Менин университеттерим: Пабло Неруда

Өзүнүн сюрреалисттик ырлары, тарыхый поэмалары, саясий манифесттери, сонеттери менен дүйнөлүк поэзиянын алптарынын бирине айланган латынамерикалык, же тагыраагы чилилик акын Пабло Неруда 13 жашында акын катары атак-даңкка жеткен. Өз ысымы – Рикардо Элиэсер Нефтали Рейес Басоальто. 

Акын, дипломат жана саясый ишмер, сенатор, Чили компартиясынын БК мүчөсү. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдоо» боюнча Сталиндик сыйлыктын (1953), адабият боюнча Нобель сыйлыгынын (1971) ээси.

Атасы темир жолчу, энеси мугалим. Ал 1904-жылы Чилинин Парраль шаарчасында жарык дүйнөгө келип, энесинен эки айлык кезинде, ууз сүтүн оозун толтуруп эме электе ажыраган. 

Ырды 10 жашынан жаза баштаган. Уулунун ыр жазганына атасы караманча каршы чыгат. Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын болочок лауреаты (1945-жылы алган) Габриела Мистраль ошол жылдары Пабло окуган мектептин директору экен, ал өз окуучусун коргоп чыгат. 1917-жылдын 18-июлунда анын тунгуч “Ынтызарлык жана көктүк” аттуу эссесинин жарык көрүшүнө Мистралдын эмгеги чоң. 

Атасы анын ыр жазганын жактырбай, мурчуйгандыктан, ал азан чакырып койгон аты чанып, 1920-жылдан Пабло Неруда деген адабий ысым менен ырлары журналдарга чыга баштаган. 1921-жылы Сантьтягодогу педагогикалык институттун француз тили бөлүмүнө тапшырат. Көп өтпөй “Хувентуд” гезитине жарыяланган “Майрамдык ыр” аттуу ыры чилилик студенттердин федерациясы уюштурган конкурста биринчи орунду алат. 1923-жылы өз эсебинен алгачкы “Мунарык” ырлар жыйнагын чыгарат. Ал окурмандар арасында зор кызыгуу жаратып, кийинки жылы кайсы бир басма ээси “Сүйүүнүн жыйырма ыры жана үмүтсүздүктүн бир ыры” ыр китебин чыгарып берет. Бул ырлар жыйнагы менен бүтүндөй Латын Америкасына таанымал акынга айланган. Ал бул убакта болгону 20 жашта эле. Күтүүсүз ийгиликтерден башы айланып, магдырап калбастан, элдин сүймөнчүк акыны болуу бактысы ага канат байлаткан. Чыгармачылыгын кайрадан карап чыгып, тынымсыз изденген жана модернизмден авангардчылык агымына өткөн. Бул анын “Чексиз адамдын түгөнбөгөн түйшүгү”(1926-ж.) ыр китебинен байкалат. Ошол эле жылы “Шакектер” прозадагы ырлары, “Тургун жана анын үмүттөрү” кыска авангарддык романы жарык көрөт.

1927-1932-ж.ж.да Түштүк-Азия өлкөлөрүндө дипломаттык кызмат аркалап, ушул жылдарда айтылуу “Жашаган жерим – Жер” аттуу китебинен кирген ырларын жазган. Джакартада Бали аралынан келген голланд кыз менен таанышып, ага үйлөнөт.

1932-жылы Чилиге кайрылып келип, 1925-1926-ж.ж. жазган ырларын чыгарып, “Жашаган жерим – Жер” китебинин биринчи томдугу чыккан. 

1933-жылы Буэнос-Айреске консулдукка дайындалып, аерден Федерико Гарсиа Лорка менен таанышкан. Кийин Барселонага, анан Мадридге которулат. Испан акындары менен таанышат. Мадридде “Жашаган жерим – Жер” китебинин экинчи тому чыгат. 1836-жылы биринчи аялы менен ажырашып, Делия дель Карриль менен жолугат.

Ошол тушта Испанияда жарандык согуш башталып, Неруда башка маданият ишмерлериндей эле республикачыларды колдогон. Согуш апаатына жана Лорканы өлтүрүлүшүнө жаны ачыган Неруда “Жүрөгүмдө Испания” аттуу ыр китебин жазган. Ыйгарым укугу болбосо да “Чили республикачыларды колдойт” деп айта коюп, Испаниядан чакыртылып алынат. Бир жылдан кийин кыска мөөнөттүү миссия менен Парижге жиберилип, Испания республикасынын мурдагы премьери Хуан Негрин менен бирге республикачылардын Чилиге эмиграциялоого жардам берет.

1939-жылы Мексикадагы Чили элчилигинде секретарлык кызматка киришип, 1941-1944-ж.ж. башкы консулдук милдетти аткарган. Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында Сталинградды коргоочулардын жана Кызыл Армиянын эрдигин даңазалап, “Сталинградга болгон сүйүүнүн үч ыры” аттуу ырларды жазып, “Жалпы ыр” поэмасын баштаган.

Чилиге кайтып келген соң, саясатка аралаша баштайт. Делия дель Каррильге үйлөнөт. Мексикадан Чилиге Перу аркылуу келген Неруда инктердин байыркы шаары Мачу-Пикчунун урандыларында болуп, “Мачу-Пикчунун чокулары” ырлар түрмөгүн жараткан.

1945-жылы Чили Республикасынын сенатына шайланат. Чили компартиясынын катарына кирет.

1948-жылы Сенаттын бийик трибунасынан тили кычышып, Чилинин президенти Габриэль Гонсалес Виделаны “АКШнын марионеткасы” атай коюп, мамлекетке чыккынчылык үчүн айыпталып, депутаттык мандатынан айрылат. Кийинки жылы Чили менен Аргентинанын чек арасынан өтүп, Буэнос-Айреске, андан ары Парижге кетүүгө аргасыз болот. 

Ал куугунтукта жүргөн жылдарында коомдук ишмердигин улантып, тынчтыкты жактоочулардын бүтдүйнөлүк конгрессине катышат. Советтер Союзунда, Польшада, Венгрияда, Индияда, Кытайда болот. 1950-жылы ага эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылат. 

15 миң сап 231 ырдан турган “Жалпы ыр” поэмасын куугунтукта жүргөндө аягына чыгарган. Ал Латын Америкасынын азыркысы менен тарыхына, эли жана табиятына арналган. Китеп Мексикада басылган. 

Пабло Неруда да Назым Хикметтей эле көп жолу үйлөнгөн. Бирок, анын канышасы аталганы – Матильда Уррутиа гана. Ал Матильданы 1946-жылы концертте көрүп, көзү түшкөн да, 1950-жылдары экинчи аялы менен ажырашкан соң, Италияда таанышып, ага арнап “Капитандын ырлары” китебин жазган.

Чилиге 1953-жылы кайтып келет. Ошол эле жылы эл аралык Сталиндик сыйлыкты алат. 1954-жылы И.Сталинге арналган ырлары жана элегиясы кирген “Жүзүмдөр жана шамал” ырлар жыйнагын чыгарат. 

1958-жылы Чили компартиясынын борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланат. 1969-жылы Чили компартиясы анын талапкерлигин Чили президенттигине сунуштап, 1970-жылдын 5-январында компартиянын лидери Луис Корвалан эгер “Элдик биримдик” коалициясы бирдиктүү талапкер сунуштаса өз талапкерин жылдырууну талап кылбастыгын билдирет. Эки жумадан кийин Пабло Неруда өзүнүн эски досу социалист Сальвадор Альенденин пайдасына өз талапкерлигин алып салат. Ал Альенденин шайлоо алдындагы өнөктүгүнө кызуу катышып, өлкөнү үч жолу түрө кыдырып чыккан. 

1970-жылдагы шайлоодо Альенде жеңип чыгып, Пабло Неруда Францияга элчиликке дайындалат. 1971-жылы “Бүтүндөй континенттин тагдырын жана жан дүйнөсүн табияттын тыш күч менен өзүнө сиңирген поэзиясы үчүн” Нобель сыйлыгын алат. 1972-жылы жаман оору менен ооруп, Чилиге кайтат. 1973-жылдын 11-сентябрында генерал Аугусто Пиночет башында турган жаалданган аскерлер Чилиде аскердик төңкөрүш жасашат. Президенттин сарайын штурмалоо учурунда Сальвадор Альенде курман болот. Элдик биримдиктин миңдеген тарапташтары өлтүрүлөт, оң миңдегендер камакка алынып, концлагерлерге жиберилет. 12-сентябрда төрт офицер акындын Сантьягодогу үйүнө келип, үйүн карап, анда үч адамды: өзүн, аялын, күзөтчү гана калуусуна уруксат беришет. Кийинки күнү 40 солдат келип, үйүн тоноп кетишкен. Бир нече саат өтпөй деңиз жөө аскерлери келип, үйүн үч көтөрө тинтиет. Мунун баары өлүм алдында жаткан акындын акылын айран кылган.

Мексика өкмөтү Нерудага саясий башпаанек берүүгө даярдыгын билдирет. Бирок, акыркы окуялар анын ден соолугун ого бетер начарлаткан. 19-сентябрда ооруканага жаткырылат. Жолдо он жолу токтотулуп, он жолу суракка алынган. 23-сентябрда Санта Мария клиникасында акындын күрөшчүл жүрөгү токтойт. Аскердик хунтагы карабастан, Пабло Неруданын сөөгүн акыркы сапарга узатуу саясий демонстрацияга айланган.

Акын Пиночеттин буйругу менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу сөздөр тараган. Бул имиштерге 2013-жылы чекит коюлду. Неруданын сөөгүн эксгумация жасаганда, акын белгисиз уудан каза болгондугу аныкталган. Ошентип, Пиночеттин буйругу менен врач уулуу укол сайган деген имиштер чындыкка чыккан.

Пабло Неруда поэзиянын дыйканы болгон. Ал тынымсыз иштеген. Ал үйдө да, сыртта да жазган. Көчөдө да, поездде да, самолетто да, басып баратса да расмий жолугушууларда да, Матильдасы деңиз жээгинде батып бараткан күндү карап отурганда да акыл-эсинде ыр жашаган.

Ал ушунчалык жөнөкөй, бирок адамдын акыл-эсин, жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылгандай ырларды жазган. Акындын ырларын окуганда анын өзү менен сүйлөшүп, сырдашып отургандай болосуң. Анын бир эле сыры бар. Ал жүрөккө жете тургандай, жан дүйнөнү селт эттире тургандай жазат. Пабло Неруда ырларындагы ар бир сөздү, сапты, ойду жүрөгү, акыл-эси аркылуу өткөрөт. Ар бир ыры менен жашайт. Окурманды башкача ойлоого, дүйнөгө башкача кароого, сөзгө чакырат. Акын Омор Султановдун котормосундагы “Чарчоонун өзгөчө бир түрү” ырын окуп көрөлү:

ЧАРЧООНУН ӨЗГӨЧӨ БИР ТҮРҮ

Жеке эле мен чарчашым керек бекен,
чарчашсаң мени менен кошо сен да.

Күздүн күнү шаарлардын үстүнө
себеленип түшүп жаткан көөлүү-чаңды көргөндө
кантип киши чарчабасын:
көө-чаңы экинчи ирет күймөк беле,
адамдын үстү-башын каптап, анан
жүрөккө жеткиси бар көөдөн көзөп.

Мен чарчадым сүрүнөн деңиздердин,
чарчатты жердин сырдуу табышмагы,
мен өтө чарчап кеттим тооктордон:
биз билбейбиз алар нени ойлошорун,
купкургак каректерин мыктай кадап
бизге алар маани берип коюшпайт түк.
Сага мен сунуш кылам –
кел, бир күн бир катар нерселерден
чогуу чарчап көрөлү бир:
жаман-жуман винолордон,
кынтыгы жок тарбиядан.

Францияга каттабай калгандан да чарчайбыз биз,
кел эми, жок дегенде
жумасына чарчайлы – бир, же эки.
коюлган дасторконго тамактардан
ар дайым күндөр окшоп аталгандан,
ошондо бизди алпарат алар кайда?
алпарып айдап кирет шордуу уйкуга.

Чындыкты акыр бир күн айтыш керек:
бизге эч качан жаккан эмес –
чымындардай, төөлөрдөй
бир-бирине опокшош ушул күндөр.

Жадымдан өчүп кеткен диктаторлорго коюлган
эстеликтерди өмүрүмдө нечен көрдүм.
Алар турат
көздөрүнөн кайгы тамган ат үстүндө
кыймылсыз кылыч кармап.
Ушулардан шалдайып чарчап бүттүм.
Мени аябай жадатты мындай таштар.

Эгер биз мындан ары карай деле
андай моло таштарды дүйнөгө жыйнай берсек,
анда кантип тирүүлөр күн өткөрөт?

Чарчадым эстеп дагы, эскерип да.

Адам деген төрөлгөн соң
ага чейин бирөөлөр жутуп койгон аваны
кайра жутпай,
дем алса дейм таза авадан,
жаңы гүлдүн жытын жыттап,
жаңы жерди жана жаңы отту искесе.
Коё туруп жаңы туулган ымыркай немелерди,
мурдатан өмүр сүрүп келгендерге бергиле жай!
Оюңардан чыгарганды аларга таңуулабай
жөн койгула,
бүт баарысы бир эле китепти окуй беришпесин,
өздөрүнчө ачышып таң пардасын,
өбүшүүгө ат коюшсун өздөрүнчө.

Бышыктап жасалгандын бардыгынан
бүттүм чарчап, чарчашчы сен да кошо.
Чарчадым жанбай жатып картайгандан,
Чарчадым бирөөлөрдү чарчатуу үчүн
жасалгандын бардыгынан.

Кел чарчайлы, өмүргө кас саноонун бардыгынан,
жана да жан талашып жашоо үчүн кылуудан жанды курман.

Акынды эмнелер гана чарчатпайт. Адатта адам деңиздердин сүрүнөн, тирүүлүктүн түркүн-түстүү табышмагынан гана, кыйды караган көз караштардан, артыңан айтылган ушактардан, белгисиздиктен ж.б. чарчайт эмеспи. Пабло Неруда ар бирине майдалап-чүйдөлөп токтолуп отурган эмес. Анын баарына дүңүнөн токтолгон. 

Акын Омор Султановдун «Чарчоонун жүзүнчү ыры» ырлар түрмөгү Пабло Неруданын таасиринен улам жазылганы талашсыз. Анын өзү Омор Султановдун чоң акын экенине шек келтирбейт деген ойдобуз. Неге дегенде, Пабло Неруданын философиясы терең, чабыты кенен ырларын кыргызчалап, анын акындык дүйнөсү менен жашап, акындын ыр жазуу стилин үйрөнүп, адамды селт эттирген ой жүгүртүүсүн өнө боюна сиңирген кыргыз акыны “чарчоо” темасын андан ары тереңдеткен, аны улуттук ыр кыртышына отургузуп, акын катары илбирс секирик жасай алган. 

“Чарчоонун жүзүнчү ыры” Неруданын “Чарчоонун өзгөчө бир түрү” ырынын көчүрмөсү эмес, логикалык уландысы. Омор Султанов бул ырлар түрмөгүн жазуу менен, Пабло Неруданын өзү менен ой жагынан атаандашкан. Латынамерикалык акындын ырларын кыргызчалоо менен, бетте, ал чарчоо темасын Нерудадан түздөн түз көчүрүп алган эмес, ага жаңы түс берип, жаңы боек кошуп, чарчоо темасына жаңы өмүр тартуулаган. Омордун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” ошонусу менен күчтүү. 

Омор СУЛТАНОВ

КУСАЛЫК

Чарчоонун биринчи ыры
жазылган күн
эсимде
турат бүгүн…
Баарыбыз жаш бала элек
түшүнө элек,
экинчиби
үчүнчүбү класста элек.
Каникулга тарагандын эртеси болсо
керек,
эч кимге айтпай
качып чыккан Мцыридей
сагынчым кусага өтүп
жүдөп жедеп
жөнөдүм апамды издеп…
Убакыт — күн чыга элек.
Алыстан
же бийиктен караганга
жердин бити сыяктуу
болсом керек.
Колумда таягым бар
өзүмдөн чоң
жол билбейм
бирок, барам тоо аралап –
апамды издейм…
Апам болсо көкүрөк оорулуу эле.
Жан талашып
жылкычынын жанына
тигип алып
бир алачык,
кымызга барган эле…
Кусалык – коркунучтан
жырткычыраак.
Чоң кайкы ашып
узунду күн жол басып
(билбептирмин, жол дагы ушунчалык
болобу ыраак?)
калган кезде көз байланып
өзүмдөн чоң таягымды
колума алып
алачыкка кирип барып
бир «баа-а» деп жыгылыпмын
апама канат жайып…
Бар эле анда
коркунуч да,
кубаныч да
бир өмүргө созулган ошол «ба-а» да
Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып
апам дагы ыйлап жатты
кусалыктын бугун жарып.
Ошондо чарчаптырмын ушунчалык –
эстей калсам азыр да
бардык жолду басып өткөн
таманымдын алдында
зуу-зуу этип жер зуулдайт
башка нерсе угулбайт…

Омор Султановдун чыгармачылыгында Пабло Неруданын таасири кызыл сызык менен өтөт. “Сен жөнүндө поэма” ырлар түрмөгүндөгү айрым бир кайталангыс ырларында Неруданын таасири ачык сезилип турат. Пабло Неруданын Омор Султановдун котормосундагы “Каныша” аттуу ырын чогуу окуйлу:

КАНЫША

Мен сени каныша деп атап алдым.
Бар өйдөрөөк сенден деле, бар өйдөрөөк.
Бар тазараак сенден деле, бар тазараак.
Бар чырайлуу сенден деле, бар чырайлуу.

А бирок каныша – сен.

Сен көчөдө баратканда
эч ким сага тизе бүгүп таазим кылбайт,
көрүшпөйт да башыңдагы таажыңды жакутталган,
көрүшпөйт, жок килемди, кызыл алтын чөгөрүп сен
басуучу жолго салган.
Сен көзүмө көрүнүп койсоң болду –
денемде бүт дүйнөнүн дарыялары ырдап кирет,
ай-ааламда шаңгырап коңгуроолор –
жер жүзүн бир зор гимн каптап кирет.

Бирок аны
жалгыз гана сен экөөбүз
уга алабыз, сүйгөнүм.

Эми Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасын” окуйлу:

*   *   *

Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөм араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.

Түн каткан жолоочудай кетти жаштык
Таскактап таштуу жолдо ат дабышы.
Биз бастык, эч ким баспас жолду бастык
Суктантып кабар алган кары-жашты.

Буюрулбас жөрөлгөгө айып-күнөө
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми кезиксе экен мендей бирөө
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.

Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп
Муңдурбас тамашакөй болгой эле…
Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,
Баары бир ойлойсуң го болбой эле…

Омор Султановдогу:

“Сага эми кезиксе экен мендей бирөө
Болбосо менден жакшы, менден эстүү” – деген саптар, “Канышадагы”:

Мен сени каныша деп атап алдым.
Бар өйдөрөөк сенден деле, бар өйдөрөөк.
Бар тазараак сенден деле, бар тазараак.
Бар чырайлуу сенден деле, бар чырайлуу, – деген саптардын чылгый көчүрмөсү болбосо да, “менден жакшы, менден эстүү” деген ой окшош экени көзгө дароо урунуп турбайбы.

Башка бир акынга таасирленүү, үйрөнүү, анын көчүрмөсүнө айлануу дегендик эмес. Пабло Нерудага окшогон дүйнөлүк поэзиянын алпынан үйрөнүү, таасирленүү кайсы акындын болбосун чыгармачылыгын жаңы нукка бурат, жаңы бийиктикке алып чыгат. Омор Султановдун талант катары ачылып, мыкты ырларды жазганынын сыры ушунда.

Убагында мен да Пабло Неруданы канча аракет кылып, туурайын деп, туурай албай койгом. Азыр деле окуган сайын, аны туураганга аракет кылам. Ал мен дүйнөлүк поэзияга карата ачылган терезе, каалга. Кеп, андан ары кире аласыңбы, калганы өзүңө гана байланыштуу.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 06.02.2023-ж.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.