Эрмек ШООРУКОВ: “Элдин аң-сезимин жарыктандыруу, көрөңгөсүн арттыруу китеп окуудан, адабиятка көңүл буруудан башталат”
(макала-маек)
– “Гольфстримдеги алакандай адабият” – аталыштын өзү эле поэтикалуу жана метафоралуу угулат. Бул образ кайсы идеядан, кайсы ички туюмдан жаралды?
– Котормолор жыйнагынын аталышы АКШнын Флорида штатынан башталып, Батыш, Түндүк Европанын климатын жумшартып, Мурманск портун тоңдурбаган, дүйнөдөгү дарыялардан көлөмү жактан 20 эсе чоң келген Гольфстрим жылуу агымынын атынан коюлган. Жыйнакка америка, орус жазуучуларынын чыгармалары киргендиктен, алакандай аңгемелерден тараган жылуулук адамдардын жан дүйнөсүн жылытсын деген изги тилек менен ыйгаргам.
– Сиз англис тилинен кыргыз тилине ортомчу тил аркылуу эмес, түз которгон саналуу адистердин бирисиз. Түз котормонун негизги артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?
– Жалпыга белгилүү болгондой, эгемендик алганга чейин кыргыз окурмандары дүйнө классиктеринин эмгектери менен ортомчу тил – орус тили аркылуу таанышып келген. “Котормо” деген сөздүн өзү айтылганда эле түп нусканын 20 пайызына доо кетет, ал эми ортомчу тилге которулуп, анан эне тилибизге которулганда бизге жазуучунун айтайын деген оюнун учкуну эле жетип калып жатпайбы? 90-жылдардан баштап интеграциянын жандуу формасы – миграциянын алкагы кеңейип, дүйнө тилдерин өздөштүрүү, жашоо ареалын алмаштыруу кадимки көрүнүшкө айланды. Анын жыйынтыгында ортомчу тилсиз которуу алдыңкы орунга чыгып, чыгыш (кытай, япон, түрк, араб, өзбек ж.б.), батыш (англис, француз, немец, италия ж.б.) элдеринин тилдеринен чыгармалар түздөн-түз которула баштады.
– Көркөм котормодо сиз үчүн кайсынысы маанилүүрөөк: түп нускага тактыкпы же кыргыз окурманы үчүн көркөм табигыйлыкпы? Бул экөөнүн ортосунда кантип тең салмак табасыз?
– Айрым учурда котормочулар улуттук маданиятты, эн белгини ээрчийм деп атып, түп нускага (sourсe) залакасын тийгизип алышат, кээде жазуучунун оюн ээрчий берип, которулуучу тилде (target language) келегей сүйлөмдөр чыгып калган учурлар кездешет. Эки элдин тилдик каражаттарын, маданиятын изилдөө аркылуу түп нускадагы идеяны жатык тилде берүүгө жетишсе болот.
– Англис тилдүү адабияттын кайсы мүнөзү кыргыз тилине которууда эң көп каршылык жаратат: синтаксиспи, метафорабы же маданий контекстпи?
– Тектеш тилдер болгон казак, өзбек, түрк ж.б. тилдерден чыгармаларды которууда сөзсүз түрдө сиз айткан факторлор каршылык жаратпай койбойт. Ар бир чыгармада ар башка тоскоолдуктар болот. Ал эми башка континенттеги флективдүү тил англис тили ар бир чыгармада ар башка өңүттө сөзсүз түрдө өзүнүн табигый каршылыктарын көрсөтөт, биз буга даяр болушубуз ылазым.
– Китеп өкмөттүн колдоосу менен жарык көрдү. Мамлекеттик деңгээлде котормо адабиятка көңүл бурулуп жатышын сиз кандай баалайсыз?
– Арийне, Президенттин колдоосу менен калем акысы менен кошо 50 китептин жарык көрүшү акыркы үч он жылдыктагы жагымдуу адабий саамалык болду. Проза, поэзия, котормо – бул адабияттын кош канаты менен куйругу, ансыз адабияттын өтмүшү жок, прогрессивдүү түрдө өнүгүшү болбойт, келечеги бүдөмүк. Адам интеллектуалдык, руханий, физикалык жактан өзүнө үзгүлтүксүз салым кошуп турбаса, инсан болуп калыптанышы кыйын болгондой эле, мамлекет менен коом үч тараптуу өнүгүүнү кошо алып кетпесе, тез эле кемтилгеси менен кесепети үстүнө калкып калат. Коомдун интеллектуалдык, руханий деңгээли жогоруласа, мамлекеттин экономикасы өзүнөн өзү жогорулай турганы турган иш. Демек, элдин аң-сезимин жарыктандыруу, көрөңгөсүн арттыруу китеп окуудан, адабиятка көңүл буруудан башталат.
– Кыргыз адабиятында котормо маданияты азыр кайсы баскычта турат деп ойлойсуз? Кайсы нерсеге жетишпей жатабыз?
– Адабияттын кайсы өнүгүү доорунда болбосун, озгон, өксүгөн, ортозаар аралыкта турган учурлар боло келген. Ага ошол кездин тарыхый шарты, коомдун эстетикалык табити, суроо-талабы, ички-тышкы факторлор таасир этип келген. Мындай шарттан котормо искусствосу да тышкары эмес. Гаджеттердин азгырыгы окурмандардын, чыгармачылдардын убактысын алып, китеп окуудан алыстатып жатканы менен өз котормолорун дароо социалдык тармактарга чыгарып, дароо талкуудан өтүп, окурмандардын сынына коюлууда. Кандайдыр бир сын-пикир толкунунан өткөндөн кийин гана кагазга түшүп, китеп болуп чыгып жатат.
Котормочулар форумун өткөрүп, бирлигин же ассоциациясын түзүп, жаш котормочуларга насаатчылык кылуу максатында семинар, сабактарды өткөрүп, китептерин чыгарып, фестиваль, маданий иш-чараларды, чет өлкөгө чыгармачыл иш сапарларды уюштуруп, мамлекеттик колдоо көрсөтүп турса, көркөм котормонун иши мындан да жанданып, жаш карлыгачтар өсүп чыгары шексиз.
– Сиз которгон чыгармалардын ичинен ичиңизге эң жакыны, эң “оор” которулганы кайсысы болду? Эмне үчүн?
– Ар бир чыгармага эмгек, күч, убакыт, көз майыңды коротуп, изденип жаткандан кийин алыс-жакынга бөлүү кыйын, ошентсе дагы төрт жыл мурда төрт жарым айда которгон америкалык жазуучу Э.А.Понун “Кара мышык” хоррор жанрындагы аңгемеси жакындай сезилет. Анткени окурмандар, чыгармачылдар чөйрөсүндө эң көп талкууланып, ал турсун филология илиминин кандидаты, доцент Р. Исмаилованын “Кара мышыктын кылмышы” аттуу макаласынын объектиси болгонго татыган. Ал эми аңгемелердин ичинен Ф. Достоевскийдин “Кызык адам түш көргөндө” фантастикалык-психологиялык чыгармасы он бир айда которулду, бирок “Рухэш” сайты уюштурган котормо боюнча республикалык конкурста 3-орунга ээ болду.
– Котормочулук процесс сиз үчүн кандай өтөт: алгач текстти толук сиңирип алып которосузбу же саптан сапка киришесизби?
– Ишенесизби, жогорудагы Ф. Достоевскийдин “Кызык адам түш көргөндө” аңгемесин аягына чейин окубай туруп которгом, биринчиден, узак аңгеме, экинчиден, окурмандык даярдыгы жок адам бир окуганда кабылдоого кыйын чыгарма. Негизи адегенде көңүлүм түшүп калган чыгарманы, ага байланыштуу макалаларды окуп чыгам, авторду изилдейм, бир сыйра котором, эртеси күнү котормого киришкенде мурунку которгон сүйлөмдөрдү жосулайм, сөздүктөр менен иштейм, бүткөндөйн кийин кайра салыштырып которуп чыгам, үчүнчү ирет отурганда көркөмдүк жактан иштеп чыгам.
– Котормочу – бул жөн гана “тил аралык көпүрөбү” же ал да кошумча автор деп эсептейсизби?
– Котормочу – автордун аманатын которулуучу тилдин элине жеткирүүнү озуйпа катары көргөн чыгармачыл инсан. Бир канча жыл мурда Европа чыгармачыл бирликтеринде котормочунун аты-жөнүн китептин мукабасына автор менен катар жазуу сунушталып, ишке ашырылып келет.
– Англис тилдүү дүйнөдөгү кайсы авторлорду кыргыз окурманы сөзсүз окушу керек деп эсептейсиз?
– 90-жылдарга чейин У. Шекспир, А. Кристи сыяктуу белгилүү чыгармачылдарды кыргыз окурмандары жакшы билип келишсе, маданият алмашуу, дүйнө таанымын, эстетикалык табитин кеңейтүү максатында Э. Хемингуэй, У. Фолкнер, Ж. Лондон, Э. А. По, Х. Ф. Лавкрафт, К. Воннегут, И. Шоу, Р. Даал, А. Маршалл өңдүү Америка, Англия, Австралия өлкөлөрүнүн авторлорун окушса, аң-сезимине арбын көрөңгө байыр алат деп ишенимдүү айта алам.
– Кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгү жөнүндө көп айтылат. Сиздин практикалык тажрыйбаңызда кыргыз тили кайсы учурда өзгөчө күчтүү, кайсы учурда алсыз болуп чыкты?
– БУУнун 6 тилинин катарына кирген англис, француз, орус тилдери азыркыдай байманалуу тил болуп калыптанышы үчүн бери жагы 500 жыл, ары жагы ондогон кылымдарды карыткан. Орус тилинин өзүнүн сөздүк кору 25 пайызды гана түзөт, калганы латын, грек, англис, француз ж.б. тилдерден өздөштүрүлүп, байыган. Ал эми кыргыз тили иш кагаздарынын тили катары бир кылымдан араң ашканына карабастан, кыска мөөнөттө илимдин, чыгарманын тили боло алды. Ал эми көркөм котормого келсек, жарым миллиондон ашык саптан турган “Манас” триологиясы баш болгон адабияттын үлкөндөрүн жараткан жана алып жүргөн тилибиздин шааниси, чамасы да дүйнөдөгү бардык чыгарманы которууга толук жетет.
– Бүгүнкү жаш котормочуларга эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз: тил билүүбү, адабий табитпи же чыдамкайлыкпы?
– Дээрлик бардык чыгармачыл инсандар, жазуучу, акын, драматург болсун, котормонун акырына баш салбай койгон эмес, ал турсун өз чыгармачылыгын ушул жаатта баштагандар бар. Маселен, Ч.Айтматов В.Катаевдин “Полктун уулу” повестин, М. Бубеновдун “Ак кайың” романын которгонун айтсак эле жетиштүү болор.
Чыгармачылда таланттын шыбагасы сөзсүз болууга тийиш, эң маанилүүсү – эбегейсиз эрк жана туруктуулук менен изденүү гана жыйынтык берет. Сөзсүз түрдө тил билген, көп окуган гана инсанда жазуу, которуу көндүмү болот.
– Сиз үчүн котормо – кесиппи же руханий муктаждыкпы?
– Адамзаттын кайсы бир доорлорундагыдай жалаң жазуучулукту же котормочулукту кесип кылсак, рынок экономикасы, инфляция, атаандаштык шартында күндөлүк муктаждыктарды канааттандыруу кыйын. Убакыт боло калганда ары жактагы эргүүнү күч менен басып токтотуу окурман алдындагы ариет жол бербейт.
– “Гольфстримдеги алакандай адабият” китебинин окурмандары кимдер деп элестетесиз? Бул китеп кимдерге арналган?
– Бул китеп замандын катаал капшабына кептелип, тагдыры буюккан, ыйлатып-сыктаткан китептерди, бульвар адабиятын окуганга көнгөн окурмандарга эмес, ар бир сүйлөмүндө, ал турсун сөзүндө чыгарманын аякташына таасир бере турган кыйытма маани (подтекст), өтмө ой камтыган, окурмандын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, эстетикалык табитин өстүрүүгө кеңири жол ачкан китептерди издеген китепкөйлөргө арналган.
– Алдыда жаңы котормолор же адабий долбоорлор барбы? Кыргыз окурманын кандай чыгармалар күтүп турат?
– Адабий долбоорлорду мен укпай калып атамбы, айтор, азырынча катыша элекмин. Бир эсе түйүндүү, аягы күтүлбөгөн окуяларга карк, кыргыз кыртышына келе элек аңгемелер окурмандарга “кыбыраган кыр ашат” принцибинде тартуулана берет деп айта алам.
– Котормочулуктан сырткары эмнеге кызыгасыз?
– 2018-жылдан бери алыс аралыкка (21 км 97 метр) чуркоо боюнча Бишкек, Алма-Ата, Ош, Чолпон-Ата, Манас, Талас шаарларында өткөн эл аралык мелдештерге катышып жүрөм. Программага жараша күнүгө он километрден 22 километрге чейин чуркайм, ар бир булчуңга ылайык көнүгүүлөрдү жасайм, булчуң чойгон өмүрдү чойгонго барабар эмеспи, керилем-чоюлам. Туура тамактанганга аракет кылам. Жашында турникке жетпегендин колу алтымышка жетпей таякка жетет. Изилдөөлөргө ылайык бир сааттык көнүгүү үч сааттык өмүрдү узартат.
Андан тышкары табият койнунда жүргөнгө, айрыкча чокуга чыкканга көңүлүм тартып турат. Ала-Арча капчыгайындагы Мугалим (4530 м.), Бокс (4240 м.), Комсомолец (4204 м.), Арстанбап токоюнун жогору жагындагы Бабаш-Ата чокусуна (4493 м.) чыгып келгем. Тоого чыкканда чыдамкайлык, күч, координация артып, эркти бекемдейт, менталдык саламаттыкка оң таасир берет. Тереңде жаткан булчуңдар да кыймылга келип, булчуңдарды бекемдейт, чыдамкайлык артат. Тоодо кычкылтектин аздыгы метаболизмди жакшыртып, митохондриялардын регенерацияланышы ишке кирип, клеткалык жаңылануу жүрөт. Ички тең салмактуулукту кармоого, тынчтыкты сактоого жол ачат. Айрым учурда өмүргө тете жагдай жаралганда тез чечим кабыл алууга көнүктүрөт, түз жердеги адам баласынын маселеси болор-болбостой нерсеге айланып калганы ошондон. Тоодон түшүп келатканда адам өзүнө өзү ыраазы болуп, эмоциянын күчтүү толкунуна кабылат, кайра келгиси келет, тоо кайра өзүнө чакырат.



