Карачач Чокморова: “Сүймөнкул Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийгизип алган…”
“Сүймөнкул Чокморовду сыйлабаган кыргыз жок болуш керек, анын ичинде мен да бармын. Ал киши менен биз тууган да болуп кетебиз, уруубуз (жетиген) бир, алтынчы атадан барып биригебиз”. Ак элечек башынан түшпөгөн 90 жаштагы суйкайган бул апа Сүймөнкул Чокморовдун жеңеси болот. Биз бүгүн атайын маектешкени келген үй Сүймөнкул ага жашап калган үй экен, “бул жерден суу ичип, колун жууган турбайбы” деп көз чаптырдык. Канткен менен агам эмеспи деп, апа экөөбүз отуруп дасторкон үстүндө ага куран багыштадык.
Апа “Сүймөнкулум” деп сүйлөйт экен. “Көзүм өткүчө үй музей кылсам, антсем, минтсем экен” деп ыйлап отурду. Жасалмасы жок, жаны менен күйүп отурганына таңгалдым. Жеңесиндей эмес эжесиндей, апасындай экен. Сүймөнкул Чокморовдун бүт конокторун жалгыз ушу жеңеси тоскон. Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевге окшогон кинонун, адабият, маданияттын өкүлдөрүнө, чет элден келген конокторго этти устукандап, казы-карта, чучук кесип, кымызын, ашын жайнаткан экен бул апа. Алтургай дүйнөгө аты чыккан япон режиссеру Акира Куросава конокко келип, апанын казы-чучугунан ооз тийип, кымызын ичип кеткен тура (Акира Куросава Сүймөнкул Чокморовду “Дерзу Узала” фильмине тартып, кыргыз уулунун сулуулугуна, мырзалыгына суктанган адам болгон – Д. Б.). Сүймөнкул аганын бутунун кан тамыры жарылып кетип, жеңеси башындагы жоолугу менен бутун байлап алып, экөө доктурга келген күндөрү да болуптур.
Апа экөөбүз узакка сүйлөштүк. “Динара, мен кут даарыган аялмын, сага жолугарымды билгем. Бирөөгө сүйлөп берейин деп жүрчү элем, түшүмө Сүймөнкул кирип, аян берди, мен сүйлөп бере турган адамга жолугат экем деп түш жоругам” деди апа. Өзү Сары Өзөн Чүйдүн “Ак элечек энелер” коомун жетектейт, коомдук иштерге активдүү катышат ушул күнгө чейин.
“Сүймөнкул оорусунан айыгып кетсе экен” деп эчкиден бери сааганын айтып, айтор, узун сабак кебибиз сандан-санга улана тургандай жазылып калды.
“Кыргыз” деп жашап өтүп кеткен чыдамдуулугу, эрктүүлүгү жанда жок агабыздын арбагы ыраазы болсун.
Сүймөнкулдун бала чагы
– Чокмор атабыздын 11 баласы болгон экен. Сүймөнкулду “көкүрөк күчүгүм” деп кайда барса учкаштырып, ала жүргөн. Ошентип, 4 жашынын ат мингенди үйрөнгөн. Ошол аттын кулагы менен тең ойногону кийин кинодо көп пайдасы тийди. 1954-жылы “ата, мен сүрөт окуу жайына тапшырдым” деп айылга келет. Атасы “адам болбой туруп сүрөтчү боло албайсың” дептир бир ооз гана. Өзү бир сүйлөгөн киши эле…
Сүймөнкул адам болду. Анүстүнө анын туулган жылдары 1939-1941-жылдардагы репрессияга, кийин Улуу Ата мекендик согуш, ачарчылык, 1955-жылдардагы согуштун убагындагы кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү, каатчылык жылдарга туш келген. Башынан кыйынчылык өткөн адамдын – адам болмогу турулуу иш. Ушундай кыйынчылык маалда атабыз Чокмор, энебиз Какин кичиненекей эки бөлмөлүү жер тамда 11 баласын тең окутуп-чокутуп, адам кылып тарбиялашкан.
Тойдогу тамаша
– Жаңы келин болуп келдим. Намырбек биринчи жубайы менен ажырашып кеткен экен. Мурдагы жубайы КТРде иштеген Роза Рыскелдинова. Ортолорунда үч баласы бар. Менин да экинчи турмушум. Жаш кезимде мени ала качып кетип, жашай албай, бир кызым менен ажырашып кеткем. Тагдыр буюруп, баш кошуп калдык…
Биз көлдүктөр тытынып иштейбиз, булар антишпейт экен. Чүйдүн эли жулунбаган, жулкунбаган, айлык менен жашаган өтө жөнөкөй, чынчыл, башкача эл келишет. Намырбек “мен өзүм чеснок айдап, сатып, бир чоң кой алдым, той берем” деди. Сүймөнкулду ошол күнү көрдүм. Элди күлдүрүп, сүйлөп, ырдап отурду. Комуз да чертип, башка аспаптарда да ойноп, жаныбыздагылырды туурап жатат. Маңдайымда Сагынай деген чүйрүйгөн киши отурган, ошону туурады эле өзү болуп калды. Келин болуп келгенимди унутуп калып эле каткырып күлө берипмин. Бир убакта жеңем саныман чымчып алды, “ай, сен театрга келген жоксуң, келин болуп келдиң, оозуңду жаап отур” деп. Уялып калдым.
Кийин Рыскелдинова Мусаев деген кишиге турмушка чыккан, балдарды өзүбүз карадык. Мусаевден бир кызы бар болчу, аны да өзүм бактым эле, өлүп калбадыбы (апа жашып, көзүнүн жашын сүрттү). Ошонун кызы “2” алып калыптыр. Ал убакта Сүймөнкулдун аты дүңгүрөп турган. Тиги кызым ыйлаганынан, “ушу кызды бирдеме кылып сүйлөшүп бер, окуп бүтүп алсын” дедим. Бирдеме болсо эле “Сүймөнкул сенден башка эч кимди укпайт” деп мени жиберишчү. “Олдо жеңем ай, мынча таза адамсыз? Ичиңиздин баары көрүнүп турат мага. Бир кымындай караңыз жок, кандай адамсыз? Аталуусун, атасызын да окутамбы?” деди. “Жеңеңдин арбагы ыраазы болсун, өткөрүп кой, балам. Кетип калса да бир кезде жеңең эле” дедим. Сүймөнкул менден жети жаш кичүү, ошентсе да көбүнчө балам деп сүйлөчүмүн.
Кудайга ишенген адам эле
– Сүймөнкул бардык ролдорду дублерсуз ойноду. “Караш-караш” кинофильминде Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийип, ооруканага жатты. Анан жакшы айыга электе “Жамийла” кинофильмине тартылып, 100 кило буудай көтөрүп, өпкөсү солкулдап козголуп, кайрадан ооруканага жатты.
“Жалаң эркектер” киносунда Касымдын ролун аткарып, аскадан учуп бөйрөгү менен ташка тийип, жарылып кетти. Баары ошол жерден жайрады. Режиссер Видугиристин жолу жаман экен. Мурда мейли бир бөйрөгүнө суук тийиптир, экинчи бөйрөгү ошол “Жалаң эркектер” киносунда тартылып атканда жарылып кетти да. Анда да ооруканага жатты. Бир тууганы Сүйөркул “бөйрөгүмдү берем” деп калганда бөйрөктөрү Кудайдан болуп кайра иштеп калды.
Тездик менен эле дүйнөгө аты чыгып, ар кай жактан “киного тартабыз” деген сунуштар түшүп, дүңгүрөп калды. Ошондо да көпкөн жок, зыңгырап бир калыпта жүрдү. Япон режиссеру Акира Куросава да “киного түш” деп чакырды. 1973-жылы Өзбекфильм тарткан “Жетинчи ок” киносу Каир шаарында көрсөтүлүп, Араб өлкөлөрүнө дүңгүрөдү. Араб интеллигенция өкүлдөрү киного Чокморовду көрөбүз деп келишерин айтышчу экен.
Сүймөнкул Кудайга ишенген адам эле.1978-жылы Меккеден алып келген теспесин өлөр-өлгүчө жоготкон жок. Ал ошол Жаратканга болгон сүйүүсү менен өзүнөн күчтүүгө жагынып, пас болбой, өзүнөн төмөнгө текеберленбей, өз жолун таба алды.
Уктап жаткан Таттыбүбүдөн көзүмдү алалбай…
– Түркмөнстанда “Аял киши ат токуганда” деген кино тартылып, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжандан үчтөн аял барып тартылмак экен. Кыргызстандан мен, Сабира Күмүшалиева, дагы бир келин болдук киного түшө турган. Москвага кетип атабыз. Мени Сүймөнкул коштурган. “Жүрөгүң ооруйт, биротоло мыкты врачтарга көрсөтө келем” деп. Жолдошум эски аэропортто узатып жатат, кеч күз эле. Карасам эле жаркыраган бирөө келе жатат. Жакшылап карасам Таттыбүбү тура. Кийин билсем ичинде кири жок, ачык-айрым жан экен. Жеңил ак пальто кийип алыптыр. Алар Москвага “Уркуя” фильминин бетачарына кетип атышкан экен. Сабира эже, мен, Сүймөнкул болуп турсак, “ой, Сүкө, кандайсың?” деп келип эле Сүймөнкулдун мойнуна асылып кучактап, өөп калды…
Тамырлаш
Сүймөнкулдун 50 жашын өткөрдүк. Эл тарап калган маалда “жеңем тез келсин” деп чакыртып жибериптир. Барсам эле Сүймөнкулдун бутунан кан атып атат. Кан тамыры жарылып кетиптир. Башымдагы жоолугумду чечип эле бутун байладым, ыйлап атам. Көйнөк-кечем бүт кан болду. Намырбек да келип калды, экөөлөп доктурга алып жөнөдүк. Мен жоолук байланган бутун кармап баратам, ыйым токтобойт. Сүймөнкул өзү болсо ошол буту менен педалды тээп, машина айдап баратат. Мени аяп кетти окшойт, бакырып жиберди:
– Жеңе, басыл! Болду ыйлаба! Жоолукту бекем тартыңыз! – деди эле басыла калдым. Ооруканага келсек Кудай жалгап Намазбеков ордунда экен, алып кирип кетишти. Көптө чыгышты. Мени “кир” дешти, кирдим. Сүймөнкулдун аялы экен деп ойлоптур тиги врач.
– Аяш, Сүймөнкул бир аял менен тамырлаш болуп калды, – деп ыйлап аткан мени күлдүрүү үчүн тамашалап кирди эле, Сүймөнкул сөздү бөлдү:
– Бул менин уялаш жеңем болот.
Көрсө, баягы жарылган тамырга аял кишинин тамырын улашкан экен.
Сүймөнкулдун сүйүнүчү, таарынычы
– Сүймөнкул ага сизге көп белек берсе керек?
– Ооба, чет өлкөлөргө барганда дайыма жоолуктарды алып келип берчү. Ошону да абысындарым көралчу эмес. Мен “балам, мага эч нерсе алып келбей эле койчу, тиги жеңелериң жаман көрүп атат” десем, “ай жеңе, жакшыга кеп илешет, жаманга эмне илешет? Көңүл бурбай эле кой” деп койчу.
– Сүймөнкул балалуу болгондо сүйүнгөндүр?
– Оо, айтпа, алигүнчө эсимде, бир башкача жайнаган ошондо. Көздөрү ушундай балбылдаган. Сүймөнкулдун андай сүйүнгөнүн өмүрү көргөн эмесмин. Баланы чыгарып келатабыз. Сүймөнкул баланы алып арткы орундукта, жанында жубайы. Алдыда мен.
– Ээ, жеңе, үнү кантет, ыя? Манастай го… – деп бир сүйүнгөн. Бала баркырап ыйлап келаткан эле. Төрөт үйүнө баргыча эле боорсогумду камдап кеткем, элди күттүм келип. Мал сойдук. Өзүм багып, кыркын чыгардым.
– Сүймөнкул ага каза болгондо жанында белеңиз?
– Жок, жанында болбой калып жатпаймынбы (апа бир топко ыйлады – Д.Б.). Спецбольницада жатчу. Кызым “дядя Сүймөнкул меня не узнал” деп келди. “Апей кокуй!” деп эле эртең менен эрте келдим, ыйлап баратам. Палатага кирдим.
– Жеңе, бетиңди тытып ыйлап келмексиң азыр, кечээ өлүп эле кайра тирилдим, жаным кыйналганынан киши тааныбай калыптырмын”, – деди.
– Кантейин балам, Чоң-Ташта иштер да көп болуп жатпайбы, – дедим.
– Силерге Чоң-Таш керек, колхоз керек, – деп таарынганы жазылбады. Мен да ыйладым.
– Болду ыйлаба, мен эми өлбөйм, жакшы болуп калдым, – деди.
– Эмне жейсиң? – дедим.
– Жүзүм жегим келип атат, – деди.
Суусаган окшойт, ага суу ичкенге болбойт эле. Жүзүм алып келип бердим. “Өлбөйм деди” деп көңүлүм ток кеттим. Эртеси каза болуп калып атпайбы! 25-сентябрь болчу. Терип алган жүгөрүнүн данын чыгарып жаткам. Эл топтолуп атышкан, көңүл бурган эмесмин. Көрсө, угуза албай жатышыптыр жаман кабарды.
Бир тууганбыздын орусча сүйлөгөн кызы бар эле, ошону жиберип коюшуптур.
– Карачач апа, дядя Сүймөнкул умер! – деп атпайбы.
– Ай, эмне дейт кокуй! – деп эле жүгөрүнү чаба берипмин, күйүп кеттим го!.. Арманым: узап атканда жанында болгон жокмун. Андай адам жүз жылда бир жаралат…
Куросава келгенде
Не деген кишилерди коноктободум… Устукан кандай тартылат, кай жерде кандай сүйлөш керек, каада-салтты билген да жакшы экен. Улуу адамдар менен аралашканда пайдасы тийет. Азыркы келиндер төрдө отурган аксакалдарга артын салып чыгып кетишет. Биз антчү эмеспиз, уялчубуз. Бет жагыбыз менен элди карап, акырындап кетенчиктеп отуруп чыгып кетээр элек, көчүгүбүздү көрсөтпөй. Бул жагынан алганда ата-бабаларыбыз өтө даанышман келишкен экен.
Сүймөнкул Чыңгыз Айтматов менен Акира Куросаваны ээрчитип келди. Биз анда дачада болчубуз. Күн мурун айткан эле, казы-чучук, эт, кымыз, салаттары менен дасторконумду жайнаттым. Биздикинен кийин Татырга тойго кетишмек. Дачага жаңы бактарды тиккенбиз. Бир көчөттө жалгыз алма бар эле. Аны күйөөм чүпүрөк менен ороп койчу эле эмнегедир. Мен конок келет деп чечип койгом. Кызыл болуп бышып калыптыр.
Чыңгыз бир сыйра тамактанып, эс алып кетип калды. Акира улам эле ажатканага чуркайт. Байкадым, казы-чучук көтөрө албай, ичи жүрүп кетти окшойт. Кадимки “чытыр” деп аталган көк гүлдүү чөптү коюу демдеп бердим эле, айыкты. Анан кетти. Чыңгыз чыгып баратып баягы жалгыз кызыл алмага көзү түшүп, “оо, менин кызыл алмама окшош турбайбы!” деп жулуп, чөнтөгүнө сала кетти. Күйөөм экөөбүз сүйүнүп, күлүп калдык.
– Апа, Акира Куросава Сүймөнкул агага эмне деп айтчу экен?
– “Сүймөнкул, өңгөнү таштасаң да сүрөтчүлүгүңдү таштаба”, – дечү тура.
– Куросава өзү сүрөтчү болгон да, ошого “сүрөтчүлүгүңдү таштаба” десе керек, ээ?
– Ошондой го.
– Жанынан көрдүңүз да, кандай киши эле, кебетеси дегеним?..
– Кыргыздын байыркы абышкаларындай тоголок келген, чокчо сакалчан, жапакеч киши эле.
– Агабызды ал киши самурайдын ролуна тартсам дечү экен да, тилегине жетпей калбадыбы.
– Ооба, жанагы “Дерзу-Узала” тасмасында башкы ролду аткармак экен, бирок башкы каарман кичине, чепейген киши болгондугуна байланыштуу кийинки ролду аткарып калды. Сүймөнкул тик кабак, узун бойлуу, заңкайган жан эле да.
– Ооба, ичи дагы, сырты дагы сулуу жан эмес беле агабыз…
– Динара, бизди таластыктар чакырышып, сыйлашкан. Атайын өргөө көтөрүшкөн экен. Жылкы союшкан. Келиндери тикесинен тик туруп кызмат кылышкан. Ыраазымын аларга. Сүймөнкул тууганынын келерин билгендей сен келерде түшүмө кирбедиби. Аян берди. Сенин келериңди, жазарыңды күн мурун билгем.
Күйөөм мага ыраазы болуп жашады
– Апа, бул өмүрдө өкүнгөн нерсеңиз барбы?
– Жашоодо өйдө-ылдый болот экен, баарын көтөрдүм, өкүнбөйм. 90 жашка келдим, Кудайга шүгүр. Мен да тегин киши эмесмин. Өмүрүм текке кеткен жок, бүт президенттерге ак батасын берген, эл деген кишимин. Тээ бала кезден эле эл бактым. Мени багып алган ата-энем бай эле. Сүт тартканы эки чака сүт көтөрүп чыгып, үйгө жарым чака алып барчумун. Аялдар “катыкка кичине сүт берчи?” десе куюп берер элем. Үйдөгүлөргө “төгүп алдым” деп койчумун. Үрөнгө деген буудайды ташып отуруп, түгөтүп салчумун. Үрөн чоң үкөктө эле, сузуп ташый берчүмүн. Бир күнү жок калыптыр, сузайын деп атып, өзүм ичине түшүп кеттим, капкак жыбылып калды. Үйдөгүлөр издеп, араң табышкан мени. Ошондо уурулугум билинген. Кийин барсам, айыл эли ошону айтышты. “Бизди аман алып калган кыз” дешти. Кечээ жакынга чейин эле карылар үйүнө жылына кап-кап как жасап берчүмүн. Эки эле жыл болду, көзүм жакшы көрбөй, жасай албай калдым.
Чалым каза болордо ырахматын айтып узады. Ооруп жаткан. “Менин тагдырма сени жазган Кудайыма ыраазымын, сен болбосоң ичип кетмек белем, башка болуп кетмек белем, билбейм. Экөөбүздөн бала болгон жок деп кейибе. Эгиз балдарыбыздын баары боюңан түшүп калды, аны да көтөрдүң. Бирок, кыргыз жашап турганда Сүймөнкул жашай берет. Сүймөнкул жашап турганда сенин да атың өчпөйт” деди. Бир тууганымдай караганымды айтты көрүнөт.
Тууган
“Сөздү кези келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт” дейт, бирин-бири кадырлап, көтөрүп, сүйөмөлөп, издешип, табышып, эл болуп келатканыбызды айта кетпесем болбостур. Биздин жетинчи атабыз Кыбал. Кыбалдан Нияз, Кудайназар (Нияздан Сүймөнкул Чокморовдор, Кудайназардан биз тараганбыз. Жетиген уруусу – Д.Б). Кудайназар жаш кезинде жергиликтүү улуктардын бирине кол көтөрүп, ташбараңга алынарда туугандары түндөп качырып жиберишкен экен. “Кытайга кач, аман болсоң келерсиң” дешет. “Элиме барсам” деп көксөп жүрүп Кудайназар бабабыз о дүйнө сапар алат. Бул кабар Таласта калган иниси Ниязга жетет (бабабыз ал жакта жүрүп Куттубай, Конокбай, Тезекбай аттуу үч уулдуу болгон экен). Нияз “алып кел” деп мыкты чыкма небереси Муратты жиберет. Тезекбай “мен үй-бүлөлүү болуп калдым” деп калып калат да, берки экөө келет. Мурат Кетмен-Төбөгө жеткенде көз жумуп, алар ошол жерде кыштап калышат. Жазында жол ачылганда жаңы туугандарды Мураттын балдары Таласка көчүрүп келишет. “Кытайдан жаңы келген туугандар” деп кеп кылышат айылдагылдар бизди. Ошентип, биздин кичи уруубуздун аты “жаңы тууган” деп аталып калат. Азыр “жаңы тууган” уруусу бир айыл эл болдук. Бизди бөтөн жерге калтырбай өз элибизге алып келген туугандарыбыз – Сүймөнкул аганын аталарына таазим! Кыргыздын жакшылыгына сүйүнүп, жаманына күйүнүп ичинде жашаган ушул күндөрүм баа жеткис бакыт!
Сүймөнкул агабыз “Манасты, Айтматовду жараткан кыргыз элинин уулумун” деп сыймыктанчу экен. Биз, кийинки муун кыргыздын мыкты уулдарына Сүймөнкул Чокморов деген ысымды кошуп сыймыктанабыз.
Динара Бейшеналиева, “Азия Ньюс” гезити, 26.07–17.08.2023-ж.



