Айгүл Молдокулова: ойлуу ырлар, сырдуу саптар…
Адабий чөйрөдөн алыс жүрсө да, колунан калемин түшүрбөй, ыр болсо ырын, кара сөз болсо анысын жазып, жазганын эч кимге жар салбай, мактанбай эле адабияттан өз ордун, поэзиядан өз жолун тапкан калемгерлерибиз аз эмес. Ошолордун бири – акын Айгүл Молдокулова.
Мага Айгүл Молдокулованын ырлары бир окуганда эле ынады. Анын ырларында ырды ыр кылган түркүктөр: ой, көркөм салыштыруулар, көркөм образ жана уйкаштык да баары өз-өз ордунда экен. Калеми кадимкидей төшөлүп калыптыр. Анын ырлары – башкалардын ырларына окшобогону, ар бир ырында жаңы ой, жаңы табылга тапканга аракет кылганы, тынбай изденгени менен да өзгөчө сөз кылууга арзыйт.
Бир окуганда эле ынады дегеним, анын дээрлик ар бир ыры мени ойго салды, ойго салып эле тим болбой, ар бир жолу бир селт эттирип алды. Бул ойлуу да, муңайым ырлар жөнөкөй, жалпак тил менен жазылса да, окуган сайын ойго салып, улам кайталатып окутуп, андагы автор каткан табышмактуу ойлорду издөөгө аргасыз болот экенсиң. Буга сиз деле ынанасыз, келиңиз, чогуу окуп көрөлү:
* * *
Ирээтсиз үй, айнеги жок терезе,
Аркы беттен күн желеси көрүнбөйт.
Ээсин жоктоп куту өчкөн коломто,
Эрке кызга эми мээрим төгүлбөйт…
Шыпшынгандай шыптары да дубалы,
Шырдак жерде канды катып боюна.
Какшаган ый кызыл жипке шырылып,
Караан турат канжар кармап оюуда…
Эшик тарап, эскермелер, жоктоолор,
Токтогон дем, кошок менен коштоолор.
Кепинделген келин жерге түшкөндө,
Кемип дүйнө, боз дөңсөөлөр козголоор…
Жашыл дүйнө кызыл кандар жүгүргөн,
Кара жерде жаш жалбырак күбүлгөн.
Боз дөңсөөдө үнсүздөрдүн айылы,
Үстү үстүнө үзүлгөн гүл үйүлгөн…
Бир караганда, ырда баары: ээнсиреген үй, ээсиз калган коломто, үндөбөй шыпшынган бозоргон дубалдар, жерде жаткан шырдак, оюудагы канжар кармаган караан, бозоргон дөң элестүү ыр саптары аркылуу кадимкидей көз алдыга тартылып, элестелип турат. Бирок, береги төрт сабак ырды окуган соң, күн желеси көрүнбөгөн “айнеги жок терезенин” артында эмне бар деген табышмактуу сыр кала берет.
Туура, ырда тирүүлүктүн түгөнбөгөн жолу – өмүр менен өлүм, бир үй-бүлөнүн жашоосу, бир адамдын тагдыры, илгери тилек, үзүлбөгөн үмүт кызыл сызык менен өтүп жатат. Арийне, ошентсе да, ырда жоопсуз суроолор аз эмес… Ойлонбой кое албайсың.
Окуя курч башталып, ылдам өнүгөт. “Ирээтсиз үй, айнеги жок терезе” –лирикалык каарманга үй ирээтсиздей, терезе айнеги жоктой сезилет да, коломто да өчкөн – “Ээсин жоктоп куту өчкөн коломто”,
анда жашоого болгон үмүтсүз маанай жаралат – “Аркы беттен күн желеси көрүнбөйт”. Жадагалса, лирикалык каарманды ээнсиреген үйдүн шыптары да, дубалы да шыпшынгандай тиктеп турат – “Шыпшынгандай шыптары да дубалы”. Жерге салынган шырдак да ага башкача көрүнөт – “Шырдак жерде канды катып боюна / Какшаган ый кызыл жипке шырылып, / Караан турат канжар кармап оюуда…”
Турмушта эмнелер гана болбойт. Ырда адам жашоосундагы кара сызык ошол турушунда апыртылбай да, кемитилбей да сүрөттөлгөндөй. Кеп андан ары эмнеде? Дүйнө эмнеге кемип турат да, кара жерде жаткан жаш жалбырак эмнени билдирет. Көз алдынан адам баласы төрөлгөндөн акыркы сапарга узаган мезгилге чейинки бир өмүр көз алдыдан чубуруп өтөт. Адам баласы үчүн кайгыдан улуу эч нерсе жок. Күлкүнү дайым ый коштоп, өмүрдүн аягы өлүм менен аяктайт. Тирүүлүктүн турган турпаты, жашоо философиясынын өзү ушул.
Ырда баары ачык айтылып, делинип калса, анда ал сырдуу, табышмактуу болбой калмак да, кайрадан өзүнө тартмак эмес. Бир ырда суроолордун жоопсуз кала бергени, андагы табышмактуулук ырды сырдуу кылып турат да, улам кайталап окууга чакырат. Түшүнүп – бирок акыр аягына чейин толук түшүнө албайсың, билип – аягына чейин биле албайсың. Бул ыр ошонусу менен өзгөчө, ошонусу менен окурманды өзүнө тартат.
Ырдагы дагы бир өзгөчөлүк – андагы элестүү көркөм салыштыруулар. Алар ушунчалык таамай, так жана даана тартылган жана ээнсиреген үйдүн көркөм образынын ачылышына эң сонун өбөлгө түзгөн.
Ээнсиреген үй кадимки үйдү гана эмес, ал адамдын ирээтсиз чачылган, айнеги жок терезедей жан дүйнөсүн да көз алдыга тартат.
Автордун дагы бир ойлуу да, муңайым ыры – “Базар турмуш”.
БАЗАР ТУРМУШ
Баш бактым базарына баш калаанын,
Баамдадым баасын, анан башка жагын.
Баратат оор жүк тартып арабага,
Балакай балтыры ичке, ачка карын…
Өйдөдөн өбөк таппай кайыр сурап,
Ылдыйда ындыны өчкөн айым турат.
Жөлөөрү жөөлөп өтсө жарга такап,
Бөлөгү келээр бекен алын сурап…
Кастарлап катып кээде урунгандыр,
Кары эне сатып эски буюмдарын.
Кареги караңгылап турат бурчта,
Кантейин көрөөрмүн деп буюрганын…
Алдына коюп айнек таразасын,
Ак сакал турат ойлуу кайчы жолдо.
Табышмак, жолун ачып көзөнөктүн,
Тагдырым бурулат дейт кайсы жолго…
Сатуучу, кардар, жүктүү арабалар,
Карылар жакыны жок аяп алаар.
Кайчы жол кайырчыны адаштырган,
Тагдырдын ташын тарткан таразалар…
Туңгуюк туман тосуп узап жолдор,
Туура нук издеген эл, тушап жолдор.
Шамалдын багытына каршы туруп,
Шам кармап барат бала… Узак жолдор…
Азыркы күндүн ачуу чындыгына арналган бул ырдын каармандары: балтыры ичке, ачка карын балакай, ындыны өчкөн келин, өлбөстүн күнү көрүп, акыркы буюмдарын – эскисин саткан кары эне, үч кошкон жолго айнек таразасын коюп ойлуу отурган аксакал.
Бүгүнкү базар , базар турмушу жөн гана соода-сатык жайы эмес, ал бүгүнкү жашоонун ак-карасын, жакшы-жаманын көрсөткөн барометр, азыркы коомдун күзгүсү. Автор да өз каармандары катары төрт муун өкүлүн, төрт башка адамды туура тандап алган. Анүстүнө азыр турмуштун эң оор жүгү түшкөн коомдун ушул катмарлары экени жалганбы? Азыр ачка карын, балтыры ичке балакай – курсагы токтордун жүгүн сүйрөп, өз курсагын, бөбөктөрүнүн курсагын тойгузуу үчүн жан алакетке түшүп жүрөт. Азыр замандын оор жүгүн тарткандар – балдар. Ооба, ай сайын ат башындай алтын төлөп, жеке менчик мектептерден окуган балдар да аз эмес. Бирок, ата-энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алып өсүп келаткан муун да аз эмес.
Өйдөдөн өбөк таппай, бир колуна жаңы төрөгөн баласын кучактап, бир колу менен курсагындагы баласын сылап, ылдыйда отурган жаш келиндер да биз үчүн жаңылык болбой калды. Өлбөстүн күнүн көрүп, үйүндөгү акыркы жылтыраган буюмун көчөгө алып чыгып, акыркы эскисин сатып жаткан карыган энелер да азыркы күндүн ачуу чындыгы.
Автордун дагы каарманы бул үч кошкон жолгон айнек таразасын коюп тагдырым кайсы жолго бурулат деп төлгө салып отурган аксакал. Ал аксакал анда адамдардын салмагын гана өлчөп отурган жок. Адамдардын абийрин, ар-намысын да өлчөп отурат.
Аксакалдын колундагы тараза – адилеттиктин, акыйкаттыктын таразасы. Карыны аяп алар жакыны жок заманда жашап жатабыз, карылар мурда төрдө отурса, эми көчөдө отурат. Каада-наркыбыздын кедери кетип, салт-санаабызга доо кеткен заманда жашап жатабыз. “Тагдырдын ташын тарткан таразалар…” – деп автор мына ошону айтат да, кайра:
“Шамалдын багытына каршы туруп,
Шам кармап барат бала… Узак жолдор…” – деп ырды оптимисттик маанайда аяктайт. Анткени, жашынан араба сүйрөп, турмуштуну ысык-суугуна бышып, турмуштун арабасын тартышып чоңойгон бала жаман бала болуп чоңойбосун билет.
Айгүл Молдокулованын “Бир эшик, бир босого, эки караан” деген ырына да муңайымдуулук, ойлуулук мүнөздүү экен:
***
Бир эшик, бир босого, эки караан,
Ээрчишип эл жүзүнө көрүнгөндөр…
Ойлору оодарылып эки башка,
Ортодо муздак дубал… Бөлүнгөндөр.
Адашып арзуусу жок табышкандар,
Аргасыз айлампада калышкандар.
Мээримге суусагандай сумсайышат,
Мезгилин мээнет менен карыткандар.
Суз жашоо, суудай аккан убакыттар,
Уурдатып убайымга мезгилдерин.
Туңгуюк жолдоруна түш жорулбай,
Экөөнүн дубал угуп эчкиргенин…
Бир үйдө эки дүйнө аңтарылып,
Бирикпей ортодогу жаракалар.
Тумчугуп түнт жашоонун бороонуна,
Кайсалап каякадыр барат алар.
Бир эшик, бир босого эки караан,
Ээрчишип каяккадыр кетет алар…
Автордун көркөм образ түзүүдөгү чеберчилигин караңыз – “Бир эшик, бир босого, эки караан” деген таамай жана так көркөм салыштыруулар менен дароо сөз эмне жөнүндө болорунан кабарлайт да, андан ары окурманды жетелеп алып кетет. Арийне, бул эки караан эл алдында ээрчишип жүрсө да, “ойлору оодарылып эки башка” экен, “ортодо муздак дубал” дейт.
Айгүл Молдокулованын ырларына мүнөздүү болгондой бул ырда да окуя тез өнүгөт. Таамай көз алдыга тартылат. Анан да “Экөөнүн дубал угуп эчкиргенин…”, “Бир үйдө эки дүйнө аңтарылып” – кандай аянычтуу, кандай трагедиялуу. Анткени алар: “Адашып арзуусу жок табышкандар, Аргасыз айлампада калышкандар”.
Убакыт деген улуу тараза. Адашып табышкандар убакыттын өтүшү менен бири-биринен алыстай берет. Аларды бири-бирине эч нерсе кармап кала албайт. Жашоонун көр тирилиги – алардагы бардык сезимдерди жеп салат.
Бул адамдын жалгыздыгы тууралуу ыр. Эки караан – экөө туруп, бир эшик, бир босого сыңар жалгыз.
Бизде ыр жазгандар көп. Арийне, Айгүл Молдокуловага окшоп ойлуу да, муңайым да ырларды жазгандар аз. Анын кайсы ырын окубаңыз, ал сизди сөзсүз ойго салат, сиз менен сыр бөлүшөт, табышмак дүйнөгө жетелейт жана мына ошонусу менен жүрөккө жакын:
***
Маңдайында турам сындуу күзгүнүн…
Маанайыма түшүп ичке сызыктар.
Каректерим каалап жандын тынчтыгын,
Калган өңдүү көп нерсеге кызыкпай…
Көңүлүнө карап жашап бирөөнүн,
Көөдөнүмө далай ыза батырдым.
Оор күнүмдө колдоп алаар болбосо,
Айтчы неге, аялбадым, басындым….
Өйдө-ылдыйды өмүрүмдө көп көрдүм,
Өйдөлөдүм, кээде сындым, бөксөрдүм.
Сындуу күзгү калыбынан жазбаган,
Сымбатымдан алда канча өзгөрдүм.
Ичке ийним көтөрө албай ызаны,
Кээде турмуш келекелеп тушады.
Жакындарым канжар сайып артымдан,
Жайган экен жасалмалуу кучагын…
Сырдуу күзгүм калыбынан сынбаган,
Кыялыма кыянаттык кылбаган.
Адаштырчы жолугушаар жолумду,
Адамдардан жараатымды тырмаган.
Автордун бул ырына атайылап эле комментарий берген жокпуз. Ырдагы табышмактуу сырлардын жандырмагын табууну окурмандын өзүнө калтырдык.
Ал эми биз Айгүлгө жаңы чыгармачылык изденүүлөрдү каалап, мындан ары да ойлуу да, сырдуу да ырларды күтөбүз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 05.12.2025



