Рухий вандализмдин илебин сезген барбы?..

 

Никогда не спорьте с идиотами.
Вы опуститесь до их уровня,
где они вас задавят своим опытом.
Марк Твен

 

“Марк Твен ушинтип айтыптыр” – деп өзүмдү алдап, сооротуп көрдүм. Болбоду. Жазбасам жарылып кетчүдөймүн.

Ар нерсе өз атын албаса, баш аламандык башталат. Түшүнүктөр чаташат, анын кесепетинен эл адашат. Дароо эле айтайын: Жапыкеевди атайылап жамандайын, Кыязовдун атына шек келтирип кыянаттык кылайын деген кыпындай ниетим жок, ошол эле учурда Айтматовдун чыгармалары сенек догмага, кол тийгиз ыйык экспонатка, жансыз муляжга айланышы керек деген ойдон да ат чабым алысмын. Көркөм чыгарма ар кимге ар кандай таасир этип, аны ар ким өзүнүн ички көрөңгөсүнө чактап, ар кандайча түшүнүп-аңдайт, бул – жалпыга маалым мыйзамченемдүү көрүнүш. Бирок “Окубасам да өз оюмду айтканга акым бар”, “Журналист бейтарап болушу керек” деген ыңгайлуу позицияларды ээлеп алып, касынан өч алып аткандай ызырынып Айтматов жараткан көркөм образдарды мазактоо, кашаң логикага, көчөнүн бейадеп тилине салып көркөм дөөлөттөрдүн наркын түшүрүү, сөгүнүү (Жапыкеевдин Бакыт Сулайман деген блогер менен телефон аркылуу түз эфирде сүйлөшкөнүн көргүлө) мунун баары – рухий вандализм.

Жайдын аптабында жармаң түгөнбөгүр Жапыкеев жөнүндө жазбаган, айтпаган киши калбады окшойт. Интернет айдыңы аарынын уюгундай эле гүүлдөп атат го, чиркин. Оту өчө элек очокко заара ушатып ойноп аткан жубарымбекти токтотууга үлгүрбөй калгандай, эл чур эле дей түштү… Көп эле көңүл буруп жаза берип, Жапыкеевди азыркы адабият таануу жаатындагы жаңы булуң бузган “ойчул окумуштууга”, акыйкат оюн айта коём деп азап чеккен “аалымга” айландырып албасак эле болду. Дегеним, чыныгы баалуулуктардын баркы кетип турган биздин “кыйшык күзгүлөрдүн падышачылыгын” эске салган жашообузда күнү-түнү интернетте жашаган, акыйнек айтышууну ардактуу кесип кылып алган, Айтматовдун сөзү менен айтканда, “радиотолкундар менен башкарылгандар” өз ойлорун айтып, комментарийлерин жазып отуруп акты кара, караны ак, кааласа сары, жашыл, күрөң да кылып жиберет эмеспи. Мындайда түшкө эмнелер кирбейт, эл эмне дебейт деп, кол шилтеп салайын десең да болгудай эмес. Айтсаң тилиң күйөт, айтпасаң дилиң күйөт дегендей, Жапыкеев менен Кыязовдун маегине көз жумуп да коё албадым, өзү айткандай “хидаят” берип эле туруп алды… Кыязов демекчи, Жапыкеевдин “…манкурт беле?” дегенине Кыязовдун “Кыямат” деп “тактоо” киргизгени “Сен Наполеон эмессиң, мына мен – Наполеонмун” деген эки жинди жөнүндөгү элдин баарына белгилүү анекдотту эске салды. Кыязы, Кыязов маңкурт “Кылым карытар бир күндө” экенин эсинен чыгарып койсо керек. Эми экөө тең “Жеке оюн айткан кишиде эмне айып?” деген ыңгайлуу позицияны карманып, ал эми буларды колдогондор элди эки жүздүүсүңөр, Жапыкеев Айтматовду сыйлабаса зордоп сыйлатасыңарбы деген өңдүү күйдүргү аргументтерин айта башташты. Биринчиден, Жапыкеев “алтынга алмашкыс баалуу” пикирин айтардан оболу Айтматовдун чыгармаларын окушу керек эле. Ал эми аны менен маектешип жаткан Кыязов “Окубасаңыз, кантип жакпай калат?” деген жөнөкөй логикалык суроону да узатканга жарабады. Же “Окубасаңыз башка суроого өтөлү” – деп жымсалдап койбой, кайра жылдыра сүйлөп жымыйып отурду. Ал эми “Айтматовдун чыгармаларын окуган сварщик сварщик бойдон калат, доктур доктур бойдон калат” дегенди кандай түшүнсөк болот? Айтматов сварщикти доктур, доктурду сварщик кылайын деп жазбаса керек чыгармаларын. Сварщикпи, доктурбу кимиси болсо да, адамдык парасатынан айрылбасын, башатына баш багып, ким экенин, тамырын, улутун унутпасын десе керек… Түшүнүп турам, “хидаят” деген сөз менен Жапыкеев шыктануу, канааттануу, эстетикалык рахат албайм дегиси келгендир… Бирок өзү айткандай, окубаса кантип “хидаят” алат? Кантип беш тыйынга баалайт? Айтматов жакпайт экен дейли десек, Жапыкеев өзүнүн “жортуулун” “Манастан” баштаган. Анда Жапыкеев Манастын реалдуу турмушта болгон болбогону туурасындагы маселени козгоп, “Манас” айтканды токтотолу деп оолугуп чыккан. Турмуш чындыгынан тышкары “көркөм чындык” деген түшүнүк бар экендигин Жапыкеев жана аны колдоп жабыла комментарий жазган жапыкеевчилер түшүнөт бекен? Көркөм чындыктын көрөңгөсүнө сугарылган чыгарма гана окурманды кубантат, өрөпкүтөт, көктөм келгендей көңүлүн көтөрүп, кайра кайгыга салып көзүнөн кылгыртып жаш агызат, Жапыкеевдин сөзү менен айтканда, “хидаят” берет. Анан кантип “Манастай” көркөм дөөлөттөн, улутубуздун көркөм санжырасынан, улутубуздун жүзүн көрсөткөн көркөм паспортунан, дүйнө элине дүң салган көркөм манифестинен баш тартабыз? Кантип “Манас” айтпай коё алат кыргыз баласы, каран күн?! “Манаска” каршы ачылган фронтто Жапыкеев жалгыз эмес, тилекке каршы… Айтматовдун чыгармалары менен “Манаска”, дегеле кыргызды кыргыз кылып турган улуттук рухий дөөлөттөрүбүзгө чабуул жасап, “жеке пикирлерин” айтып жүргөндөр аз эмес. Ушу тапта “Кыргыз тилин өнүктүрбөй эле койгулачы” деген деле, “Манас менен чогуу филфактын общежитиесине кыздарга бирге бардык беле?” деген деле, “Кыргыз тилинде Мауглилер сүйлөшөт” деген деле жеке пикир болуп калып атат…

Дегинкисинде, интернет коммуникациядагы мындай кептик жүрүм-турумга карата кащенизм деген түшүнүк колдонулуп жүрөт. Кащенизм термини 90-жылдардын соңунда Москвадагы П. П. Кащенко атындагы психиатриялык оорукананын аталышына байланыштуу келип чыккан. Азыркы учурда аталган термин активдүү колдонулбаганы менен, провокациялар, улутчулдук маанайдагы билдирүүлөр, акылдан адашкан адамды туурап сүйлөө, ыйык саналган түшүнүк-баалуулуктарды шылдыңдоо, мазактоо, цинизм, агрессивдүү кептик жүрүм-турум кащенизмдин элементтери катары каралат. Ал эми кыргыз тилдүү интернет контенттеринде кащенизмдин деңгээли күн санап көтөрүлүп, кадимки рухий вандализмге өтүп бараткандай. “Демократиялык коомдо жашап атпайбызбы, жеке пикирлер кандай болсо да, айтыла бериши керек” дегендер бир нерсени эске алуулары керек. Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот дегендей, жеке пикир жел өпкөлүккө таянган сандырак сөз эмес, жеке пикир ээн ооздук эмес. Жеке пикир акылга, тажырыйбага, аргументке, логикага негизделиши керек. Болбосо жеке пикирди жамынган жел ооздук, рухий вандализм, рухий дөөлөттөрдү мазактоо, цинизм, вербалдык агрессия жамааттык аң-сезимге таасир этет, маданий нигилизм менен идеологиялык демагогияны калыптандырып, жаш муундардын өз улутунун баалуулуктарын танууга, бир сөз менен айтканда, коомдун маңкуртташуусуна алып келери айдан ачык.

Атаганат, кыл чайнашып кырчылдашкан далай кандуу кагылыштарда, кыргыздын жүрөгүнүн төрүндө таберик болуп сакталып, тумары, туусу болуп унутулбай келген, ар бир сөздү аңдып, идеологиялык стандартка туура келбесе, далай жазуучуну, окумуштууну жиндиканага тыгып, түрмөдө чириткен тоталитардык режимде жоголуп кетпеген улуу “Манас” дастаныбыз, Айтматовдун дүйнөлүк адабияттын шедеврлерине айланган чыгармалары өз урпактарынын “ур-токмогунда” калат деп ким ойлоптур?..

Жапыкеевдин маегин көрүп, анын туннелдик ой жүгүртүүнүн туткунундагы жактоочуларынын комментарийлерин окуп отуруп, элдин баары жазып аткандай, Жоломан же Сабитжан эмес, башында жүгөнү, үстүндө ээр-токуму жок, илкип араң баскан Гүлсарыны ээрчитип ара жолдо калган, Жапыкеев айткандай, бир колхозчу Танабай менен шопур жигиттин сүйлөшкөнү эске түштү, эмнегедир:

Ыраазымын. Атты таштап кете албайм.

– Өзүң бил, – деп шофер бырс күлүп, кабинанын эшигин карс жапты. – Алжып калган чал тура.

– Карыган кишини шакаба чегесиңби, өз башыңа келсе кантесиң? – деди жанындагы тумакчан узун жигит машине көпүрөдөн өткөн соң.

– Урдум ошону… – деди шофер рулун айландырып. – Мен да далайды көргөм. Айтсам, иштин жөнүн айттым. Таштай албайм дейт жанагы сөлөкөтүн. Эскинин калдыгы да. Билсең, азыр күн көрсөтүп жаткан жалаң техника. Кайда барсаң техника. Согушта да техника. Алигидей чалдар менен жылкынын заманы өткөн.

– Айбан экенсиң! – деди берки жигит.

– Атаңдын как башы! – деди шофер.

Атаганат!..

Даирбек КЕНЖЕБАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.