиберилген эле. Кирилов кандай турган болсо ошол калыбында, кемселсиз, топчусу жок желеткичен, карбол кислотасына күйүп сууланган бети-колун сүртпөй, эшикти ачканы жөнөдү. Зал караңгы болчу, кирген адамдын орто бою, ак моюн орогучу, аябай кубарган жүзү билинер-биленбес көрүнөт, анын өңү ушунчалык кубарып тургандыктан, залдын ичи бир аз жарык болуп кеткенсип сезилди…
— Доктур үйдө болду бекен?
— Мен доктурмун, Сизге эмне керек?
— А, бул Сизсизби? Өтө кубанычтуумун! – сүйүнүп кеткен адам күңүрт жарыкта доктурдун колун издеп тапты да, кош колдоп кысып силкилдетип жиберди.
— Аябай… аябай кубанычтуумун! Биз сиз менен таанышпыз! Мен – Абогинмин… сиз менен жайында Гнучевдердикинде таанышкан элек. Үйүңүздөн тапканым жакшы болбодубу… Кудай үчүн, мени менен жүрүңүз… Аялым катуу ооруп жатат… Сыртта экипаж даяр…
Кирген адамдын кыймылы менен сүйлөгөнүнөн анын аябай толкунданып, шашып турганы көрүнүп турду. Өрттөн же кутурган иттен корккон немедей, күйүгүп алыптыр, калтырап чыккан үнүнөн кандайдыр бир жасалмасы жок, наристе балдарга гана тиешелүү баёлук байкалат. Бардык эле корккон адамдардай эле кыска-кыска, үзүлгөн сүйлөмдөр менен сүйлөп, кырдаалга тиешеси жок ашыкча сөздөрдү айтып жатты.
— Мен сизди таппай каламбы деп коркком, – деп улантты сөзүн ал. — Сизге жеткиче санаам санга бөлүнүп… Кийинип чыга калыңыз, кудай үчүн, тез баралы… Ушундай болуп калды. Мага Папчинский келген, Александр Семенович, сиз аны билесиз… Сүйлөшүп олтурдук, анан чай ичели деп камдана баштаганбыз; капилеттен аялым жүрөгүн мыкчып катуу кыйкырып, жыгылып үстөлдүн кырына тийди. Биз аны керебетке алпарып жаткыздык… нашатыр спирти менен чекесин сүрттүк, бетине суу чачтык… өлүк сыяктуу кыймылдабай жатат… аневризма деп коркуп жатам… Жүрүңүзчү… Анын атасы да аневризмадан каза болгон…
Кирилов анын айканын укпагандай, орус тилин түшүнбөгөн немедей унчуккан жок. Качан Абогин дагы бир жолу Папчинский тууралуу эскерип жана кайын атасы жөнүндө айта баштап, караңгыда анын колун кайрадан издей баштаганда доктур башын силкип алып, үнүн көңүл кош чыгарып, ар бир сөздү чоюп үн катты:
— Кечиресиз, мен бара албайм… беш мүнөт мурда менин… менин уулум көз жумду…
— Чын элеби? – деп шыбырады Абогин бир кадам артка таштап. — Оо, Кудай, кандай күнгө туш болдум! Аябагандай бактысыз күн… аябагандай! Атайлап жасагандай… дал бүгүн ушундай болгонун кара!
Абогин эшиктин туткасын кармап башын ылдый салып, ойлонуп калды. Ал кетээрин же өтүнүчүн кайра айтарын билбей тургансыды.
— Угуңузчу – деди ал бир чечимге келгендей Кириловдун жеңинен тартып, — мен сиздин абалыңызды түшүнүм турам! Кудай өзү күбө, ушундай кыйын учурда сиздин тынчыңызды алганыма аябай уялып турам, бирок мен эмне кылам? Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, мен кайда барам? Бул чөлкөмдө сизден башка доктур жок. Кудай үчүн барып бериңиз! Өзүм үчүн суранган жокмун… Мен оорулуу эмесмин!
Унчукпай калышты. Кирилов далысын Абогинге салып бир аз турду да акырын бурулуп, залга кирип кетти. Анын ойлонбой олдоксон кыймылдаганына, залдагы күйбөй турган шамдын түктүү калпакчасын оңдоп, үстөлдө жаткан калың китепти колуна алып, барактабай кайра таштаганына караганда бир жакка барайын деген ниети да каалоосу да жок сыяктуу, анын оюнда азыр эч нерсе жоктой, кире бериште күтүп турган бейтааныш адамды да небак эле эсинен чыгарып койгонсуйт.
Күңүрт залдагы өкүм сүргөн тынчтык анын эсин ого бетер оодуруп салды көрүнөт. Залдан өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип баратып, ал оң бутун адаттагысынан бийик көтөрүп, колу менен эшиктин кашегин сыйпалап издеп тапты, ошол учурда бул адамда кандайдыр бир башка бирөөнүн үйүндө жүргөнсүгөн же болбосо өмүрүндө биринчи жолу мас болуп жаткансыган сезим пайда болуп, ошол сезимден чыга албай, өзүн бийлеп алган жаңы сезимдин кучагында калгансыды.
Иш бөлмөсүнүн бир жак дубалындагы китептер жыйналган шкафтын бетине жарыктын кенен тилкеси тийип турган; карболка менен эфирдин каңылжаарды жарган жыты менен бул жарык бир аз ачылып калган уктоочу бөлмөдөн чыгып жаткан эле… Доктур үстөлдүн жанындагы олтургучка барып көчүк басты; бир мүнөтчө жарык тийип турган китептерине көз жүгүртүп койду, анан ордунан туруп уктоочу бөлмөгө жөнөдү.
Уктоочу бөлмөдө чымын учса угулбагандай жымжырттык өкүм сүрүп турган. Бөлмөдөгү бардык нерселер майда-чүйдөсүнө чейин бул жерде жакында эле болуп өткөн бороон-чапкынды баштарынан өткөзүшкөндөрү, чарчап-чаалыгып, эми бардыгы эс-алып жатышкандары тууралуу кабар беришкенсийт.
Айнек идиштер, картон кутучалар жана банкалар жык толгон отургучта күйүп турган шам, сандыктагы чоң чырак бүт бөлмөнү жаркыратып жарык кылып турду. Терезенин жанындагы керебетте, көздөрү ачык, жүзүндө таң калуунун издери катып калган бала жатты. Ал кыймылсыз эле, бирок ачык көздөрүнүн каректери ар көз ирмем сайын тунарып, баш сөөгүнүн ичине батып бара жаткансыйт. Колдорун анын тулкусуна коюп, жүзүн жууркандын бүктөмдөрүнө катып, апасы керебеттин алдына чөгөлөп олтурган. Баласы сыяктуу эле ал дагы кыймылсыз болчу, бирок денесинен, колдорунун бырыштарынан ушунчалык жандуу кыймыл сезилип турду!
Акыры тапкан, чаалыккан денеси үчүн бейпилдикти жана ыңгайлуу абалды бузуудан коркконсуп, бүт жан-дүйнөсү менен керебетти кучактап жаткансыйт. Жууркан-төшөктөр, чүпүрөктөр, чылапчындар, полго төгүлгөн суу, ар кайсы жакта чачылып жаткан щеткалар менен кашыктар, акиташ суусу куюлган ак бөтөлкө, муунткан оор абанын өзү, – ушунун баары баары селейип катып, тынчтыкка чөмүлгөндөй туюлат.
Эки колун шымынын чөнтөгүнө салган дарыгер аялынын жанына токтоп, башын капталына кыйшайтып, уулун тиктеп койду. Жүзү кайдыгерликти билгизкен менен сакалындагы жылтылдаган тамчылардан анын жакында эле ыйлап басылганы байкалат.
Уктоочу бөлмөдө адамдар өлүм жөнүндө сөз кылганда ойлошкондой үрөй учурган абал жок эле. Ушул жалпы селейүүдө, эненин катып, кыймылсыз олтурушунда, доктурдун жүзүндөгү кайдыгерликте жүрөктү козгогон жагымдуу бир нерсе бар эле, так ошол назик, билинер-билинбес сезилген адам кайгысынын түшүнүүгө жана сүрөттөп берүүгө жакын арада үйрөнүүгө мүмкүн эмес сулуулугун кыязы музыка гана жеткире алат сыяктанат.
Сулуулук капалуу жымжырттыкта да сезилип турган; Кирилов менен аялы унчугушкан жок, ыйлашкан жок, жоготуунун оордугунан тышкары, алар өздөрүнүн абалынын бүткүл лирикасын да сезишкендей: алардын бир кездердеги жаштыктары өтүп кеткендей эле, азыр да бул бала менен бирге, алардын балалуу болуу укугу түбөлүккө коштошуп жаткан! Дарыгер 44 жашта болчу, ал буга чейин эле чачтары агарып, кары кишиге окшоп калган; анын сулуулугу акырындан оңуп-тозуп бара жаткан оорулуу аялы 35 жашта. Андрей алардын жалгыз гана эмес, акыркы уулу да болду.
Аялынан айырмаланып, дарыгер психикалык жактан кыйналган мезгилде кыймылга муктаж болгон адамдардын бири болчу. Аялынын жанында беш мүнөттөй тургандан кийин, ал оң бутун бийик көтөрүп, уктоочу бөлмөдөн жарымын чоң, кенен диван ээлеген кичинекей бөлмөгө кирди; ал жерден ашканага барды. Меш менен ашпозчунун керебетинин ортосунан өтүп, эңкейип, кичинекей эшик аркылуу кире беришке чыкты.
Бул жерден ал кайрадан ак моюн орогучту жана кубарган жүздү көрдү.
— Акыры чыктыңызбы! – деди Абогин эшиктин туткасынан кармап үшкүрүп. — Суранам, кеттик!
Дарыгер селт эте түшүп, аны карады да, эстеди…
— Угуңузчу, мен бара албайм деп айтпадым беле! – деди ал эсин жыйып.
— Доктур, мен моло таш эмесмин, сиздин абалыңызды жакшы түшүнөм… Сизге боорум ооруйт! – деди Абогин жалдыраган үн менен моюн орогучун кармалап. Бирок мен өзүм үчүн суранган жокмун… Менин аялым өлүп баратат! Анын кыйкырыгын уксаңыз, анын жүзүн көрсөңүз, менин өжөрлүгүмдү түшүнмөксүз! Кудайым, мен сизди кийингени кетти деп ойлогом! Доктор, убакыт кымбат! Кеттик, сураныч!
— Мен бара албайм! – дедида Кирилов залды көздөй кадам койду.
Абогин анын артынан жетип, жеңинен кармап калды.
— Сиз кайгырып жатасыз, түшүнөм, бирок мен сизди тиш дарылоого эмес, кеңеш берүүгө эмес, адам өмүрүн сактап калууга чакырып жатам! – деп тилемчидей жалынып. — Адамдын өмүрү ар кандай жеке кайгыдан бийик! Кайратыңызды көрсөтүп, эрдик кылыңыз! Адамкерчилик кылыңыз!
— Адамкерчилик — эки миздүү кылыч! – деди Кирилов ачууланып. Мен сизден суранам, ошол эле адамкерчиликти көргөзүп мени өз жайыма коюңуз. Оо, кудай кандай таң калыштуу! Мен бутумда араң турам, а сиз адамгерчиликти айтып мени коркутасыз! Мен азыр эч нерсеге жарабайм… Мен эч кайда барбайм, аялымды кимге таштап кетем? Жок жок…
Кирилов колун шилтеп артка чегинди.
— Суранбаңыз! – деди ал жалынып жиберчүдөй болуп. — Кечиресиз… Мыйзамдардын XIII томуна ылайык мен барууга милдеттүүмүн, а сиз болсо мени жакадан алып сүйрөп барууга укугуңуз бар… Кааласаңыз сүйрөп кетиңиз, бирок… Мен азыр эч нерсеге жөндөмсүзмүн …Ал тургай араң сүйлөп жатам… Кечирип коюңуз…
— Бекер эле, доктур, сиз мага ушул сөздү айтып жатасыз! – деди Абогин кайрадан доктурду жеңинен тартып. — XIII томду кудай алсын! Сиздин эркиңизке каршы мажбурлоого менин укугум жок. Кааласаң бар, каалабасаң Кудай ишиңди оңдосун, бирок мен сенин эркиңе эмес, сезимиңе кайрылып жатам. Жаш аял өлүп бара жатат! Жаңы эле уулуң өлдү дейсиң, менин оор абалымды сиз түшүнбөсөңүз анда ким түшүнөт?
Абогиндин үнү толкундангандан калтырап чыкты; Бул калтырап чыккан үндө сөзгө караганда алда канча ишеничтүү нерсе бар эле. Абогин чын ыкласы менен сүйлөп жаткан, бирок таң калыштуусу, ал кандай гана сөз айкаштарын айтса да, баары ыгы жок, жансыз, орунсуз жасалгаландай чыгып, ал тургай дарыгердин батиринин абасын да, тээ кайсы бир жерде өлүп бара жаткан аялды да шылдыңдап жаткандай туюлду.
Муну өзү да сезгендиктен, туура эмес түшүндүрүп алуудан коркуп, үнүн мүмкүн болушунча жумшак, назик чыгарышка далалаттанып, сөз менен болбосо да, жок дегенде үнүнүн чын жүрөктөн чыгышына болгон күчүн жумшады. Дегеле сөз айкаштары канчалык кооз жана терең болбосун, кайдыгер адамдарга гана таасир этет, бирок бактылуу же бактысыздарды дайыма эле канааттандыра албайт; Мына ошондуктан бактылуулуктун же бактысыздыктын эң жогорку көрүнүшү көбүнчө үнсүздүк; Сүйүшкөндөр үн-сөз жок турушканда бири-бирин жакшыраак түшүнүшөт, көрүстөндө айтылган ысык, жалындуу сөз чоочундарга гана таасир бериши мүмкүн, ал эми маркумдун жесирине жана балдарына бул муздак жана анча маанилүү эмес.
Кирилов унчукпай туруп калды. Абогин дарыгердин жогорку милдеттери, жанын аябастыгы ж.б. нерселер тууралуу бир канча сөз айткан соң, доктур көңүлсүз сурап койду:
— Алыс барабызбы?
— 13-14 верстке жакын. Менин сонун аттарым бар, доктур! Мен сизге сөз берем, сизди бир саата кайра жеткизип коём. Болгону бир саат!
Акыркы сөздөр дарыгерге адамгерчиликке же дарыгердин милдеттерине караганда күчтүүрөөк таасир этти. Ал ойлонду да, үшкүрүнүп үн катты:
— Жакшы болот, кеттик!
Ал тез, ишенимдүү басык менен иш бөлмөсүнө жөнөдү да, бир аздан кийин узун, арты тилик чапанын кийип чыкты. Анын жанында майда кадамдар менен, буттарын чалыштыра басып, сүйүнгөн Абогин ага кемселин кийүүгө жардам берип, чогуу үйдөн чыгып кетишти.
Сыртта караңгы болчу, бирок коридорго караганда жарыгырак эле. Караңгыда узун бойлуу, бүкүр чалыш, узун, суйдаң сакалчан, бүркүт мурун дарыгердин келбети даана көрүнө баштады. Абогиндин кубарган жүзүнөн тышкары, чоң башы жана чокусун араң жаап турган кичинекей студенттик кепкасы көрүнөт. Моюн орогучу көкүрөгүндө гана агарып, желке жагы узун чачынын алдында басылып көрүнбөй калган экен.
— Ишенип коюңуз, мен сиздин кең пейилиңизди баалай алам, – деп кобурады Абогин, доктурду арабага отургузуп жатып.
— Үйгө тез жетели. Сен, Лука, жаным, тезирээк айда! Өтүнөм!
Жеңил араба катуу бара жатты. Адегенде оорукананын короосун бойлой катар-катар тизилген имараттардын жанынан өтүштү; айлана караңгы эле, короонун түпкүрүндө гана бирөөнүн терезесинен, маңдайкы бакча аркылуу жаркыраган жарык чыгып турду, андан башка оорукананын үстүнкү кабатынын үч терезеси айланага салыштырмалуу бозоруп турган.
Анан араба коюу караңгылыкка сүңгүп кирди; козу карындын нымдуу жыты сезилип, дарактардын шыбырты угулат; дөңгөлөктүн дабышынан ойгонгон каргалар жалбырактарды арасынан, доктурдун уулу өлүп, Абогиндин аялы ооруп жатканын билишкендей аянычтуу каркылдашат. Бир аздан соң бирин-серин өскөн дарактар жана бадалдар көзгө чалына баштады; чоң кара көлөкөлөр түнөп магдырап уктап жаткан чакан көлмө жылт дей түшүп көздөн кайым болду, жеңил араба эми тегиз түздүктө келе жатты. Каргалардын каркылдагы эбак эле артта калып, акырындап угулуп, көп өтпөй таптакыр эле угулбай калды.
Кирилов менен Абогин жол бою дээрлик унчугушкан жок. Бир жолу гана Абогин терең дем алып, кобурады:
— Өтө оор абал! Эч качан жакындарыңызды жоготуп алуу коркунучу пайда болгон кезде аларды сүйгөндөн артык эч кимди сүйө албайсың.
Араба дарыядан жай кечип бараткан, Кирилов капысынан суунун шарынан чочуп кеткенсип, ордунан козголуп, кыймылдай баштады.
— Укчу, мени коё бериңизчи – деп өтүндү ал. — Мен кийинчерээк келейин. Жубайма фельдшерди жиберишим керек. Ал жалгыз калбадыбы!
Абогин жооп берген жок. Таштак кечүүдө чайпалган араба, кумдуу жээкке чыгып, андан ары түз жолго чыкты. Кирилов кыйпычыктап айласы куруган немедей айланасына көз жүгүрттү.
Арт жагында жылдыздардын шооласынан бозомтук тартып, караңгынын кучагынан бошонуп чыга албаган жол, жол жээгинде талдар бүлбүлдөйт. Оң тарабында асмандай тегиз жана чексиз түздүк жатат; Алыстан, бирде бул жерден, бирде тигил жерден, балким чым саздарда, күңүрт жарыктар көрүнө калат. Сол тарапта, жол менен жарышып, бадалдар өсүп тармал-тармал болуп көрүнгөн дөңсөөлөр, ал эми адырдын үстүндө чоң, кыймылсыз, кызыл, бир аз туман каптап, кичинекей булуттардын арасына жашынып алган жарым ай кылтыят, ушунун баары аны ар тараптан арабаны таштап кетпесин дешкендей кайтарып, сак-сактап карап бара жатышкансыйт.
Бүт табиятта үмүтсүз жана оорулуу бир нерсе бар эле; жер караңгы бөлмөдө жалгыз отуруп, өткөндү эстегиси келбеген бузулган аял сыяктуу, жаз менен жайды эсинен чыгарып салып, кутулгус кышты кайдыгерлик менен күтүп жаткан. Каякты караба, табият караңгы, чексиз терең жана муздак чоң аң сыяктуу көрүнүп, андан Кирилов да, Абогин да, кызыл жарым ай да качып кутула алчудай эмес…
Араба барар жерине жакындаган сайын Абогиндин чыдамы кетти. Тыбырчылап, ордунан ыргып туруп, улам-улам арабекечтин ийнинен моюнун созуп алды жакты карайт. Аңгыча, араба чаар полотно менен кооздолгон подъездге келип токтоду, экинчи кабаттын жарык күйгөн терезелери көрүнгөндө, анын оор, адаттагыдан тышкары бышылдап дем алганы угулуп турду.
— Эгер бир нерсе болсо, анда… мен көтөрө албайм, – деди ал, дарыгер менен коридорго киргенде, толкунданганынан колун ушалап. — Бирок эч кандай ызы-чуу угулбайт, демек азырынча жакшы, – деп кошумчалады ал унчукпай бир көз ирмемге тыңшап турган соң.
Кире бериштеги бөлмөдө эч кандай үн да, кадамдын дабышы да угулбайт, жаркырап жарык күйүп турганына карабай бүт үй уктап жаткандай туюлду. Ушул убакка чейин караңгыда жүргөн дарыгер менен Абогин бири-бирин эми гана даана көрүштү.
Дарыгер узун бойлуу, бир аз бүкүрөйгөн, жупуну кийинген, серт жүздүү адам болчу. Анын негрдикиндей калың эриндери, бүркүттүкүндөй коңкойгон мурду жана кайдыгер көз карашы кандайдыр бир жагымсыз, ырайымсыз жана катаал нерсени чагылдырып тургансыйт. Анын тарабалган чачы, үңүрөйгөн кабагы, жаагы көрүнүп турган узун, эрте агарып кеткен суйдаң сакалы, кубарган жүзү жана бейкапар, одоно жүрүм-туруму – мунун баары анын башынан өткөн жакырчылыктын, өксүктүктүн, жашоодон жана адамдардан чарчоонун калтырган издери сыяктуу. Кебетесине карап, бул кишинин аялы бар экенине, өлгөн баласын жоктоп ыйлаганына ишенүү кыйын болчу.
Абогин таптакыр буга окшобогон адам. Ал жоон, салабаттуу аксаргыл чоң башы, жазы, бирок назик жүзү бар, жарашыктуу, акыркы мода менен кийинген адам эле. Анын турган турпатында, тыкан, моюнуна чейин топчуланган кемселинде, күржүйгөн моюнунда жана жүзүндө арстанга тиешелүү асыл нерсе байкалат; ал башын бийик көтөрүп, көкүрөгүн алдыга карай чыгарып басчу, жагымдуу баритон менен сүйлөчү, анын моюн орогучун чечкенинде же башындагы чачын оңдоп тараганында назик, дээрлик аялдарга таандык сулуулук көрүнүп турчу.
Анын сырт кийимин чечип жатып өйдө карай кеткен тепкичти карап өң-алеттен кетип жаш баладай корккону да анын сымбатын бузуп, анын бүт кебете-кепширинде көрүнүп турган токчулуктун, ден-соолуктун белгилерине жана кекирейген кебетесине доо кетирген жок.
— Эч ким жок, бир да добуш угулбайт, – деди ал тепкич менен чыгып бара жатып. — Эч кандай ызы-чуу жок. Кудай өзү сактасын!
Ал доктурду коридор аркылуу, карайып көрүнгөн пианино жана ак люстра илинген чоң залга алып кирди; Андан ары жагымдуу кызгылт жарыкка толгон кичинекей, абдан ыңгайлуу жана кооз бөлмөгө киришти.
— Сиз бул жерге отура туруңуз, доктур, – деди Абогин, — а мен… азыр. Мен барып көрүп, анан сизге кабарлайм.
Кирилов жалгыз калды. Конок бөлмөсүнүн бай жасалгасы, жагымдуу күңүрт кызгылт жарык, жана анын ушул чоочун, бейтааныш үйдө болушунун өзү да бир укмуштуу окуяга окшошуп турганы ага эч кандай таасир берген жок. Ал отургучта карбол кислотасына күйгөн колдоруна карап отурду. Ачык кызыл абажурду, виолончелдин кутусун чала-була көзү чалды, саат чыкылдаган тарапты карап, Абогиндин өзүнө окшогон келбеттүү жана ток карышкырдын катырылган кебин байкады.
Жымжырт болуп турган… Коңшу бөлмөлөрдүн кайсы биринде кимдир-бирөөнүн катуу “аа!” деген үнү угулду, айнек эшик, балким, шкафтын эшигидир, шыңгырап, кайра баары тынчып калды. Беш мүнөттөй өткөндө Кирилов башын көтөрүп Абогин кирип кеткен эшикти карады.
Босогодо Абогин турган, бирок ал жанагы бул жерден чыгып кеткен Абогин эмес эле. Токчулуктуктун жана назиктиктин изи да калбаптыр, анын жүзү, колдору жана бүткүл турпаты адам чыдагыс ооруга же жүрөктүн үшүн алган жан алгычка жолуккансып бузулуп, өзгөрүп кетиптир. Мурду, эриндери, муруттары, бардык мүчөлөрү кыймылга келип, жүзүн таштап кеткиси келип жатышкандай, а көздөрү ооруга чыдабай күлүп жаткансыйт…
Абогин конок бөлмөнүн ортосуна келди да:
— Алдаптыр! – деп кыйкырды, акыркы муунга басым жасап. — Мени алдап кетишиптир! Кетип калыптыр! Ал калп оорумуш болуп, маскарапоз Папчинский менен качыш үчүн эле мени доктурга жиберишкен экен! Оо, Кудай!
Абогин догдурга жакындап келип, аппак жумшак муштумдарын аны бетине такап, силкилдетип кыйкыра берди:
— Ал кетиптир! Мен алдандым! Мындай жалгандын кимге кереги бар эле?! Оо, Кудайым-ай! Кудайым-ай! Эмне үчүн бул ыплас, алдамчы амалга барышты, бул шайтандын, жыландын оюнунун кереги эмне эле? Мен ага эмне жамандык кылдым? Мени чанып, таштап кетти!
Ал көзүнүн жашын төгүп, конок бөлмөсүндө аркы-терки баса баштады. Кыска кемсели, модалуу тар шымы, денесине ылайык келбеген ичке буттары, чоң башы жана күржүйгөн желкеси эми аны арстанга даана окшоштуруп турду.
Дарыгердин кайдыгер жүзүндө кызыгуу пайда болду. Ал ордунан туруп, Абогинди карады.
— Кечиресиз, оорулуу кайда? – деп сурады ал.
— Оорулуу! Оорулуу! – күлүп да, ыйлап да алган Абогин, дагы эле түйүлгөн муштумдарын силкилдетип жатты. — Ал оорулуу эмес, ал каргышка калган аял! Адепсиздик! Шермендечилик! Мындай эң жийиркеничтүү нерселерди шайтан өзү да ойлоп тапмак эмес! Ал мени сизге жиберип коюп, келесоо, маскарапоз, оңолбогон катынпоз менен качып кетти! Оо кудай, мындан көрө өлүп калса жакшы болмок! Мен чыдай албайм! Мен чыдай албайм!
Дарыгер боюн түзөп өйдө турду. Жаш тегеренген көздөрүн тез-тез ирмеп, суйдаң сакалы жаагы менен кошо силкилдеп жатты.
— Кечиресиз, бул эмне дегениңиз? – деп сурады ал таң калгандай, — балам өлүп жатса, аялым эсинен танып баласын кучактап бир үйдө жалгыз олтурса… үч күндөн бери уктабай кирпигимден тартса жыгылчудай абалда турсам… бул кандай? Мени зордоп кайдагы бир жийиркеничтүү оюндун катышуучусу кылганыңыз туурабы?! Жок… түшүнбөйм!
Абогин бир муштумун ачып, ушаланган кагазды жерге ыргытып жиберди да, куртту былчыйтып салгысы келгенсип тебелеп кирди…
— Мен өзүм да… түшүнгөн жокмун! – деди тиштенип муштумун өзүнүн бетине жакындатып, силкилдетти ал. Бети-башын жарасын бирөө чукуп жаткансып тырыштырып алган. — Мен анын күн сайын келип жүргөнүн көрбөй жүрүптүрмүн, бүгүн да ал араба менен келгенин билбептирмин! Эмне үчүн араба менен келди? А мен аны көргөн эмесмин! Менде мээ жок!
— Мен түшүнбөйм… – деп, дарыгер жиндене баштады, — Бул эмне деген жорук! Бул адамды шылдыңдоо, шордуу, бактысыз адамды кордоо! Мындай болушу мүмкүн эмес… мындай шумдукту өмүрүмдө биринчи жолу көрүп жатам!
Катуу кордук көргөнүн жаңы эле түшүнгөн дарыгер айран-таң калып, ийинин куушуруп, эки колун жайып, эмне дээрин, эмне кыларын билбей, чарчаган бойдон отургучка олтура кетти.
— Мейли, мени сүйбөй калыптыр, мейли башканы сүйсүн. Кудайдын кылганы экен, бирок эмне үчүн бул арам алдамчылыка, саткынчылыкка барды? – деди Абогин ыйламсыраган үнү менен. — Эмнеге? Эмне үчүн? Мен ага эмне кылдым? Уксаңыз, доктур, – деди ал барган сайын кызууланып, Кириловго жакындап. — Сиз менин бактысыздыгыма эрксизден күбө болдуңуз, мен сизден чындыкты жашырбайм. Сизге ант берем, мен бул аялды сүйдүм, мен аны чын дилимден, анын кулу сыяктуу сүйдүм! Ал үчүн баарын курмандыкка чалдым: туугандарым менен уруштум, ишимди, музыканы таштадым, апама, эжеме кечире албаганымды кечирдим… Мен ага эч качан жамандык кылган эмесмин… ал үчүн эч шылтоо да издеген эмесмин! Эмне үчүн ал ушундай жалганчылыкка барды? Мен сүйүүнү талап кылбайм, бирок кайсы айыбым үчүн бул бузукулукту, бул алдамчылыкты мага ыраа көрдү? Эгерде сүйбөсө түз эле сени сүйбөйм деп бетиме айтпайбы, бул маселе боюнча менин көз карашымды жакшы билчү да…
Абогин көзүнөн жашы тегеренип, дене-бою калчылдап, чын жүрөгүнөн доктурга жан-дүйнөсүндөгү ашып-ташып батпай бара жаткан муң-зарын төгүп, бугун чыгарып жатты. Эки колун жүрөгүнө кысып, кызууланып, үй-бүлөлүк сырларын кымындай да тартынбастан ачыкка чыгарып, акыры бул сырлар көкүрөгүнөн жарылып чыгып жатканына ыраазы болгонсуйт. Бир-эки саат ушинтип сүйлөшүп, жан-дүйнөсүн төкпөй-чачпай ачып төгүп алса, албетте, өзүн жакшы сезип калмак. Ким билет, балким дарыгер ага боору ооруп анын сөзүн көпчүлүк учурларда боло жүргөндөй каршылык көрсөтпөй, өз кайгысы менен келишип, кереги жок келесоолукка барбай, тигинин сөзүн чыдамкайлык менен угуп олтура берсе мындай болбойт беле…
Бирок иш башкача болуп кетти. Абогин сүйлөп жатканда, таарынган дарыгердин кебетеси барган сайын өзгөрдү. Анын жүзүндөгү кайдыгерлик, таң калуу, акырындап ачуу таарыныч, кыжырдануу, ачуулануу менен алмашты. Бетинин түгү чыгып, кызарып-татарып, кабагын бүркөп, өңү бузулуп чыкты. Абогин ага кечил аялдардай сулуу, бирок мисирейген жүзүндө эч бир сезимдин изи байкалбаган жаш аялдын сүрөтүн алып келип, ушундай жүзгө карап туруп, калп айтууга жөндөмдүү деп ойлойсузбу? – деп сураганда, дарыгер күтүлбөгөн жерден ордунан ыргып туруп, көзүнөн жалын чачып жарылып кетти:
— Мага мунун баарын эмнеге айтып жатасыз? Мен уккум келбейт! Мен каалабайм! – деп ар бир сөзүн баса айтып кыйкырды, муштуму менен үстөлдү бир муштап. — Мага сиздин уятсыз катыныңыздын да, жашыруун сырларыңыздын да кереги жок, шайтан алгыр! Мага бул уятсыз, келжиреген сөздөрүңүздү айтпаңыз, токтотуңуз! Же мени дагы эле кемсинтип бүтө элекмин деп жатасызбы? Мен акырына чейин кордой турган кул экемин да? Ошондойбу?
Абогин Кириловдон артка чегинип, аны таң кала тиктеп калды.
— Мени бул жакка эмнеге алып келдиңиз? – деп улантты дарыгер сакалын силкилдетип. — Көзүңүздү май басып үйлөнгөнүңүздүн, кутуруп жүрүп эч нерсени байкабаганыңыздын, анан келип алып мелодрама ойногонуңуздардын мага эмне тиешси бар? Сиздин романдарыңыз менен менин эмне ишим бар? Мени өз жайыма койуңуз!
Асыл иштер менен алекеттениңиз, адамгерчиликтүү идеяларыңызды көрсөтүңүз, ойноңуз (доктур виолончелди карап койду), контрабас жана тромбондо ойноңуз, байланган короздой семириңиз, бирок адамды шылдыңдабаңыз! Эгер аны сыйлаганды билбесеңиз, анда жок дегенде андан алыс болуңуз!
— Кечиресиз, мунун баары эмнени билдирет? – деп сурады кызарып чыккан Абогин.
— Бул адамга ушундай мамиле кылып ойногонуңуз пастык дегенди билдирет! Мен дарыгермин, сиз бардык эле атыр, сойкулук жыттанбаган дарыгерлерди, жумушчуларды өзүңүздүн кызматчыларыңыз, эч нерсеге татыбаган бечаралар деп эсептейсиз да, мейли, ошентип ойлой бериңиз, бирок сизге эч ким башына кайгы түшүп, кыйналып турган адамдан куурчак жасоого укук берген эмес!
— Сиз мага минтип айтууга кантип батындыңыз? – Абогин акырын сурады, анын жүзү кайра бузулуп чыкты, бул жолу ачуулангандан экени ачык эле көрүнүп турду.
— Жок, сиз менин күйүткө түшүп турганымди билип туруп, мени бул жерге адепсиз сөздөрдү угуу үчүн алып келүүгө кантип батындыңыз? – деп кыйкырып жиберди дарыгер дагы бир жолу муштуму менен үстөлдү муштап. — Бирөөнүн кайгысын ушинтип шылдыңдаганга сизге ким укук берди?
— Сизге жин тийдиби? – деп кыйкырды Абогин. — Бул адилеттик эмес! Мен да абдан бактысызмын жана… жана…
— Бактысыз имиш, – доктур жек көрүп жылмайып койду. — Бул сөзгө тийишбеңиз, сизге анын тиешеси жок. Карызын төлөй албаган шылуундар да өзүн бактысыз деп аташат. Ашыкча майынан баса албаган короз да бактысыз. Бечаралар!
— Урматтуу мырза, сиз ашыкча кетип жатасыз! – деп кыйкырды Абогин. — Ушундай сөздөрүңүз үчүн… сизди сабаш аздык кылат! Түшүнүп жатасызбы?
Абогин шаша-буша каптал чөнтөгүнө колун салып, капчыгын сууруп чыгып, эки кагазды алып, үстөлдүн үстүнө ыргытты.
— Мынакей, бул сизге чакырганда келип бергениңиз үчүн! – деди таноолорун былкылдатып. — Болду, сизге карызым жок!
— Сиздин акчаңыздын мага кереги жок! – деп кыйкырды дарыгер жана үстөлдүн үстүндөгү акчаны колу менен жерге шыпырып. Кемсинтүү акча менен төлөнбөйт!
Абогин менен доктур бетме-бет туруп алышып, ачууланып бири-бирин сөгүп жатышты. Өмүрүндө жада калса, өздөрүнүн эмне айтып эмне койгонун билбей жөөлүп калышканда да мынчалык адилетсиз, таш боор, сандырак сөздөрдү айтышпагандай. Экөөнү тең бактысыз адамдын өзүмчүлдүгү бийлеп алды.
Байкуштар өзүмчүл, адилетсиз, таш боор болушат, бири-бирин келесоолордон да жаман түшүнүшөт. Бактысыздык бириктирбейт, тескерисинче, адамдарды бөлүп турат, адамдарды кайгы бириктириши керек болсо да, тескерисинче, бактылуу чөйрөгө салыштырмалуу алда канча көп адилетсиздиктер жана ырайымсыздыктар жасалат.
— Суранам, мени үйүмө жеткириңиз! – деп кыйкырып жиберди деми кысылып бара жаткан дарыгер.
Абогин дароо коңгуроо какты. Анын чакырыгына эч ким келбей кечиге баштаганда, коңгуроону кайра кагып, жерге ыргытып жиберди; ал килемге катуу тийип, өлүп бара жатып онтогондой үн чыгарды. Аңгыча кызматчы да келип калды.
— Каякка жүрөсүң, шайтан алгыр?! – кожоюн муштумун түйүп кол салчудай качырып барып токтоду. — Кайдан жүрдүң? Бар, бул мырзага араба беришсин деп айт, мага да араба дайындашсын! Токто! – деп кыйкырып жиберди кызматчы кетүүгө даярданып бурулганда. — Эртең үйдө бир да чыккынчы калбасын! Баарыңар жоголгула! Жумушка башкаларды алам! Жыландар!
Арабаны күтүп, Абогин менен дарыгер унчукпай калышты. Биринчисине токчулуктун жана салабаттуу келбеттин көрүнүшү кайтып келген эле. Ал конок бөлмөнү кыдырып, башын ийкеп, бир нерсени долбоорлоп жатканы көрүнүп турду. Ачуусу али сууй элек, бирок ал душманын көрмөксөнгө салууга аракет кылып жаткан… Дарыгер ордунан туруп, бир колу менен үстөлдүн четинен кармап, токчулукту жана сыланып сыйпанган көтөн короздукту кайгы менен жокчулук кандай жек көрүүгө жөндөмдүү болсо, Абогинди дал ошондой көрүп, көзүнүн огу болсо атып ийчүүдөй көз караш менен тиктеп турган.
Бир аздан кийин, доктур арабада кетип бара жатканда деле анын көздөрүнөн жек көрүүнүн изи кете элек болчу. Айлана бир саат мурункудан алда канча караңгы эле. Кызыл жарым ай дөбөнүн артына эбак эле батып кеткен, аны кайтарган булуттар жылдыздардын жанында кара тактай болуп көрүнөт.
Аңгыча, кызыл жарык күйүп турган араба жолдон тарсылдаган боюнча, доктурдан ашып кетти. Абогин нааразылыгын билдирип, өзүнүн арам иштерин жасаганы бара жаткан…
Доктур жол бою аялы жөнүндө эмес, Андрей жөнүндө да эмес, Абогин жана жаңы эле таштап чыккан үйдө жашагандар тууралуу ойлонуп баратты. Анын ойлору адилетсиз жана адамгерчиликсиз таш боор эле. Ал Абогинди да, анын аялын да, Папчинскийди да, кызгылтым күүгүмдөгү бөлмөлөрдө атыр жыттанып жашагандардын баарын күнөөлөп, жүрөгү ооруганча аларды жек көрүп жатты. Жана бул адамдарга карата анын мээсинде жаман ой-пикир, жаман ишеним пайда болду.
Убакыт өтөт, Кириловдун кайгысы да өтөт, бирок бул адилетсиз, адамдын жүрөгүндөгү татыксыз ишеним эч качан кетпейт жана анын акыркы саатына чейин дарыгердин эсинде кала берет.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



