Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун жаңы ыры
ЖОЛДУН УЧУ
Абалтан мурда-кийин кезикпеген,
Ачуу бир акыйкаттан безип келем:
Адамзат пенде тургай аалам өзү
Аргасыз эскиргенин сезип келем.
Көп куштар мурдагыдай какпай канат,
Көп суулар илгеркидей акпай барат.
Дың бузаар жери бүткөн кишилердин
Дымагы бул дүйнөгө батпай барат.
Элесин эсилдердин тыңдагыдай,
Эргүү жок үнүң кошуп ырдагыдай.
Кербендин сапарынан сыйкыр издеп
Келечек азгыра албайт мурдагыдай.
Алдыдан үмүт кылып өзүң күткөн
Акылдын колундагы көзүр бүткөн.
Дүмүрдөн жасап койгон отургучтай
Дүйнөгө айта турган сөзүң бүткөн.
Карынын элес албай жаш кадырын,
Калаалар унуткарат баш кадырын.
Максаттуу болбой барат кылган ишиң,
Маанилүү болбой барат жазган ырың.
Көздөсө Күнгө жетип колдун учу,
Көнүмүш болуп Айга кондурушу
Көксөөнүн түбү түшкөн замандагы
Көрүнөт көзгө даана жолдун учу…
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун сайтыбыздагы жеке адабий баракчасы бул ЖЕРДЕ.



