“Бейтааныш бекет” & “Адамдын тагдыры”: окшоштуктары жана айырмачылыктары
Акын Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекети” ырлар жыйнагын окуган сайын М. Шолоховдун “Адамдын тагдыры” аӊгемеси эске түшөт.
Даӊазалуу орус жазуучусу Михаил Шолохов “Адамдын тагдырында” аңчылыкта кокусунан жолугуп калган бейтааныш адамдын эс тутумунда эн тамгадай басылып кала берген кайгылуу окуясын арадан он жыл өткөн соң аӊгемеге айлантканы эсибизде чыгар. “Адамдын тагдырындагы” башкы тема – согуш жана ага катышкан адамдын тагдыры. Аңгеменин каарманы Андрей Соколовдун согушка чейинки жашоосунда эч кандай деле өзгөчөлөнгөн нерсе болгон эмес. Бардык эле катардагы карапайым советтик адамдардай окуган, иштеген, аялы, балдары болгон.
Арийне, жалпы элдик трагедияга айланган согуш анын жашоосун өзгөрткөн. Адатта, согуш ар кимдин пешенесине ар кандай тагдырды жазат эмеспи. Бири эрдик көрсөтүп, баатырга айланат. Бири ата мекенине чыккынчылыкка барат. Бири күн сайын канды кечип, жанын оозуна тиштеп майданда өз кызматын кылып жүрүп, жазмыштын бир буйругу менен туткунга түшөт. Айтор ар кимдин пешенесине ар кандай тагдырлар жазылат. Туткун болуу да бул тагдыр. А тагдырды биз Кудайдан сурап ала албайбыз. Кеп согушта көрсөткөн баатырлыкта, же өз мекенин саткан чыккынчылыкта, же ойго келбеген жерден туткунда түшүп калышта эмес. Кеп кандай жагдайда болбосун адам бойдон калууда.
Аӊгемеде Андрей Соколовдун согушка чейинки, согуштан кийинки турмушу тууралуу да азыноолак баяндалат. Баш каарман бардык учурда: мейли согуштабы, мейли жай турмуштабы, кандай адам болсо, дал ошондой бойдон кала берген. Чыгарманын тузу мына ушунда.
Улуу Ата Мекендик согуш бул бир адамдын трагедиясы эмес, бул бүтүндөй бир элдердин, бүтүндөй бир өлкөнүн традегиясы. Согуш бул жалпы адамзаттын трагедиясы.
Кыргызстандын башынан да соңку 34 жылда болуп көрбөгөндөй окуялар өттү. Коомдук-экономикалык система өзгөрдү. Советтик империя кулап, социалисттик идеология, руханий баалуулуктар алмашты. Улуттар аралык кагылышуулар болуп, кечээ эле гүлдөп турган шаарлар тынчтык күндөрдө талкаланды. Миӊдеген жумушчулар иштеген завод-фабрикалардын асты токтоп, арты жарым-жартылай иштеп, токтогондору катуудан кышы, жумшактан күлү калганча тонолду. Кара булуттай каптаган жумушсуздуктан айынан, жаштардын баары сыртка кетип, жалаң кары-картаңдар жашаган айылдар пайда болду. Союз убагында малдын көптүгүнөн жайыттар такырайып, жайлоолордун көркү кетсе, эми бүтүндөй үй-бүлөлөр көчө качып, элет жеринин куту качты. Ата мекендик согуш жылдарында эр азаматтар поездге түшүп, колуна курал алып жоого аттанса, бул жолу аялдар поездге отуруп, алабула каптарын көтөрүнүп, тагдырын кылычтын мизине коюп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө аттанды. Согуш беш жылга созулса, өткөөл мезгил деп аталган кыйын кезең азырга чейин уланып келатат. Акыры көрүнө элек.
Мына ушул советтик империя кулаган, идеологиялык баалуулуктар алмашкан мезгил жана адамдардын акыл-эсин айран кылып, жүрөгүнө өчпөс эн тамгасын баскан доор, ошол кыйын кезеңди өз башынан кечирген адамдын тагдыры, анын ички уйгу-туйгу толгонуулары, көкүрөгүн жеген санаасы, жан дүйнөсүндөгү карама-каршылыктар, чоочун жерге, чоочун элге барууга тобокелге бел байлаган аргасыздыгы, бейтааныш жердеги жашоосу “Бейтааныш бекеттин” өзөктүү темасы болуп калган.
Ушул өңүттөн алганда, Нуриза Өмүрбаеванын чыгармачылыгы – мигранттардын турмушу тууралуу жазган акын деген алкакка, аныктамага сыйбайт. Михаил Шолохов согуш темасы аркылуу адам жана анын тагдырын жазса, Нуриза да өзү башынан кечирген мигранттык турмуш, миграция темасы аркылуу акын тагдырын, акындын тагдыры аркылуу адам тагдырын жазып, анын портретин тарткан.
* * *
Жай узады. Шамал уруп, жаан тийип,
жалбырагын төгүп бүттү дарактар.
Чоочун мага өз өмүрүм баш ийип,
чоочун жолдун жетегинде бараткан.
Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды.
Да бир жылдын учун кармап турамын.
Учпай калган жүрөк узак жашайбы?..
Кайкып учкан канаттуудан сурадым.
Куштар мага жооп узатып ыраактан,
өз тилинде үн салгандай болушту.
Куштун тилин, куштун жолун бирок да,
жылдар мага унуткарып коюшту.
Кээде гана буюктурат бир санаа,
ушул аалам жаралгансып кусадан.
Канаттуулар жер которуп учсаңар,
коштоп учпай улутунуп узатам.
Күндү беттеп, күздү таштап бараарың,
жаздыр жашыл жака-бели кештелүү.
Мекен кылган бир сүйүүнүн караанын,
менин эрким, мейкиндигим чектелүү.
Жетээр жерге жетип эсен. Күн кармап,
кайтсаң экен адаштырбай ай-жылды.
Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,
узак жолдо канаттарым кайрылды.
Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп.
Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.
Кайра кайтып келээриңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешти эле.
Кайра кайтып келээриңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешчү эле.
2022-ж.
Бул ырда биз жашап өткөн жана азыр да башыбыздан кечирип жаткан жылдардын, доордун картинасы сүрөттөлгөн. Узаган жай – бул совет мезгили. Шамал уруп, жаан тийип, жалбырагын төгүп бүткөн дарак аркылуу социалисттик түзүлүштү айтып жатат. Күз – белгисиздиктин символу. Арийне, баш аман болсо, жан аман болсо тирүүлүк улана берет. Күүгүм термеген жаш Ай – тирүүлүктүн символу. А лирикалык каарман кармап турган жылдын бир учу – бул үмүт. Кайкып учкан куш – мезгил.
Куштар ыраактан жооп узатып, өз тилинде үн салганы, жылдар лирикалык каарманды унуткарып койгону – бул санаанын, күмөнсүүнүн, арсарлыктын белгиси. Автор аны ырдын төртүнчү сабагында бир санаа буюктурат, аалам кусадан жаралгандай ачык эле айтып, канаттуулар жер которуп учкан болсо, коштоп учпаганына өкүнөт, өкүт кылат. Эркиндигинин, мейкиндигинин чектелүү экени санаага салат. Андан ары алысты көксөп учаарда узак жолдо канаттары кайрылганын сөз кылат.
Ырдын кульминациясында ойлор конкреттешет. Лирикалык каарман бир күүгүмдө алыска кеткенин эскерип, көккө сиңген канаттуулар кайра кайтып келет болду бекен, “канаттуунун мекени жок дешти эле” деген собол менен ырын аяктайт.
Ырдын минтип суроо менен аяктаганы мыйзам ченемдүү. Анткени, лирикалык каармандын кайра мекенине кайтып келиши арсар. Ал азыр өзүнө да белгисиз. Канаттуунун мекени жок делгендей, өз мекенинен кеткен адамдын тагдыр жолу кандай түшөрү да табышмак. Анын жандырмагын бир гана мезгил айта алат. А жыл санап өз мекенине кайткандардын саны эмес, сыртка чыккандардын саны көбөйүп баратат. Демек, “канаттуулар” качан артка кайтары күмөн… Ыр “Кайра кайтып келээриңди ким билет?..” деп өтө таасирдүү жана табышмактуу аяктаганы да ошондон.
Ырдын түзүлүшүнө келсек, сюжеттик-композициялык жагынан башаламан, чаржайыт курулган. Бул түшүнүктүү. Лирикалык каармандын ою да башаламан, чаржайыт. Ал аны алдыда эмне күтүп турганын билбейт. Ырдагы ойлордун ыраатсыздыгы лирикалык каармандын абалын билгизүү менен, анын өз болочогуна болгон күдүк ойлор, күмөнсүнүү дагы да тереӊ түшүнүүгө жардам берет.
Мындай туюм, мындай күмөнсүү эгемендүүлүктүн 34 жылында кимде гана болбоду. Ким гана колунан камчысы түшүп шалдайып турбады. Мына ошол эр азаматтар мүӊкүрөп башын жерге салып турган чакта алсыз аялзатына күч келди. Үй-бүлөнүн жүгүн ошолор көтөрдү. Ошолор өлкөнү сактап калды.
Нуризанын акындын тагдыры, адамдын тагдыры тууралуу кезектеги төмөнкү ырын “канаттуунун Мекени жок дешти эле” ырынын логикалык уландысы катары кабыл алсак болот:
* * *
Таштап чыктым күндөрүмдү бороондуу,
Бул сапарым кайсыл жерден токтомок.
Кетем бүгүн узатаарым жок өндүү,
Кайтып келсем, тосуп алчум жок болот.
Таштап чыктым жакын деген адамды,
Багым эле толбос дагы, кемигис.
Жолдор бөлүп, мезгил бөлүп араны
Жолукпаспыз, кааласак да эми биз.
Таштап чыктым жамгыр, карлуу калааны,
Санаага бай, сараң эле жыргалга.
Айталбадым ушул жолдун азабын
Тагдырынан жеңил чыккан ырларда.
Таштадым мен барымды да, жогумду,
Жолго чыктым, жүрөк менен көп күйгөн.
Өткөн күндөр торобосун жолумду,
Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен…
2018-ж.
“Канаттуунун Мекени жокто” лирикалык каарман өзүнүн эртеӊине күдүк ой, күмөнсүү менен караса, бул ырда ага көп нерсе айкын, кайда барарын, кимдер узатып, кимдер тосуп алаарын, эӊ башкысы өчүш жаныш керектигин, күйүү үчүн өчүш керектигин билет. Байыркы гректердин мифинде күкүнүс куш өзүн өзү өрттөп, анан канаттарын жерге чапкылап тирилип учуп кетет эмеспи. Адам баласынын башына күн түшкөн кыйын күндөрдө дал ошондой жаналакетке түшөт. Өз өлкөсүнөн башка өлкөгө иш издеп, жакшы жашоо издеп кетип жаткан адам күкүнүс кушка окшоп бир өлүп, бир тирилет. Муну ошол тагдырды өз башынан өткөрүп, ошол жолду басып өткөн адам гана түшүнөт. Башка альтернатива жок. Себеби, аны алдыда белгисиздик, туңгуюктук күтүп отурат.
Нуризанын лирикалык каарманы да бурулуш мезгилде барын да, жогун да таштап, баарына кайыл болуп, жолго чыгат. Ансыз башкача болууга тийиш эмес.
Албетте, “Бейтааныш бекетте” миграция жана эмгек мигрантынын тагдыры, анын адам бойдон калуусунун да тарыхы бар. Аны жокко чыгарууга болбойт.
Эмгек мигрантынын тагдыры күкүнүс куштун тагдыры.
ЧООЧУН КҮНДӨР
Курчап турса сүйүү багы – кайың бак,
Кусалыктан куруп турган жайымды айт.
Чок баскандай жүрөгүмдү ысытып,
Чоочун сезим көөдөнүмдү байырлайт.
Тирүүлүктө түйшүгү көп бүтпөгөн,
Ыза, ыйдын баарын жеңип күч менен.
Чоң турмуштун агымында сүзөмүн,
Чоочун көздөр чоочунсунтуп тиктеген.
Шамал шуулдап, жамгыр жаабас жаз көрдүм,
Шайыр куунак жашаганды аз көрдүм.
Чоочубадың кучагыңа алгандан,
Чоочун турмуш мен да өзүңө бат көндүм.
Бул чөлкөмдө чоңойбогом, туулбагам,
Эмне берип, эмнени алат бул кадам?
Чоочун жердин шамалындай шуулдап,
Чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган.
2014-ж.
Ырдын аягында бул поэтикалык саптардын качан жазылганы да көрсөтүлгөн. Эгер ыр жазылган өлкө, шаар, же кыштак көрсөтүлсө мындан да таасирдүүрөөк болмок.
Нуриза чоочун күндөр деп убакытка да так аныктама берет. Биз көп учурда мигранттык турмуш убактылуу ойлойбуз. А бу жашоодо эмне убактылуу болсо, ал туруктуу, түбөлүктүү. Күндөрдүн биринде кол баштыгыңды көтөрүп, жолго чыккан болосуң, бир күнү карасаң эле чачың агарган, өзүң картайган. Бирок айлана-тегерегиңди карасаң, баары чоочун. Күндөр да, көздөр да, жашаган турмушуң да, тагдырың да, жадагалса өзүңө өзүң чоочунсуң.
Кусалыктан улам лирикалык каармандын көөдөнүнө чоочун сезим байырлайт. Ызалыкты жеңет, бирок чоочунтунсуп тиктеген чоочун көздөр кала берет. Чоочун турмуш кучагына алып, жамгыр жаабас жаз көрөт, шайыр жашаганды аз көрөт. Бейтааныш жер, бөтөн эл эмнени берип, эмнени алары белгисиз. Болгону чоочун жерде чоочун күндөр жаштыгын уурдап баратканын сезет.
Бөтөн жерде, бейтааныш жерде жашаган адамды дагы башка эмне күтүшү мүмкүн? Анүстүнө ал алсыз, жан дүйнөсү аялуу да, миң жеринен жаралуу, улунуп-жулунбаган назик аялзаты болсо. Бул өтө терең психологиялык абал.
Лирикалык каарман жашоо үчүн күрөшө да алат, күрөшө да билет. Бирок баары өз чеги менен. Ал турмуштун кандай кыйынчылыктарына кабылбасын, кандай оор жагдайларды башынан кечирбесин, аялзатына мүнөздүү назиктикти, боорукерликти, ыйбааны сактап калат. Турмушка көнөт. Кээде баш ийип, келишкен учурлары да болот. Бирок бул жеңилүү эмес. Дайыма эле турмуш менен тирешип, өз билгенин кармашуу мүмкүн эмес. Турмуш дайыма жеңишке жетет. Бул турмуштун мыйзамченемдүүлүгү.
Мына ошентип бөтөн эл, бейтааныш жерде жашаган адамдын тагдыры улам даана тартыла берет.
* * *
Өмүр муңу көздөрүмдөн көрүнбөй,
өзүмдү өзүм бул жалганда бар сезип.
Аруулуктан, тазалыктан бөлүнбөй,
аалам кезип кетким келди кар кечип.
Жалган сүйүп, жалган сөздөн бак куруп,
көбү алдады, мен да көбүн алдадым.
Пенделиктен асылдыкка жан уруп,
ак кар, сендей аруу боло албадым.
Кайдан билдим, балким ичтен бук болдуң,
адамдарга калганыңа кез келип.
Мен да сендей жумшак элем. Муз болдум,
мерездердин бут алдында тепселип.
Жүрөгүмдө бир из турат өчө элек,
билбейм, билбейм, мынча көңүл бөлүндү.
Эч бир жандын буту басып өтө элек,
эми кайдан табам кардай көңүлдү?
Эми кайдан табам таза көңүлдү?
2014-ж.
Аруулуктан, тазалыктан бөлүнбөй аппак карды кечип кеткиси келген лирикалык каармандын бул абалын түшүнсө болот. Ал дагы деле бейтааныш жер, бөлөк элде өзүн чоочун сезет. Себеби аны да далай алдашкан, өзү да далайларды алдаган. Антсе да ал эч качан пенделикке белчесинен басылбады, аруу бойдон калууну каалады. Бирок адам канчалык аруу бойдон калгысы келбесин турмуштун мыйзамдары катаал, күтүүсүз. Аны биздин лирикалык каарманыбыз мерездердин бут алдына тепселип жүрөгү муз болгондо билди.
Турмуштун ачуу чындыгы ушундай. Карышкыр заманда жашаган адам карышкыр болууга, түлкү заманда жашаган адам түлкү болууга аргасыз болот. Бир караганда бул аргасыз абалдан чыгууга башка жол жоктой көрүнөт. Арийне, кандай кыйын болбосун, ага альтернатива бар. Ал кандай кыйынчылыктарды баштан кечирбе адам бойдон калуу жолу. Бул жолду адамдан эч ким тартып ала албайт. Бирок ал жолду тандайсыӊбы же карышкыр заманда карышкыр бойдон каласыӊбы, тандоо өзүӊдүн колуӊда.
“Эми кайдан табам таза көңүлдү?” деген суроо салган лирикалык каарман тандоону окурмандын өзүнө калтырат.
Миграция бул бүт дүйнөлүк маселе. Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар миграциянын нанын жеп, тузун татып жүрөт. Бирөөлөр үчүн бул жакшы жашоо, турмушту жаӊы барактан баштоо, башкалар үчүн миграция кара жанды багуунун жан айласы. Айтор кандай болбосун миграциянын тузу оор, жүгү жеӊил эмес.
* * *
Түн. Олтурам… Бир китепти барактап,
Көп окудум көңүл чөгүп турганда.
Жеткен эмес асылдыкка адамзат,
Жек көрүүмдү укпа, жүрөк, булганба.
Анда көрө, тыңша биздин күндөрдү,
Акын эчак жазып койгон ырларга.
Таңда туруп биз да басып келели,
Таланттуулар баскан Тверь бульварга.
Азыр тынчтан. Тыңша түндү, калааны,
Жазгы желге шуудураган кайыңды.
Эңсеп жетпей кусаланткан карааны,
Эстеп алгын биз эс тарткан айылды.
Көп кыйнадым… Тагдыр экен бул дагы,
Эстөөлөрдөн тазар, кайра булкунгун.
Таңда бизди күтөт Тверь бульвары,
Таңда жүрөк улуулукка умтулгун.
2016-ж.
Тагдырдын шамалы лирикалык каарманыбызды Москвага алып келген. Эми ал бул шаарга чоочун жана бейтааныш болбой, өз болуп калганы байкалат. Түн бир оокумда китеп отурат. Демек, ал керелди кечке жаңы гана иштен чарчап келген да, көңүлү чөккөн тейде өзүн өзү алаксытып китеп барактаган болот. Бирок ою китепте эмес. Өзү менен, жүрөгү менен сырдашып, “Жек көрүүмдү укпа, жүрөк, булганба” деп жүрөгүнө кайрылат. Өзү кирдесе да жүрөгү кирдегенин каалабайт. Кыйынчылык үстүнөн жер көтөрө алгыс жүк менен басып турса да адам бойдон калгысы, таңда туруп таланттуулар баскан Тверь бульварында баскысы келет. Жүрөгүнүн улуулукка умтулушун тилейт.
Лирикалык каарман өзү эс тарткан элетти эстегени да бекеринен эмес. Элет дегенде биз аруу балалыгыбызды эстейбиз. Жомок дүйнөсүн эстейбиз, Балалыктан, жомоктон ажайып эмне бар? Элет биз үчүн аруулуктун символу. Лирикалык каарман Тверь бульварында баскысы келген таң да – аруулуктун, тазалыктын, баеолуктун элесин берет.
Чыныгы адам кайда болбосун, кандай абалда болбосун, өзүнүн адамдык парасатын сактап кала берет. Ою онго бөлүнүп, китеп барактаган түндүн сыры, чындыгы ушунда. Биздин лирикалык каарманда ошол ак таӊдай аруулук, элет жериндегидей баеолук, тазалык да кала берген. Окурман лирикалык каармандын ордуна өзүн коюп, анын жүрөгү абалында болуп, аны өзүнө жакын алганынын сыры ушунда. Анын тагдыры, анын абалы биз үчүн чоочун эмес. Анын абалы ар бирибиздин башыбыздан кыйыр да болсо өткөн.
Бейтааныш жерде, бөлөк элде жүргөн адамдын психологиялык оор абалы Нуризанын төмөнкү ырында кайсы бир деӊгээлде жакшы ачылган.
* * *
Чарчатат ушул турмуш башаламан,
Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп.
Арманым, арызымдан тажабаган,
А деңиз жанымдагы жалгыз досум.
Жашоонун жасалмалуу шаңы менен,
Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим.
Жандарды жүрөгүмдү тааный элек,
Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.
Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт,
Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө.
Күнүмдүк жанган отко жылынам деп,
От жакпай койгон экем жүрөгүмө.
Жарыкка батпаган жан кайда батат?
Жалган деп жашаганым чыным экен.
Сурабайм бакыт. Бактым алда качан,
Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.
Ыйласам болмок бүгүн себебим көп,
Баягы оттуу нур жок карегимде.
Жашоонун өзү мага кереги жок,
Бакыттын эми мага кереги не?.
Кезинде жаным менен жуурулгансып,
Кусалык жашачу эле жүрөктү эзген.
Керексиз бир сүйүүгө сыртым салып,
Сүйүктүү болгум келген күндөрдү эстейм.
Мен анда билбептирмин сүйүлүүдөн,
Сүйүүдөн жүрөк бир күн баш тартаарын.
Кечир деп катты баштап, катты аяктап,
Кете алсам кетет элем таштап баарын.
Кете албайм, өз колумдан шөкөттөлгөн,
Бул жашоо капас мага каалгасы жок.
Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбайт бир от.
Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбайт бир от.
Адам таӊды тосуп, күндү узатып, күндөр өтүп жаткан менен, анын өзүн жашоо деп кабыл алуу, жашабатам деп канааттануусу кыйын. Себеби, жан-жагындагы башаламандык, туруксуздук, убактылуу мигранттык турмуштун түбү, чеги көрүнбөй уланып жатканы аны митедей ичинен жеп, курута берет. “Буйруса, өз өлкөмө кетем, жаӊыча, чыныгы жашоо менен жашаймын” деп өзүӊдү өзүӊ аргасыз алдап, аргасыз соорото бересиӊ. А бул аралыкта “Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт”, “үлбүрөп чырак өчөт”. “Жалган деп жашаганы” чындык экенине ишенет. Тагдырга, бактысыздыгына моюн сунат. “Кудай колдорунан чыгып кеткен”, Кудай бербеген, Кудай ыраа көрбөгөн бактыны ага ким бермек эле?!!
Бул ырда лирикалык каармандын бейтааныш жердеги психологиялык оор абалы, ойлогон ою, санааркаткан санаасы, келечегинин белгисиздиги, “жылдар өлүп”, аны менен кошо үмүттөрү өчүп жатканы, акыры өзүнүн тагдырына, бактысына моюн сунганы поэзиянын тили менен эӊ сонун сүрөттөлгөн. Бул бир гана лирикалык каармандын турмуштун барымтасында калган психологиялык оор абалы эмес, бул миграцияда жүргөн миллиондордун жашоо муӊу, кайгысы, барып-келип адамдык тагдыры.
Миграция көп кырдуу социалдык көйгөй. Ал экономикага да, маданиятка да, адамдардын жеке турмушуна да таасирин тийгизет. Үй-бүлөлөрдү ажыратат, бир туугандарды бөлөт, жаӊы адамдарга жолуктурат. Адамдардагы адамдык сапатты да сыноодон өткөрөт. Жердигинен жаман адамдар ошол тейде миграциялык жашоого ыӊгайлашат. Карөзгөйлүгү ашынат. Өзүнүн кара башын ойлоп, кара курсагынын амалын көрөт. Айбандык кумары ойгонот.
А Нуриза Өмүрбаеванын лирикалык каарманы болсо өзүндө адамдагы бардык жакшы сапаттарды сактап калган. Ал адамдык изгиликтин, аялзатына таандык аруулуктун алкагынан чыкпайт, улуулукка умтулат. Ар бир жолу аруулук, тазалык тууралуу ойлонот. Анын каарманы турмуштун ачуу менен таттуусун татып, ысык менен суугун көрүп, канчалык кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да адамдык асыл сапаттарын сактап калганы, улуулукту, аруулукту аздектеп жашаганы менен бизге да, окурманга жакын жана ошонусу менен баалуу.
Нуриза Өмүрбаеванын “Деӊизге” аттуу ыры бизге “Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен…” деген ырын эске салат. “Деӊизде” ырында “кездер болду күндө туулуп, күндө өлдүм” деп күкүнүс куштун тагдыры менен жашап, миӊ жолу туулуп, миӊ жолу өлгөнүн эске салган экен. Адам жашоосу деле ошол. Бу жашоодо өлүп кайра тирилген учурлар болот.
ДЕӉИЗГЕ
Капкалуу шаар, кайрымы жок, күндөрдөн
качып келип деңиз болду сыйганым.
Шамал чачып, сапырылган дүйнөмдү
жылдар өтүп, эми араң жыйнадым.
Толкундарың тобу менен жарышкан,
кайрагындай мокоп турган эркимин.
…Көз жаш болуп, көбү мени жаңылткан,
эстегим жок сүйүүлөрдүн эч бирин.
Эстегим жок. Эс-жүрөгүм жаңылып,
кызыл-тазыл кыялдарды өрттөдү.
Жаалданып, жамгыр уруп, кар уруп,
жүрөгүмдөн канча толкун өтпөдү.
…Төгүлгөндө тамчым калбай төгүлдүм.
Ак-караны койдум беле ылгабай?..
Жолдо адашып жоготкондор өз ырын,
барып-барып калат экен ырдабай.
Кездер болду дүйнөм жолго чачылып,
кездер болду күндө туулуп, күндө өлдүм.
Мен өзүңдөй толкуп ташып басылып,
эми өзүңдөй мелтиреген күндөмүн.
Мен деӊиздей толкуп-ташып басылып,
мен деӊиздей мелтиреген күндөмүн.
Сөзүбүздүн башында акын Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекетин” окуган сайын М. Шолоховдун “Адамдын тагдырын” эске түшөт деп айтканыбызга дээрлик жооп айткандай болдук. Согуш адам баласы үчүн кандай чоӊ сыноо, адам тагдырындагы бурулуш болсо, миграция да адам тагдырындагы чоӊ сыноо, чоӊ бурулуш. Арийне, бир гана айныгыс чындык согушта да, миграцияда да адамдын адам бойдон калуу озуйпасы кала берет. А жазуучу болобу, же акын болобу, согуш темасын жазабы, же миграция темасын – анын башкы каарманы адам бойдон кала берет. Жазуучу да, акын да адам тагдырын, анын кайгысын, анын кубанычын, ички толгонууларын, жан дүйнөсүндөгү карама-каршылыктарды жазат жана бардык учурда адам ар дайым адам бойдон калабы деген суроо коюлат. Нуриза Өмүрбаева “Бейтааныш бекетте” мына ошол суроолорго жооп издеп, адам тагдырын жазып, акындын озуйпасын аткара алгандыгы менен “бали” деп айтууга арзыйт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 01.09.2025-ж.



