Теннесси УИЛЬЯМС: “Жамгырдай сагынычтуу сүйлөп берчи, мен тыңшайын”

 

Пьеса

КАТЫШУУЧУЛАР: Аял жана эркек

КӨШӨГӨ: Манхэттен борборундагы сегизинчи райондун батыш тарабындагы үйдөгү мебелдери бар бөлмө. Керебетте уйкудан эми ойгонгон эркек ич кийимчен жатат. Түндөсү аябай ичкени байкалат. Жааган жамгырдан улам бүркөк асман фонунда түнөргөн жалгыз терезе тушта аял олтурат. Колуна кармаган ыстакандагы суудан чымчык сымал аз-аздан ууртайт. Экөөнүн тең жүзү кароосуз калган балдардай жүдөңкү. Бири-бирине сылыктык менен кайрылып, сыпайы гана мамиледе экендиги байкалат. Эки жападан жалгыз балдар бири-бири менен эми гана достошкусу келгенсип жана мындай нерсе аларда улам-улам кайталана берип, эми алардын маегинде эч кандай бири-бирин жек көрүп же өкүнүп жатканы байкалбаган томсоруңку көрүнүш.

Эркек: (үнү киркиреп.) Саат канча болду? (Аял бирдеме деп күңкүлдөйт.) Эмне дейсиң, жаным?

Аял: Жекшемби.

Эркек: Жекшемби экенин билем. Саатты бурап койсоң боло.

(Аял арык колдорун кырмызы түстөгү эски кимоносунун жеңинен сууруп алып, суу куюлган ыстаканды алат да, бир ыстакан суу да оордук кылып жаткандай эңкейип керебетте ага карап турган эркекке сунат. Жакын арадан мандолиндин коштоосунда чыккан музыканын илең-салаң үнү бир нече жолу угулат. Испан тилинде жазылган «Estrellita» ырына окшош обон.)

(Бир маалда жамгыр башталып, спектакль бүткөнгө дейре дыбырап жаап турат; терезе туштан бир топ көгүчкөн шатырап учуп өтүп, ары жактагы ар кайсы терезеден балдардын чурулдаган үнү чыгат.)

Балакай үнү:

Жамгыр, жамгыр жаачы дагы себелеп,
Жамгыр үнү балдар үчүн керемет.
Жамгыр менен бүткүл аалам тазарат,
Жамгыр шаарды жууп кетти тазалап.

(Бир аз туруп бул ырды ары жактан дагы башка балакай айтып кирет.)

Эркек: Кызык, мен жумушсуздарга берилчү акчамды алдым бекен? (Аял колундагы ыстакан оордук кылып жаткансып алдыга эңкейе басып, ыстаканды анын катуу үнүнөн чочуй тургансып текчеге акырын коёт. Бырс күлүп алып, демин ичине тартып туруп калат. Эркек үмүтсүз кебин улайт.) Ал акчаны алдым окшойт. Кийимдерим кана? Чөнтөктү карачы, чек жок бекен.

Аял: Мен сени издеп жүрсөм, өзүң кайтып келдиң. Чекти алып, керебетке кат таштап кетипсиң. Кол жазмаңды такыр окуй албай койдум.

Эркек: Эч окуй албадыңбы?

Аял: Телефон номерин гана окушка жарадым. Ал номерге чалсам, ал жактагы ызы-чуудан түзүк эчтеке угулбады.

Эркек: Ал жактагы ызы-чуудан?

Аял: Ооба, ал жактан тынбай ызы-чуу угулуп турду.

Эркек: Кай жактан?

Аял: Билбейм. Кимдир бирөө: «Келе кал» – деп айта салып, трубканы коюп койду. Кайра чалсам, линия бош эмес деп туруп алды.

Эркек: Колума «Miller’s High Life» сырасын кармаган бойдон муз чыланган ваннадагы сууда сулап жатыпмын. Денем көк-ала так. Дайрага жакын аймакта, чыгыш тараптабы, же Гудзондобу, дарегин так билбейм. Азыр адамдар мас болуп эсин жоготкон кишини өлтүрүп салыштан деле кайткыдай эмес. Тепкичтен ылдыйга томолото тепкилеп түшкөндөй денем бүт зыркырайт. Бир жолу башы-көзүмдү жарып кетишкен. Андан кийин өлөрчө тепкилеп, таштанды челекке ыргытып салышкан жеринен эсиме келгем. Денем кесилген, күйүктөн калган так. Эсин жоготкон адамды кордогон ушунчалык кара өзгөй адамдар бар экенине зээним кейийт. Ваннадагы муз чыланган сууда ойгонор замат, ал жайдан атып чыгып, мейманканага кирип баратканымда башка эшиктен кимдир-бирөөнүн сыртка чыгып бараткан үнү угулду. Сыналгы иштеген бойдон турат да, арыда пластинкада музыка ойноп жатат.

Бөлмөнүн ар кайсы жеринде үстүнө түрдүү даам коюлган үстөлдөр жайнайт: сүрсүтүлгөн эт, тоок эти жана ичимдиктин бардык түрү куюлган бөтөлкөлөрдүн кээ бири ачылса, кай бири ачылбастан калган. Чакаларга эриген муз салынган. Мен кирер замат, кимдир бирөө эшикти жаап чыгып кетти… (Аял ыстакандагы суудан ууртайт.) Кимдир бирөө… Эшик тарс жабылар замат, эшик тарапты тыңшасам, сырттан лифт эшиги жабылганы угулду… (Аял ыстаканды ордуна коёт.) Дайрага жакын мейманкананын бул кабатында кийим-кечектер ар кайсы жерде чачылып жатат. (Ачык терезе туштан көгүчкөндөр шатырап учуп өтүшкөндө, аял селт этип чочуп кетет.) Ич кийимдер! Көйнөк, галстук, байпак жана ушул сыяктуу.

Аял: (Аран жаң.) Кийимдер?

Эркек: Ии, кийим-кечектин түрү. Чакчалекей будуң-чаң мушташышкан окшойт, айнектин сыныгы жерде чачылып, жанында шкаф аңтарылып жатат.

Аял: Иий!

Эркек: Зордуктоо болгон окшойт.

Аял: Сен ал жерде белең?

Эркек: Ии, ваннада… муз чыланган…

Аял: Аай-иий!

Эркек: Трубканы алып, кай жер экенин сураганымды билем, бирок алар эмне деп жооп беришкени эсимде жок… Ичкенге суу берчи. (Экөө тең ордунан бир убакта козголуп, бөлмөнүн чок ортосунда бет маңдай карашат. Ыстакан колдон колго сунулат. Эркек аялды үңүлө караган бойдон ыстакандан суу ууртайт, оозун чайкап, аялды дагы маанай суз карап турат да, сууну терезеден ары түкүрүп таштайт. Андан соң аялдын маңдайына келип, ыстаканды ага сунат. Аял да суу ууртайт. Эркек аялдын койкойгон мойнун алаканы менен кармалап туруп калат.) Көргүлүктү куп көрдүм! (Пауза. Мандолин чертилип баштайт.) А сенчи? Мага өзүң тууралуу айтып берчи. Кай жакта кантип…

(Эркек аялды маңдайдан сылайт. Аял көзүн жумуп, кишини сылаганы колун көтөрөт. Эркек колун тартып алып, аялдын үстү-башын астейдил тиктеп, анын колун эрдине такайт. Эркек колун коё бергенде, аял анын баланыкындай арык көкүрөгүнөн сылап, андан соң жүзүн анын көкүрөгүнө катат. Эркек аны моюндан сылап, ачык көкүрөгүн сыйпалап туруп калат. Мандолин катуурак чертилип баштайт. Аял башын анын далысына жөлөгөндө, ал аялды кымча белинен өзүнө имере тартат. Эркек кебин улайт.)

Эркек: Качантан бери бир үйдө эки бейтааныш адамдай жашап келебиз. Бири-бирибизди таап, кол кармашып жашоону уланталы. Сүйлөп берчи! Мен карайлап калдым!… Бассам-турсам оюмдасың, бирок сага чалышка батына албай жүрдүм, кымбатым. Сени ойлойм, бирок чалыштан корком. Сага чалып, сенсиз күнүм бир кылымга татып кетерин, колдон-колго коко тыйындай ыргытылып жашап калганымды айтып, анан трубканы коюп салгым келчү… Мен бул шаарда сенсиз карайлап калдым…

Аял: Сен менден кеткени тамагымдан суудан башка эчтеке өтпөй калды. (Аял ага карап жылмайып коёт. Киши акырын күңгүрөп аны кучактайт.) …Кээде бир аз кофе, анан суу гана өтөт! (Аял акырын күлөт.)

Эркек: Мага сүйлөп берчи, жаным. Дагы сүйлөп бересиңби?

Аял: Албетте!

Эркек: Нөшөрдөй сагынычтан сүйлөп берчи, мен тыңшайын. Керебетте жаткан бойдон жамгыр үнүн тыңдап жаткым келет.

(Эркек керебетке көмкөрөсүнөн кулайт да, манжалары менен полду утур тыкылдатып аялды тыңдайт. Мандолинден чертилген күү сыбызгып чыгып турат.)

Эркек: Көптөн бери окшош күндө жашап келебиз. Сүйлөчү. Мен шаарда коко тыйындай колдон колго ыргытылып жүргөндө, сен эмне күндү көрдүң, ардагым? Мага чачылып-төгүлүп божурап берчи! Кана, ак жаандай бир төгүлчү, мен тыңшайын.

Аял: Мен…

Эркек: Ооба, сен! Мен да муну билишим керек, сураныч, нөшөрдөй бир төгүлчү, жаткан бойдон сени тыңшайын.

Аял: Мен сенден кетким келет.

Эркек: Кетким келет?

Аял: Мен сенден кетким келет!

Эркек: Кандайча?

Аял: Жалгыз! (Терс бурулуп терезени тиктейт.) Көл жээктеги мейманканага жасалма ысым менен катталам…

Эркек: Кандай ысым менен?

Аял: Анна Жонс… Бөлмө жыйнаган чыканактай пекене кемпир бар. Басса-турса небересин оозунан түшүрбөйт. Керебетти жыйнап жатып күбүрөнгөн кемпирди отургучта эки колумду туш тарапка жайып тыңшап олтура берем. Небереси тууралуу сүйлөй берет, сүйлөй берет… Небереси эмне жеп, кандай кийингени тууралуу деле айта берет. (Аял терезе тушка олтуруп, ыстакандан суу ууртайт.) Ичи салкын карангы бөлмөгө күбүр-шыбыр үндөр келип турат.

Эркек: Жамгыр үнү?

Аял: Ооба, жамгыр.

Эркек: Анан?

Аял: Көңүл жарасы жуулуп кетет.

Эркек: Аның ырас…

Аял: Бир аздан соң кемпир бөлмөнү иреттеп койгонун айтып, чыгып жөнөйт. Ыракматымды айтып акча сунам. Эшик жабылган соң, кайрадан жалгыз калам. Көгүш терезе жапкычы бар бийик терезеден дыбырап жааган жамгырды тиктеп тура берем. Жашоомду сырттан дыбырап жааган жамгыр үнү келип турган ичи салкын караңгы бөлмөгө окшотом.
Эркек: Жамгыр…

Аял: Ар жумада почтадан өзүмө жетерлик чек келет. Чыканактай пекене кемпир чекти акчага алмаштырып, китепканадан мага керектүү китептерди алып келип таштап, кир кийимдеримди жууганга алып кетет… Аппак кийимдер өзүмө куп жарашат. Менде деле ашып-ташкан ал жок, көл жээктеп бассам кадимкидей чыйрала түшөм… Кечкисин көл жээгинде аянтчада басып жүрө берем. Жээктин күркөлөр жайгашкан тарабында Виктор Хербергдин ырларын ойногон оркестр үнүн бир оокумга дейре тыңшап олтура берем… Жашаган жерим – жабылма терезеси бар кенен бөлмө. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр. Кечкисин чарчап-чаалыккан жаным жамгыр үнүн тыңшап жатып өзүмө келип, жүзүмдөгү бырыштар азайгансып жашара түшөм. Дос-жарым жок, таанышым да жок, ошого көнүлдө санаа да жок. Уйку келгенде, мейманканадагы чакан бөлмөгө бет алам, кирип баратканда эшик кайтарган киши: «Кутман кеч, Жонс айым» – деп ар дайым озунуп салам берет, ага жылмайган адам болуп, ачкычты алып кирип кетем. Гезит окуганды, үналгы тыңшаганды таптакыр жыйыштырып салганыма көп болгон; Ааламда эмне кеп – билсем өлөйүн. Мезгил кантип зымырап өтүп жатканы билинбейт… Бир жолу күзгүдөн өзүмдү үңүлүп карасам, чачымды ак аралай баштаптыр, бул чакан мейманканада жасалма ысым менен дос-жары, таанышы жок, сырткы дүйнө менен байланышты үзүп салганыма туура жыйырма беш жыл толгонун ошондо билдим. Буга кайгырбадым да, кубанбадым. Жай турмушта жашап жүргөнүмө шүгүр. Кийин анда-санда киного барчу болдум. Эң арткы катардагы орундукта бейтааныш адамдарга катарлаш олтурам. Эки көзүм экранда. Ойдон чыгарылган каармандар. Чыгармадагы адамдар. Көзү өтүп кеткен жазуучулардын китептери менен күндөлүктөрүн окуйм. Бир кездеги жашоомдо мага тааныш адамдарга караганда, ушул жазуучуларга жакын экенимди сездим. Маркум акындар менен достошуу мен үчүн кандай ыракаттуу, алардан аласам да, бересем да жок. Алардын коңур үнүн тыңшап керемет сезимдерге магдырап, китепти кармаган бойдон уктап калам. Эрте менен тып-тып жамгыр үнү кытыгылап ойготот. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр… Бир жолу китепти жаба салыпбы, же кечки он бирде кинодон келипби, айтор, күзгүдөн өңүмдү карай салып, чачым куудай агарганын байкадым. Көбүктүү толкун сымал агарган. (Аял ордунан туруп, бөлмө ичинде ары-бери басып сөзүн улайт.) Денемди кармалап көрсөм, камгактай болуп арыктапмын. О, кудай, ушунчалык арыкмынбы?! Жоголуп бараткансыйм. Өзүмдү таппай калчудаймын. Ошондо гана бул чакан мейманканада эч ким менен байланышып-баарлашпай, тиричиликти бүтүн жыйыштырып салып элүү жыл жашап койгонумду билдим. Жарым кылым. Бүтүндөй бир өмүр. Бул жайга келер алдын мага тааныш адам аттуунун биринин да ысымы эсимде жок. Мен издеп келген да, кеткен да из жок… Күзгүгө карап туруп, алгач ирет көл жээктей соккон шамалга багынып баратканымды, жердин жети түбүнөн соккон таптаза муздак шамалга алдырып баратканымды сездим. (Терезе түпкө олтурат.) Сыртка чыгам да көл жээктеги аянтчада андан бетер арыктап жоголуп кетмейинче басып жүрө берем.

Эркек: Келчи гүлүм мага.

Аял: Улам-улам ичкергенден ичкерип, ичкерип, ичкерип! (Эркек ага барып, отургучтан күчтөп көтөрөт.) Ичкерип барып, муздак шамалдын суук койнуна житип кетерим чын.

Эркек: (Аялды алкымдан жыттап.) Жүр, жылуу уябыз – төшөккө кайталычы, кымбатым!

Аял: Мен сенден кетейинчи! Кетейинчи!

(Эркек аны коё бергенде, аял өксөп ыйлаган бойдон бөлмө ортосуна кайтып келет да, керебет четине олтурат. Киши күшүлдөй дем алып терезеден башын чыгарат. Эркек артына бүлбүл жарык түшүп, жамгыр дагы катуулай жаап келет. Аял калчылдап эки колун кайчылаштырып көкүрөгүнө алат да, өксөгөнү басылып, терең-терең дем алып олтурат. Бүлбүл жарык түшкөн бөлмөгө уңулдап шамал кирет. Эркек дале терезеден башын чыгарып турат.)

Аял: (Үнү жумшарып.) Келчи мага… Келчи мага, жаным.

(Ошондо эркек өзүн жоготуп аялга жанган айдай жарк этип, күйгөн оттой дүрт этип, ак жамгыр болуп, дайрадай ташып бурулду.)

КӨШӨГӨ.

Англис тилинен которгон Кубантай Эрназаров

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.