Олобо

Керектелүүчү азыктар: 8-10 литр сүт, 500-1000 грамм сары май, татымына жараш туз.

Даярдоо ыкмасы: Малдын өпкөсүн бычак тийгизбей таза сактап союп алуу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин муздак сууга сала турат. Андан кийин өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, өпкө агарганча чайкайт. Суу менен тазалаган соң, өпкөнүн ичине сары май салып, тузу өткүл татыган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куюу зарыл. Өпкө сүткө толгондо бир да жеринде темгили калбай, агарып калат. Сүт төгүлүп кетпес үчүн өпкөнүн оозуна эттен салып, эки-үч жеринен жип менен катуу байлап коет. Даяр болгон өпкөнү казанга салып, 45-60 мүнөт жай кайнатат.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин “Кыргыз даамы” китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Дагы бир даярдоо ыкмасы

Олобону койдун өпкөсүн бычак тийгизбей жакшынакай кылып союп алып, аны чарага салып үйлөп, ичиндеги канын кетирип туруп, койдун, эчкинин сүтү болобу, же уйдун сүтү болобу, иши кылып сары майдан аралаштырып, туз салып, жылымык кылып эритип туруп, анан өпкөнү улам үйлөп куя бериш керек, балким чоң өпкө болсо 4, кээде 5 литрге чейин батат да. Улам үйлөп туруп куя берет. Ошол куюлуп бүткөндө өпкө аппак болуп, чоң болуп калат. Анан сүт батпай калганда, эттен кесип алып, өпкөнүн оозуна тыгып, жип менен байлап, өзүнчө казанга суу куюп, акырын бышырат. Аны 3-4 саат бышырат, кылдат чыгарып алып, баднаско салып коет, аны бир-эки сааттан кийин кесип алып жесе, аябай жегиликтүү, даамдуу, жакшы болот.

Илгертен келаткан улуттук тамак. Сүттү чийки бойдон деле, сары май кошуп, аралаштырыш керек, аны лейка менен куят. Кошкон май деп коет, аны буудай талкандан жасайт, азыр бал аралаштырып калышты. Сары май аралаштырып, аны деле жылытып алып, бал менен сары майды аябай аралаштырып, талканга кол менен мычкып-мычкып, абдан аралаштырып коюп койсо, кышында жергиликтүү болот, кошкон май деп коет.

Үмүт Эржанова, Түп району, Түп айылы,
“Салттык билим” сайтынан алынды

* * *

Олобо – койдун, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулуп сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак. Олобо жасаш үчүн өпкөгө бычак тийгизбей союш керек. Союлган малдын өпкөсү кекиртеги менен кошо чыгарылып, үйлөнүп, муздак сууга салынат. Сүт куярда ага батышынча жылуу суу куюп тазалайт, ал сууну кайра өпкө агарганча «кустурат». Тазаланган кезде өпкө канча суу «жутса», ошончо сүт куюлат. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип ме­нен катуу буулат. Олобону өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, сууганда кыя кесип, дасторконго коёт.

Эл арасында жаш музоо менен кулундун өпкөсүнөн да олобо жасалат.Бир койдун өпкөсүнө 8-10 литр сүт, 0,5-1 килограмм сары май керек, туз татымына жараша салынат.

«Эл таануу» китебинен алынды

* * *
Олобо кой, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак.

Керектелүүчү азыктар:
Койдун өпкөсү – 1 даана
Сүт – 8-10 литр
Сары май – 0,5-1 кг
Татымына жараша туз

Жасалуу ыкмасы:
Бычак тийгизилбей союлган өпкөнү кекиртеги менен кошо чыгарып, үйлөп алабыз. Үйлөнгөн өпкөнү 1 саатча муздак сууга салып коёбуз. Сүт куярдын алдында ага батышынча жылуу суу куюп, ал сууну кайра өпкө агарганча “кустурабыз”. Тазаланган кезде өпкө канча суу “жутса”, ошончо сүт куябыз. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой, агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип менен катуу бууйбуз. Олобону өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, муздаганда кыя кесип, көк чөп менен кооздоп дасторконго койсок болот. Тамагыңыздар таттуу болсун!

Дамира Арстанова, «Супер Инфо»

* * *

Кандай азыктар керек?

өпкө: бир койдун
сүт: 10 л
сары май: 100-150 г
калемпир, мурч, туз: татымына жараша

 

Кантип жасалат?

  1. Кой союлганда өпкөнү кекиртек менен кошо бычак тийгизбей ич эттерден ажыратып аласыз да, муздак сууга 1-2 саатка салып коесуз.
  2. Андан соң ичине суу куюп чайкап, ичиндеги кандарды кетиресиз.
  3. Сүттү ысытып, ага сары майды, тузду, калемпир, мурчту салып аралаштырасыз.
  4. Андан соң өпкөнүн үстүнөн кол менен сыдырып, кекиртектен үйлөп сүт куюуга даярдайсыз.
  5. Даяр болгон өпкөгө сүттү куясыз, улам-улам өпкөнү сыдырып, кекиртектен үйлөп турсаңыз сүт ошончолук көп батат да, кызыл өпкө апаппак болгон кезде олобо бышырууга даяр болот. Эгер сүт куюлгандан кийин өпкөнүн кызыл жери калган болсо, ал жерге сүт жетпей жаткан болот. Анда өпкөнүнүн ошол тушун сыдырып, жакшылап үйлөп өпкөнү кеңейтсе, бардык жерине сүт тегиз жетип, олобо ак түстө болот.
  6. Жасалган олобону татымына жараша туз салынган сууга салып 2-2,5 саат кайнатасыз.

Жаңылай Бурканидинова

Соц тармактар:

One thought on “Олобо

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.