Элмира АЖЫКАНОВА: “Айсанат”

(аңгеме)

Айсанат бүгүн сабактан кечирээк чыкты. Акыркы лекция баягы мактанчаак агайдыкы болчу. Ал дайыма ушинтип өзүнүн качанкы бир эмгектерин кайра-кайра айтып, коңгуроодон кийин да студенттерди кармай берет.

Сабактан эптеп бошогон студенттер тепкичтерден дүпүрөп түшүп, имараттан агылып чыгып, туш-тушка тарай башташты. Айсанат саатына бир карап алып, кыздардан бөлүнүп, түз эле мэрияны көздөй шашып жөнөдү. Кеч күз суугуна тартып, жамгыр жаай тургансып нымтырап, айлана кыш жыттанып калыптыр.

Айсанат төртүнчү курста окуйт. Кыздар менен көчөдө шыңкылдай басып, балмуздак жеп же жаштар көңүл ачкан жерлерге барууга анын шарты жок. Өзү деле андайды табиятында жактырбайт. Беш бир туугандын эң улуусу. Кичүүлөрү мектепте окушат. Апасы жалгыз бой аял. Алыскы тоолуу айылда турушат. Айсанат он жашында атасы машине кырсыгынан каза болуп калган. Эң кичүү бөбөгү эмчекте болчу. Апасы балдарын эптеп чоңойтом деп көп азап тартты. Жарды турмуштун айынан кийин оорукчан да болуп калды.

Айсанат кичинесинен эле тирикарак, зээндүү болуп чоңойду. Мектепте абдан жакшы окуду. Ошон үчүн жогорку окуу жайга өз күчү менен өтүп кетти. Бирок жалгыз бой энесинен жардам болбогондуктан, биртике стипендиясы эч нерсеге жетпей, сабактан кийин иштөөгө туура келди.

Мына азыр да жумушуна бара жатты. Мэрияда пол жуугуч болуп орношуп алган. Буга чейин да кечкисин кафеде идиш жуучу. Сабактан чыгып, түн жарымына чейин иштегенине карабай абдан эле аз төлөшчү. Азыр болсо күнүгө кечки саат жетиден тартып мэриянын имаратында өзүнө чектелген бөлмөлөрдү, коридорду жууп, эшик-терезелердин чаңын сүрүп чыгат.

Айсанат арыкчырай, шыңга бойлуу, көздөрү бакыракай, коюу чачы белине түшүп турган аксаргылынан келген жылдыздуу кыз. Мүнөзү токтоо көрүнгөнү менен жан дүйнөсү удургуп турган кыялкеч кыз. Көп нерсе жасагысы келет. Кыздарга тиешелүү кошумча өнөрлөрдү да окуп үйрөнсөм дейт. Өзү дилгир, көргөн укканын бат өздөштүрөт. Башка кыздардай жарашыктуу кийингиси келет. Кандай көйнөк кийсе да ага жарашып каларын билет. Анткени мүчөсү колго жасагандай татына. Анан да көбүрөөк акча таап, айылдагы апасына каралашсам дейт. Бирок ой жеткен жерге кол жетиши кыйын тура. Өзү студент болсо кайдан… Шаарда жок дегенде бир бөлмөлүү үйүм болсо, бөбөктөрүмдү алып келип окутсам, алар да тил үйрөнүшсө, апамды чоң доктурларга көрсөтсөм деп кыялданат. Бирок ага кудурети кайдан жетет. Анан кээде кыялдарга батат. Кө-өп акча таап алсам дейт. Ою менен байып, тээ ата-бабасы көрбөгөн чет өлкөлөргө чейин кетип калат.

Пол жууп тапкан акчасы деле чеке жылытпайт. Бирок жоктон көрө күнүмдүк баскан турганына огожо болуп жатпайбы.

Мына азыр да келип мэриянын жаркыраган бөлмөлөрүн, узун коридорун жууп, килем-килчелерин тазалап жатты. Сөзгө калбайын деп ал ишине тыкан. Анын үстүнө ал шаар башчынын кабинетин жууйт. Демек жоопкерчиликтүү. Жети түнгө калбаш үчүн Айсанат тез-тез иштеп, жумушун ылдам бүткөрдү. Ал дайыма ушинтет. Бүтөрү менен мээлейин, халатын чечип, жуунуп, кайра тызылдаган бойдон жатаканасына келет. Күнүгө кечте ушул ишин кайталайт. Бирок кээ күндөрү кармалып калат. Анткени шаар башчы кээде иштен кеч кетет. Андай учурда айла жок анын кетишин күтүп, коридордогу креслодо китеп окуп олтуруп калат.

Шаар башчы толугураак келген, бирок көрүнүшү салабаттуу, чачын ак аралай баштаган, болжол менен элүүдөн өтүп калган киши. Балким андан да улуудур, ким билет. Сыртынан караганда сүрдүү көрүнөт. Мекемеге кирип чыкканда коридордогу, кабылдамадагы адамдарга таптакыр көңүл бурбайт. Салам айтышса уктум дегендей, карабай туруп эле баш ийкеген болуп коёт. А ички жан дүйнөсүндө дагы кандай адам экенин ким билсин? Ага ким кызыгып көрүптүр.

Бир күнү да Айсанат коридордо анын кетишин күтүп олтурса, шаар башчы сыртка тамеки тартканы чыгып, бу кыз беймаал эмне олтурат дегендей түр менен суроо салды.

– Кызым, сен кимге келдиң эле?

Айсанат ордунан тура калды.

– А мен бул жерде иштейм, пол жууйм. Сиздин бөлмөнү жууюн деп күтүп олтургам, – деди.

– А жакшы. Мен азыр кетийинби анда? – Ал кызды сынагандай көз менен алдыртан карап калды. Анын сөзү какшыкпы, тамашабы же чындап эле сурадыбы Айсанат түшүнө албай шашып кетти.

– Жок. Иштей бериңиз. Мен күтүп олтура берем…

Дагы туура эмес сүйлөп алдымбы деп ал ого бетер оңтойсузданды.

– Жок, кет десең кетип деле калайын? – деп шаар башчы тамекисин кутусунан сууруп жатып көзүнүн кыйыгы менен Айсанатты сынагандай алдыртан тиктеди. Анын тамашалап жатканын түшүнгөн кыз эми унчукпай калды.

– Кабинетке кирип олтуруп турчу, сүйлөшөлү, – деди да ал тамекисин тартканы ары басып кетти. Айсанат “Бишкек шаардык администриция башчысы Айдар Сариев” деген жазуусу бар эшикти ачып кирип, жумшак орундукка коомай олтурду. Эмнени сүйлөшөт же таза жуубай жатасың деп айтабы? Же мындан кийин таң эрте келип жуугунуң дейби? Ушундай чоң кызматкер майда сөздү айтмак беле? Айсанат сарсанаа боло баштады.

Чындыгында Айдар Сариевич кызды мурда эле байкап, көз кыйыгын салып жүргөн. Ыңгайын таап, сөзгө тарткысы келип жүргөн.

Анан ал сырттан кирип, ордуна барып шашпай олтурду.

– Та-ак, атың ким?

– Айсанат.

– Айсатана-а-ат! Күндүз башка жерде да иштейсиңби же…

– Жок. Күндүз окуйм, студентмин.

– Аа, түшүнүктүү. Демек, стипендия жетпейт. Туурабы?

Айдар Сариевич кызды суроолуу карады. Айсанат унчукпады.

– Та-ак, жашаган жериң кайда?

– Жатаканада турам кыздар менен.

– Ата-энең, бир туугандарың барбы?

– Апам бар. Беш бир тууганбыз. Мен улуусу…

– Өзүң жатаканада жашасаң анан минтип кечинде иштесең сабакты качан окуйсуң?

– Окуйм. Жетишип эле жатам.

– Студентке дайыма жардам керек. Мен аны билем. Жакшы окуш үчүн курсагы ток, жашаган жери ыңгайлуу болушу керек. А жатаканада эмне… көпчүлүк менен шарт жок да, туурабы?

Шаар башчы Айсанатты эмне дейт дегендей тиктеп калды. Айсанат туура дегендей баш ийкеди. Тиги киши сөзүн улады.

– Мүмкүн сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алып, жакшыраак, акчасы көбүрөөк жумушка иштээрсиң? Ошентсең болобу?

– Билбейм. Антип ойлонуп көргөн эмесмин.

– Анда ушуну ойлонуп көрбөйсүңбү? Жакшы жумуш табылат. Балким мага жардам берерсиң. Анын үстүнө сендей татына кызга күнүгө пол жууп жүргөн жарашпайт экен. Мен деле ар кимге жардам бере бербейм. А сен адептүү жакшы кыз экенсиң. Сендей кыздан жардамымды эч аябайм.

– Рахмат байке, – деди Айсанат жакшы сөзгө ыраазы болгондой. Анын байке дегени Айдар Сариевичке жага түштү. Тартмасынан кичинекей кооз кагазды алып чыгып кызга сунду.

– Мына менин даректерим. Чөнтөк телефонума каалаган убагыңда чала берсең болот. Жардам керек болсо эч тартынба. Жанагыны ойлонуп көрүп мага жообун бер, макулбу?

– Ойлоноюн байке, – деп кыз ордунан турду.

*   *   *

Айсанат кыжаалат ойлордо калды. Сырттан окууга көңүлү тарткан жок. Бирок маянасы көбүрөөк жумушка иштерин ойлосо кайра которулсамбы дейт. Апасына кеңешип көрсөчү? Ал деле өзүңдүн ыңгайыңа кара дейт го. Бирок шаар башчы ага эмне үчүн кам көргүсү келип жатат? А балким ал ушундай боорукер адамдыр… же Айсанатка көз артып, аны өзүнө жакындаткысы келип жатабы? Кантсе деле анын айткандары туура болуп жатпайбы. Анын үстүнө жардам берем дейт. Мүмкүн жетекчи катары кам көрүп жатат го. Азыр ага кам көрө турган адам кайдан табылат эле? Жардам керек болсо эч тартынбай телефон чал дебедиби.

Ушундай арасат ойлор менен жүрдү Айсанат. Бир чечимге келе албай жүргөндүктөн, кечкисин жумушуна барганда шаар башчы менен көрүшүп калбаганга аракет кылды. Мурдагыдан кечирээк барып жүрдү. Арадан бир топ күндөр өттү. Бир күнү тепкичтерди шыпырып жүрсө Айдар Сариевич аны өзүнө чакыртып алды. Көрсө ал кете элек экен. Мени эмгиче унутуп калса керек деген эле. Унутпаптыр. Айсанат халатын чечип, колун жууп, чачтарын оңдоп-түзөгөн соң анын кабинетин баш бакты. Тиги киши ордунан тура калып, кыздын жанына келип кол берип учурашты. Анан экөө катар олтурушту.

– Окууңду ойлондуңбу? Эмне кылмак болдуң? – деди шаар башчы көптөн берки жакын таанышындай камкор мүнөз менен кайрылып.

– Ойлондум. Ректордун наамына арыз жазыш керек экен. Дагы бир справка керек дейт. Анан… – кыз унчукпай калды.

– Анан дагы эмне экен?

– А сырттан окугандар жатаканага жашаганга болбойт экен.

– Ошол элеби? Сен арызыңды таштап коё бер. Калганы бүтөт. А тиги жатакана жагынан кам санаба. Биздин кызматкерлерге убактылуу жашап турганга атайын үй берилет. Шарты бар жакшы үй. Эч ким сага жолтоо болбойт. Каалагандай жашайсың. Каалагандай окуйсуң.

Кыз макул болгондой унчукпай калды. Шаар башчы ордунан туруп, терезе жакка басты. Сыртта караңгы кирип, караңгы менен кошо кар жаап келиптир. Мэриянын алдындагы бийик шам чырактардын жарыгында жааган кар жылтылдап көздү уялтат. Быйылкы кыштын биринчи кары.

– Мына, кыш да келди, – деди Айдар Сариевич Айсанатты дагы сөзгө тарткысы келип. Терезе жакты жалт караган кыз жаап баштаган карды көрүп, жылмайып койду. Анан ордунан туруп, кетүүгө камынды.

Ал күнү Айсанатты шаар башчынын машинеси жатаканасына жеткирип койду. Башта эки анжы ойлордо жүрсө эми анын камкордугун Айсанат ичинен жактыргансып жүрдү. Ал тургай манжаларын коомай кармап өзүнө тартып, колунун сыртын өөп койгону да жакты. Андан кандайдыр бир жылуу, купуя мамилени сезди. Эми ал Айдар Сариевич жөнүндө көбүрөөк ойлонуп, аны өзүнө жакын санай баштады.

Ошентип ал тез эле сырттан окууга которулуп, мэрияга караштуу үйдүн эки бөлмөлүү квартирасына көчүп чыкты. Чын эле шарты жакшы экен. Айсанат андай үйдө жашап көргөн эмес. Жатаканада бирге турган курбуларына ачык айткан жок. Иштешим керек деп гана койду. Бул сырын ичине сактады. Чынында ал өз жашоосун өзгөрткүсү келчү. Окшош күндөрдөн, кишини зериктирген жатакананын жайдак дубалдарынан, темир керебетинен, акчанын дайыма жетпегенинен тажаган. Ооба, ал кандайдыр бир камкордукка, жылуу мамилеге муктаж болуп жүргөн. Ага көп эле жигиттер тийишип, мактоолорду айтып, ар кандай тамашаларды ыргытышчу. Бирок чындап колун сурагандары кездеше элек болчу. Ал эми айылдагы классташы Эрмектин сүйүүсүнө ал шылдың менен жооп берген эле. Эрмек Айсанатты чын дилинен сүйчү. 9-класста окуп жүргөндө ал сүйүү катын жазып, Айсанат үчүн дүйнөнүн бардык азаптарына даяр экенин билдирип, кийин шаарга издеп келип, канча ирет колун сурап жалдырады. Айсанат аны мурдунун суусун тарта элек жаш бала деп эсептеп, теңине албай койду. Анын кичинекей бою да, жаш балага окшошуп кеткен мажирөө ою да кызга таптакыр жакпай койду. “Мени кыздарга уят кылып экинчи келбегин” деген кыязда мыскылдай күлүп узатып коюп жүрдү. Акыры жүрө-жүрө үмүтүн үзгөн Эрмек кийин үйлөнүптүр.

– Айсанат азыр Айдар Сариевичти чоң караан тутуп, анын айтканы менен болсо өзүнө жакшы болорун боолголоду. Анын үстүнө ал киши өзү айткандай, көрүнгөн кызга эле ниети түшүп, баарына эле кам көрө бербесе керек да.

Ошентип ал шаардагы авторитеттүү, бай фирманын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп калды. Бул фирма көрсө тиги кишинин менчиги экен. Бирок Айсанаттын ишин көбүнчө улгайган инспектор аял аткарып жатты. Ошондой тапшырма берилсе керек – улгайган аял жанталашып Айсанатка ишти үйрөтө баштады. Көрсө кадрлар башчысынын иши да оңой эмес экен. Бирок айлыгы жакшы. Өгүнү биринчи маянасын алды. Колуна чоң суммадагы акча тийди. Мынча акчаны ал эч качан кармап көрө элек болчу. Чындыгында кубанды. Өзүн кандайдыр ишенимдүү сезе баштады. Шаар башчыга ичинде ыраазы да болуп жүрдү.

Айдар Сариевдин сунуштарына кыздын макул болуп жатканы – анын жарым жеңиши болчу. Кыздын ишенимине акырындап кирип келаткан шаар башчы көңүлдүү иштеп жүрдү. Анткени тал чыбыктай сулуу, жапжаш кызга кам көрүп жүрбөйбү. Аны оюнда эч кимге ыраа көрбөйт. Айсанаттай татына кыз менен өзүнүн тагдырын байлагысы келип жүрбөйбү. Бирок анын бул купуя оюн Айсанат али толук аңдабаса керек.

Бир күнү ага шаар башчы конокко чогуу барып келүүнү сунуш кылды. Бир кезде Ташкентте бирге окуган жолдошу шаар четиндеги дачасына мейманга чакырып жатыптыр. Ал жерге башка жолдоштору да келишет экен. Айсанат мындай сунушка ойлонуп калды. Чоң кишилердин отурушуна баруунун кажети барбы? Анын үстүнө менин ал жерде кандай тиешем бар? Көңүлү ыргылжың болуп ынабай турду. Анан барбайм деп чечти. Шаар башчы андан суранды.

– Менин коллегам катары барышың керек. Сен экөөбүз ал жерде сыйлуу конок гана болобуз, жаманбы? Эс аласың, дачасы да кооз жерде, – деди.

– Анан кайра келип калабызбы?

– Келбегенде… кечинде тарайбыз да. Анын үстүнө сен мындан ары чоң кишилердин чөйрөсүнө да аралашып көнүшүң керек. Сен үйрөнө турган көп нерселер бар турмушта.

Айсанат макул болгондой үндөбөй калды. Ушунча кам көрүп жүрсө, анан улук башын кичик кылып, конокко барып келишин суранып жатса барбайм дегени да чекилик болчудай. Айдар Сариевич жан чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып, үч кагаз акча сууруп алды да Айсанатка сунду:

– Конокко кийип барганга ылайыктуу көйнөк сатып ал өзүңө.

– Жок, кереги жок. Көйнөгүм бар, – деди кыз тарткынчыктап. Чынында ырыстуу деле көйнөгү жок болчу. Бети дуулдап уялып кетти. Албайм деди. Тиги да болгон жок. Акыры акчаны алууга аргасыз болду. Эртеси Айсанат “Айчүрөк” дүкөнүнөн өзүнө тандап жүрүп эң сонун көйнөк анан артканына туфли сатып алды. Үстүндөгү кооз бантигине ак мончоктор басылган капкара койкойгон кол кашыктай туфли анын апакай, түптүз буттарына куп жарашып калды. Көйнөгү да өзүнө гана арналып тигилгендей мүчөсүнө кыналып сонун. Жердиги кара, майда-майда сейрек ак жылдыздары бар, жака жеңи кооздолуп тигилген адеми көйнөк. Кадимки эле түнкү асманды элестетет.

Айсанат күзгү алдында көпкө каранды. Укмуштай сулуу болуп калды. Мындай көйнөктү бала болуп башына жүн чыкканы кийген эмес. Ичинде Айдар Сариевичке дагы бир жолу ыраазы болуп турду.

Ошентип алар чакырылган күнгө шаар четиндеги дачага барып түшүштү. Чын эле абдан кооз жер экен. Дачалар жар бойлото салыныптыр. Жардан ылдый көк кашка суу окторулуп агып жатат. Бир чети коркунучтуу. Бирок кооз. Коноктор машина менен бирден экиден келип, бири-бири менен ысык учурашып жатышты. Көрсө булар көп жылдардан бери көрүшө элек достор экен. Үч киши жалгыздан, эки киши жубайлары менен келишти. Бирок негедир жубайларындай көрүнбөдү. Байкаса көңүлдөш айымдары окшойт. Шаар башчы Айсанатты “мени менен чогуу иштейт, жардамчым” деп тааныштырды. “Абдан жакшы!” дешти баарысы. Ал тургай кызга мактоо сөздөрдү да айтып жиберишти. Үстөлдү ийилте жасалган дасторкондо абдан көңүлдүү отуруш болду. Бири бирине ыргыткан тамашалар, күлкүлөр көп болду. Жаш кездеги жоруктарын эстешип, ошол кездин урматына деп ичкиликтен татып олтурушту. Ичкиликке кыйнашабы деп Айсанат сарсанаа болду эле, ырас антишкен жок. Айдар Сариевич да “Айсанат ичкилик татып көрө элек” деп койду. Ооба, чынында татып көрө элек болчу. Бирок шаар башчы аны билбейт эле. Калп эле тигилерге билген киши болуп койду. Дасторконго баары көңүлдүү, тамашакөй, какшыкчыл адамдар чогулуптур. Бир гана Айсанат унчукпай суусундуктан, жер-жемиштен анда-санда татып, тигилердин тамашаларына жылмайып коюп олтурду. Алар менен тең ата болуп сүйлөшө албайт эле. Анын үстүнө аларга чоочун. Бирок коноктор баары бир ага көңүл буруп, сый көрсөтүп жатышты. Ырдап кой деп да суранышты. Айсанат ырдагандан качпайт. Анкени үнү жагымдуу, кооз. Жакшы ырдаарын өзү да билет. Институттун сахнасында ар кандай майрамдарда, кечелерде ырдап жүрөт. Мында да анын жаштыгы, сулуулугу, жылмайганы, кооз көйнөгү – айтор баарысы өзүнө жарашып, булактын шыңгырындай таптаза үнү берки эркектердин да делебесин козгоп жатты. Ошону алдыртан байкаган шаар башчы сыймыктуу, ишенимдүү олтурду. Чындыгында ал жерге Айсанатты мактаныш үчүн ээрчитип барган эле.

Ошентип, күүгүм талаш коноктор ала-күү болуп тарашты. Айдар Сариевич телефон чалып шоопурун чакырды. Май айынын мемиреген түнүндө алардын машинасы калааны көздөй зымырап келатты. Өзгөчө шаар башчынын дүйнөсү түгөл болуп, көңүлү балкып, улам бурулуп Айсанатка ыраазы боло карап коёт. Бирдеме дегиси келет. Кайра унчукпай калат. Анан алар көчөлөрдү аралап жүрүп олтуруп, шаардагы кадырлуу адамдар жашаган бир чоң үйдүн так алдына келип токтошту. Жерге түшүштү.

– Эми меникине конок бол, – деди шаар башчы кызга.

– Жок, байке, кеч болуп кетти. Кетишим керек.

– Жок. Минтип көчөдө акыйлашып турганыбыз жарабайт. Кир үйгө.

Экөө тепкич менен көтөрүлүп, экинчи кабаттагы 46-квартираны ачып киришти. Үйдүн ичи абдан жакшы жасалгаланган экен. Бирок байкаса киши жоктой. Жымжырт.

– Үйүңүздө эч ким жокпу?

– Жок. Экөөбүз элебиз… Мен шаардын башка тарабында турам. Кыздарымдын үчөө тең турмушка чыгып кетишти. Уулум болсо жок. Бул үй бош. Ким келип жашайт деп эле күтүп турат. Эгер макул болсоң ушул квартирага сен кирип жашай бер. Балким сеники болуп калат.

– Кандайча? – кыз шашып кетти. Жүрөгү бир нерсени сезгенсип болк дей түштү. Шаар башчы бул сөзү менен бир максатын кыйытып турганын байкады.

– Жок, жок, мен бул жерге жашабайм. Кетем, – Айсанат өзүн ушул үйгө камалып калчудай сезип, ордунан тура жөнөдү.

– Кантесиң эми. Кетесиң. Мен жөн эле айтып койдум. Кел андан көрө чай ичели, суусадыңбы?

Кыз унчукпай туруп калды. Айдар Сариевич кызды жылмая тиктеп анан каткырып күлүп алды.

– Коркогум десе… Сен мага ишенбейсиңби? Сени эч бир жамандыкка кыя албайм. Ушуну түшүнөсүңбү?

Муздаткычтан бирдемелерди алып чыгып, үстөлдүн үстүнө коё баштады. Аңгыча чай кайнады. Айсанат чай ичмейинче кутулбасын түшүндү окшойт. Чайнекти алып өзү демдей баштады.

– Бүгүн сенин көйнөгүңдү бир аз майлап коюшубуз керек. Анткени сени абдан сулуу көрсөтүп турат, – деп шаар башчы муздаткычтан шампан алып чыкты. Оозун ачып, эки бокалга көбүртө куйду. Анан кызга карап тост айтты:

– Айке, – деп эркелете сүйлөдү. – Рахмат сага, коноктордун алдында менин кадырымды дагы көтөрүп койдуң. Байкадыңбы, баардыгы сага суктанып олтурушту. А мен сыймыктандым. Кел, эми мындан ары дайыма бири бирибизди колдоп жүрөлү. Сен каалаган тилектердин баарына жардамдашканга мен даярмын. Ушуну эсиңден чыгарба. Кел, бир аз татып кой. Шампан деген жөн гана суусундук эмеспи.

Чындап эле суусап турган кыз колундагы бокалды тартып жиберди. Анан алар чай ичишти. Шампандан дагы куюлду. А сыртта түн коюуланып баратты. Башта кыз кетүүнү ойлоп жатса, эми эмнегедир эч кайда шашпай, шаар башчынын маңдайында беймарал олтурду. Чын эле бүгүн өзгөчө чырайына чыгып, эки бети тамылжып, жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрү балбылдап олтурду. Ушинтип эс алып олтура бергиси келди. Эркектин жагымдуу сөздөрү, жылуу мамилеси ага жагып жатты. Жакшы сөздөрдөн дагы айта түшүүсүн каалады.

Ошентип алар бул үйдө түнөп калышты. Чындыгында кыз өзүнүн эркин башкара албай, амалдуу эркектин алдында алсыздык кылды. Анын үстүнө шампанга кызымтал болуп калган. А шаар башчы болсо көптөн бери эңсеп жүргөн максатына жетти.

Таң агарганда уйкудан көзүн ачкан Айдар Сариевич терезе парданын ары жагына өтүп, сыртты тиктеп турган кыздын өкүнүчүн, таарынычын далысынан сезди. Ордунан туруп барып, Айсанатты колдон алып өзүнө бурду. Маңдайына тизелей олтуруп, колдорун кош колдоп кармап, кечирим сурады. Кыз колдорун тартып алып, бетин басып ыйлап жиберди.

– Баардыгы жакшы болот, Айсанат. Капа болбочу. Мен сага баарын жасайм, бактылуу кылам сени, – деп күнөөкөр болуп турду тиги киши.

Ошентип ушул күнү Айсанаттын тагдырында чоң бурулуш болду. Аны Айдар Сариевич алиги квартирага көчүрүп келди. Бул жакшыбы же жаманбы? Туурабы же туура эмеспи – эми баары бир ал шаар башчынын жашыруун аялы болуп калды. Алгачкы күндөрдө кыжаалат болуп, өзүнүн кандай ишке барганын аңдай албай жүрсө, бара-бара тагдырына көнө баштады. Ал тургай Айдар Сариевичти күтчү болду. Аны менен чогуу болгон учурларды жакшы көрөт. Анын өзүнө карата айтылган жылуу сөздөрүн уккусу келе берет. Ар бир күндө, ар бир түндө бирге болгонду каалайт. Бирок тилекке каршы ал киши ар күнү, ар түнү келе албайт. Анткени анын өз үй бүлөсү бар. Ооба, анын аялын кайсы бир майрамдык салтанатта көргөн. Күйөөсүнүн катарында олтурган эле. Чачы мулуюп эркектердикиндей кыска кыркылып, кара кочкул түскө боёлгон, толмочунан келген, көкүрөгү бир кучак, богогу кат-кат болгон улгайыңкы аял болчу. Күйөөсүнөн улуудай, кебетеси кополураак да көрүнгөн. Эми ошол аял кээде эсине түшө берет.

Күндөр өтө берди. Кыз жумушун жакшы үйрөнүп алды. Жоопкерчиликтүү иштейт. Жумуштан кийин бош убактысында сабактарын карайт, сессияга даярданат. Бир күнү үйгө шаар башчынын жөнөтүүсү менен улгайган аял келди. Айдар Сариевич жиберди деп өзүн кызга тааныштырды. Орто бойлуу, буурул чачын төбөсүнө тыкан түйгөн, көзү көгүлтүр, шыпылдап элпек сүйлөгөн аялдын улуту татар, аты Нэля экен. Ооба, бул жөнүндө сөз болгонун эми эстеди. Айсанат анда унчуккан эмес.

Нэля өмүр бою колунда барлардын үйүндө жалданма бала баккыч, үй кызматчысы болуп иштеп келатыптыр. Сөзгө бек, сырды бекем сактаган, иштерман, ишенимдүү аял болгону үчүн аны чиновниктер биринен сала бири жалдап алышат. Ошентип айлык таап жан багат экен. Шаар башчы Айсанатты жалгыз калганда коркпосун, анан да үй жумуштарына жардам берсин деп келишим түзүп үйүнө жиберди. Анын милдети – кыз жалгыз болгон түндөрү аны менен түнөйт. Үй жумуштарына жардам берет. Бирок бул нерсе Айсанатка анча жага берген жок. Баардык оокатты өзү эле жасамак. Бүтпөй жаткан кайсы түйшүк бар эле? Түнкүсүн деле коркмок эмес. Эмнеден коркот? Сабак окуп, кино көрүп жата бермек.

Алиги аялдын келгенин, анын жардамынын ага кереги деле жоктугун айтып шаар башчыга эртеси телефон чалды.

– Сен эмне үй жыйнап, кир жууп жүрмөк белең. А мен барбаган күндөрү коркосуң. Ал сага жолтоо болбойт, акысын төлөп турам, ал ишенимдүү аял, – деди. Айла жок Айсанат буга да макул болду. Балким шаар башчыныкы туурадыр.

Чындыгында Айдар Сариевич сыртынан билдирбегени менен Айсанатты көңүлүндө аябай кызганат. Ошон үчүн бат-бат телефон чалып, кайда экенин сурап билип турат. Кеч кала турган болсо машинесин жиберет. Анан оңойбу? Жашжаш, супсулуу келинге кимдер көз артпайт. Анан өзү анын коюнунда күнүгө боло албаса. Жашы да улуу болсо… Бир чети ушуну ойлоп тигил аялды жалдабадыбы. Ким билет, ээн үйдө көбүнчө жалгыз түнөсө… жаш неме өзүнө куракташ жигиттерге азгырылбайт деп айтып болобу? Ушул ой шаар башчынын дайыма жүрөгүнүн башында туруп жатпайбы.

*   *   *

Арадан айлар өттү, мезгилдер алмашты. Жай бүтүп, күз келди. Эми минтип күз да аяктап, кыш босогодо турат. Айсанаттын үч айлык боюнда бар. Муну укканда Айдар Сариевич терисине батпай сүйүндү. Себеби анын эңсегени эркек бала эле. Кудайдан тилегени орундалса баласы, жаш аялы менен ачыкка чыкмак. Ага чейин Айсанаттын турмушу акырындап өзгөрүлө берди. Курбу кыздарынын баарынан кол үздү, кабарлашпай калды. Энесине болсо турмушка чыкканын, бирок азырынча эч кимге билгизбей жашап турушаарын, анткени ачыкка чыгууга шарттары жок экенин кыскача жазып, кечирим сурап кат жөнөткөн. Өзүнүн дарегин билдирген эмес. Дагы кабарлашам деп койгон. Энесинин сарсанаа болуп жүргөнүн жүрөгү сезип эле жүрөт. Бирок шаар башчынын айтуусу боюнча бир аз чыдай турса баары жакшы болот.

Ал жумушуна түптүз барып, түптүз келет. Келет да куурчактын үйүндөй жасалган квартирасынын мелтиреген дубалдарына камалып жатканы жаткан. Үйүндө кем-карчы жок, бардык шарты бар. Акча кенен. Эмне сатып алам десе өз эрки. Китеп-гезит окуйт, телевизор көрөт. Зериккенде үйдүн ичин жаңырта ырдайт. Ырдап ырдап алса жеңилдей түшкөнсүйт. Бирок андан деле тажап кетет. Дем алыш күндөрү убакыт өтпөйт. Анткени мурдагыдай каалаган жагына басып кетмей жок. Тааныштарга телефон чалыштын да кереги жок. Врачка же дүкөнгө бара турган болсо тигинин айдоочусу алып барып келет. Алган маянасын эки-үч ирет апасынын дарегине жөнөттү. Анткени ага маянадан бөлөк деле каражаты жетиштүү. Өзүнө керектүү нерсенин баарысын алып берген.

Айдар Сариевич келерде кызматчы аял үстөлгө тамаш-ашын тыкандык менен даярдап коюп, акырын жылып чыгып жок болот. Ага чейин жалгыздыктан зериккен Айсанат тигинин коюнунда каалагандай эркелейт. Жашы улгайып баратса да анын сомтемирдей салмактуу денеси кызга жагат. Бирок байкаса барган сайын Айдар Сариевич ага баштагыдай үзүлүп түшпөй, жылуу сөздөрү да азайып, эми баары бир меники да дегенсип, моокуму кангандан кийин саатын карап же кайдадыр телефон чалып, болбосо уктап кетчү болду. Башта эки-үч күндүн биринде ушул үйдө болсо, эми жумушум көп болуп жатат деп жумасына бир гана жолу келип жүрөт. Балким чын эле жумушу көптүр, балким чарчап жүргөндүр деп ойлойт Айсанат. Бирок баары бир аны күтө берет. Жашы улуу болсо да, жубайлык турмушу жашыруун өтүп жатса да көзүн ачып көргөн, оозун ачып өпкөн эң биринчи эркеги эмеспи. Аны күтпөгөндө кимди күтөт?

Үй кызматчы турмуштан көптү көргөн кыраакы, маданияттуу аял. Өзү жупуну жашаганы менен чоңдордун үй-бүлөлүк жашоосун жакшы билет. Айсанатка боюнда болгондон бери өнтөлөп мамиле жасап жүрөт. Аял катары кээде кеңешин да айтат. Кыйналбай оңой төрөш үчүн эмне кылуу керек, кайсы тамактарды көбүрөөк жеш керек, өзүн кандай алып жүрүш керек – ушуларды ыгы келгенде айтып калат.

– Эми кожоюнуңду кубандырып уул төрөп бере гөр, – деп жылмайып коёт. Ушундай сөздөн кийин Айсанат кыз болуп калса кантем деп ичинен кыжаалат болот.

Зериккен учурларда өз колу менен экөөбүз үчүн деп эки кооз жаздык курады. Четтерине жука сары жалтырак кездемеден желбирек жасап, кыялын, мээримин кошо көктөп ортосун саймалады. Бурчтарына жибек чачы такты. Абдан жумшак, адеми жаздык болду. Анткени ага сүйүүсүн, колунун жылуулугун өткөрдү. Өзү тиккен жаздыктарына өзү суктанды. Айдар Сариевич келсе көрсөтөм деп кубанды. Эки жаздыкты диванга жөлөп койду.

Шаар башчы келгенде байкайбы десе жаздыктарды байкаган деле жок. Өзү колуна алып ага көрсөттү.

– Кандай тигиптирмин. Кооз бекен? – деди жылмайып.

– Өзүң тиктиңби?

– Ооба. Саймаларын бүт өзүм сайдым.

– Жакшы экен. Бирок буга эмне убара болдуң? Көз майыңды коротпой, мындайларды сатып эле алгын да, – деп Айдар Сариевич жаздыктарга көңүлкош эле карап койду. Айсанат таарынгансып калды. Кийин үй кызматчысына айтса

– Эркектер мындай иштерге маани бербейт. Ага таарынбай эле кой, – деп жооткотту.

Ошентип, жаз келди. Бак-дарак жашыл жамынып, көчөлөр көркүнө чыкты. Май айынын орто ченинде Айсанат көз жарды. Кыз төрөлдү. Төрөт үйүнөн чыгар күнү шаар башчы өтө зарыл иштер менен бошобой жатканын айтып, таң эрте Айсанатка телефон чалды. Айдоочу жигит менен кызматчы аял доктурларга жолдугун жасап, Айсанатты үйгө чыгарып келишти. Ошентип, ал эне болду. Эми эртеден кечке ымыркайы менен алек. Үй кызматчынын жардамына эми чындап муктаж болду. Кызматчы аял да баланы багууга чоң жардам берип жатты. Анын баркын эми билди Айсанат. Бирок жумушу көп күйөөсү анда-санда келчү болду. Келсе да түнөбөй эле ал-ахыбалын сурап, акча таштап, ымыркай кызын эңкейип өөп, шашып чыгып кетет. Ал кеткенден кийин баарына баам салган кызматчы аял ашканадан акырын жылып чыгып:

– Чоңдордун жумушу оор да. Күндөп-түндөп иштеп чарчашат. Карачы, жада калса жаш аялынын жанында жарым күн болгонго да убактысы жок бечеранын, – деп сүйлөнөт. Бул сөзү – жаш келиндин көңүлүн жайгарып соороткону. Айсанат да ичинен ушундай деп жоруйт. Бирок бала улам торолгон сайын атасы сейрек келчү болду. Эмнегедир үйдөгү телефон да иштебей калды. Анан Айсанаттын кол телефону да өчүп калыптыр. Убараланып иштете албай койду. Шаар башчыга айтса:

– Сага телефон анчейин деле зарыл эмес да, мен өзүм келип турам, – деп койду. Ошентип ал сырткы дүйнөдөн дагы бир жолу бөлүнгөнсүп тунжурап калды. Бирок ага эч ким деле чалчу эмес.

Күндөр өтүп, торолгон наристе эми талпынып калды. Айдар Сариевич болсо Айсанаттын ысык коюнун эңсеп калганда гана келет. Баягы-баягы ашыктык сөздөрүнүн бири жок. Бардык шарты болгону менен аялдын көңүлү толбой турса кыйын эмеспи. Алтын күмүшүң, сандык толгон акчаң, мартабалуу кызматың, хан сарайдай үйүң баары биригип көңүлдүн эңсөөсүн баса албайт экен. Анын үстүнө жаш келиндин жаңы бүчүр байлаган жазгы бутакка окшош кыял тилегине улгайган эркектин токтоо мамилеси коошпой, акыры ортодогу боштук, жалгандык көрүнөө чыга келет тура. Мына эми Айсанаттын баланы кызматчы аялга бактырып, өзүм ишке чыгайын деген оюн да Айдар Сариевич четке какты. Ага баары жетиштүү экенинин, дагы жетпеген шарты болсо түзүп берерин айтты. Быйыл ал диплом жактап окуусун аякташы керек. Бирок экзамендерге өзү барган жок. Анын баарысын шаар башчы бүтүртүп коюптур. Эми окуу жайга дипломун алганга гана барат экен.

Айсанат күн өткөн сайын өзүн капаска камалган куштай сезип жүрдү. Адамдардан алыстап, бир гана көргөн, билген, тааныган адамы – үй кызматчысы болуп олтурат. Ойлоп көрсө өмүр бою ушинтип жашайт окшойт. Бир кездеги ак булуттай таза көңүлүнө акырындап кир түштү. Чийки май жегенсип, жүрөгүнүн башында бир түпөйүл сезим пайда болду. Ырас, Айдар Сариевичтин бир кездеги жылуу-жумшак мамилесине, камкордугуна жан дилинен ыраазы болуп, анын бардык кеңештерин эп көрүп, бактылуу кылам деген сөздөрүнө ишенип, ага да ошондой аруу ниет менен мамиле жасаган. Чындыгында ага эч ким анчалык кам көргөн эмес. Шаарда ага жардам кылар жакын адамы жок болчу. Ошон үчүн кээде өзүнүн келечегине ишене албай кетер эле. Ал эми Айдар Сариевичке жолукканы ошол кезде ага асмандан түшкөн чоң жакшылыктай туюлган. Жакшы шартты, жылуу сөздү, жылуу кучакты ал сүйүү деп түшүнгөн экен. Көрсө жаңылыптыр. Андай эмес экен. Чыныгы сүйүү деген таза, чынчыл, ак ниет болмок. Калп нерсе баары бир эртеби-кечпи сыртына калкып чыгат тура. Көрсө адам өзүн өзү дайыма алдап жүрө албайт экен. Аялдын жүрөгүндө сүйүү болбосо эркекке көңүлүн бере албайт, мээримдүү боло албайт. Ал тургай барган сайын өз дүйнөсүнө өзү бекинип, туюк жарадай кыйноо тарта берет экен. Буга Айсанаттын күн санап көзү жетип барат. Көчөдө балдарын жетелеп, сейилдеп жүргөн жубайларды көрүп жүрбөйбү. А булар анте алышпайт. Ал тургай конокко, дүкөнгө, доктурга бирге барышпайт.Ойлоп көрсө экөөнүн башы бириккени чогуу эч кайда барышпаптыр. Наристе кызына убактысын бөлүп, колуна алып эркелеткен учуру деле боло элек. Ушундай тоң, өзүнүн чиновниктик эрежесинен чыга албаган, өзүмчүл эркекти күйөөм деп эсептеп жашаштын зарылдыгы барбы деген суроо Айсанатты кыйнай баштады. Эми ал өзүнө өзү батпай, төрт дубалдын ичинде өзүн кайда коёрун билбей туталанчу болду. Баарынан да апасын сагынды. Кызынан жарытылуу кабар ала албай чоң күйгүлтүккө түшүп, ого бетер ооруп жүргөнүн ойлосо, азыр эле айылга жетип баргысы келет. Бирок Айдар Сариевич эмнегедир бул жагын ойлобогондой. Бир аз шашпай тур, барысы жакшы болот деген гана сөздү айтат. А ичинде эмне ой-максаты бар Айсанатка белгисиз. Болгону апасынын дарегин тактап алып, кызынын атынан эки-үч ирет акча жөнөттү. Бирок көңүлдүн иши акча менен чечилбейт экен. Ага күндөн күнгө таарынып, ишеничи азайып, барган сайын ичи муздап да барат. Ушул кишиге тагдырын байлаганына өзүн өзү жектечү болду. Ал келгенде башта кубанып тосуп алчу. Эми суз, ички капалыгын айта албай жүргөнү көздөрүнөн көрүнүп турат. Көңүлү ачык кезде созолонто ырдаганды жакшы көрчү эле. Көптөн бери ырдабай да калды. Ырдаса эле ыры ыйга окшошуп кетеби деп коркот.

Күндөрдүн биринде эч кимге эч нерсе айтпай туруп, үй кызматчы өз үйүнө кеткенде баласы экөөнүн анча-мынча кийимдерин чогултуп салып, жанына жолго жетерлик акча алып, кулагындагы, манжаларындагы шакек-сөйкөлөрүн, мойнундагы кымбат баалуу алтын “каргысын” чечип, ага үйдүн ачкычын кошуп, баягы өзү кооздоп кураган жаздыктын үстүнө чогултуп коюп, баласын көтөрүп, сумкасын ийинене асып үйдөн чыгып кетти. Каалгасы ачык бойдон калды. Түрмөдөн бошонуп, эркиндикке бараткан кишидей сезди өзүн. Кимдир бирөө артынан издеп келип кармап калчудай шашты. Вокзалга келсе өз айылына кетчү автобуска бир гана жүргүнчү жетпей турган экен. Айсанат олтурары менен жүрүп кетти. Дүкүлдөгөн жүрөгүнүн тушуна колундагы баласын басып, бир топ жерге чейин кабатыр болуп келди. Анан шаардан бир топ узап, автобус ээн жолго чыккан соң жүрөгү өз ордуна келгенсиди. Бирок баары бир “кызымды атасынан ажыратып баратам” деген кыжаалат ой көкүрөгүн мыжып келатты.

Күүгүм кирип, көз байланып калган маалда райондун борборуна келип түштү. Эми мындан ары айылга кетиш керек. Алардын айылына бара турган таксилер маңдайына “Ак-Жар” деген жазууну тагып алып тизилип турушуптур. Айсанат сүйүнүп кетти. Барып эле алдыда турган машинеге олтурду. Таксисттин өңү деле көрүнбөйт. Киши чыкканына ал да сүйүндү окшойт, шар эле айдап жөнөдү.

– “Ак-Жардын” кайсы тарабына жеткирейин? – деди таксист жигит бир аз жүрө түшкөндөн кийин.

– Чоң мектептен бир аз өтүп, солго бурулган жерде.

Таксист аркасына бир кылчайып карады. Жолду бир карап, кайра да артына бурулуп карады.

– Сен Айсанатсыңбы?

– Ооба.

– А мени тааныган жоксуңбу?

– Ой, сен Эрмек турбайсыңбы? Эми тааныбадымбы, – деп Айсанат жылмайды. Чын эле Эрмек өзгөргөн эле. Баягы кодогой бойлуу арык бала жок. Бой тартып өсүп, толуп чоң киши болуптур. Ал дагы Айсанатты капыстан көргөнүнө ишенип-ишенбей, таң калып да, кубанып да келатты.

– Турмушка чыктың беле?

– Ооба.

– Укпаптырмын. Кайсы тарапка?

– Түштүк жакка.

– Ой-уй, алыс кетипсиң го. Баарыбызды чанып, түштүккө кетейин деген экенсиң да ээ?

– Ооба, – деп Айсанат ооз учунан күлгөн болду. Эрмектин ушул сөзү аны мыскылдап жаткандай сезилип кетти.

– А өзүңчү? Үйлөндүңбү?

– Үйлөнгөм. Эки уулум бар.

– Куттуктайм, – деди Айсанат эмне сөз айтарын билбей.

– Эми үй-бүлөнү багыш керек экен. Айылда азыр жыргаткан деле жумуш жок. Эптеп кечкисин киши ташып, тыйын тапмай… А баса, канча күнгө келатасың? Көп жүрөсүңбү айылда?

– Көп эле жүрөм го…

Ошентип сүйлөшкүчөктү алар айылга кирип келишти. Эшигинин так алдына токтотуп, Эрмек жерге түшүп, Айсанаттын колунан баласын алды. Үйүнө сүйүнчүлөгөнгө жөнөдү.

– Эрмек коё турчу. Кирбей тур, – деди Айсанат шашып кетип.

– Рахмат. Мен өзүм эле… А баса, тыйыныңды ал, – деп сумкасына колун салды.

– Жок, кереги жок. Сен эмне… Жок, жок.

Эрмек баланы кайра өзүнө карматып, коштошту да машинесине олтуруп жүрүп кетти. Айсанат бир колунда баласы, бир колунда сумкасы менен эскилиги жеткен жыгач дарбазаны аттап, балалыгы өткөн короого баш бакты. Эски, жупуну болсо да бул короо-жай көзүнө ушунчалык жылуу көрүндү. Үйдүн жарыгы күйүп туруптур.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.