«Кең-Суу» романы кандайча жаралган?
Кыргыз профессионал адабиятынын жаралышы жана калыптанышы адабият таануудагы маанилүү илимий проблемалардан. Бир катар адабиятчылар кайрылганына карабастан ал купулга толорлук изилдене элек. Илим идеологиянын чидеринен бошонгон азыркы тапта маселени саясаттан тыш, объективдүү талдап көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Кыргыз адабиятындагы төл башы романдардын бири «Кең-Суунун» жаралышы ушул процесстин айрым кырлары жөнүндө түшүнүк берүүчү фактылардан.
«Жол» автобиографиялык чыгармасында Түгөлбай Сыдыкбеков «Кең-Суу» романын 1933-жылы июль айында Койсары курортунда оор кесел-кургак учуктан дарыланып жүргөн кезинде жаза баштаганын айтат. Ал убакта жазуучу жыйырма бир жашта болучу. Газета беттеринде ырлары, макалалары жарыяланып жүргөн. Проза жанрында калем сынап көргөн эмес.
Мындан тышкары, ошол эскерүү китебинен көп сандаган интервью макалаларынан белгилүү нерсе – алгачкы ыры 1930-жылы 1-майда «Ленинчил жаш» газетасында жарыкка чыгат. Ушундан тартып республикалык газеталарга ырлары үзбөй жарыяланып, жаш калемгер чыгармачыл чөйрөгө аралашат. 1031-жылдын аягында «Ленинчил жаш» газетасынын редакциясына кызматкер болуп орношот. «Кең-Суунун» жазылышы редакцияда иштеп жүргөн мезгилге туура келет.
Айыл чарба техникумунда окуп жүргөн кезинде алгачкы ырлары басма жүзүндө жарык көргөндөн тартып жазуучулук ишке көнүлу ооп, чыгармачыл делебеси козголот. «Ырым гезитке чыккандан бери мага зоболо пайда болду. Жазуу, көркөм адабиятты көздөй тизгин буруп, анын туңгуюк касиеттерин туюнуу көңүлгө уюду», – деп жазат Т. Сыдыкбеков эскерүү китебинде. Ал жазуучулук иш деген эмне, эмне тууралуу, кандай жазыш керек деген суроолорго жооп издейт. Мурда көркөм адабиятты жөнөкөй «окурмандык» кызыгуу менен окуп келсе, эми ушундай суроолордун өңүтүнөн карайт. Орус авторлору менен катар тили тектеш, турмуш-тиричилиги жакын казак, өзбек, татар жазуучуларынын чыгармаларын окуйт. Белгилүү жазуучулардын чыгармачылык өнөрканасына, алардын кимиси кандай иштеп, кантип жазганынына артыкча кызыгат. Ушундай изденүүлөрдүн натыйжасында ал көркөм адабият турмушту чагылдырат экен деген маанилүү жыйынтыкка келет. «Көз көргөн, өзүбүз күбө болуп турган, уккан, билген окуялар менен айкалыштыра карап (окуган китептерди – И. Ж.) бизде дагы көрсө мына ушулар сыяктуу эле көркөм чыгармаларды жаратууга эн бай кенч бар экен. Мен ошону байкадым, – дейт жазуучу биздин кат жүзүндөгү берген суроолорубузга берген жообунда. – Болгондо да кол тие элек чытырман токой сыяктуу өтө бай, өтө таза, өтө кенен турмуш жаткан экен, сюжет жаткан экен».
Роман жазууга бел байлап калышынын жөн-жайы туурасында Т. Сыдыкбеков адабиятчы К. Асаналиевге жеке аңгемелешүүдө берген түшүндүрмөсү белгилүү. Ал боюнча «сөзсүз бирдеме жазуу делебеси» тынчытпаган жаш Сыдыкбековго роман жөнүндө ой келишине М. Шолоховдун «Көтөрүлгөн дың» чыгармасы тикеден-тике себепкер болгон. Асаналиевдин эмгегинде жарыя кылынган бул пикир адабиятчылар арасында тегиз кабыл алынган. Бирок жазуучу туңгуч романдын жазылышы туурасында кийинки мезгилде айткан сөздөрүндө, суроолорго берген жоопторунда М. Шолоховдун таасири жөнүндө эскербейт. Ал турмак өзүнүн мурда айткандарын караманча төгүнгө чыгарган учурлары да бар. Мындай сөздөрдүн бири адабиятчы А. Садыковдун «Кыргыз совет адабиятындагы улуттук жана интернационалдык проблемасы» аттуу эмгегинде келтирет. Адабий чөйрөгө жаңыдан аралашып, Ж. Турусбеков, М. Элебаев сыяктуу өзүнөн улуу калемгерлер менен жеке карым-катышта болгон жаш талапкер кайсы жанрда болбосун көзгө толумдуу бирдеме жаратууга умтулуусун табигый чыгармачылык дымак (честолюбие) менен түшүндүрүүгө мүмкүн. Бирок анын дал ушул роман формасын тандап алышын Шолоховдун чыгармасынын таасири менен гана түшүндүрүү түшүндүрө салуу, биздин оюбузча, ишти жөнөкөйлөштүрүү болуп саналат. Сыдыкбеков ал кездеги орус адабият процессине түздөн түз катышы тургай ал жөнүндө түзүк маалыматы болгон эмес. Андыктан, жазуучуну калем алууга түрткөн чыгармачылык импульсту ошончолук алыстан издөө көп ишенич туудурбайт. Анын бүйрүн кызыткан чыгармачылык катализаторду алда канча жакындан, өзү аралашып жүргөн чөйрөдөн издеп көрүү чындыкка жакындоого мүмкүндүк берер эле.
«Роман жазуу санаамды эртерээк эле бөлдү», – дейт автор «Жол» автобиографиялык китебинде. Бирок эмне жөнүндө жазгысы келгенин жана мындай ойго кандай себеп түрткү бергенин айтпайт. Ар кайсы булактардан, ошонун ичинде жазуучунун адабиятчы С. Жигитовдун кат жүзүндөгү суроолоруна кайтарган жоопторунан Ж. Турусбеков отузунчу жылдардын башында, тагыраак айтканда, 1932-1933-жылдары «Кыргыздар» деген наамда ыр түрүндөгү роман жазууга камданып жүргөнү, ал тургай айрым бөлүктөрүн жазып да койгону белгилүү. Турусбеков болочок чыгармасы тууралуу тааныштарына, ошонун ичинде Т.Сыдыкбековго да эргүү менен айтып, айрым үзүндүлөрүн окуп берген учурлары болгон.
Мындан сырткары, хронологиялык жактан анчалык чоң эмес айырма менен М. Элебаевдин «Узак жол», А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар», К. Жантөшевдин «Каныбек» романдары, К. Маликовдун «Азаматтар» повести «Кең-Суу» менен дээрлик бир мезгилде жазыла баштаганы тарыхтан маалым. Булардын ичинен М. Элебаев «Узак жолду» 1934-жылы январь айында жаза баштаган. Басылып чыккан датасына караганда (1935). А. Токомбаев «Кандуу жылдарды» мындан кеч эмес, а балким эрте баштаган болушу ыктымал. Ошентип, 1930-жылдардын биринчи жарымында кыргыз адабиятында мурда болуп көрбөгөн роман жанрын «өздөштүрүүгө» жапырт аракет жасалганы көз көрүнөө. Экинчи жагынан, эгерде буга чейин улуттук жаш адабиятыбызда ыр түрүндө жазылган чыгармалар басымдуулук кылып келсе, бул мезгилде кара сөздү карай кадимкидей бурулуш жасалганы байкалат.
Көркөм сөздүн өнүгүшүндөгү мындай кубулуш социалдык себептер менен шартталган эле. Отузунчу жылдардын башында кыргыз адабиятында проза жана драматургия жанрлары ойдогудай өнүгө албай жатышына коомчулук жана мамлекет көңүл бурган. Ошол мезгилдин күбөсү Т. Кекиликовдун эскермесинен Кыргызстандын жетекчилеринин бири Б. Исакеев (1930-1933-жылдарда ВКП (б) Кыргыз обкомунун катчысы – И. Ж.) кайсы бир чогулушта: «Кыргыз жазуучулары негизинен ыр жазып келе жатышат. Кара сөз менен жазылган жакшы роман, повесттер жокко эсе. Окуй турган нерсе колго тийбей жаткансыйт. Мына бул жакты акын, жазуучуларыбыз колго алышса», – деп каалоо билдиргенин учуратабыз. Бул маселеге Кыргыз өкмөтү атайын кайрылып, 1933-жылы 3-июнда «Көркөм адабияттын сапатын жакшыртуу» жөнүндө токтом кабыл алган. Анда Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин демилгесин кубаттап, Эл Комиссарлар Совети прозалык жана драмалык чыгармалаpra конкурс жарыялаган. 1934-жылы апрелде өткөн кыргыз жазуучуларынын биринчи съездинде да проза менен драматургиянын начар өнүгүп жатышына көңүл бурулган. «Биздин чыгармачылыкта проза менен драматургия: роман, повесть, аңгеме, пьеса жазууна аксоодо, – деген Жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин төрагасы А. Токомбаев докладында, – БКнын адабий уюмдарды кайра куруу жөнүндөгү белгилүү токтомуна чейин бул участкада таптакыр иш жүргүзүлгөн эмес, токтомдон кийин гана айрым жылыштар болду. Азыр жыйырмадан ашуун аңгеме, 9-10 пьеса, бир нече инсценировка бар. Биздин жазуучулардын эң күчтүүлөрү прозалык жана драмалык чыгармалардын үстүндө иштеп жатышат».
Келтирилген фактылар, кыргыз жазуучулары поэзиядан прозага өтүшү, улуттук адабиятта орун очок ала элек роман жанрын өздөштүрүүгө жапатырмак киришүүсү кокус эместигин, жаш адабияттагы бурулуш саясий жетекчиликтин демилгеси боюнча болгонун күбөлөйт. Ал эми жазуучулардын кимиси озунуп роман жазууга киришкенин аныктап, окуялардын хронологиясын тактоо адабиятчы, тарыхчыларынын иши. Бул жерде «Кең-Суунун» жазыла башташынын мезгили катары жогоруда келтирилген дата 1933-жылдын июль айы автордун маалыматы экенине көңүл буруп койгонубуз кажет. Аны биротоло такталган чындык катары кабыл алууга болбойт. Себеби автор өзү дагы бир жерде «Узак жол», «Каныбек» жана «Кең Cyy» 1934-жылдын орто ченинде жазыла баштаган деп айтканы бар. Китептин өзүндө 1934-35 деген даталар көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, романдын кол жазмасы жоголуп кеткен. Анын жазылыш мөөнөтүн күбөлөөчү башка даректер азырынча белгисиз. Ошондон улам, бул датаны документтин негизинде аныктоого мүмкүндүк жок.
Ошентип, жаш Сыдыкбеков роман жазууга талаптанып калышынын себеби коомдук жагдайда, адабий чөйрөдө жатканы түшүнүктүү. Бирок роман жөнүндө ойдун келиши менен аны ишке ашыруунун ортосунда далай маселелер бар экени талашсыз. Т. Сыдыкбеков жазуучу болгонго дитин койгондон тартып көркөм адабиятты көбүрөөк окуп, анын маңызын туюна баштаганын, көркөм адабият турмушту чагылдырарына көзү жеткенин жогоруда айттык. Жыйырма бир жаштагы уланга эң жакшы тааныш материал – өз айлынын турмушу болчу. Ал жердеги адамдарды бала чагынан жакшы билүүчү. Үзбөй каттап тургандыктан, кийинки учурдагы окуялар туурасында да кабардар эле.
Бирок өзү жакшы билген ушул турмуш жөнүндө жазыш керек экенин түшүнүү менен гана маселе чечилген эмес. Козголбой жаткан бул материалды чыгармага айландырыш үчүн ага карата кандайдыр бир көркөм концепциянын өңүтүнөн мамиле кылып, керектүү мазмунду иргеп алуу, сюжет түзүү, образдарды жаратуу шекилденген татаал иштер турган. Улуттук профессионал адабияттын жаштыгы, анда роман формасындагы чыгарма жазылып көрбөгөндүгү бул ишти ого бетер татаалданткан. Кийинчерээк жазуучу өзү белгилегендей «калеми такшалбаган жаш авторлордун тажрыйбасыздыгы мындай турсун, алардын алдында аз да босо нуска берип «мектеп» боло алгыдай чыгарма бизде болгон эмес». Ушундай шарт жаш авторду өзүн түйшөлткөн суроолорго мурда калыптанган адабияттагы прозалык чыгармалардын үлгүлөрүнөн издөөгө мажбур эткен. Бул жерде ошол мезгилдин өзгөчөлүгүн эстен чыгарбашыбыз керек. Маданий революциянын милдеттерине ылайык жаш кыргыз мамлекеттүүлүгүндө улуттук адабияттын, искусствонун пайдубалы өтө чапчаң түптөлүп жаткан. Жазуучулар жараткан ар бир чыгарма, ар бир ыр адабияттын казынасына кошулган салым катары каралган. Жазма адабияттын бардык жанрларында чыгарма жаратуу маанилүү милдет катары жазуучулардын алдына коюлуп турган. Динамикалуу ал мезгил биринчи муундагы чыгармачыл интеллигенцияны жаңы иштерге ашыктырган. Экинчи жагынан, ал кезде өнүккөн адабияттардан, асыресе орус адабиятынан үлгү алуу кеңири таралган кубулуш эле. Өтө чоң тарыхый кечигүү менен түзүлө баштаган адабият үчүн бул адепки учурда кыйгап өткүс жол болучу. Жазуучулар муну нукура профессионализмге жетүүнүн аргасы деп билишкен. Орус жазуучуларынын кимдир бирөөсүнөн таасирленүү чыгармачылых абройду темендетүүчү көрүнүш деген түшүнүк а кезде тарала элек болучу. Ошондуктан алгачкы муундагы кыргыз жазуучулары чыгармачылык тажрыйбалары тууралуу сөз кылганда кимден таасирленип, кимден үйрөнүшкөнүн жаап-жашырбастан айтышкан.
Ошентип, улуттук жазма адабияттагы тунгуч романдардын бири «Кең-Суунун» жазылышына түрткү берген жеке, турмуштук, коомдук жана адабий өбөлгөлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул иште жаш калемгердин чыгармачылык талаптануусу, керектүү турмуштук материал менен тааныштык, ошол тапта ири формадагы прозалык чыгармага коомдук өктөм талаптын болушу, жаңыдан калыптанып келаткан адабиятыбызда ага жооп берүүгө жигердүү аракет жасалышы, ошондой эле өнүккөн адабияттардын, алардагы конкреттүү чыгармалардын өрнөгү, ар бири өзүнчө маанилүү роль ойногону талашсыз. Саналып өткен өбөлгө шарттардын кайсы бирин көз жаздымында калтыруу же алардын бирине ашкере маани берүү маселеге бир жактуу, толук эмес түшүнгөндүк болор эле. «Роман жазсам деген ойду турмуш мага өзү айтты» дейт Сыдыкбеков бизге берген жообунда Ошону менен бирге М. Шолоховдун «Көтөрүлгөн дың» романы басылып чыкканда окуганын танбайт. «Ал мага эмнеден таасир этти? – дейт жазуучу. – Мен аны окуй электеги демилге, китеп жаратсам деген демилге, ушундай каарман жаратсам деген демилге, максат туура турбайбы дегенден башка таасир берген жок».
Чыгармачылык тажрыйбасы көбүрөөк жазуучулардан кем калышпай роман жаратууну көздөгөн Сыдыкбековду түйшөлткен көп суроолорго М. Шолоховдун аталган китеби жооп берген. Бул роман жаш калемгерге өзү жакшы билген айылынын турмушу, болгондо да андагы кийинки жылдардагы окуялар чыгармага материал болуп бере аларын көрсөткөн. Ошол турмуштук материалга мамиле өтүүнүн өңүтүн табууга көмөктөшкөн. Көркөм чыгармачылыктын мындан да конкреттүү маселелерин чечүүга үлгү болуп берген. Башкача айтканда, адабиятчы М. Богданова адилет белгилегендей, «Шолоховдун китеби Сыдыкбековго алгачкы романынын мазмунун тактоого жардам берген, тандап алынган теманы идеялык чечмелөөнүн жолун көрсөтүп, көркөм образдар аркылуу аңдап туюнууга көмөктөшкөн». Ошентип, улуттук жазма адабияттагы туңгуч романдардын бири «Кең Суунун жазылышына түрткү берген жеке, турмуштук, коомдук жана адабий өбөлгөлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул иште жаш калемгердин чыгармачылык талаптануусу, керектүү турмуштук материал менен тааныштык, ошол тапта ири формадагы прозалык чыгармага коомдук өктөм талаптын болушу, жаңыдан калыптанып келаткан адабиятыбызда ага жооп берүүгө жигердүү аракет жасалышы, ошондой эле өнүккөн адабияттардын, алардагы конкреттүү чыгармалардын өрнөгү, ар бири өзүнчө маанилүү роль ойногону талашсыз. Саналып өткөн өбөлгө шарттардын кайсы көз жаздымында калтыруу же алардын бирине ашкере маани берүү маселеге бир жактуу, толук эмес түшүнгөндүк болор эле.
«Кең-Суу» баштан аяк Койсары курортунда жазылган эмес. К. Бобуловдун суроолоруна берген жообунда жазуучу мындай дейт: «1933-жылы мен Мукайдын үйүндө бир кышча туруп калганымда ал «Узак жолун» төркү үйдө, мен «Кең-Сууну» аш үйдө отуруп жазчубуз. Кол жазма түрүндө ал кезде мен биринчи китебимди аяктап калгам. Ошол эле жыл (1934 – И. Ж.) күз мен Касымалыга Гүлчөдөн жолукканымда ал «Каныбектен» үзүндү окуганы эсимде. Ошентип, бул үч китеп эгиз төрөлгөн».
Бизге берген маалыматы боюнча автор айылда жүргөндө да ишин уланткан. Үйдүн көлөкөсүндө отуруп, чемоданды тизесине коюп алып жазган. Жайлоого чыкканда карагайдын түбүнө отуруп иштеген. Тубдиспансерде жаткан учурда да ишин токтоткон эмес. Автордун сөзү боюнча романды 1936-жылы кеч күздө аяктаган. 1935-жылы ноябрда «А. О.» деген инициалдар менен «Кызыл Кыргызстан» газетасына чыккан кыскача информация бул фактыны тастыктайт.
Романдын биринчи китеби 1937-, экинчиси 1938-жылы басылып чыккан.
Чыгарманын кол жазмасы сакталбай калганы жогоруда айтылды. 1937-жылдын аягы 1938-жылдын башы ченде Түгөлбайдын улуу бир тууганы, катардагы колхозчу Түмөнбай камакка алынып, китептин айылда сакталып жүргөн кол жазмасы конфискацияланып, ошол боюнча жоголуп кеткен. Бирок автордун айтымында, «Кең-Суу» бир гана сыйра жазылган. Автор өзү да, басмага даярдаганда да текстти оңдоп-түздөп редакциялаган эмес. Алгачкы калыбында жарык көргөн.
Искендер Жумабаев, «Кыргызстан Маданияты», №7.
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды



