Жыргал МОМБЕКОВА, аталаш карындашы: “Айтматов Ашыкемдин талантын баалаган”
— Эже, Жакыпбековдун көркөм көрөңгөсү кайдан? Бала кези кандай болгон?
— Жердин өзүндө касиет болсо керек деп ойлойм. Күркүрөө суусу. Манас атанын чокусу эмне деген керемет? Ушу биздин кенедей эле Шекерден Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов, анан Ашым акем чыгып атпайбы. Балалыгы болсо абдан кыйын болгон. Жетимдикти, жокчулукту өткөргөн.
— Айтматов менен мамилеси кандай эле? Ашым ага өзү деле мыкты жазуучу эле да, бирок убактысынын көбүн Айтматовдун чыгармаларын которууга жумшаган экен…
— Эң жакшы болгон. Чыңгыз агабыз көрүнгөн эле кишиге китебимди котор деп бере бербейт эле. Ашым акемдин акыл-эсин, талантын баалап, ишенип берген да. Орус тилинен башка тилдерге которулуп жарыяланып жаткан Чыңгыз Төрөкуловичтин орусча жазылган чыгармаларын кыргыз окурмандары да өз тилинде окусун дегени бир чети патриоттуулук.
— Ошолорду которуп, кайралып отуруп, “Теңири Манасты” жазды.
— Бирок анын китеп болуп жарыкка чыкканын өзү көрбөй калды. Акаевге бир нече жолу кирип, өкмөткө кайрылып чыгара алган жок.
Бир жолу барсам, “Акүйдүн астына алып барып өрттөп таштайынбы, ушуну, эч кимге кереги жок окшойт” деп, капа болуп жатыптыр. “Кой, өрттөбөңүз, канча жылдык мээнетиниз” деп чырылдасам, “эмне үчүн түшүнүшпөйт, эл үчүн жасадым да…?!” деди. Көзү өткөн соң, Манастын 1000 жылдыгына карата, Майрам Акаеванын жардамы менен жарыкка чыкты эле?
— Канча убакытта жазды?
— Он жылдай жазды го.
– Өзү канчага келгенде кайтыш болду?
— Элүүнүн акырына да чыккан жок. Эми ойлосом, ошол кезде ажал тооруп калганбы, бир жолу китепканадан келатсам Тарых музейинин жанында өңү бопбоз болуп, калтырап туруптур. Учурашып, бетинен өөп, “эмне болду, аке?” десем “мени бир кудай сактабадыбы, азыр эле бир машине коюп кете жаздады, муунум калчылдап калды” деди. “Кайда баратасыз?” десем, “Роза Отунбаевага баратам (тышкы иштер министри болчу), “Теңири Манасты” чыгарууга жардам берейин деди эле” деди. Байкуш, китеп чыгып кетсин деп ушунча аракет кылды. Китеби чыкпаганга ичим тап болуп, көңүлү көп чөктү. Бул киши чындыкты издеген, бетке чабар, түз айткан киши болчу. Эгерим кызмат үчүн, пайда көздөп кошомат кылып кол куушурган жан эмес болчу. Айылда жашайбыз деп көчүп барып, бир жылы мугалим да болуп иштеди. Бирок адабият чөйрөсүнөн оолактап кетпейин дедиби, кайра шаарга келген. Келгени менен, өмүр бою бир ыптасы айылда болду. Туугандардын жамандык-жакшылыгына аралашып, отпускага чыгаар замат бала-чакасы менен айылга жөнөчү.Бай тили, тереңдиги, турмуштук кырдаалдарды нукура элдик мааниде бере алышы ушундан жазылган.
— Үйбүлөсүнө, аялына мамилеси кандай эле?
— Жеңеме жасаган мамилеси абдан аяр эле. Алиги “Көчө” фильминдеги “Аппагым” деген ыр жеңеме арналып “Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы” “Издеп жүрөм” ырынан деле сүйүүгө кылган назик, пакиза, кылдат мамилеси билинип турбайбы. Балдарынын көзүн эле карап отурчу. Кудайдан тилеп алгам деп.
Жеңемди өзү жактырып, жаш алган. Көп төрөп, баары чарчап калып, Кымбатты кудайдан тилеп алышкан. Андан кийин Улан деген уулу 7 айлык болуп төрөлдү. Ашым акемдин патриоттуулугун карабайсыңбы, ошол кенедей баланы автобуска салып, агездеги жападан жалгыз №5 кыргыз мектептен окутту, кийин ал уулу тарых факультетин бүтүрүп, “Манас” тарыхый булактарда” деген дипломдук иш жазды. Аспирантурада кала турган мүмкүнчүлүгү бар эле, достору Америкага чакырып, барып келейин деп кетип, ошол боюнча ал жакта иштеп калды. Уул-кыздуу болуптур. Уулунун атын Азамат Алтай Муса-Ашым деп коюптур. Акемдин сөөгүн Шекерге алып барып, мүрзөсүнө канаты кайрылган бүркүттүн элеси түшүрүлгөн эстелик койду.
— Турмуш-шарттын татаалдыгы чыгармачылыгына абдан тоскоол кылганы күндөлүгүнөн байкалып турат экен?
— Бу киши үйдүн азабын абдан көп тартты. Квартирадан квартирага көчүп конуп жүрүп, кийин эле киностудиядан эки бөлмөлүү квартира алды. Азыркы Совет–Москва көчөсүндөгү төрт бөлмө үйүн Жазуучулар союзу берген. Чынында эле Ашым акем жетимчиликтин кээрин тартып, материалдык кыйын шартта мээнет менен жашап, иштеди. Табийгый мүмкүнчүлүгүнүн ондон бири гана ачылды окшойт.
Кымбат ЖАКЫПБЕКОВА, кызы: “Атамдын эмгектерин аздектейбиз”
— “Теңири Манас” азыр биздин үйдөгү складда толуп жатат. Өткөндө “Нуска” деген китеп дүкөнүнө сатыкка коелу деп сүйлөшсөк, албай коюшту. «Полиграфиясы начар экен, бизге мукабасы жаркыраган, кагазы мыкты сүрөттүү китептер керек» деп. Кеп кагазында эмес, ички мазмунунда да.
Атам узак жылдар киностудияда иштеди. Төлөмүш Океев менен дос болчу. Бакен Кыдыкеева сыяктуу залкарлар менен жакшы мамиледе эле. Киностудиянын жанындагы төрт кабаттуу үйдө жашачубуз. Чыгармачыл адамдар чогулуп, биздин короодо ордо ойношчу. Атам аябай карапайым, жолдошчул болчу. Апам иштечү эмес.
— Атаңыздын эмнеси ооручу эле? Эрте эле кайтыш болгонун айтам.
— Ооруп жатып калганын деле көрчү эмесмин. Кээде эле жүрөгүм деп калчу. 1994-жылдын 4-июнь күнү апам экөөбүз бир жакка барып келсек, нары карап жатыптыр. Уктап аткан экен дегенбиз. Өзү көп деле уктачу эмес. Апам бир маалда ойготоюн десе, ойгонбойт. Коркуп кеттик. Апам кыйкырып, колунан тартса кыймыл жок. “Тез жардам” чакырдык. Инсульт дешти. Ооруканага алып кетишти, бирок ошо боюнча эсине келген жок.
— Канча жашта эле?
— Элүү сегизде. Өзү улуураактай көрүнчү. Балалыгынын оор болгонунан, кыйын турмушта жашаганынан болсо керек.
— Балалыгы тууралуу айтып берчү беле?
— Айтып берчү. Айрыкча апалары жөнүндө көп айтчу. Өзү 35-жылкы болчу да. Бала кези согуш учуруна туш келиптир. Апасы Тансык чоң апам абдан оорулуу, бүкүрөйүп таяк менен баскан, мүнөзү жумшак аял болгон экен. Атамды кыркка чыкканда төрөптүр. Он алтыны төрөп, ошонун ичинен агасы Айталы, эжеси Бүкөн, анан атам эле калыптыр.
— Азыр Таласка барып турасыңарбы?
— Сейрек барып калдык. Туугандарга каттап калганыбызда айылдын деми, касиет күчү бизге деле сезилип турат.
Атам дайыма айылды эңсеп турчу. “Күркүрөөнүн боюна там салсам, айылга барып жашасак. Шаардан жаман жададым” дей берчү. Апам болсо «айылда шарт жок, карыганда кантип жашайбыз» десе, “көнөбүз да” деп койчу. Апам анда “токол алып берейин, сен барып жаша, анан биз сага мейманга барып туралы” деп тамашаласа. “мунун куусун карасаң” деп күлүп калчу. Болбосо, дилинде бүт эле айылда жүрчү. Атүгүл айылда эки тайганы бар эле. Айылга барганда токой аралап кеткенге шашчу. Өлөөргө жакын, күн сайын Шекерге кетем деп эле калган. Акыры Шекерине сөөгүн алып барышты. Достору “биякка эле коелу, бу киши жөн эле адам эмес да” дешти, бирок иним Улан болбой койду. Атамдын айыл менен кандай байланышы бар экенин баарыбыз эле билчүбүз.
— Атаңардын жолун эч кимиңер жолдогон жоксуңарбы?
— Иним Улан жакшы эле жазат. Көп жылдан бери Америкада иштейт. Нью-Йоркто азыр кыргыздардын саны 20 миңден ашып калыптыр. Ошол жакта да Манассия деген музей-шаарча бар экен. Андагы экспонаттар кудум кыргыздын көчмөн доорундагы буюмдар экен. Улан атамдын “Теңири Манасын” ошол жакка алып барса эң баалуу маалымат катары кабыл алышыптыр. Ал деле Кыргызстанга келип иштесем деп аракет кылды. Бирок бияктагы алдым-жуттум кырдаалга чыдай албай койду. Азамат Алтай Уланды баласындай көрчү. Уулу төрөлгөндө да атын ошол киши койгон.
Бияктагы атамдын неберелери Айсалкын менен Артурдан келечекте бир нерсе чыгабы деп өзүбүз да үмүттөнөбүз. Менин уулум Артур таятасына абдан окшош.
Сүйүн КУРМАНОВА, «Аалам» гезити, 2000-ж.
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды



