Асан ЖАКШЫЛЫКОВ: «Роза жыттуу поэзия же кириш сөз»

Сайттан: Бул Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун былтыр чыккан Роза Карагулованын жыйнагына жазган баш сөзү. Баш сөздү фейсбуктfгы өз баракчасында жарыялаган Аида Эгембердиеванын айтымында, “… анда акындын чыгармачылыгынан тышкары адабияттаанууга байланышкан бир топ теориялык ойлор козголгон. Айталы, биздин адабиятта эпикалуулуктан лирикалуулукка бурулуш дал Токтогул Сатылгановдон башталганын далилдеген фактылар ж.б. Бул биздин илимдеги жаңы ой”.

*   *   *

Кандай кылсам, кантип сөз баштасам? Көп болду, Роза Карагулованын поэзиясы жөнүндө адамдар ынангыдай кеп ургум келет. Уяң мүнөздүү Роза аз канча өмүрүндө өзү тикендүү турмушту жашап өтсө да, өмүрдөн эрте кетсе да, анын роза жыттуу поэзиясы адамдардын сезимин аңкытып, окуган сайын “жакшы акын экен” деп таланты урматталып, аты эскерилип турса дейм. Эгерим азыркыдай таланттар унутулуп калган заманда жашап атпасак, эртедир-кечтир Розадай акындын эмгеги элге баары бир жетет деген ишеним бар. 

Азыр оңбогондой оор заман, таланттар унутулуп да, тепселенип жаткан да учур. Каражатын жок болсо, коомдон колдогондор чыкпаса, бар туруп жоксуң; баарын акча чечип калбадыбы!

Совет доору канча кылган менен таланттарга боорукер учур экен. Роза ошол учурда жазып, эмгектенип “Кыз дүйнөсү” (1975) , “Көл тынышы” (1978), “Жолдо”(1985), “Тынчы жок талаа” (1988), “Капчыгай” (1991) аттуу китептери жарыкка чыккан. Көрүп турасыз, суу сепкендей болуп, акындын ушу эгемендүүлүк жылдарда эч бир китеби жарык көрбөптүр. Андан бери чейрек кылым өттү, арпы-тарпы турмушта аны эскерген деги ким бар? Бар туруп жоктой.

Балким, жеке күйөрмандары, акындын аталган китептерин китепканалардан таап алып окуп жүрүшкөндүр, бирок китепканалар да бул заманга туруштук бере албай канчасы жабылып, же имараты таланып кетти. Көрсө, адамдын руху тебеленгенде, ашынган ачкөздүгү анык төбөсүнө чыгып алып ойнойт тура. Кантели, ушундай мезгилдин кырдаалына жалпыбыз туш келдик.

Өзү жапакеч мүнөздүү, жадысы болсо ыр баккан Розага, анын жалгыздык тунган жан дүйнөсүнө, дал ушул заман өтө оор тийгендиги, ого бетер санаакечтиги күчөп, багытын жоготуп, ишеними мокоп, кыскасы жан айласын таппай, жалгызсырап, жабыгып, ичинен кудайлап жүргөн адаты менен медитативдүү поэзияга биротоло кирип кеткендиги жарыкка чыкпай калган ырларынан кашкайып көрүнүп турат.

Соңку чыгармаларында ырларындагы, жаш кезиндеги жаркын боектору сейилдеп, кыйла сүрлүү, күңүрт ойлуу болуп мезгилдин оор боектору сүртүлүптүр. Эл тагдыры үчүн, алабармандап жаткан коом үчүн, али тааныш эмес замана үчүн, кебетеси суук сыяктанган келечек үчүн Роза өзүнчө жеке зарланыптыр, бирок анын кудайлаган кыялы баары бир ырында жакшылыктан күдөр үзбөгөндөй.

Акындык палитрасы ар түрлөнүп, мурдагы кыялий дүйнөсү сабырдуу да, салмактуу да боло баштаганы, өз добушунун кубаттанганы, түпкүлүгүндө жашоо күчүнөн азыктанганы, баары бир баатыр оттугу көрүнүп, акындык өз жүзү азыркы жалпы хордон ачык бөлүнүп да турат. Бул Розанын акындык чоң жеңиши!

Мына биз ушундай акынды унуткарып, оор заманда жалгызчылыкка таштап, жабыгып жүрүп өмүрдөн эрте кете берген окшойт деп да калдым. Сампарлап күтүүсүз жаап салган кар алдында калган розадай болгон экен жеке тагдыры. Эми, өкүнгөн менен не пайда? Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты деген учур эле да СССР чачылган мезгил, андай азаптан азыр да адабият тутулуп, кутула элек; таланттар дагы эле талаалап жүрөт, мурда да эл китеп алып окучу, азыр болсо “китеп” деген кандай эле деп келечек бүшүркөп сурай турган заманга багыт алдыкпы деп да чочулайсың.

*   *   *

Розанын поэзиясы, анын адабияттагы орду жөнүндө тээ Осмонакун Ибраимовдун алдыңкы акын кыздарга сын макаласы жазылып, ошол макалага назик жандуу Розанын, Сагындын шагы сынып турган учурда эле ага кайтарып жооп жазгым келсе да, чынымды айтсам, ар кандай себептер менен ошол оюмду кечендетип койдум, эмнегедир сааты чыкпады, күнү бүгүнкүгө созулуп туруп алды.

Кантсе да “эл эмгектен эскерсин” деген сөз бар эмеспи. Роза мына арабызда жок, аты айдан айга, жылдан жылга унутулуп бара жаткансыйт. Анын жетимиш жылдыгын утурлап, кол жазмасын даярлап, анын шакирти, таланттуу акын кыздарыбыздын бири Аида Эгембердиева жакшы иш кылды, анткени кол жазманы бастырып, түзүп, басмага даярлап болочок бир томдукту ирээтке салды.

Мындайча айтканда Розанын бир томдугун каражат табылса эле кайсы күн болбосун эми чыгарып койгонго иш камылгасы эми ушинтип даяр болуп калды. Басмага даярлоо боюнча өзүбүзчө жумушчу редколлегия түзүп, мааракесин ойдогудай деңгээлде өткөрөлү деп “Кыздар ай” адабий ийрими менен да маакулдашып, алардын жетекчиси КР эл акыны Гүлсайра Момуновага да кулак какты кылган жагдайыбыз бар. Бирок акындын китеби жарыкка чыкпагандыктан “кур аякка бата жүрбөйт” деп, Розанын кыргыз адабиятына кошкон мөлтүр салымын да эске алып, бир четинен арбагын да сыйлап катардагы эскерүү кылып “кутулду” болбойлу деп, ушу себептен улам, даңазалуу иш чара кылалы деп мааракеси да жылып өткөрүлбөй калды. Буюрса, эми быйыл минтип, сааты чыгып жатат белем…

*   *   *

Деги кыргыз поэзиясында акын кыздардын дүбүртү улам барган сайын күчтөнүп жатышы көпчүлүккө да көрүнөө болуп калды. Алар муун-муун да болуп катарлашып адабиятта эмгек кылышты. Атактуу Курманжан энебиз “Зейнеп” деген даңаза аты менен ыр жазганы изилденип жана айтылып да жүрөт. Ал эми Совет заманында Нуркамал Жетикашкаева, Нинакан Жүндүбаева, Тенти Адышева, Сатин Абдыкеримова, Айым Айтбаевалардын мууну алгачкы карлыгачтардан болушту. Аларды улай Жумакан Тынымсейитова, Субайылда Абдыкадырова, Майрамкан Абылкасымова, Мариям Буларкиева, Гүлсайра Момунова, Токтош Абдиевалар үзүрлүү эмгектенишип, кыргыз адабиятына аялзатынын мээримдүүлүгүн, назиктигин, жан дүйнө кереметиндеги сүйүү сырларын  ачып, өздөрүнчө бараандуу да, бактылуу да топ болуп улуттук поэтикабызга, ыр дүйнөбүзгө совет заманында кеңири чабыт салышты.

Көч бара-бара түзөлөт демекчи, түзөлмөк түгүл улам жыл сайын күчтөнүп бара жатканы да адабий күйөрмандарга анык байкала баштады. Дегинкиси, поэзия жүрөктө жарала турган туунду болгондуктан канча кылган менен аялзатынын жан дүйнө туюмуна поэзия өзү эле кыйла жакын, туубаса жагы да бар эмеспи, улам кийинки жаңы муун мурункулардын жолун гана улабастан, эми адабиятка келген ар бир акын аялзаты өз үнү, өз табылгасы, өз даярлыгы менен улантуу милдети да жүктөлгөндөй болду. Стилдик, тематикалык, мазмундук, ал турсун чеберчилик жактан да кыйла бат торолушуп, бара-бара “эркек акындар” менен өнөктөштүгү, ал турсун жылма атаандаштыгы да көз көрүнө күчөй берди. Айрыкча, өткөн кылымдын 70-жылдарында айтылуу Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиевдер бир тарабында, Сүйүнбай Эралиев жана анын ошо кездеги жандоочторундай сезилген Омор Султанов, Рамис Рыскуловдор экинчи тарабында болгон учурдагы жол талашта “новаторчуларбыз” деген – ак ырчылардын ичинде тизмеден калбай М. Абылкасымованын аты кадимкидей аталып турду.

Салттуулар (К. Маликов, Т. Үмөталиев) ыр жазууга чебер мамиле кыл деп, ак ырчыларды жеригендигине карабастан “эркин ойчулдар” да улам күч ала берди. Уйкаш жана уйкашсыз ырлардын адабият майданындагы анык күлүктөрүнүн жарышын элестеткен арымдуу, жигердүү таланттардын ачык таймашы аренада кызуу улантылды. Акырында “Ак мөөрдү” жазган С. Эралиевди эми аттан оодарып кетээрде, анын эркин ырдагы “Жылдыздарга саякатын” Чыңгыз Айтматов өзү колдоп кетип, маселе тынчыды.

Ал турсун ошо учурунда эле жаатташкан жаңычылдар менен салттуулардын адабияттагы жол талашы да кадимкидей эл-журтка байкалды.

Ушинтип биздин адабиятта “традиция жана новаторство” кыйла кагышып жатып калыбына келди.

Мисалы, салттуулар уйкашы жок кантип ыр болот дешсе, андан да катуу көңүл калтыра жекирип “бука сийдик ыр жазгандар” деп ачык мазактоолорго карабастан, айыгышкандык күчөп, ал эми Сүйүнбай акындын “жаңычылдары“ “ар бир акын өз жаңылыгы менен, өз үнү менен келсин” деген, бир гана уйкаштыкка гана таянып “ыр” деп, поэзия деп жамынбагыла, мазмундук өзгөрүштү, өсүштү камсыз кылгыла деп ачык айтып, бири-бирине катуу талап коюп жатышты.

*   *   *

Бул талаштар босогодо турган жаңы муунду кыйла сүрдөтүп, акынмын деп дымактанып жүрө бербестен изденүүгө, окууга, көз карашты жаңылоого бизге өбөлгө болду. “Кокуй, адабиятка кошулуш үчүн өтө чоң даярлык керек тура”, – деп сестенип калдык. Өзүбүзчө жаштар арасында талкуулар, кечелер, бири-бирибизди сындоо, талап коюу, адабияттан сүрдөө сыяктуу көрүнүштөр өз чөйрөбүздө пайда болду. Биз да эрдемсип “жаңычылбыз” деген жаштарда дегеле адабиятта эч качан “жеңил жол турбаганын” ошондо анык сездик. Бир жагынан Чыңгыз Айтматовдун атагы, адабияттагы изденүүлөр бизди шыктандырган кез эле. Союзда да Э. Межелайтис, Р .Гамзатов, А. Вознесенский, Е. Евтушенколор күчүнө кирген кез эле. Рамистин даң салган чачы Фрунзени ойготуп жүргөн. Турар, Жолондор жолун таап калган.

Адабиятка келүү үчүн ошондой терең даярлыктан өтүү зарылчылыгын убагында сезген акындардын бири Роза Карагулова эле. Табылды Муканов чили акыны Пабло Неруданы, чех акыны Незвалды, Алым Токтомушев француз акындары Поль Элюар, Аполлинерди, мен Р. Тагор менен У. Уитменди, Тургунбай Эргешев С. Есенинди, Б. Базарбаев Р. Бернс, Р .Гамзатовду, акын кыздар болсо Марина Цветаева, Анна Ахматоваларды өздөштүрүүгө жалпы далалат кылып жатып калдык. Жолукканда талкуулап, бири-бирибизге өзүбүз сүйгөн бул авторлор жөнүндө “доклад” жасайбыз, же алгачкы котормолорубуздан окуйбуз…

*   *   *

Азыр карасак ал талаштар жөн жерден чыкпаптыр, көрсө салттуулук өткөн учурдун кийинки муунга даярдаган белеги болсо, ал эми жаңычылдык жашап жаткан замандын күрдөөлдүү тирүү талабы экен. Кеп ошол экөөнүн заманбап кыябын таба билүүдө тура. Формалык жактан гана жаңылануу ырга анчалык деле өзгөрүш бербейт экен. Анык акындык өз жан дүйнөсү жараткан тубаса өзгөчөлүү тагдырдагы жол турбайбы. Көрсө, турмушта ар кандай нерсе ченемдүү жана ыгы менен керек экен. Бирок изденүү баары бир акыбетти кайтара турганын байкадык.

Роза болсо, мен билгени, өмүр бою изденип жүрүп жашап өткөн акын, менин курбалдашым, бир убакта жогоруда айтылгандай адабиятка бир муун болуп чогуу келгенбиз, далай жолу поэзиядагы ой талаштарды, адабий кечелердеги жаш акындык ой талашкан кызуулуктарды бирге өткөргөнбүз, бири-бирибизге окуган китептерибизди, табитибизди айтып ой бөлүшкөнбүз. Мен Рабиндранат Тагордун “Гитанжали” деген прозадагы ырларын ага ашкере мактаар элем, кийин ошо чыгармаларды Роза сүйүп которду. Ал Чили акыны Габриэла Мистралды өзгөчө жакшы көрчү, айтор өтө сырлуу олуя акын деп М. Лермонтовду көп сөз кылаар эле. Айтор адабий табити да, акындык тарбиясы да, өз көз карашы да жетик калыптанган калемгер болчу.

Ичтен тунуп, сөздү тээ жүрөгү менен тыңшап жаткансып, көбүн эсе өтө ойлуу тунуп-тунуп катарыбызда олтурар эле, ошентип көпкө үнсүз олтуруп, бир кезде шыңгыр этип, булуттан чыккан айга окшоп жарпы жазыла жаркып күлүп коер эле да, бат тутанган оттой тез эргип кетээр эле. Дал ошол кезде кайдан-жайдан блокнотун таап чыгып, элдин көзүнчө жакшы деген ырын бушайман боло колу калтырап, сүрдөп, сүйүнүч менен издеп, ошол ырын шекер үнү менен кунт кое окуп, ал элге жагып калса дагы бир ырын таап жана да окуп, заматта шардана болуп, аңгыгансып роза мүнөзү ачылып кетээр эле. Ак жуумал өңүн нур чайып, андай кезде, жерге түшпөй асманда туруп калгандай таасир калтырчу Роза акын.

Андай поэзияга кызуу кезде, ыр уккандарды жаркыткан кезде анын университеттик курсташы Табылды Муканов баштап Розаны коштой мактап, “гений” деп жерге-сууга тийгизбей көкөлөтүп, ошо кезде эле митаам жаш акындар, кыябын таап жатып ушу Роза Карагулова, Роза Мукашева, Шербет Келдибековаларды да тооруп, мактай берип акыры вино алдырып ичэр элек да, кажы-кужубуз анан кафеде уланчу. Менин “Таңдын ырахаты” деген туңгуч китебимдин гонорарын ушу шаардагы жаш акындарга виного кошуп тамак алып берип жүрүп эле түгөттүм.

Акчабыз таптакыр эле жок калганда акын кыздардын жатаканасын жортуп, мындай уюштуруучулук көсөмдүккө Тургунбай Эргешев мыкты эле, же партиялык гезиттерде иштеген Манас Казакбаевге, Табылды Мукановдун өзүнө бараар элек. Алар акын досторунан “двойной гарнир” алып берип кутулушчу; гезит чыгып жатат деп шашкалакташып, коркунуч сезген суур чуркап ийинге кирип кеткенсип, бат, биз менен көпкө олтурбай кайра редакцияларына, “ох, кутулдум” дегенсип, тез кирип кетишчү…

Аларды да түшүнсө болот, эмне редакцияларда иштегендер эле жыргап жатыппы, үй-бүлө деген бар, айлыктын акчасы дайыма тартыш, ушу Тургунбай Эргешевдин: “Туура сөздү сүйбөгөн, туураланбай жүрбөгөн, тукумдаткан карызды, Тургунбай өтөөр дүйнөдөн…” деген ылакап аты бар цыгандын көчүндөй болгон уюлгуган топ жаш акындарга ай сайын деги ким деген чыдайт эле “двойной гарнир” алып бере берип?

Эмне экенин билбейм, же поэзия магнитиби, Шербет, Калбүбү, Чынара, Розалар биз менен кошо жүрөр эле. Кыскартып айтканда, бир муун элек, шарактаган жаштыгыбыз бирге өттү, мага алар азыр бир туугандарымдай сезилет.

Бул муун өзүбүздү өзүбүз сүрөдүк, тынбай Чернышевский китепканасынан курбуларыбыз мактаган авторлордун китептерин таап окуп, табитибизди, интеллектуалдык дараметибизди өстүрдүк. Анан чоң жазуучуларга таанышып, жүрө-жүрө ар бирибиз адабиятка кулач жая баштадык.

*   *   *

Розаны айтканда ал Фрунзенин көчө акындары менен бирге торолсо да, университетти бүтүп Көлдө, Нарындын Чет-Нурасында, Миң-Булак мектептеринде иштеп кайра шаарга кайтып келди. Миң-Булакта иштеп жүргөнүндө мен да айылда гидротехник болуп иштеп калган элем, бири-бирибизге караан болуп, баягы оозубуздан түшпөгөн поэзиябызды сүйлөшүп, жазылган жаңы ырларды окуп, шаарда калган кусалыгыбызды бири-бирибизге айтышып черибизди жазып алаар элек. Кусалык дегеним шаарда мен сүйүп жүргөн арзуум Гүлүмжан калган эле, Роза экөө таза достук мамиледе болчу. Билбейм, өтө эле таза экенбиз, поэзияны сүйлөшүп олтуруп кээде таң да супа салчу. Эмнегедир ошол жаштыктагы сүйүү учурду Розанын бул “УНУТПА” деген ыры эсиме сала берет:

Кайдасың көп болду көрбөдүм,
Жолдогу кайыңдай көлөкөм.
Эстечи бир жолку кездешүү,
О аны унута көрбө сен…
Эриксиз маңдайым сыладың
Кусалык дирилдеп үнүңдөн…
Бакыттан селт этип жаш денем
Колуңду кагып да жибергем.
Билбеген мынча өксүү каларын
Жүзүмдөн өбө албас сүйүүмдөн.
Ал кезде сен ысык от элең
Кармоого эч мүмкүн болбогон,
Көрүнбөй жолуңду акмалап
Күндө бир көрүүнү ойлогом.
Күлкүңдөй ооруга чалдыгып,
Жашоомду жайпаган калтырак.
Ал кезде сезимтал болчусуң,
Сөзүң да күлкүңдөй жаркырап.
Бактымдын өз өңүн көрмөкмүн
Жазында жамгырдай төгүлсөм.
А бирок элесим жетпеген
Кудайдай бийликтүү элең сен.
Бакыттан селт этип жаш денем
Колуңду кагып да жибергем.
А өзүм жоогазын өртүндөй
Аптаптуу он сегиз жашта элем.

Мына, ошо жаштык учурдун бир “аптабын” чагылдырган экен Розанын бул ыры! Ушул сыяктуу ырларындагы поэзия ой-сезимден өзүнчө туулган, эч кимге окшобойт, таза, сезимтал, образдарга, кармалбас көрүнүштөргө сезим кайрыктарына жык болгон. Бул ырды окуганда ар ким өз жаштыгын, туңгуч сүйүүсүн, жигит жүзүнөн сүйө элек кездеги  өзгөчө тазалыгын эстесе керек. Поэзия ушул үчүн, жан дүйнөнүн тазалыгын дайыма эске салып турушу менен баалуу жана түбөлүктүү.

*   *   *

Адабиятты өзүнчө издеген таланттар жаңылайт жана байытат. Бул жагынан алганда биздин муун да кур кол эмес. Мактана турган, кыргыз адабиятын алдыга жылдырган катарыбызда акындарыбыз бар. Роза, менимче ошолордун, нагыз таланттардын бири, көрүнүктүүсү. Ал карапайым жашап, карапайым бойдон өттү. Анын жеңиши жаш кезиндеги Роза кандай болсо, ошо мүнөзүндө турмуштун ар кандай тепкисине, катаалдыгына карабастан, поэзиясы Роза жыты менен, адамкерчилиги ошо назик аруулугу бойдон кала берди. Жана күн сайын адам болуу деген дагы ушу болсо керек. Адабиятыбыз ушундай адамдардын талыкпас таланты менен улам жетилип бара жатат, ага жетимишинчи жылдардагы жаңы муундун да өлчөмсүз салымы бар.

*   *   *

Бул жаңылык көксөгөн көрүнүштөр адабиятыбыздын кыйла жетилип калышынын, тематикалык жана мазмундук жактан кеңейишинин, ошо кезде моюнубузда турган социалисттик реализмдин ичтен “демократташып” бараткан көрүнүштөрү экен.

“Демократ акын” деп ал кезде улуу Токтогулга гана энчиленип айтылчу. Бул сөз өзү да жаман-жакшысы көрүнүп азыркыдай бойго тура элек кези. Бирок, ар бир акынды ички деми, табигый сүйүүсү, жан дүйнө эркиндиги ыр жаздырса керек деп ойлойм. Андыктан, ыр жазган адамда “талант” деп аталган тубаса шыктуулугу тагдырына жол баштап жүрүшү дайыма керек. Мына, ушундай көрүнүштү Роза Карагулованын мууну да, өзү да далилдей алды, далилдемек түгүл өз жеке салымдарын адабиятка кошо алышты. Алар кимдер? Анда улуулата сөз кылсак Меңди Мамазаирова, Алымкан Дегенбаева, Роза Карагулова, Сагын Акматбекова, Роза Мукашева, Шербет Келдибекова, Тазагүл Закирова, Калбүбү Сариева, Чынара Унурова, Айгүл Узакова, Үриниса Маматова ж.б. башка кыз-келиндер дал ошо кезде адабиятка өз үнү менен келип, отуз-кырк жыл чамасында өз эмгегин адабиятыбызга сиңире алышты.

Мына, ушул топтон Роза Карагулова эртелеп бу жарык менен коштошту. Андан бери он жыл чамасы болуп кетти. Анчалык капчыктуу жакыны жок экен, анын китебин чыгаруу демилгеленбеди, андыктан кадим көлгө ыргытылган чулу таштай болуп өмүрү ажал көлүнө “чулп” этти да, ошо бойдон жымжырттык өкүм сүрдү. Кантели, ыманы саламат болсун! Кыясы, таланттар дагы эли унчукпай, эскерилбей калса, китеби чыгып аты аталбаса, арналган поэтикалык кечелер өткөрүлбөсө, гезитте жазылып, радио-теледен айтылбаса ың-жыны чыкпай, кыясы унутулуп да кала берет окшойт. Унутууда билинбеген чоң залалдык бар. Унутулса жакшы-жаман теңелип калат турбайбы. Эскерилбесе элдин эс тутуму кемип, кийинки өнүгүшкө залалы тийип, коомдун арымы басаңдап, тарткылык күчөйт тура, кийинки муун мурункунун таянычынан айрылат экен. “Мен кыйынмын” деген кур дымактуулар жабалактап алдыга озуп элдин табитин бузат экен. Куруп кетсин, кур жылдыздардан көз боемочулуктан башка анчалык деле пайда жок, алар отоо чөп сыяктуу бат дүркүрөп өсүп күчтөнсө көп алдында жазганбай тайраңдап, көпчүлүккө залалы да тийет экен. Ушунун баарын турмушубузда күндө көрүп жатабыз. Нагыз таланттууларды баалайлы калайык, китебин таап окуйлу, жетимсиретпей колдойлу!

Улам кийинкилер да атакты көксөп чамынып, өз жеке атын сүрөйт экен. Бизде азыр ушундай “унчукпай жок жылуу” өкүм сүргөн учурга адабиятыбыз кептелди да калды. Бул жакшы жосун эмес.

*   *   *

Поэзия негизинде асылдык, аруулук. Мындай тазалыктан айрылып коом кайсы келечекке бара алат? Көрсө коом адабият, музыка, сүрөт, анык көркөм кино менен улам демденип турбаса келечекке кеткен жол кыйшык болуп калат турбайбы. Роза Карагулова оболу ушу аруулук менен сулуулукту ырдаган назик дүйнөлүү акын эле! Ар бир ырынан жашоону сүйгөндүгү нурланып көрүнүп турчу. Кадимки Түгөлбай Казаков чыгарган “Жамгыр төктү эч басылбай…”  деген эл аралык сыйлыктарды байма бай жеңип жаткан обондуу ырдын сөзү ушу Роза Карагулованын калемине таандык.

Жогорку аталган ошо кездеги акын кыздар биз менен куракташ, көбүбүз раматылык Беганас Сартовдун “Тоо жылдызы” адабий ийриминен таанышып, тарбия алганбыз. Айрым ысымдарды атабай кетсем мени кечирип коюшсун.  Бирок, жогорку аты аталган акын курдаштарым адабиятыбызга өз салымдарын кошо алышты деп сыймыктануу менен айта алам. Ал турсун кыздар поэзиясы алдыга озуп кетти деп Казат Акматовдун айгай салганы да бар. Бул чындыкка жакын сөз.

Ушундан улам, мааниси адабияттык теорияга жакыныраак, эстетикалык маселени ачык айтып кетсем туура болчудай.

Жалпы кыргыз маданиятынын, айрыкча сөз өнөрүнүн кыргыз элине таандык эн белгисине үңүлө көз салсак, бир айныгыс башат болгон чындык бар. Ал Арстанбектин, Жеңижоктун карманган акындык кредосунан анык байкалып турат. Ал акындардын – элдин сөзүнүн ээси, сөз касиетинин алып жүрүүчүсү. Тубаса элдүүлүгү, алар үчүн “лирика” экинчи планда. Сүйүүнү ырдаса да өз жеке сүйүүсү эмес, жаштыкка байлап туюнтушат, түз жеке тагдырындагы сүйүүсүн “жетпедим деп боздоп” жар салууга жол бербейт. Беш жүздөй ыр-күү аткарган жана чыгарган Арстанбектен жарытылуу сүйүү ырын таппайсың. Алардын албан талантынын куралы – лирика эмес ЭПИКА, ал эми эпика болсо эл тагдырына байланган. Талант болсо эли менен тагдырлаш, манасчылар да ушундай. Мындай көрүнүштө чоң сыр бар. Бул көрсө теориялык маселе экен.

Мурунку акындар өзүнө чейинки элдик мурасты эң мыкты өздөштүрүшкөн. Мындай көрүнүш энциклопедист таланттар Музооке, Балыктан тартып, кийинки Тоголок Молдого чейинкилерден айрыкча баамдалат.

Алар жеке чыгармачылыгынан мурун элдик мурасты көкүрөгүнө жыйнашкан, дээринде уютушкан, сандаган эпосторду айтышып күн батырган, элдин эрдигин ойготуп сый көргөн. Намыстуулугун жетилткен. Ошондон улам жеке көрөңгөсү байып, баарыдан мурда “ЭЛ” деген феноменди жан дили менен кабылдашкан. Өмүрү да, өлүмү да эл менен бирге. Өзүмчүлдүк эч туюмдарында жок. Мен өлсөм да элим бар деген ишеним табигий жана өтө чоң. Андыктан, “Жаным – Жараткандыкы, каным – элдики” деген руханий формулага талантын уютушкан. Алар чындыкка баш ийишкен: “Эр өмүрү – кыска, Эл өмүрү – узун” деп элдик аң сезимди бийик тутуп асырашкан. Мындай элдик дүйнө тааным болбосо, ошол ишеним муун сайын турмушта ишке ашып турбаса, анда кыргыз элинин руханий булагы соолмок окшойт, эл жүрө-жүрө өзүн жоготуп да коймок окшойт.

Мына, ушул ишеним элдин өмүрүн соолтпой, жеке адам өз боюнда кыргызга мүнөздүү элдик жашоону сыймык катары бийик туткандыктан дүйнөлүк шедевр Манас баштаган баатырлык дастандарыбыз ооздон оозго таланттар аркылуу мурасталып калгандыгы анык мисал. Демек, кыргыз адабиятынын эстетикалык туундусу болгон негиздүүлүгүн издесек, жана баа бере турган болсок, келечегибиз үчүн дүйнө таанымыбызды кайра артка кайтара турган болсок, анда адабиятыбыздын эпикалык жолдо өнүгүп келгендигине өзгөчө баа берели. Биз эпостук дүйнө таанымдын мураскерибиз. Өз адамдык тагдыр эмес, эл тагдыры деп келген кең түшүнүктүн мураскерибиз!

*   *   *

Демек, кыргыз адабиятынын тарыхый да, өзөктүү өнүгүшү да ушул эпикалык көрүнүшкө түп тамырынан байланган жана негизделген. Эпикалык дүйнө таанымдан айрылсак, элдигибизден кол үзүп жүрө-жүрө жеке гана тагдырды ырдаган лирика дүйнөсүндө чектелүүгө түшөт өңдөнөбүз… Мына, ушул эпикалык дүйнө тааным адабиятыбыздын өзөгү, же тамыры катары дал Арстанбекте даана күчүнө жетип, Жеңижокто кийинкилерге мурас катары керээзделип жатат. Жеңижок да кенен чабыттуу, табият жандуу таланты менен “Аккан сууну” кандай керемет эпикалык бийиктикке алып чыккандыгы ошол эпикалык дүйнө таанымдын айкын көрүнүшү! Бул көрүнүш биз үчүн түбөлүккө үлгү гана эмес, эстетикалык теориялык багыт деп түшүнсөк болот, биз ушул туубаса граждандуулуктан барган сайын ажырап жана алыстап, кыздар поэзиясы күчтөнткөн лиризмге, б.а. көбүнчөсү сүйүү темасына гана белчебизден батып калдык. Үкөйлөгөн Боогачыдай, Мөлмөлүм деп ышкылуу боздогон Барпылардай анык сүйүү болсо айла жок. Кордолгон ырлардагы, зордолгон жасалма сүйүүлөр азыр чегине жетип, эми акын кыздардын лирикасы барган сайын жасалма сезимдин оюнчугуна айланып бара жатат. Куту жок лириканын, өз сүйүүсү жан кыйнабаган туундулардын деги кимге кереги бар! Сүйгөндөй сүй, ошону жан боздоп ырдап кал. Ошондо гана лирика анык жүзүн ачат.

Роза ырларында бир беткей кетпей, лирикасында эпика менен лирика жакшы кыйыштырылган, же “Бакыттан селт этип жаш денем” деген Роза акындын ырларында баарыдан мурун сезим дүйнөсүнө өтө сергек мамиле кылгандыгы байкалат жана ошондой эле нукуралыкта табиятты да, мекенди да сүйө алат. Анын утушу ушу жагында даана. Ар бир ыры “мени Роза жазган” деп турат.

Анда, ушу жерден табият жөнүндө жазылган “Жайкы булуттарын” мисалга келтирели:

Таң өзү үлбүрөтө аруу жууп,
Көөлгүтүп чексиздикке жайып койгон
Садага ай, жайдын назик булуттары.
Туптунук күндүн нуру эленгенде
Тумчуккан самоолорум ээленгенде
Түшүнгөн ыйык досум мага карап
Жагымдуу жылмаюусун эске салат…
Садага, ай, жайдын назик булуттары.

Бул ырда акындын да, табияттын да ал-абалы бирге. Жан дүйнөдөгү кабылдоо, анын ички жашоосу. Самоолору тумчугуп турса дагы, туптунук күн нуру, назик булут менен бирге. Адам табият болуп туюм экиге бөлүнбөйт. Бул жашоо менен табигый биргеликке жетиш үчүн адам баласы не деген гана каршылыктардан өтпөйт, “менден” арылыштан өткөн кыйынчылык барбы? Бул ыйык туюм, ал кайсы бир маанилүү темада ыр жазайын деп пландаштырып албай, өз абалынын көркөмдүгүн кармап жатат. Ушундай жан дилдеги тубаса лирика адабиятка маанилүү. Роза өзү кандай болсо, ырларында да дал ошондой! Мындай нукуралуулукка чанда акындар жетишет. Бул көрүнүштү ар бир ырынан байкасаңыз болот. Демек, ал ыр жазбастан ыр менен жашаган, дем алган, сүйүнгөн, ыйлаган, өмүрүн өткөргөн. Бул албетте, эпикадан алыс, нагыз лирика. Кызыгы ушу жашоо менен жан биргели ата-баба поэзиясынын эпикалык башатына өзүнчө алып барат, бул акындык салым өтө кызык көрүнүш. Анткени ал өз эстетикасында жанын жалпы жашоодон бөлгөн эместиги байкаганга көрүнүп турат.

*   *   *

Лирика күчөгөндөн күчөгөнүнө күргүчтөгөн акын аялдардын өз жан дүйнөсүн табигий ырдаган демдүүлүгү, “аял башат” лириканын жаны экендиги менен түшүндүрүлөт. Мидиндин “качан болсо жарашкансып күрүнөт, кайсы күнү кандай жоолук салынсаң”, же Аалыкенин “эским келет кара ташты жаш менен” деген эркектик лирикаларды канча көкөлөтүп бааласак да, “лирикалуулук” акын аял затына табигий экендигин мезгил өзү кыйла далилдеп салгансыды. Бул маселе өзүнчө илимий изилдөөнү талап кылат. Башкача айтканда европалык дүйнө тааным азыркы адабиятыбызды “Проза (повествование), Лирика (песня), Драматургия” деп үч өзөн кылып бөлүп койгондуктан, биз башкы ыр дүйнөбүздүн күрөө тамыры болгон ЭПИКАЛЫК ЖОЛУБУЗДАН, дүйнө таанымыбыздан кол үзүп, эми жеке адамдык гана лирикалуулукка белчебизден батып калгандыгыбыз, көз карашыбыз да, табитибиз да кыйла артка кеткендигибизден улам талант менен элдин ортосу эки ажырым болуп, ар ким өз кайгысын жеп ырдаган лирика менен бир беткей азыктанып калгандыгыбыз, эл тагдыры биз үчүн кайдигер тарткандыгы коом үчүн коркунуч дарт экендиги азыр анык байкалды. Кайрадан ЭПИКА менен ЛИРИКАНЫ тез салмактай турган дүйнө таанымга келишибиз кыргыз адабияты үчүн азыркы зарылчылыктын бири. Так айтканда, ушунун кесепетинен азыркы лирик акындар “женское началонун” тепсендисинде калган жокпу, бизди теория адаштырып салган жокпу? Ошондуктан Казат Акматовдун жарыясы жөн салды эместей.

*   *   *

Элдин тагдырын ырдаган Эпикадан алыстап, бир беткей лирикага моюн сунганыбыз баамдасак, деги кимден башталган деген суроо туулат?

Байкасак, демократ залкар талант Токтогулдан баштап, өзүнүн тагдыры ошондой болуп калгандыктан, Сибирге айдалып запкы тарткандыктан, баласы келгиче каза таап, аялы кетип калып, картайган энесинин көрүп зар какшанып ырдап, эпиканы (Кедейкан, Жаныш-Байыш ж.б. эпосторду айтып жүргүндүгүнө карабастан) баары бир анын устаты Жеңижоктун поэзиясына салыштырмалуу лирикалуулук, же ырындагы жеке тагдырлуулук үстөмдүк кылгандай. Башкача айтканда, биздин адабиятта, эпикалуулуктан лирикалуулукка бурулуш дал Токтогул акындан башталгандыгы даана байкалат.

Ага чейинки адабиятыбыздын негизи эпика экендигин, биз жүрө-жүрө ыр менен жазылган романдар, поэмалар кыргыз адабиятында азыркыга чейин жазылып жана өнүгүп, же алсыраса да, эпика элдир-селдир жашап жаткандыгана карабастан, барган сайын поэзияда лирикалык көрүнүштөр, акындын элдин тагдырынан мурун өз көйгөйүн, өз сүйүүсүн ырдоо азыркы кезде апогейине жетти. Аны жүрөгү менен туйган Казат Акматов жогоруда айтылгандай бекер жерден “кыздардын поэзиясы озуп кетти” – деп жар салбаса керек.

Кызыгы, мурунку аял акындардын ырларында жарандык поэзия же эпикалуулук кантсе да кыйла барлыгынан анчалык байкалган эмес, ал эми биздин муундун акындарында бул көрүнүш таланттуу акын кыздардын салымы менен “лирика” эпикага караганда кыйла күчтөндү. Ага Роза Карагулованын поэзиясы да күбө.

*   *   *

Кыздардын табияты оболу өзү эле лирика, өзү эле сүйүү. Муну энелик башат шарттап турат. Мына ушуну Роза Карагулованын мууну өзгөчө бийиктикке алып чыгышты. Мейли Роза Карагулованын, мейли Сагын Акматбекованын, мейли Шербет Келдибекованын, мейли Айгүл Узакованын поэзиясына теориялык негизде карасак дал ушу “жеке менин” издеген, жеке тагдырын казган лирикалуулукка барып кошулат. Алар көбүн эсе макромир эмес, өз микромири менен жашайт, баарынан өз сүйүүсү гана, өз тагдыры гана маанилүүдөй. Эл тагдыры үчүн зарзаман тарткан Арстанбектин эпикалык, элдик көз карашы менен деле эсептешип койбогондой, алардын жеке муң-кайгысынан жаралган лирикаларынан башка баалуу эч нерсе жоктой. Бул адабияттын теоретиктери ойлоно турган маселе. Демек, акын кыздардын маселеси жөнөкөй көрүнүш эмес.

Эми Роза Карагулованын жеке акындык ыкмасына келсек ошо акын кыздардын ичинен да өзүнчө айырмаланып турганы менен өзгөчөлүү. Бул акындын жаны таза, аруу, анык лирик. Ырларын көнүмүш менен окуй албайсың, ар бир сабы ойлонтуп, “мындай мени менен бас“ деп ишаараттап тургансыйт. Өзүңдүн жан дүйнөңдүн тазалыгын издетет, жаратылыштын кооздугун биринчи көргөзүп жаткансып таңыркатат. Ырларын шашып окугуң келбейт, абайлайсың, бул эмне деп жатат деп кайра башына окуп киресиң. Ойлоносуң, сүңгүйсүн, өзүндү өзүң издеп ыр саптарга кошулуп олтуруп каласың. Тазалык, баеолук туш тарабыңдан ээрчип алат, тулку боюңа кирет. Жаның тамылжый баштайт. Бул көрүнүштөр анык поэзиянын жышааны, көзүң ыр жазуу чеберчилигин анчалык аңдыбай, кемчиликтерин кечирип коесуң. Анын лирикалык менинин негизги мүдөөсү кандай, ал жашоодо эмне максатты көздөгөн?

Токто мезгил, сенден көңүл
Издеп турат бир чындык.
Өзүмдөгү ээндиктен жададым.
Бу күндөргө тиктесем дейм кумарлуу.
Жашоо шаңы  толсо деймин денемде,
Өз дүйнөмдөн турам ага чыгалбай.
Жетпей турат булкуп тарткан
                                  бир кыймыл.
Издейм минтип бир жылуулук дүйнөдөн.
Калуу үчүн жаным менен жактырып.
Кандайдыр бир элес жаным токтотуп,
Жылуу табын койсо боло сездирип.
Мейли ал элес эмне болуп жолукса,
Кепич-маасы кийген кемпир
                                чоң энеме түзбөлдөш,
Учурашса ыбаа карап көзүмө.
Айылдаштын короосунда агарып,
Бышкан алма күн нуруна чагылып,
тийип өтсө же байкалбай сезимге.
Же болбосо ободогу аппак куштун
ак кыймыл,
Кусалыкты илип кетсе мейли эле.
Иши кылып  жаным бошоп
  бу чөгүңкү ойлордон,
Сар санаалар алы жетпей
Сергектенип бүт денем,
Өз дүйнөмдөн кең дүйнөгө
чыга берсем болду эле.

Роза Карагулованын сандаган ырынан эмне үчүн ушул ырын мисалга алдым? Анын ар кандай “жанын бошотпогон” ойлорго, кусалыкка толгон лиракалык каарманынын өмүрү бир карасаң адам жетпеген сюреалисттик “элестерди”, биздин турмушубузда жок нерселерди издеп жаткандай, бир карасаң ошол табышмактуу сулуу дүйнөнүн көрүнүштөрүн “бышкан алмадан”, “кепич-маасы кийген кемпирден” көргүсү келет. Максаты ээндиктен жадап, тирүүлүктүн күндөрүнө өзгөчө тиктегенге кумарланат, арманы – “өз дүйнөмдөн турам чыгалбай” деп жаны денесине батпай турганына, аалам менен бирге болгусу келгенине, “өз дүйнөмдөн кең дүйнөгө чыга берсем болду эле” дегендир, кыясы илгерки Айчүрөк эжесиндеги кайып дүйнөнүн касиеттерин издегендей. Эми биз келтирген жогорку “Дагы турмуш жөнүндө” деген ыр түрмөгүнөн мисал туттук, кайрадан окуп көрүңүз, акын менен кошо суроо, санаа, кусалык азайбайт, бул ыр социалисттик реализмдин эрежелери эмес, өз жан дүйнөсүн эркиндикке чыгара турган чындыгын, микромириндеги өз кудайын издеп жаткандай туюмду сага шарттайт. Поэзиясы көп сырлуу, көп багыттуу, эч жеңил-желпи эмес, Роза Карагуловага гана мүнөздүү өзгөчөлүгү менен анык акын жалгыз экендигинен шарттап турат.

Балким талант деген көрүнүш ушу жан дүйнө туюмунун жалдыздыгы, бир адам жетпес улуулуктуу, сулуулукту өмүр бою эңсөө болсо керек.

Эми акындын бул томдугу, окурманга калтырган белеги элдин колуна тийгени турат. Роза Карагулованын акындык сырларын дагы ачаарбыз, дагы кеңири сүйлөшөөрбүз. Китебинин мындан аркы жолу байсалдуу болсун деп азырынча  жыйынтыктай туралы.

Асан Жакшылыков,
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.