ТАМСИЛ “Амалдуу соодагер”
Илгери бир соодагер болуптур. Бир күнү ал бир айылдын жанында маймылдардын чоң тобу жашарын угуп калыптыр. Анан ошол айылга барып, айыл элине маймыл сатып алгысы келгенин жана кармалган ар бир маймыл үчүн 100 теңгеден төлөй турганын айтыптыр.
Айыл эли башында аябай таң калат. «Кантип эле бир тентек маймыл үчүн 100 теңге төлөсүн?» – деп ойлошкон эле алар. Бирок айрым адамдар маймылдарды кармап келип, соодагерге тапшыра баштаса, соодагер убада кылгандай ар бир маймыл үчүн 100 теңгеден төлөп бериптир. Бул кабар бүт айылга чагылгандай тездик менен тарап кетип, башка адамдар да маймыл кармап келип, соодагерге сата башташыптыр. Бир нече күндөн кийин соодагер эми ар бир маймыл үчүн 200 теңгеден төлөй турганын жарыялап, муну уккан айыл эли калган маймылдардын баарын кармап келүүгө киришти. Соодагер дагы убадасынан кайтпай, ар бир маймыл үчүн 200 теңгеден төлөп берип атты.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал дагы бир жарыя жасап, эми ар бир маймыл үчүн 500 теңгеден төлөй турганын айтты. Адамдар калган акыркы алты-жети маймылды да кармап келип, ар бирин 500 теңгеден өткөрүп беришти.
Ошондон кийин эл эми эмне болот экен деп күтүп калышты.
Бул аралыкта соодагер бир жумалык эс алууга кетерин жана кайтып келгенден кийин ар бир маймыл үчүн 1000 теңгеден төлөй турганын билдириптир. Ошондой эле өзү жок кезде жардамчысы буга чейин сатып алынган маймылдарды карап турарын айтып кетиптир.Соодагер кетти. Айыл эли болсо 1000 теңгеден пайда табуу мүмкүнчүлүгүнө сүйүнүп, бирок кармай турган маймыл калбай калганына өкүштү.
Ошол учурда соодагердин жардамчысы жашыруун түрдө айыл эли менен байланышып:
«Эгер кааласаңар, бул маймылдарды силерге ар бирин 700 теңгеден сатып берем», – дептир.
Бул кабар да чагылгандай тарап кетиптир.Эл болсо: «Соодагер келгенде ар бир маймылды 1000 теңгеден сатып алат экен. Демек, ар биринен 300 теңгеден пайда көрөм», – деп сүйүнүштү. Эртеси күнү маймылдар турган жайдын алдында узун кезек пайда болду жана соодагердин жардамчысы маймылдардын баарын 700 теңгеден сатып бүтүптүр.Айылдын байлары көп маймыл сатып алышыптыр. Кедейлери болсо үстөкчүлөрдөн карыз алып болсо да калган маймылдарды сатып алышыптыр.
Андан кийин эл маймылдарды багып, соодагердин келишин чыдамсыздык менен күтүп баштаптыр.Күтүшүптүр…
Бирок эч ким келбейт имиш. Ошондо адамдар соодагердин жардамчысын издей башташыптыр. Тилекке каршы, ал дагы эчак дайынсыз болуп кеткен экен.
Ошондо гана айыл эли эч кимге кереги жок, эч ким сатып албай турган тентек маймылдарды 700 теңгеден сатып алышканын жана чоң алдамчылыктын курмандыгы болуп калышканын түшүнүшүптүр…


