Герман ГЕССЕ: «Кыялдагы флейта»
— Мына, балам, – деди атам, колума сөөктөн жасалган назик флейтаны карматып. – Муну ал да, алыскы сапарларда элди кубантканда карыган атаңды эстей жүр. Ойноп үйрөн, балам. Азыр сенин дүйнөнү таанып, акыл үйрөнөр учуруң. Мен бул флейтаны сага атайын жасаткам, себеби сен ырдагандан, жүрөккө жаккан обондорду жараткандан башка эч нерсе колуңдан келбейт окшойт. Кудайдын сага берген талантын барктап, аны көмүп койбо.
Менин ак көңүл атам музыкадан алыс болчу, ал окумуштуу эле; флейта ойносом эле, баары жакшы болуп кетет деп ойлочу. Мен анын көңүлүн калтыргым келбей, жөн гана ыраазычылык билдирип, флейтаны сумкамдын түбүнө катып, аны менен коштоштум.
Биздин өрөөн мага тегирменге чейин тааныш эле; анын аркы жагында жаңы дүйнө бар экенин билгенде кубанып кеттим. Ширеге тойгон аары жеңиме конуп алды. Мен аны өзүм менен ала кеттим, биринчи эле эс алууга токтогондо, кабар жиберүү үчүн учуруп жибермек болдум.
Токойлор, жашыл шалбаалар мага сапарлаш болду, жанымда дарыя күңгүрөнүп агып жатты. Бул дүйнө менин үйүмдөн анча деле айырмаланган жок. Дарактар, гүлдөр, баш алган буудай талаалары, жаңгак бадалдары мени менен сырдашып, бирге ырдашты, алар мени өз үйүндөгүдөй кабыл алышты. Бир убакта аары ойгонуп, жөрмөлөп ийниме чыкты да, башымдан тегеренип учуп, кандайдыр бир жагымдуу обонун созуп, түз эле мекенине учуп кетти.
Ошол учурда токойдон колуна себет кармаган, кең кыргактуу калпагынын көлөкөсү бетине түшкөн, сары чачтуу кыз чыкты.
— Саламатсыңбы, – дедим мен ага. – Кайда баратасың?
— Орокчуларга түшкү тамак алып бараткам, – деп жооп берди ал, мени менен жанаша басып. – А өзүң каякка бет алдың?
— Атам мени дүйнө кыдырып, элге флейта ойноп бер деп жөнөттү. Бирок мен азырынча ойной албайм, үйрөнүшүм керек.
— А-а, саякатчы турбайсыңбы. А сен эмнени билесиң? Колуңдан эмне келет?
— Өзгөчө эч нерсе билбейм. Ырдай алам.
— Кандай ырларды ырдайсың?
— Ар кандай, түшүнөсүңбү, эртең менен жана кечинде, дарактар, жаныбарлар, гүлдөр үчүн. Мисалы, азыр эле токойдон чыгып, орокчуларга тамак алып бараткан жаш кыз жөнүндө ырдай алам.
— Мен жөнүндөбү? Ырдай аласыңбы? Анда ырдап берчи!
— Макул, сенин ысымың ким?
— Бригитта.
Мен камыш калпак кийген сулуу Бригитта жөнүндө ыр жараттым: анын себетинде эмне бар экенин, гүлдөр ага кандай суктанып караарын, көк шамалдар аны сарайдын дубалдарынан ашып тосуп аларын ырдадым.
Ал кунт коюп укту, анан ыр жакшы экен деп жактырды. Мен ачка болгонумду айттым, ал себеттин капкагын ачып, бир сындырым нан алып чыкты. Мен нандын четинен тиштеп жеп, алдыга басып баратсам, ал нааразы болду:
— Басып баратып жеген болбойт. Бардыгы өз убагында болушу керек, – деди.
Биз чөпкө отурдук, мен нанымды жей баштадым, ал болсо тизесин кучактап, мени карап отурду. Нанды жеп бүткөндөн кийин:
— Дагы бир нерсе ырдагың келбейби? – деп сурады.
— Албетте келет. Бирок эмне жөнүндө?
— Сүйгөнү таштап кеткен кыз жөнүндө, анын кандай кайгырганы тууралуу.
— Жок, мен бул тууралуу ырдай албайм. Мен андай нерсенин кандай экенин билбейм, эмнеге кайгырыш керек? Атам мага жөнөкөй, жагымдуу ырларды ырда дечү. Мен сага күкүк же көпөлөк жөнүндө ырдап берейин.
— Сен сүйүү жөнүндө эч нерсе билбейсиңби? – деп сурады ал бир аздан кийин.
— Сүйүү жөнүндөбү? Албетте билем, бул эң сонун нерсе да!
Ошол замат кызыл гүлдү сүйгөн күндүн нуру жөнүндө, анын аны менен кандай ойноп, кандай бактылуу экени тууралуу жана ургаачы чымчыктын өзүнүн эркегин күткөнүн– ал пайда болгондо, ал корккон түр көрсөтүп, четке учуп качканы жөнүндө ырдадым.
Дагы кой көздүү кыз жана кайдан келгени белгисиз жигит тууралуу, ал ырдап, ага кыз акысына бир сындырым нан бергенин; ага нандын кереги жогун, ал кызды өпкүсү келгенин, анын моймолжуган кой көздөрүн карагысы келгенин тууралуу ырдап, ал эми анын оозун эрини менен жапмайынча токтой албасы жөнүндөгү ырдаганын баяндап ырдадым.
Бул жерде Бригитта ийилип, эриндерин менин эриним менен кошту жана көзүн жумду, кайра ачканда, мага жакындап келген күрөң-алтын жылдыздарда өзүмдүн чагылышымды жана бир нече ак шалбаа гүлдөрүн көрдүм.
— Дүйнө сонун, – дедим мен. – Атам туура айткан. Себетти көтөрүшүңө жардам берейин, орокчуларыңа өз убагында жетишип ал.
Мен анын себетин колунан алдым, биз андан ары кеттик, ал мени менен чогуу кадам шилтеп бара жатты жана анын кубанычы меникине шайкеш келди, ал эми тоо боорунан соккон шамал бизге салкындык тартуулап, бир нерсени шыбырады; эч качан сейилдөө мага мындай ырахат тартуулаган эмес. Бир канча убакыт мен бир ырды экинчисинин артынан тынбай ырдадым, бирок анан токтодум – айланада ырдай турган көп нерсе бар эле, өрөөндүн жана тоолордун, чөптөрдүн, жалбырактардын жана бадалдардын, бардык тирүү жандыктардын тынч шыбырттары мага канчалык көп нерсени айтып турду!
Мен эрксизден ойлодум: эгерде мен дүйнө жүзүндөгү миңдеген ырларды, чөптөр менен гүлдөр жөнүндө, адамдар жана булуттар жөнүндө жана бардык башка нерселер жөнүндө, жалбырактуу жана дайыма жашыл токойлор жөнүндө жана бардык жаныбарлар жөнүндө түшүнүп, ырдай алсам жана андан тышкары алыскы деңиздердин жана тоолордун, жылдыздардын жана айлардын бардык ырларын, эгерде мунун баары менде жаңырып, ырдай алсам, анда мен жөн гана Кудай болмокмун, ал эми ар бир жаңы ыр жылдыз болуп асманга учмак.
Бирок мен басып баратып, күтүлбөгөн жерден келген таң калуудан улам үн катпастан ушулар жөнүндө ойлонуп бара жатсам (анткени мурда эч качан мындай нерсе менин оюма келген эмес), Бригитта күтүлбөгөн жерден токтоп, себеттин туткасын кармады.
— Эми мен өйдө көтөрүлүшүм керек, – деди ал. – Ал жакта, талаада биздин адамдар. А сен кайда барасың? Мен мененби?
— Жок, мен сени менен бара албайм. Мага дүйнөнү кыдыруу буйрулган. Сага чоң рахмат, Бригитта, наның үчүн жана өбүшкөнүң үчүн. Мен сени унутпайм.
Ал менин колумдан себетти алды, анын көздөрү дагы бир жолу менин көздөрүмө кадалды, эрини эриниме жабышты, өбүшүүсү ушунчалык назик, таттуу жана жагымдуу болгондуктан, мен бакытка балкыдым, бирок көңүлүм чөгө түштү. Шашылыш: “Кош бол!” — деп кыйкырдым да, жол менен ылдый тез басып кеттим.
Кыз акырындык менен тоого көтөрүлдү, анан токойдун четиндеги бук бактарынын төмөн бутактарынын астында токтоп, мени карап турду. Мен ага калпагымды булгаладым – ал дагы бир жолу башын ийкеп, периште сыяктуу бук бактарынын көлөкөсүнө кирип, акырындык менен көрүнбөй калды.
Мен жол кескин бурулуш жасаганга чейин, ойлорум менен алек болуп, тынчтык менен жолумду уланттым. Тегирменге жакындаганда, анын жанындагы суу бетинде чайпалган кемени байкадым. Палубада жалгыз киши турган эле. Ал мени эле күтүп тургандай сезилди. Калпагымды чечип, салам берген соң, кеме дароо дарыянын агымы менен ылдый жылды. Кеменин ортосуна отурдум. Ал рулда, арт жакта. Кайда баратканыбызды сурасам, башын көтөрүп, тумандуу көздөрү менен тиктеп калды.
— Каалаган жагыңа, – деди ал акырын. – Дарыя менен ылдый, деңизге, чоң шаарларга… Баары мага таандык. Тандоо сенде.
— Баары сизге таандыкпы? Демек, сиз падышасызбы?
— Мүмкүн, – деп жооп берди ал. – Сен болсо, байкашымча, акын окшойсуң? Мага жолдор тууралуу ырдап берчи!
Өзүмдү колго алдым. Анын аппак чачы менен олуттуулугу мени урматтоого жана коркууга түрттү. Кемебиз дарыяны көздөй ылдамдыгын арттырып, бирок үнсүз бара жатты. Мен күн нурун чагылдырган, жээктеринде шаңдуу саякатын аяктап жаткан кемелер жайнаган дарыя жөнүндө ырдадым.
Анын жүзү эч нерсени билдирген жок. Ырдап бүткөнүмдө, түшүндөгүдөй башын ийкеди. Менин таң калганыма карабастан, ал да ырдай баштады. Анын ыры дарыя жана анын сапарлары жөнүндө болчу, бирок меникинен жөнөкөй жана күчтүүрөөк эле. Ал башкача угулду.
Ал даңазалап ырдаган дарыя талкалоочудай күч менен тоодон ылдый атылып түштү. Каардуу жана жапайы эле. Кычыраган тиштери менен жолундагы тегирмендерди талкалап, үстүнө салынган көпүрөлөрдү жууп кетти. Ал өзүн көтөрө албаган ар кандай кемени жек көрдү жана толкундарында, узун чачтарында, дарыя балырларында жылмайып, өлүктөрдүн аппак денесин терметип жатты.
Ал сөздөр жүрөгүмдү козгобосо да, ушунчалык терең жана сырдуу угулгандыктан, алгач өзүмдү ошол кереметке толугу менен арнадым, бирок уялып токтоп калдым. Эгерде тажрыйбасы мол, акылман карыянын күңгүрөгөн үнү менен айткандары чын болсо, анда менин ырларым жөн гана бош, жаш баланын сөзүндөй эле болуп калмак. Дүйнө өзүнүн түпкүрүндө Кудайдын жүрөгүндөгүдөй жакшы жана жарык эмес, тескерисинче, караңгы жана тумандуу, каардуу жана куу болушу мүмкүнбү? Токойдогу жалбырактардын шуудуру – кубаныч эмес, онтоо болушу мүмкүнбү?
Биз андан ары сүзүп жөнөдүк, көлөкөлөр улам узарып баратты. Менин ырларым барган сайын көңүлсүз чыгып, үнүм алсырап, ал эми бейтааныш адам мага дүйнөнү андан бетер сырдуу жана коркунучтуу кылган ырлары менен жооп кайтарып жатты. Ал мени азап салып, кайгыга батырды.
Жаным жабыркап, жээкте, гүлдөрдүн жана сулуу Бригиттанын коногу болуп калбаганыма өкүндүм. Караңгылык барган сайын коюланып баратканда, мен батып бара жаткан күндүн акыркы нурларын узатып, Бригитта жана аны менен өбүшкөнүм жөнүндө ырды ырдадым.
Аңгыча, караңгы толугу менен өз бийлигин колуна алды. Мен унчукпай калдым, ал эми рулдагы адам ырдай баштады. Ал да сүйүү жана сүйүү кумары, күрөң жана көк көздөр, кызыл, нымдуу эриндер жөнүндө ырдады. Караңгыга жамынган дарыя сууларынын үстүндө анын кумарданып ырдаганы канчалык сонун жана кызыктуу болду! Бирок анын ырында сүйүү да, караңгы да коркунучтуу эле. Ал адамдардын акылын жоготкон, жашоодо абайлап кадам таштаган, азап чеккен, жакырланган, ушул сүйүү менен бири-бирин кыйнап, өлтүрүшкөн өлүмгө айланган сырга айланды.
Мен аны угуп олтуруп, жан дүйөнөмдү титиреткен өкүнүчтүү сезимден чарчадым. Мен өзүмдү бир нече жылдан бери бир гана азап-тозокторду жана кайгы-муңдарды басып өткөндөй сездим. Бейтааныш адамдан чыккан кайгы жана жан кейиткен тынч, муздак агым жүрөгүмө жай агып кирип жатканын сездим.
— Демек, эң жогорку жана эң сонун нерсе — бул жашоо эмес, — деп мен ачууланып кыйкырдым, — өлүм экен да! Анда, кайгылуу падыша, мага өлүм жөнүндө ыр ырдап бер!
Рульда отурган адам өлүм тууралуу ырдай баштады. Анын үнү ушунчалык кереметтүү болгондуктан, аны эч нерсеге теңегим келбеди. Бирок анын өлүмү – бир бийиктик эмес, сооротуу эмес, жансыз муздактык эле. Өлүм тирилип, тирүүлүк өлгөндөй, экөө бири-бирине түбөлүк жинди сүйүү менен чабышып, ааламдын түпкүрүндө жаткан акыйкатты жаратты. Ошол акыйкаттан чыккан нур кайгыга батып турган дүйнөнү жандандырып, арууланды. Ошол эле акыйкаттан бүткүл ажайып кооздукту караңгылыкка чөмүлткөн көлөкө түштү. Бирок ошол караңгылыктын ичинде кумар оттой жанып, сүйүү түнөргөн түндөрдө аппак нурга айланып, жүрөктөрдү эзди.
Рульда отурган адам өлүм тууралуу ырдай баштады. Анын үнү ушунчалык кереметтүү эле, ага салыштырууга эч нерсе таба албадым. Бирок анын өлүмү – бир бийиктик эмес, сооротуу эмес, жансыз муздактык эле. Өлүм тирилип, тирүүлүк өлгөндөй, экөө бири-бирине түбөлүк жинди сүйүү менен чабышып, ааламдын түпкүрүндө жаткан акыйкатты жаратты. Бул акыйкаттан чыккан нур кайгыга батып турган дүйнөнү жандандырып, аруулантты. Ошол эле акыйкаттан бүткүл ажайып кооздукту караңгылыкка чөмүлткөн көлөкө түштү. Бирок ошол караңгылыктын ичинде кумар оттой жанып, сүйүү түнөргөн түндөрдө аппак нурга айланып, жүрөктөрдү эзгилеп өттү.
Аябай кейип, бирок анын айткандары туура экенин түшүндүм. Бригитта, ата мекен, жакында эле мага абдан жакын жана жарык болуп, меники болгон нерселердин баары жөнүндө мен кайгыруу менен ойлондум – эми алар менден кетип калды. Эми мен рулдагы бейтааныш адамдын ордуна турушум керек. Тагдырым ушундай экен.
Ошондуктан мен унчукпай туруп, рулга карай жөнөдүм, ал да эч сөз айтпай мага карай басты, экөөбүз теңелгенде, ал менин көзүмө бекем тигилип, фонарды мага берди.
Бирок мен рулга туруп, фонарды жаныма койгондо, кемеде жалгыз калганымды көрдүм – жашыруун коркунуч менен бейтааныш адамдын жоголуп кеткенин байкадым. Бирок мен коркподум, муну сезип турдум. Азыр мага кереметтүү сейилдер, Бригитта, атам жана туулган жер – баары түш сыяктуу сезилди, ал эми мен, карыган, ачуу тажрыйбадан улам акылдуу болгон мен, түбөлүк, түбөлүк ушул түнкү дарыяда сүзүп жүргөн элем.
Мен бейтааныш адамды чакырууга батынбастыгымды түшүндүм, жана чындыкты билүү мени дүрбөлөңгө салды.
Мен буга чейин эле божомолдоп жүргөн нерсемди текшерүү үчүн, борттон сууга эңкейип, фонарды көтөрдүм: кара күзгүдөн мага боз көздүү, олуттуу жана катаал жүз карады, эски, баарын билген жүз – жана бул мен элем.
Артты кайтаруу мүмкүн эместигин билгендиктен, мен түн дарыясынын караңгы сууларында жолумду уладым.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



