Аркадий АВЕРЧЕНКО: «Еврей анекдоту»

(аңгеме)

I.

Выркино жергесиндеги Сура Фрейбергдин жети баласы бар, бирок бир дагы күйөөсү жок болчу.

Адегенде күйөөсү бар эле, бирок кийин ал кандайдыр бир сөздөрү үчүн түрмөгө отургузулуп, анан ал, мадам Фрейберг өзү башын чайкап айткандай: “бара-бара жок болуп кеткен”. 

Сура таарынычын асманга билдирбей, аял затына таандык жолду тандады: базарда чач кыстыргыч, ийне, тасмаларды сатып, выркинолук аялдардын эски көйнөктөрүн жаңылап, түндөрү байпак токуп, кичинекей Абрамка аркылуу выркинолук дүкөндөргө пирог сатчу. Ошондой эле эркектердин көйнөктөрүн тигип, бет аарчыларга сайма сайып жан бакты.

Бирок, бул шайыр, көңүлдүү иштер Сураны өзүнүн түздөн-түз милдеттеринен алагды кылбашы керек эле: күүгүмдө дүкөндөн келгенден кийин – узак күндүн ичинде себеттен чыккан рактар сыяктуу ар кай жерге чачырап кетүүгө үлгүргөн жети баласын издеп таап, үйгө кайтарып, урушуп, тилдеп, бирин калтырбай жазалап, анан жуунтуп, тамактандырып, өөп-жыттап, эркелетип жаткыргандан кийин гана, ал чарчаган денесин сооротуп, түнкү жумушуна киришчү.

Ал эми таң атканда түйшүк ого бетер көбөйчү.

Баары бир убакта ойгонуп, он үч бут кийимдин айынан баш аламандык жаралып, күлкүлүү окуялар орун алчу. (Давиттин бир бутун араба тебелеп кеткен эле), ызы-чуу он үч байпак жана бир үймөк эски кийим менен коштолуп, алардын баары балдардын арык буттарына, ичке ийиндерине жеткиче уланчу.

Бут кийимдерди сорттоо Сурадан ушунча убакытты талап кылгандыктан, ал жети баланы толугу менен согуп, тилдегенге үлгүрбөй калчу, ошондуктан эртең мененки жаза тең эмес бөлүштүрүлчү: кээ бир балдарга кош үлүш тийсе, кээ бирлери кечке чейин күтүүгө аргасыз болушчу.

Сура нандын бир үзүмүн чайнап жутуп, жоолугуна оронуп, токумасын алып, бөлмөдөн шашып чыгып баратып, эшиктен Сёмкага жолугуп калып, ачууланып кобурачу:

– Бул баланы бутка чалынтпай качан кудай алып кетер экен?

Кичинекей Сёмка же энесинин суроосуна жооп кайтарыш үчүнбү, же жөн эле ыйлагысы келгендиктенби, оозун ачып үлгүргөнчө эле мадам Фрейберг көздөн кайым болчу.

Бул убакта байкуш аял… Выркинонун кууш көчөлөрү менен чуркап баратып, бүгүн канча чач кыстыргыч жана ийне сатаарын, андан эмне пайда табаарын ойлоп санаа тартып бара жатчу…

II.

Бир күнү кечинде базардан кайтып келген мадам Фрейберг балдарын күнөөсүнө жараша жазалап жатты, Давиттин кулагын чоюп, Сёмканы көтөнгө чапты, эки жашар Арончикты колуна алып, өзүнө тааныш көз жашын төгө баштады.

Көз жашын токтоткондон кийин, ал капысынан Арончиктын жүзүн көрүп чочуп кетти…

– Бул эмне? Бул эмне? Көзүң эмне болуп калган, менин кичинекей сулуу балапаным? Көзүң эмне болгон, сен жерге кирип кет, өзүнүн апасына зыян келтирүүнү гана кыялданган бузуку бала. Ой! Мунун көзү чоктой кызыл, көз жашы шаркыратмадай агып… Ой, менин шорум!

Эми үч көз ыйлап жатты: экөө – мадам Фрейбергдики, бирөө – кичинекей Арончиктин кызыл, жаш толгон, оор кирпиги менен жарым-жартылай жабылган көзү.

Ал эми жанында Давид бир буту менен секирип, Раичка кесилген манжасынан канын соруп жаткан.

Аябай көңүлдүү эле.

III.

Эртеси күнү Арончиктын көзү, анын дүйнөдөгү бардык нерсеге кайдыгер ээси, үйдөн мадам Фрейбергдин жүрөгү жумшак кошуналарынын катуу сотуна алып чыкты.

– Сен, бала, бул көзүң менен бир нерсе көрөсүңбү? – деп сурады мадам Перельмутер.

– Уй, – деп түшүнүксүз үн чыгарды бала.

– Ал эмнени түшүнөт… – деди карыя Гительзон. – Ал эмнени түшүнөт, кичинекей акмак бала? Аны көз доктурга алып баруу керек.

– Көздөрүн дарылатуу керек, – деп ырастады мадам Штильман.

– Догдурга темир жол менен барганда он саатта жетесиң, – деп ырайымдуулук менен билдирди мадам Перельмутер.

– Он саат ары – он саат кайра бери, – деп түшүндүрдү карыя Гительзон.

– Мадам Фрейберг! – деди мадам Перельмутер коркунучтуу бейкапарлык менен. – Бул наристенин көзү сизге он беш сомго чейин чыгым алып келет.

Мадам Фрейберг ээрдин тиштеп, жүзү таштай катып, жайбаракат үн катты:

– Макул. Балам үчүн мен муну кылам.

Ал уулун колунан алып, кошумчалады:

– Тур, үйгө кетели, ырысы жогум, бүгүн эле кудай сени алып кетсе эмне!

IV.

Мадам Фрейберг акыркы күндөрү абдан шашып жүрдү.

Акчасы болгону сегиз сомго жакын эле, Арончиктын көзү рубиндей кызарып чыкты, ал эми шпилькаларга жана тасмаларга болгон суроо-талап күлкүлүү даражага чейин төмөндөп кетти.

Ошондуктан Абрамка эми эки эсе көп пирог сата баштады, мадам Фрейберг балдарды жууп, каргап жана өөп жатканда гана уктамыш болчу, ал эми түн бою тигип, токуп, ал эми ыйлоо сыяктуу кымбат нерсеге күнүнө он мүнөттөн ашык жол берчү эмес. Ал он эки сом чогулткан кезде, эртең менен кошуналар чогулуп келишти: мадам Перельмутер, мадам Штильман жана карыя Гительзон мындай дешти:

– Эмне деген шумдук оору! Бизден дагы беш сом алыңыз, мадам Фрейберг. Алар сизге азыр абдан керек болуп турат.

Бир нече мүнөт бош болгондуктан, мадам Фрейберг акча алып жатып ыйлап жиберди жана дароо эле ишкердик тонго өтүп, Арончик менен бүгүн кечинде жолго чыгууну чечти…

V.

Сура базардан үйүнө поезд жөнөргө кырк мүнөт калганда чуркап келди. Кырк мүнөттүн ичинде станцияга жетүү керек болгондуктан, Сура Арончикты кармап, чоң жоолукка ороп, столго учуп барып, азык-түлүк оролгон түйүнчөгүн алды, Раичкага учуп барып, аны чаап өттү, Давитке кыйкырды: “Балдарды урбагын – сен улуусуң!”, чөнтөгүндөгү акчаны кармалап көрдү, азык-түлүк түйүнчөгүн түшүрүп ийди, аны кайра алды да – акыркы сөздөрү менен көздөн кайым болду:

– Кичинекейлерди жууп, тамактандыргыла!

Мадам Фрейберг вагонго отурганда, эркин дем алып, өзүнө мындай деди:

– Мадам Фрейберг, эми эртең мененге чейин уктай аласыз! Хе-хе… Менимче, сиз буга татыктуусуз, мадам Фрейберг.

Эртең менен Сура көз доктурдун кабылдамасында отурду, колунда жылуу жоолукка оролгон уктап жаткан Арончикты кармап, кезек күтүп тынчсызданып турду.

– Кириңиздер!

Сура ордунан турду, кабылдамага кирди жана доктурга жерге чейин ийилип салам берди:

– Саламатсызбы, мырза дарыгер! Кандайсыз? Сизге наристемди алып келдим. Көзү бир нерсе болуп жатат, акыл жеткис нерсе. Таза азап болду.

Доктур жакындап, Сурага жоолукту ачууга жардам берди жана баланын көзүн ачып, карады.

– Мхм… – деп күңкүлдөдү ал. – Кызык… Ооруган жери байкалбайт.

Ушул жерде эненин кызыктай, каргылданган үнү угулду:

– Мырза дарыгер! Мен башка баламды алып келиптирмин!

VI.

Эгерде Кудай асман бийиктигинен күзгү жамгырдан суу болгон жерге караса, анда Ал эбегейсиз мейкиндикте сойлоп бара жаткан куртту көрмөк.

Бул курт – кичинекей Сёмка менен мадам Фрейберг кетип бара жаткан поезд.

Ал кетип баратып ойлонуп жатты:

– Менин жүрөгүм катуу согуп жатат. Ушунчалык катуу соккондуктан, эгер ал жарылып кетсе, анын күркүрөгөн үнүнөн адамдар дүлөй болуп калмак, ал эми дүйнөдө жашоо таптакыр кызыксыз болмок… Охо-хо. Кудай баарын көрүп турат!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.