Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА “Турар Кожомбердиевдин поэтикалык чеберчилиги”
“Эшикке чыксам укмуш, апа,
Ары-бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда,
Ай жатыптыр жалтырап.
Басып барып акырын
Колум сунуп батыраак,
Жаңы кармап алаарымда
Сынып калды чачырап”.
№5 мектеп-гимназияда 10-класста окуп аткан кезибизде апам өзүнүн классына “Сен сурасаң үзүп алып очоктон, күйгөн отту сунаар элем букеттей” деген темада ачык сабак өтүп, акындын эже-жездеси, жазуучулар, мектеп мугалимдери, окуучулар катышып, кече бүткүчө эл түгөл ыйлаган. Бул акындын эне тууралуу ырларына, алардын жеткиликтүү окулушуна байланыштуу эле. Ошол кеченин таасири менен университетте дипломдук ишти акын жөнүндө жазып, кандидаттык диссертациямды 2001-жылы 21-июнда “Турар Кожомбердиевдин поэтикалык чеберчилиги” деген темада коргодум. Илимге алгач баш багышыма, ошентип, апам себепкер болгон.
Төмөндө гезитке ылайыктап жазган ошол кездеги макала:
ТУРАР КАНДАЙ КИШИ ЭЛЕ?
Көптөн бери келем деп чолоо болбой, чыгынып келген мен, Уулча эже, Осмонаалы жезде болуп сүйлөшүп олтурдук. Эшиктин суугу, тиричилик, жашоо-турмуш тууралуу болсо дагы сөз учугу айланып келип эле акынга такалат. Чөнтөгүнө нан менен чоң чакмак кантты салып эшикке “тыз” койгон тентек, шок баланы эжеси далай ирет Эркиндик гүлбагындагы арыктагы сууга кантын малып, нандан жеп кыялданып олтурган жеринен жетелеп келчү. “Аккан сууда арам жок” деп табияттын тартуусунан кылдай шек санабаган нукура элдик ишеним менен түшүнүк ошондо эле беш жашар баланын кан-жанында бар окшобойбу. “Туке, минткен уят болот, тамакты үстөлгө отуруп дасторкондон жеш керек” деп жашоонун жол-жобосун, этиканын эң биринчи жөнөкөй ыкмасын үйрөткөн Уулча эженин күлүп да, ыйлап да түшүндүрүп, берген тарбиясы акынды акын, эң ириде адам кылгандыр деп ойлойм.
“Бирде көзү, бирде мурду көгөрүп, бир күнү да койгулашпай жүрбөгөн. Ошол менби?” деп кийин акын өзү таң берген балалык дээрлик ушул үйдөн башталган. Терезеси короону караган ушул ашканада, ушул үстөлдөн тамактанган. Береги шкаф, береги диван, табуреткалар дагы ошол бойдон. Ушул дубалдар дагы туура жарым кылымды карытышыптыр. Ал ортодо андагы энесинен эрте ажыраган балага эне болгон эжеси Уулча да, артыкча камкор, мээрман жездеси Осмонаалы да ошончо мезгилди арытышыптыр. Анан ушул чакан үйдөн башталган поэзиянын жолу кыргыздын кыйырына кетиптир. Акын жараткан “Көлчүктөгү айдан” башталган жыйырмага чукул ыр китептин эң кийинкиси “Кыл чокулардан” башкасы бүт ушул үйдө жазылган. Олбурлуу, чоң, “дөөдөй” жигиттин акындыкка чейин өзүнөн чоң аспаптарды көтөрүп келип, таң аткыча музыка жаратат элем деп түйшүк тарткандагысы, анан “Менден музыкант чыкпайт экен, акын болом” деп эжесине сыр төгүүсү, анан “чү” дегенде эле жупкадай биринчи китеби менен дароо окурман журтун дүң кылган ийгилиги – акын басып өткөн жолдун алгачкы чыйыры ушулар.
Чоң талант менен дүйнөгө белгилүү микрохирургду өстүргөн адамдардын айткандарын эшитип, колдорунан даам сызуу дагы бакытпы дедим, “Кудай жолуңду ачсын, биздин көзүбүз барда, сурачуңду сурап, кандидаттыгыңды жактап алсаң экен”, – дейт Уулча эже. “Силер өлбөгүлө. Андан кийинки иштериме ким жардам берет эле”, – дейм мен. Акындын “Экинчи энем Уулчага” деген ырына жазылган Сардарбек Жумалиевдин обонун уккканда, эженин көздөрүнө кайрадан жаш тегеренди. Ырдын кайрыктары Жолдубай Кайыповдун “Атам менен энеме” аттуу ырын (сөзү Т.Кожомбердиевдики) эске түшүрөт. Көрсө өз доорунун көздөй таланты болгон бул адам өзүнүн башталышына себепкер болгон жакындарынын алдында уулдук милдетин унутпаптыр. Анын мисалы – Уулча Кожомбердиевага арналган үч ыр.
Акын Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жылкычы, ары балбан, айылда кадыр-баркы күчтүү, сөзмөр Кожомберди аксакалдын үйүндө төрөлгөн төртүнчү бала. Улуусу – Уулча, анан Гүлүмкан, Эркин. Энеси Гүлнар Турар үч жашта экенде оорудан көз жумат да, 4-класска чейин айылдагы мектептен окуп, андан соң үйдөгүлөр мал менен Суусамырда кыштамак болгондон улам, эжесинин колуна келип, ушул жерден эс тартып, борбордогу жалгыз кыргыз мектеп болгон №5тен билим алат. Азыр гимназия аталган бул окуу жай партага жазылган көп саптары менен акындын окуучулук чактагы далай окуяларына күбө болгон окшобойбу. Утур-утур класс жетекчиси телефон чалат келип кеткиле деп. Дагы эмненин ичинен чыкты экен деп келсе эле, эжесине арызданган кыздар. Бир урду дейт, бири чачыман жулду дейт, айтор, классташтарынын көкөйүнө көк таштай тийиптир. Анда Уулча эже инисин какыс-кукус кылып, бир ооз катуу кеп айтмак тургай, “эчтеке болбойт, балакетиңди алайын, ага эс киргенден кийин өзү эле коюп калат, чачыңардан да жулбайт, азыр ал кичине да” деп кайра кыздарды сооротчу тура. Табиятынан акындардын жүрөгү назик болот. Уулча эже ошондо эле аяп-жазгап, өтө этият, аяр мамиле кылып, кийин инисинин акын болоорун сезгендей, көңүлүн оорутпайын деген белем. Эгерде өлгөн адам ый менен көз жаштан тириле турган болсо, эң ириде Турар акын тирилмек. Эжени көргөн сайын ушинтип ойлойм.
Өйдө чыксам өбөгүм,
Ылдый түшсөм жөлөгүм.
Чымчыктайдан жетелеп,
Чынар кылган бөбөгүм.
Баралдан кечкен кечүү элең,
Балакетиң алайын,
Балпайып келип кучактап,
Падышам эжем дечү элең.
Ай тийген ойдо кечүү элең,
Айланайын Тукеним,
Алдымдан чыгып кучактап,
Алтыным эжем дечү элең.
Күн чыгады кылайып,
Күнүгө эстеп кеп салып,
Күйүп-бышкан аял жок,
Ан үчүн
Күйүп ыйлайм муңайып.
Ай чыгады кылайып,
Алпештеп баккан Акылды
Атасыз жетим дегенде
Арманда болом муңайып
– деп өмүрүнүн көбүн күйүткө алдырып, саамайынын далайын агарткан. Ара-чолодо алпурушканы – акындан калган китеп-кагаздар, соороткон нерсеси – өткөндөр. Үйдө экенде Турар ыр жазып атканын билишсе, ар бир ирет маанилүү окуядай өзү да, үй-бүлөсү да, ал тургай кичинекей уулу Алмаз да (Алмазбек Исманкулов – көздүн микрохирургу) үч бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүндө шырп чыгарбай отурушат. Анан акын эжесине оргуп-ташып ыр окуйт. Ырларында баары бар – тоо, кыргыздар, жылкычы атасы менен балалык, эне…
Баса, эне темасына келгенде акындын ырларын барактап олтуруп “Эне” деп аталган узун, жарык, керемет бир галереяга кирип-чыккандай болосуң. Аял затынын күнүмдүк майда тирлигинен баштап, толгоо, бала төрөө, аны өстүрүү, ал тургай көз жарбай арманда калуу, ички сезим, айтор, аялдын кубанычы менен кайгы-касырети, түйшүгү, өмүрү бүт бойдон көз алдыга тартылат. Бул темага келгенде мынчалык кылдат экендиги – анын энесине болгон кусалыгынан уламдыр. Батин аттуу кызынан башка удаасы менен алты уулу чарчап көңүлү үшүгөн эне акыры ушунум аман калгай эле, ушунум Турар бекен деп Кудайдан тилеп, ырымдап атын коюп, көзүн ачкан баласына жалаң таруу салып кайнатылган сүттү берип бапестеп баккан. Каруусунда уктап калса ойготуп албайын деп уюган колун албай таң тосуп, киринтээрде сууну көрсө бакырыкты салган уулунун ыйын угууга жүрөгү даабай, эки-үч үй ары кошунасыныкында кыйпычыктап отуруп кайтчу эненин мээримин акын жүрөгү сезбей койчубу.
“Сен сурасаң үзүп алып очоктон, күйгөн отту сунаар элем букеттей” деп, берээрге оттон бийик белек таппаган акындын сүйүүсүн өзүнүн кийинки апасы Касыкеге жасаган мамилесинен улам көп эскеришет. Чогуу-чаран Сары-Булакка барып, кайтаарда дөөдөй болгон Турар күрөктөй колдору менен кичинекей сары кемпирди аяр колтуктап, короонун бир бурчунда күдүң-бүдүң болуп калчу. Экөөнүн эмне “секреттери” бар деп күлүп калышчу. Көрсө акын “айыл-апага барганга” деп беш-он сомдон катып да берчү тура. Кожомберди аксакалга андан киийн да тогуз бала төрөп берген кемпирдин Турар өлгөндө күйүттөн чөгүп, колундагы балдарынан андай-мындай кеп укканда, үйдүн жанында дөң бейитти карап алып: “Турар эле, Турар, мени ушуларга кор кылып эмне таштап кеттиң” – деп боздогонун көргөн эл бир таң калбадыбы. “Жылуу сөз жан эритет” дегендей, а көрсө жылуу мамиле өгөйлүктүн жолун да бууйт тура. Айылга каттаган сайын “келиндериңди катуу карма, башкар, коркпо” деп үйрөтүп кайтат. Аны уккан эжеси жемелейт: “Келиндерине көкүткөнүң эмнең. Тынч жашагыла дебейсиңби андан көрө” – деп. Бир жолкусунда шатыра-шатман келип, анан сүйүнчүлөп: “Апам молодец, келиндерин бүт тизиптир. Катырыпсың дедим” – деп каткырып атпайбы. Көңүлү көтөрүңкү. Жаш баладай кудуңдап алган. Турар уулуна ишенген курган демейдеги жоош, момун кемпир келиндерин айда-а тартипке салыптыр.
Мындай карасаң “а” деген арипти алгач тааныган чөйрө калаа болгон соң тилди да билбей, дилди да билбей шаардык болуп кете турган Турардын жөнү бар болчу. Бир көргөн адамга алаңгазар, чоң муштум көрүнгөн, университетте экенинде арактын да, башканын да акесин тааныткан, бир жолкусунда өзү жалгыз он жигитти токмоктоп, милицияга түшүп, болгон окуянын чоо-жайын билишкен соң таң берип тартип сактоочулар аке-жакелеп өзүлөрү жолго салган жигиттин көкүрөгү, дили да, кулк-мүнөзү да табиятынан тоолук болуп жаралган тура. Мунусун:
Мен тоолордо төрөлгөм,
Мен тоолордо көгөргөм.
Ат үстүндө эмизип,
Апам бешик өңөргөн
– деген саптарында айтат. Тоого болгон арзуу, тоого болгон сагыныч – акындын дүйнөсүндөгүлөр. Бир да жума калтырбай жанында бир тыйыны жок болсо да 80 чакырым алыстыкка веловипед менен барып келбесе санаасы тынбаган студент атасы менен апасын, бөбөктөрүн, айылын көрүп бир сүйүнүп кайтат. Аларды эстегенде ого бетер толкундап ыр жазат. Дароо Уулча эжесине окутат. Биринчи сынчысы пикирин айтат. “Токтогул ГЭСи” чыкканда го, “Ээ Турар, китебиңе анча бышпаган ырларды деле киргизип ийгенсиңби”, – десе, “Эже, аларды анчалык иргеп-талдап отурсам, топ жетимди ким багат” деп тамашалап атпайбы. Азыр андагы чөбүрөгөн балдар өзүнчө түтүн булатып, очор-бачар болушкан. Ар биринин үйүндө акындын сүрөтү менен китептери аялуу, кымбат буюмдай баркталат. Төрөлгөн, көз жумган күнүдө айылдагы жалпак үйдү шаңга бөлөп, бала-бакырасы мейман тосуп, акынды эскерүү нооруз менен орозодой эле салтка айланган. Анан дагы өткөн жайда акындын ысымындагы айылдагы мектепте борбордон келчү акындын эжеси менен замандаштарын күтүп чак түшкө чейин аттестат менен күбөлүк тапшырылбай, ысык күндө тизилгени тизилген бойдон чыдамсызданып жол караган мугалимдер менен окуучуларды көрүп, ушул жөнөкөй, бирок бийик мамилеге таң бергеним бар.
Адатта атактуу адамдар ысымдары аркылуу гана айтылат. Алыкул, Турар, Жолон… Алар алган сыйлыксыз, наамсыз деле жөндөрү түшүнүктүү. 60-70-жылдары окурмандар чогулган чоң залдардын көркүн ачкан Турар акын болуптур. Эскергенде замандаштары дароо эле тулку-боюнан башташат. Ал жөнүндөгү ар бир окуя эргүү менен айтылат. Суз же дагы башкача айтууга мүмкүн эмес, арасына сөзсүз тамаша, күлкү кошулат. Бирөөлөр кылык-жоругун, башкалар акындын ченде жок ак көңүлдүгү менен боорукерлигин, дагы бири чынчылдыгын, бетке чабаарлыгын, тайманбастыгын, көктүгүн сөз кылышат же дагы башка. Көп мүнөзү жагынан ата уулу атасын жазбай тарткан. Кожомберди аксакал да эч кимден коркпогон, күрөшкөндү көтөрүп чапкан, кадимки Кожомкул балбан менен кол алышкан адам болгон.
Өзүнчө түтүн булаткан соң өмүрү өтөөр өткөнчө бир бөлмө тамда жашап, “Бир четинде Кундуз жууруйт камырын, бир четинде Турар жазат жаңы ырын” дегениндей, Жазуучулар Союзу тарабынан берилген үйдөн “кезекте мага чейинкилер турса, мен кантип алат элем” деп баш тартып жакын санаалаш адамдарын таңдандырып, сунуш кылган Асанбек досун (Стамов) ыңгайсыз кылат.
“Аттиң ай, дүйнө канча кең болсо да, ар дайым бир жеринен толбой калат” деп Алыкул айтмакчы, чыгармачылык жаатында канчалык жолдуу болгон менен үй-бүлөгө келгенде чекеси жылыырлык бүлө күтө албаганбы. “Акылайым аман болсун, андан башка не керек” деп кызына болгон сүйүүсү менен жашаган акын тагдырлашын тандаган кезде жолдуу болбогонун айтышат. Бул – жалпы эле атактуу адамдарга тиешелүү бир кемтик. Ал эми акындар үчүн сен толгонуп бир нерсе жазып, түйшөлүп жатканыңда, аныңды түшүнүп, ысыгыңды, суугуңду көтөрүп, кабагым-кашым дебеген жардын болбогондугунан өткөн арман жок. Ырас, ким бирөөнүн ички турмуш тиричилик мыйзамына баш багууга дитиң даабайт. Ошентсе да элдик болгон адамдын айланасында ар түрдүү ушак айың сөздөр айтыла берет эмеспи. Эмнеси чын, эмнеси калпын талдоо адабиятчыларга милдет деп жооткотом өзүмдү.
Андай дейбиз, мындай дейбиз, а бирок акындын артында эң негизгиси оргуштаган орошон ырлар калды, ал ырлардан өздөрүнүн кыял, үмүт, оюн тапкан окурмандар калды. Аны сүйгөндөр он жылдан бери алыс да, жакын да эмес бир тарапка – Сары-Булак айылындагы дөбөгө катташат. Көп тапталып жонго чыккан жол келип акындын бейитине такалат, издеп да убара болбойсуң. Турардын өзүндөй олбурлуу таш эстеликте болгону ушул саптар жазылган:
Муз болуп тоңуп калар ысык каным,
Күл болуп сөпөт болор алты саным.
Шондо да түпкүрүнөн ач өлүмдүн,
Дапдаана көрүп турам өмүр таңын.
Акынга таазим кыласың, куран окуйсуң. Эки жагында атайын айдап койгондой гүл өскөн жол менен түшүп келатып табияттын ушул тартуусуна таң бересиң. Төмөндө айыл көрүнөт. Чоң эмес, кадимки айыл, а бирок чоң талант чыккан, ошондой эле Субайылда Абдыкадырова, Бекбай Алыкулов, Жылкычы Жапиев, Медербек Назаралиев, Турсунбек Койчуев, Талип Ибраимов, Жоомарт Кадыралиев, Үсөн Кудайбергенов өңдөнгөн белгилүү акын, журналист, сүрөтчү ж.б.лар чыккан берекелүү айыл. Араба менен машие өтсө көчөсүнөн чаң ызгыйт да, кичине кыз ийрелеңдеп суу көтөрүп, жаш балдар келгендерди сонуркап тосуп, ыйбаа менен узатат. Узап атып акындарды – Анатай агай менен Майрамкан эжелерди ээрчип бул чөлкөмгө дагы көп сапарым бардыр деп кайттым…
Аида Эгембердиева,
Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
“Азия нуру”, №20, 1999-жыл


