Мен Айтматов ааламына кантип баш бактым же менин биринчи илимий макалам
Эсимде 90-жылдардын орто чени кыш мезгилинин декабрь айынын башы болчу.
Күн суук. Баткендин кар жукпаган адырларында ызгаардуу шамал согуп турат. Мектеп да кудум Дүйшөндүн мектибине окшоп ээн талаага жайгашкан. Айырмасы үч кабаттуу, бирок класстар суук. Мектепке жеткиче мага окшогон арык кичинекей кыздарды шамал бура бастырбай кыйнайт. Далай жолу шамалга учуп кеттим го…
Мугалимдердин маанайы жок. Алты айдан бери маяна алышпайт (апам да мектепте мугалим болуп иштегенден мага баары дайын болчу). Азыр таң калганым эч ким маяна кечикти деп иш таштоого да чыгышчу эмес. Балким ошол мезгилдеги мугалимдердин өтө баёлугу бейм же балдардын алдында өздөрүн милдеттүү, жоопкерчиликтүү сезишет беле.
Ошондой көңүлсүз күндөрдүн биринде кыргыз тилинен сабак берген Асан Беркбаев агай улуу, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата иш чаралар уюштуруларын жарыялады. Ошондо мектептин тилчилер окуу усулдук бирикмеси декада уюштурган экен. Адаттагыдай эле ачык сабактар, театралдаштырылган тарбиялык ачык сабактар өтүп жатты.
Жыйынтыктоочу иш чара катары илимий конференция уюштурабыз деп жакшы дил баян жазган окуучуларды жыйнап ар бирибизге болжолдуу макалалардын темаларын беришти. Мага «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы эне темасынын берилиши» аттуу тема тийди. Азыр тилчилерде концепт аттуу мода чыккан го. Агай Айтматовдун чыгармаларындагы энелерди тизмелеп жазып кел деп тапшырма берди. Кана эми үйгө барып уктай алсам. Түнү менен Толгонай, Сейде, Авалбектин апасы мене дидарлашып чыктым…
Эрте туруп 8-класстын деңгээлинде Айтматовдун чыгармаларындагы билген апаларды тизмеледим. Эртеси агайга көрсөттүм. Эң негизги энелер калып кетиптир деп тизменин башына Жер эне, Бугу эне, Акбара деп кошумчалады. Тизменин ылдыйына аты аталбаган энелерди да кош деп жазып коюптур. Айтматовдун чыгармаларын «Ала Тоо» журналынан окучумун. Отурдум эки күн журналдын бүт сандарын жайнатып алып. Кийинки күнү ар бир энеге мүнөздөмө жазып кел деп тапшырма берди. Айтматовдун ааламына кирип кеттим ар бир эне менен сырдашып чыктым. Ар бир энени көз алдыма келтире алдым, жадагалса сүйлөшө алдым.
Андан кийин бир топ суроолорду берип жооп жазып кел деди. Ойлосом ал суроолор оюмду жыйынтыктоо үчүн берилген тура. Ошентип, conclusion/жыйынтыктоо жазылды. Сабактан кийин калып эне тууралуу кыска эссе жазып көрчү деп дагы бир сынады. Аны жазган макаламдын башына коштурду. Көрсө ачкыч түйүндүү сөздөр менен көз карашымды билдирип Introduction/киришүү жасаган экенбиз.
Тилчилердин усулдук кеңешинин төрагасы Абдинаби Даабеков агайым бүт макала жазгандарды чогултту. Бой жагынан дагы, жаш жагынан дагы кичүүсү мен экем. Агай ушул сербейген кыздын колунан эмне келмек эле дегенсип мени карап койду. Айланама көз салсам көпчүлүгү 10-11-класстын окуучулары. өзүнчө бир илимий жаңылык аччудай жүрөгүм алып учат. Өзүм араң 6-сабакта тарых предметинен суранып келген болчумун. Мугалимдин «Асан менен Наби дагы эмнени баштады? Жөн эле жүрбөйбү?!» деп класс жаңырта сүйлөнгөнүн укмаксанга сала кулак жапырып келсем. Тим эле өзүмдү Алтынай, агайымды Дүйшөн сезип алгам.
Биз күткөн күн да келди. Тилчи агайлар жана эжекелер да баяндама жасашты. Көрсө ал пленардык бөлүгү тура. Бул мага сюрприз эле эмес Айтматов ааламына ачкыч болду. Ошондогу Абдинаби Даабеков агайымдын «Кыргыз элинин каада салты, нарк насили жана Жамила», Гүлбара Мурасатова эжекемдин «Ч. Айтматов жана кыргыз киносу» жана Асан Беркбаев агайымдын «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы монологдук кептин уюштурулушу» аттуу илимий макалалары жүрөгүмө өмүр боюу кыттай уюп калып мени илимдин сыйкыр дүйнөсүнө жетеледи.
Конференцияга катышкан окуучулар да жазып келген илимий макалаларыбыздын негизинде баяндама жасадык. Ар бир жасалган баяндаманы көңүл коюп уктум. Кезек келгенде агайым үйрөткөндөй шашпай өз оюм менен эркин баяндадым (кагаздан окубадым).
Жыйынтыгында эмгегимдин акыбети кайтып 2-орунга татыктуу болдум. Сыйлоо аземинде Абдинаби агайым «сенден бир нерсе чыкчудай» деди. Бирок менден дагы деле «эч нерсе чыга элек»…
Менин жеңишим мурда Айтматовдун чыгармаларын көркөм адабият катары гана баалап келген болсом. Ошондон кийин философиялык, психологиялык, лингвистикалык жана этномаданий эркин сын көз караш менен кароону, илимий баа берүүнү үйрөндүм.
Кийин көп регионалдык, эл аралык деңгээлдердеги илимий конференцияларга катыштым. Бирок ошондогудай сезимдерге чулгана албадым. Кээ бир илимдин кандидаттарынын, докторлорунунун жакшы иштелбеген, чала бүткөн макалаларына жолугуп калганда кадимкидей ирээнжип кетем.
Азыркыга чейин студенттерге илимий иш жаздырууда агайымдын усулун колдонуп келем. Дароо эле студенттин жүрөгүн түшүрө койбой маалымат топтоо, тизмелөө, анализдөө, карта түзүү (mind map, cluster, scheme), эркин сын көз караш менен өз пикирин билдирүү аркылуу кызыктырып акырындап илим дүйнөсүнө жетелейм.
Алыскы айылда туруп Айтматов ааламына жана илимдин сыйкыр дүйнөсүнө жол көрсөтүшкөн устаттарыма миң ирет таазим кылам.
Гүлнара ШАДЫМАН



