Куйругу жок, жалы жок, кулан чалыш жан элем

 

1935-жылы Игорь Алексеевич Батмановду белиме таңуу кылып, мектепке арнап, «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүүгө кириштим. Муну турмуш катуу талап кылган болчу. Көлөмү – 10 басма табак. Жалгыз түзсөм кабыл албайт. И. Батманов мени жакшы көрө турган. Ошол эле жылы түзүп бүтүп, басмага тапшырдык. И. Батмановду титул бетине биринчи койдум. Ал киши «мен жалгыз түзө албаймын. Сиз болсо жамандыр-жакшыдыр колуңуздан келет. Ошондуктан сиздин фамилия биринчи туруш керек» деп болбой койду. Муну айтып атканым – ал кишинин адилеттигин белгилөө. Бул – кыргыз лексикографиясында биринчи саамалык. «Сөздүк» басмадан чыгып, дүкөнгө түшкөндө талашып, мушташ да чыгыптыр. Анткени эл абдан көксөп жүргөн эле. Котормодон аябай кыйнала турган. Татар тилинде чыккан Рахматуллиндин «Орусча-татарча сөздүгүнүн» тилине да котормочулар жакшы түшүнө берчү эмес.

1936-жылы көлөмдүү «Орусча-ыргызча сөздүк түзүү маселеси катуу козголду. Бул ишти Москвадагы жаңы алипбээ комитети колуна алды. Анын башчысы – Коркмасов деген адам болчу. И. Батманов бизде Тил, адабият институтунун директору болчу. Дароо мени жалгыз чакырып алып: «Сизди бул жерде оңдурбайт. Жол да бербейт. Сизге үч айлык командировка берем. Үй-бүлөңүз менен чогуу кетиңиз. Сөздүк түзүү үчүн келишим да түзөм» деди. Мен албетте, макул болдум. Командировка алдым да, Фрунзеден такыр көчүп кеттим. Ошондо бизди Батманов гана вокзалга чейин узатып койду. Куйрукту сыртка салдым. Эми «тап душманы» деген сөздөн кутулдум окшойт. Москвада К. Юдахиндин үйүнө түштүк. Андан кийин Москванын четинен үй алып, ошондо турдук. Кудай жалгап, Конституция чыгып, эл ынтымактуу болуп эле кучакташып калды. Мени «тап душманы» деп жүргөн жолдоштор ат тезегин кургатпай келчү болду.

Мурун сөздүк түзүп дасыгып калган К. Юдахин башкы редактор боло турган болду. Маа Тазабек Саманчынды кошту. Ал – «Бул чатак иш экен. Мен иштебейм» деп чыга берди. Словникти түзүүгө Реформацкий деген жардам кылды. Кыскасы, ишти баштадык. Керели кечке сөздөрдү котором. Кечинде К. Юдахин менен бирге отуруп, редакторлоп чыгабыз. Маа приказ менен бирге редакторлоо да милденттендирилген болчу. К. Юдахин да кыргызча дурус билет. Мен деле орустун сөздөрүн дурус түшүнөм. Экөөбүздүн ишибиз абдан ийгиликтүү болду. Анын үстүнө «кыргызча-орусча сөздүктү бирге иштеп жүрүп, абдан каныгып калганбыз. Иш абдан эле ийгиликтүү жүрүп аткан. Аяңдан 1937-жыл келди. Бирин-бири чукуламай, эл душмандарынын, улутчулдардын тамырынан соолтуу керек деген өнөктүк башталды. «Сөздүктүн» далайын бүтүп жибергенбиз. «Улутчул» деп мени Фрунзедеги институттан кууп салды. «Сөздүктүн» кол жазмасынан кыйкым таба, «ленивый» деген сөздүн алдында, «Ленининец» деген сөздү коюпсуңар. «Ленивый Ленинчи» болуп калган. Муну атайы иштегенсиңер» деп кол жазмабызды шкафка салып, сүргүчтөп салды. «Акыр заман кайда аттан ажырагыс жерде» дегендей акыр заман башыма түштү. Одинцово деген Москвадан 20 чакырым алыстыктагы кыштакта, орустардын арасында калдым. Эки жаш балам бар. Кудай жалгап аялым СССР элдеринин тилдерин иликтеген бир чоң мекемеге келишим менен иштеп, орус стенографиясын үйрөнүп, кыргыз стенографиясынын илимий негизин иштеп аткан кези эле. Ал мекемеде келишим менен иштеп аткан. Ошонун анча-мынча тыйынын жалмалап, эптеп күн көрүп жүрдүк. Аз болсо 15тей мекемеге арыз жаздым. Баарынан кургак жооп келет. 10 ай кызматсыз жүрдүм. Каралашар адам жок. Анын үстүнө «куйругу жок, жалы жок, кулан чалыш жан» элем. Эч жерден жардам жок. «Дубананы урса – мазарга барат» дегендей, профсоюзга гана барам. Эң акыркы ЦКга жазган арызымды далилдүү тапса керек. Профсоюзга катуу буйрук жазыптыр. Профсоюз атайы бир кишини менин ишим жөнүндө Фрунзеге жиберди. Ал киши Батмановго жолугуптур. Батманов мени аябай мактаптыр. Кыргызстандын прокурору да кийлигишип, Тил, адабият институту Валидов деген татарды камап, кызматсыз жүргөн он айымдын акчасын бүт жибериптир. Кашык да, чөмүч да май болуп калды. Бирок, «Сөздүктүн» кол жазмасы туткундан кутула элек. Кудай жалгап, ошол учурда Кыргыз Совнаркомунун орунбасары Ребров деген Москвага келиптир. Дароо барып арыздандым. Буйрук жаздырып, өзү кол коюп, «камоодо» жаткан кол жазмабызды алууга жардам кылды. Кайрадан ишке кириштик. «Сөздүк» бүтүп калды. Фрунзеден Жапар Шүкүров «Сөздүктүн» саясы редактору болуп келди. «К» тамгасын ошол Жапар иштеген. 7 басма табак эле. Мен К. Юдахин менен кайра баштан редакторлошуп кирдим. Иш оңолду.

Жогорку мен сөз кылып аткан «Орусча-кыргызча сөздүктүн» 1941-жылы даяр болгон титул бетинде – «Х.Карасаев, Дж. Шүкүров» деп жазылган. Дүйнөлүк согуш чыгып кетип, терип бүтүп, тиражын басуу токтоп калган. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин, «Сөздүк» Советтер Союзунун Баатыры К. Федоровдун демилгеси менен кайра колго алынып, согуш жүрүп атса да ошол азиз адамдын бедели «Сөздүктү» жарыкка чыгарды.

1944-жылы «Сөздүктүн» тиражын, ага кошуп К. Юдахинди Фрунзеге көчүрүп келдим. Менден жакшы киши болбой калды. Тегеле тойлорду кыдыртып калды. «Сөздүктү» Кыргызстандын ЦКсы чыгарды деп, ошондогу чоңдор тегеле кокурайып калышкан. Бул – калп! «Калпты чындай айтса, чындык чычая качат» деген макалдын түк калети жок экен.

«Сөздүк» чыкканда карасам, титул бетинде түзүүчүлөр «Х.Карасаев, Дж. Шүкүров, К. Юдахин» деп бадырайып турат. Көргөн көзүмө ишенбедим. Ал тургай ошол 1941-жылы даяр болгон «Сөздүктүн» Башкы сөзүндө (аны К.Юдахин жазган):

«Работа по русско-киргизскому словарю между отдельными участниками распределяется следующим образом:

Х. Карасаев обработал большую часть букв (все буквы, за исключением К, Г и части С). Кроме того, он был постоянным консультантом при редактировании всего словаря.

Дж. Шукуров перевел словник на букву К и часть С. Кроме того он прочитал всю рукопись словаря и внес много поправок и уточнений к переводам, особенно в части общественно-политических терминов».

«Сөздүк» 100 басма табак. Ошонун 90 процентин мен иштегемин. Андан тышкары да К. Юдахин кандай редактор болсо, мен так ошондой редактор болчумун. Ал жөнүндөгү «Приказды» аягына тиркеп койдум. Жогорку «Башкы сөздү» К. Юдахин жазган. Тиражы чыгууга кол коюлганда жогорку «бөлүштүрүүлөр» өчүрүлүп салынган. Маа айткан эмес. Бул тымызын куйтулукту ким иштеди? Маа да, коомчулукка да табышмактыр. Ким кандай катышканы жана канча эмгек сиңиргени билинбей калган. Анысы аз келгенсип, К. Юдахин автордун бири да болуп калган. Буга ыйманы ушуга кандай жол берди экен?! А кишини «зордук» кылып автор кылган жок го!

Ошол «Сөздүк» чыкканда ыраматылык Калим Рахматуллин менин байбичеме: «Ишти Карасаев иштейт экен да, башкалар автор болот экен» деп айтыптыр.

К. Карасай уулу

[Орусча-кыргызча сөздүктөрдүн түзүлүш тарыхынан белгилүү тилчи жана окумуштуунун билдирүүлөрү. К. Карасай уулу. (Материал кыскартылып берилди).

Даярдаган: Т. Кожобеков

P.S. Бул сөздүк Юдахиндин авторлугу астында кайрадан эч кошумча-алымчасыз эле 3000 нусканын тегерегинде басылып чыгып, сатыкка берилиптир. Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Казат Акматовду таап сүйлөшүүгө мүмкүн болбоду.

«Асаба», 29.10.1999-ж., №74. 7-б.

Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.