Нарсулуу ГУРГУБАЕВА: “Күзгүсү сынып калган перилерди, үлгү эмес жандар жолдо баштап барат”
Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырларынан жана котормолорунан сунуштайбыз.
* * *
Буюмбу, адам болсун, суранарым,
керексиз деп санасаң, керексиз де!
Туш келди жашасын деп, Кудай дагы,
туш келген нерселерди берет бизге!
Баш тарткын кереги жок нерселерден,
баарын айт учурунда, кечкенде кеч!
Жоголсоң, жоктобогон, эстебеген,
жандарга жаман болгон эчтеке эмес!
Ыйлаба, ыйлабагын, мүңкүрөбө,
керексиз бизге тиги, ушул дагы…
Кеменгер, кенен деген дүйнө деле,
өзүнө керек болсок, утурлады.
Билесиң, биз экөөбүз жаза бассак,
дүйнө азыр ый артынан ый чакырат.
Адамдын колу менен жашоо, максат,
сатылат, кыркылат же кыскартылат.
Кейибе күлүп, сынап караганга,
көп болсо, жаман сөзгө башың бышат.
Акты “ак” деп айта албай көп адамдар,
каранын “кара” экенин жашырышат.
Буюмбу, адам болсун, суранарым,
керексиз деп санасаң, керексиз де!
Туш келди жашасын деп, Кудай дагы
туш келди нерселерди берет бизге!
* * *
Карап турам каарып жааган ак карын,
каргалардын каарын тыңшап турамын.
Азыр жөнөп кете турган баштанып,
не дүйнөдөн жомокко жол сурадым?
Качандыр бир тең бөлүнүп сынды эле,
жаркын жашоо жаштыгыма алданып…
Жашаш кыйын коркпой эми, сүрдөбөй,
жашаш кыйын сынганынан калганын…
Мен жөн гана күн көрөмүн, жан сактайм,
көксөбөймүн көк кайкы муз ашууну.
Жаркыратып жашагандан жалтактап,
кумга катып турам кургур башымы.
Жомокторго кеткен жолду унуткам,
түстөрдү да ажырата албаймын.
Дүйнө сунган миң бир түркүн сунуштан,
акты тандайм, же караны тандаймын.
…Неге мага каршы согуп шамалы,
неге мени каарып кайра кар жаады?
Сынган жашоо сынган бойдон карарып,
көктөбөдү, куурап дагы калбады…
Карап турам каарып жааган ак карын,
каргалардын каарын тыңшап турамын.
Азыр жолго чыга турган баштанып,
мен дүйнөдөн жомокко жол сурадым…
Кайтышат каркыралар кыйкуулашып
1.
Кайтканда каркыралар кыйкуулашып,
азгырып кетти эле кең асманы…
…Мен ошол бойдон булкуп, чыркыратып,
жашоону жерге сүйрөп келатамын.
Булбулдар безеленсе, тура калып,
түнгө түн болуп сиңип кетким келет…
Өңү серт ошол көктөм тумандагы,
жадымда жаңыра элек, эскире элек.
Мага азыр кайрылыштан кайрылышка
чейинки жашоо гана даана маалым.
Капыстан кан дүйнө деп кайгы жутсам,
көзүмдү, кулагымды жаба аламын.
Эч нерсе болбогонсуп күңгүрөнүп,
дүйнө да билгениндей тегеренет…
Алыскы жолго чыкса ким бирөөлөр,
артынан ээрчип кетким келе берет…
Чакырат каяккадыр сырдуу жарык,
чачырайт асманымда, жанат, өчөт.
Кусадан өлүп аткан жылдыздарды,
кусалуу жандар гана аяп өтөт…
…Кайтышат каркыралар кыйкуулашып,
ага удаа булбул түндөп безеленет.
Мени эми буркуратып, чыркыратып,
бул жашоо жерге сүйрөп кете берет…
2.
Чакырат каяккадыр сырдуу жарык,
чачырайт асманымда, жанат, өчөт.
Кусалуу жер тиктеген жылдыздарды,
кусалуу жандар гана карап өтөт.
Жерде не? Көрксүз жашоо… Жердин ыры
жарым ый, жарым күмөн, жарым ушак…
Шоокуму жаш көчөттүн, же шыбыры,
бирөөнүн көзүн өйкөп, башын кысат…
“Акындар күнөөсү жок ыйык жандар!”…
Талаш сөз… Талаш азыр Жердин үстү…
Жарышта көп акындар сый-ургаалдан,
сыйынган атагынан жеңилишти.
Ырдашты кемин деле, кегин деле,
ыр дешти окшосо да, окшобосо…
Акын аз күнөөсү жок… Теңир менен,
тең ата сүйлөшкөнү жокко эсе…
…Жашоонун жүзүн бузат пейилдеги,
суналган суусу кетип, сай, таш калат.
Күзгүсү сынып калган перилерди,
үлгү эмес жандар жолдо баштап барат.
Чабышып жүрө берип эки-экиден,
көптөрдүн көкүрөгү мунжу, чолок…
…Кунарсыз бүгүнкү күн кечээкиден,
эми ырым мындан дагы муңдуу болот…
Кайтышат каркыралар кыйкуулашып,
ага удаа булбул түндөп безеленет…
Мени эми буркуратып, чыркыратып,
бул дүйнө жерге сүйрөп кете берет…
Кат
Сен азыр кең дүйнөнүн четиндесиң,
мен болсо, кем дүйнөнүн бурчундамын.
Сүйүүсү бул жашоонун үзүл-кесил,
жаныңа батат жаңжал, ыр-чырлары.
Калбаалуу кең дүйнөнүн бир четине,
Кат барат кем дүйнөнүн бир бурчунан…
…Түшпөгөн үчүн ийри иретине,
жашооңдун күнү күмөн, жылы туман…
Күн өмүр бурчта калып, сыртта калып,
үлгүрбөй талдаганы ак-карасын…
Туйбаган нерсең үчүн тытмаланып,
кылбаган нерсең үчүн актанасың.
Каршыңда кара шамал, кара туман,
дүйнө эми туш тараптан кыса берет.
Өтпөгөн, бүтпөгөн бир кыш артынан,
өтпөгөн, бүтпөгөн бир куса келет.
Кең дүйнө ким бирөөгө зындан болсо,
кимгедир жанын сабап жаңыланат…
Жан дүйнөң жапжаш бойдон сынган болсо,
калыбы кыйшык бойдон калат, калат…
…Кудайдан коркпой, кептен корккон кылым,
арасы ак-каранын сөөм, карыш.
Бүшүркөп тааныганбыз ой-чуңкурун,
бүшүркөп жашоону эми сөз кылабыз…
2026-ж.
Б. га
1.
Кардан тажап, жүдөгөндө бир кыштан,
үшүп калган үмүт менен, жаз алдын,
жүрөк менен кырсыктаган, тумчуккан,
сага шашпай санаа катын жазармын…
Ошол катта ирети жок, чаржайыт,
ойлор болот опурталдуу, оорулуу,
өмүр турат ак баракта саргайып,
турат анан туш-тушту айтып жол ыры…
Аясаң да, аяганың билдирбей,
катты калыс, иргеп, калпып окугун:
Ыргай берип оңго-солго шум дүйнө,
ырдай албай калбадымбы От ырын…
Бир кулпуруп, бирде каарып, булкунуп,
барга-жокко төшөйт өмүр, төшөлөт.
Өрт го өчтү, жан жагымды күл кылып,
жүрөгүмдөн өрттүн тагы өчө элек.
Бир табылып, бир таарынып, бир сынып,
жашагандан чарчайт экен жан деле…
Уулуу сүйүүм уулуу тилден тумчугуп,
өзү өлүп, аты таза калды эле…
Билип туруп, ак да, көк да дебедим,
башым баалап жаткан кезде баарылап.
Сен да издебе, иликтебе себебин,
жамандыкка дайым себеп табылат.
Мен тууралуу жаман-жакшы кеп жүрсө,
ырым менен кайра өзүмдү калкала.
Кимдир бирөө ысымымды кеч билсе,
ырдан билсин, ырым айтат, айта алат!
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү этияттап термеп жүр.
Мен картайган ойлорду эми кайтарам,
сен кашкайган ойлоруңду эр жеткир!
2.
Кандай тайкы, шордуу биздин бешене,
кара тумоо баскан кылым буйруган…
Сен дүйнөнү кир деп айттың тез эле,
кантип анын кара ылайын тундурам?
Көңүл чаппайт жаңыга да, эскиге,
биз эле эмес, доор ушундай ыргылжың.
Сен жашоону калтырасың кечкиге,
мен жашоону арткы орунга жылдырдым.
Бир китепте, балким биздин тагдырлар,
ысымыбыз турат, балким бир бетте…
Сен шөмтүрөп – мага жааган жамгырдан,
мен кирдедим, сени бирөө кирдетсе…
Күйсөм күйдүм көрөңгөсү бош ырга,
акка агарып, карарганга карардым.
Жолдор болду жок жеринен кошулган,
болбогонго болушпадым, каралдым…
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү этияттап термеп жүр.
Мен картайган ойлорумду кайтарам,
сен кашкайган ойлорду эми эр жеткир!
3.
Бир бетинде Күндүн күмүш нурлары,
бир бетинде жашоо тозот топурап…
Балким катым өзүмө өзүм тууралуу,
окуй алган жанга гана окулат.
Аясаң да, аяганың билдирбей,
катты калыс, иргеп, калпып окугун:
Ыргай берип оңго-солго шум дүйнө,
ырдай албай калбадымбы От ырын…
Жүрөгүнүн жүзүн жаап алгандар,
жүрөгүмдү жүз жеринен сыйрышты.
Көнбөгөн жан көзү бузук жалганга,
көтөрө албай өтөт экен чындыкты!
Сууга чөккөн, отко күйгөн өлүмдүн,
өзүн көрдүм, көздөрүн да көп көрдүм.
Канаттарым катпай туруп сөгүлдү,
адаттарым калыптанбай өзгөрдүм.
Сүйүүгө да, жаштыкка да жанкечти,
жетпей калды убакыт да, күч дагы.
Жакшылыктар жанып-жанбай жалп өчтү,
жамандыктар жамандыкка туштады.
Мени акыры сындыра алды мөл өмүр,
кунун алды толгону үчүн, кеми үчүн.
Мен үчүн да мезгил өңүн көрө жүр,
жаңы баскан дүйнөнү сүй мен үчүн!
Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү бир күн дүйнө термейттир.
Мен картайган ойлорумду кайтарам,
сен кашкайган ойлоруңду эр жеткир!
Чырпыктайым, качандыр бир жаз алдын,
сага шашпай санаа катын жазармын…
Иосиф Бродский
“Дербиштер”
Чиркөөнү, мазарларды,
шарап-шаң жүргөн жерди,
айтылуу базарларды,
алтындан күмбөздөрдү,
бар-жокту жандап өтүп,
Меккени, Римди таштап,
көгүлтүр Күндү ээрчип,
дербиштер бара жатат.
Бүкчүйүп, жүдөп, кирдеп,
өбөктөйт өз демине,
таң атат жүрөгүндө,
Күн батат көздөрүнө.
Чөл ырдайт алар өтсө,
чагылган учурашат,
кыйкырып жылдыз көктөн,
куштар да кужурашат:
өзгөрбөйт, өзгөрө албайт,
ак кардай жанат дүйнө,
көлкүлдөп көзүңдү алдап,
ак бойдон калат дүйнө,
карандай калпы менен,
түбөлүк калат анан,
карматпай кайкый берген,
чеги жок санат аалам.
Өзүңө, Кудайга да,
пайда жок ишеничтен.
…Оң, демек, куру армандан
куралган жолго түшкөн…
Күн болот Жер үстүндө,
ак таңдар атпай койбойт.
Жоокерлер көрүстөндө.
Акындар арга болбойт…
Которгон Нарсулуу Гургубаева
Ркаил Зайдулла
Татар адабиятынын учурдагы көрүнүктүү өкүлү – акын, жазуучу, котормочу, драматург, журналист, Татарстан Республикасынын эл акыны Ркаил Зайдулланын ырлары менен Нарсулуу Гургубаеванын котормосунда тааныштырабыз.
«Күнөстүү көздөр», «Көрөгөчтүк», «Орус кышын узатуу» сыяктуу белгилүү ыр жыйнактардын автору. Ырлары терең философиялуулугу жана жарандык курчтугу менен айырмаланат.
Повесттерди, аңгемелерди жана драмаларды дагы жазып келет.
Доор
“Чындыкмын!” – деп айгайлайт Жалган,
Ак айтылган сөзгө азыр оор.
Тагдырлардан талаада калган,
Шалгам кымбат турган арсыз доор.
Аюлардын изи кыйма-чийме түшкөн жерде
Түн да аппак, аппак өңүм да –
Жоголдум мен кардын ичинде.
Алсызсың деп, аяйм өзүмдү –
Аяйм өчө турган изимди.
Не уңулдайт бороон бул жерде,
Айтып жатат, балким өз кебин?
Адаштырам деди дүйнөдөн…
Адашпадым. Жана өлбөдүм..
Түнгө сиңип барат аппак кар,
Жымжырттык да түпсүз орго окшойт.
Ор оозунда капкара тактар
Коркунучтуу болуп ойноктойт.
Калган жерде аю издери
Жапайы иттер мени тиштеди.
Колдо таяк. Кулап түшпөдүм,
Эрте мага кулап түшкөнү.
Айлуу түндө
Айлуу түндө алтын нурлар
Суу үстүндө сызылат.
Эң жарык нур жазмышыма
Жазган өндүү туюлат.
Айлуу түндө тууган жерде
Неге мынча караңгы?
Суулар деле өз тилинде
Сырын айтып агабы?
Айлуу түндө жаз келгенде
Жүрөк түтөйт армандан.
Аппак таңда эскен желге
Алданам го, алдансам.
Айлуу түндө кардыккансыйт
Булбулдардын авазы…
Алардын да зары бардыр,
Менде – Мекен санаасы.
Коркуу
Каякка урунаарды,
Билбеген учур болот.
Жол жабык, тил байлануу,
Көздөрүң кумга толот.
Жашынсаң жалбыракка,
Угулат тааныш үндөр.
Сөгүнөт шатыратып,
Сөгүнөт башка тилде.
Тушалган буттарың да,
Жыла албай тек турасың.
Кыйкыргың келет, бирок,
Эмне деп кыйкырасың?
Көптөрдүн үнү чыкпайт,
Сүйлөсөң, ката дешет!
Дем алба, көрбө, укпа! –
Дүлөйдөй жаша дешет.
Качсам дейм, жолум кыска,
Жаралбайм эки жолу.
Кача албайм коркунучтан,
Коркомун өмүр бою.
Баймак
Башкыр жигити Рифат Даутовдун жаркын элесине
Суук, муздак суугунан январдын,
Көкүрөктү, бирок өрттөп кайнаткан,
Суроолорго жооп издетип кайдандыр,
Жанды үшүткөн кабар келди Баймактан.
Суу бүрккөндөр биле жүрсүн – билбесе,
Алар бир күн уу бороонго кабылат.
Ээ-жаа бербей
Эл эркиндик издесе,
Эркиндик да, эрк да, албетте табылат.
Жапжаш жүрөк тууган жерден айланган,
Жапжаш бойдон жайрадыңбы өмүр, сен?
Үмүт отун Мекенине байланган,
Тосуп алды томсоргон боз көрүстөн!
Кылыч сынды дейби? Бүттү бүтөрү…
Угулган жок не бир аваз, не дабыш.
Мындай Эрди, Эрдикти да биз эми,
Уламыштан, дастандардан табабыз!
Уул эле тулпар болор кез келсе,
Эл жолуна ээрден ооду, каралдым
Башкыр каны башкаларга тепселсе,
Мен өзүмдү башкырмын деп санаймын!
* * *
Кеч жааган кар таңда карарган.
Заман ушул! – кимден калбаган?
Түнгө карай кеткен жолоочу,
Кайтып келбейт үйгө кайрадан.
Иңир
Же дүйнөнү өзгөртөм бүгүн…
Разил Вәлиев
“Же дүйнөнү өзгөртөм бүгүн,
Же болбосо өзүм өзгөрөм!” –
Жалын кезде айткан сөзүңдүн,
Жаңырыгы кайтты күз менен.
Өзгөртөм деп максат койгонбуз,
Башкалардай, биз да дүйнөнү.
Ак чач, бирок жапжаш бойдон биз,
Күзгө кирип келдик күүлөнүп.
Ырдын сырын кээде ачсак да,
Биз дүйнөнүн огун таппадык.
Таңдар бизди тааныган чакта,
Көзүбүздү иңир каптады.
Күз олтурат эми тизеде,
Сары чачы желге сеңселет.
Өзгөрбөгөн дагы биз эле,
Дүйнө
уятсыз
тынбай өзгөрөт.
Коштошпостон кетет элем мен
Элден-журттан алыска безип,
Шилбилердин түбүн пааналап,
Курт-кумурска менен тиктешип,
Олтургум бар тыптынч, жөн гана.
Ошол жакта жымжырт бир дүйнө,
Ошол жакта, балким чындык бар.
Аруу таңда жаның үргүлөп,
Ойгоносуң, ак куу кыйкырса…
Жок ал жакта жаңжал, ызы-чуу,
Мас болгон жок кандын жытына.
Ойлуу агып өтөт тунук суу,
Алоолонгон оттун тушунан.
Жаз эркелеп сылайт чекемден,
Жалган түтөп жанымда турбайт.
Коштошпостон кетет элем мен…
Бирок андай дүйнө табылбайт.
Периште
Көгүм булут эле туташып,
Туман каптап турган көөнүмдү.
Сен тосулган дүйнөнү ачып,
Жазгы жамгыр болуп төгүлдүң.
Тазарды аба! Жарык асманым.
Көрдүм шондо – дүйнө кең экен! –
Таазим кылып ийди баштарын,
Мажүрүмдөр, мырза теректер.
Сен – Периште! Тааныдым сени,
Жолум болуп мага табылдың.
Кочушума Күн сузуп берип,
Жамгырыңа жуудуң жанымды.
Кучагыма сыйдыргым келет –
Кучак жетпейт кенен ааламга! –
Жолго чыктым адам болом деп…
Адам болуу оор да, татаал да.
Канатыңдан ак нур себелеп,
Кош келдиң сен, ыйык Периште…
Ийри жолдо мени жетелеп,
Түздөп тургун колуңдан келсе.
Намысым бол мени коштогон, –
Сен кечигип жанган чыраксың…
Мен нуруңдан эрип жок болом,
Көп акындын бири сыяктуу.
Күмүш суулар
Жээкке урунуп,
Көңүлдүн жээгин ээлеп,
Күмүш суулар шарпылдайт, күмүш суулар.
Толкундардын артынан толкун келет,
Жоготуунун артынан жоготуулар…
Күмүш сууда кимдердин доошу калды?
Бир мелмилдеп, бир кайра туталанат.
Байыркыдан келаткан толкундарды,
Кимдер азыр бой тиреп тосуп алат?
Жоготууга уланган жоготуунун,
Ак көбүккө чөмүлүп, өң-түсү ак.
Алтын балык тута албай койгону үчүн,
Ушул муун урпактын жолун бузат…
Жооп күтүп доорлордон алыс калган,
Дүйнө саамга тынчыйт да, ырын улайт.
Суудан жээкке сүрүлгөн балыктардай,
Кумда калган издерим тыбырчылайт.
Жээкке урунуп шарпылдап ойнойт суулар
Жээкке карай кеткен жол кооптуу, узак.
Жоготуунун артында жоготуулар…
Өң-түсү ак…
1981-ж.
Татар тилинен которгон Нарсулуу Гургубаева


