Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу? Бурганакта буюккан көчкө жолчыракты ким жандырат?

Манастын туусун кайрадан колго алып…
Социализмден көргөн жакшылыгыбызды айтып келатабыз, мындан ары да айтабыз. Бирок, СССРдин тушунда материалдык жана илим-билим жагынан жетишкендиктерибизге карабастан, табиятыбыздын жана рухубуздун экологиясы булганып, улуттук генофондубузга коркунуч туулгандыгын тана албаспыс.

Мына ушинтип, жаратылышыбыз да, жан дүйнөбүз да жабыркап, болочогубуз күңүрттөнүп, тоталитардык мамлекеттин алкагында шиши толуп кузгундап чыккан улуттук көйгөйлөрүбүздү ачык айталбай мукактанып, тилибиз байланып, алды жагыбыз, келечегибиз алда кандай болот деп сарсанаа чегип турган кезибизде, капысынан кайра куруу чыгып, андан соң “баркыт революциясы” ишке ашып, мунун натыйжасында күтүүсүздөн эркиндик алып, өз алдынча көз карандысыз, мамлекет болуп түзүлбөдүкпү.

Илгертен эңсеп келген мүдөөсүнө жетип, байыркы улуу Манастын туусун кайрадан колго алган кезде Ала-Тоолук ак калпак журттун үмүтү “дүрт” этип күчтүү тутанып, алды жактан чоң жакшылыкты күткөнбүз. Бирок, ошондой болсо да, бүгүн бизге жаакты таянып, башты жерге салып катуу ойлонууга туура келет. Эркиндик, эгемендүүлүк деген өзүнөн өзү эле бакубат турмушту камсыз этип, калайык-калкты бактылуу кылып жибербейт экен. Кеңири ачылган мүмкүнчүлүк көсөмдүк менен пайдаланылбаса турмуш чакчелекей будуң чаңга айланып, “башы жок бака, көзү жок көгөн” келип чыгат экен. Мунун бир себеби, максатка алып барчу жолдун дыкаттык менен алдын-ала чалгындалып, ар тараптан терең изилденип такталган, жети өлчөп бир кесилген долбоорунун түзүлбөгөндүгүндө, так, конкреттүү маршруттун жоктугунда.

Кыргыз көчүнүн төөлөрү
Чынын айтканда, жаңы жээкке бет алганда чабак билбей туруп шар аккан дарыяга бой таштаган адамга окшоштук көрүнөт. Ураалаган демократиялык уу-чуунун шары менен кыргыз көчүнүн төөлөрүн базар экономикасынын көк жалтаң музунун үстүнө шашылыш күргүштөтүп айдап кирдик эле, эмне болду? Төөлөрүбүз дароо тайгаланып жыгылып, көк жалтаң муздун үстүндө оонап жатып калды. Өкмөт, партиялар тарабынан соңку учурларда муздун үстүндө тайрайып жаткан төөлөрүбүздү жөлөп-таяп тургузуунун, жаңы пландары түзүлгөнсүдү. Бирок, баары бир ошол “стратегиялар” менен “концепцияларга” шектенип, кайра-кайра шыкаалап кароонун зарылдыгы бар…

Биз мындан ары карай ээрге түз отуруп жатабыз деп так кесе айтышка батына албас элек. Ушул жагынан алганда өзүн жаңылбастай, жаза тайбастай сезген жайдары оптимист болушка, эч нерседен кооптонбой алды жакка баладай бажырая караган романтикага али эртерээк дегибиз бар. Туура, көч бара-бара түзөлөт. Ошентсе да биз үчүн бүгүн илеп белгисине караганда суроо белгиси маанилүү болуп турат.

Ырас эле заман которулуп, жумурай-журттун тагдыры буруу-терүү бурганактуу жолдо таразага түшүп, бет алдың тумандап турган кыйын учурда кыргыз эли үчүн алды жакта басар жолго кадала кайгуул салып, жети өлчөп бир кескен даанышмандык, капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан илгерки акылман Бакай атабыздын олуялыгы менен көрөгөчтүгү бөтөнчө керек болуп жатат. Себеп дегенде, тереңден байкаган кишиге, ансыз да оор кеселдерге кабылган сыркоо рух экологиябыз дарыланып айыга элек чагында, күтүүсүздөн дагы да жаңы илдеттердин эпидемиясына чалдыгып, бара-бара чындап катастрофага учурап, улутубуз өз жүзү, өз үнү бар этнос катары жок болуп кетүү коркунучуна кириптер болушу мүмкүн экени жашыруун эмес. Эмне үчүн? Эмесе, мындан аркы сөз ушу жөнүндө болсун.

Күчтүү цивилизациялардын кучагында тумчугуу…
Кансыз согуштун муздары эрип, идеологиялык тосмолор кыйрап, чек аралар ачылып, дүйнө бириктештик, кызматташтык жагына жол алган чак. Улуу Жибек жолунун тоомунда турган, базар мамилелери тарапка тизгин бурган Кыргызстан бүгүнкү адамзаттын жаңы негизде өнүгүп жаткан экономикалык мамилелеринин орбитасына активдүү түрдө тартыла баштады. Мына ушундай кырдаалда үмүттүү сезимдерди баштан кечирүү менен, ошондой эле жүрөктү өйүгөн сарсаналуу ойлорго кабылбай, кооптонбой койбойсуң. Дал ушундай жер бетинде ар түрдүү цивилизациялардын, күчтүү-күчсүз мамлекеттердин түздөн-түз алака-катышы күч алып, интеграциялык жана миграциялык процесстердин агымы каптап чыккан кезде кыргыз этносунун тагдыры кандай болот, рухани дүйнөсүнүн абалы не болот, ак калпакчан калк өзүнүн улуттук жүзүн, өз алдынчалыгын сактап кала алабы, же күчтүү техникалык цивилизациялардын кучагында тумчугуп, улуттук жышаанынан, кыртышынан ажырап, жок болуп кетеби? Мындай беймазалуу суроолор кооздук үчүн айтылган чечендик мүнөздөгү гана суроолор эмес экендигин бүгүн ойлонгон ар бир кыргыз түшүнөт деп ойлойбуз. Бул суроолор керек болсо, биздин тагдырыбыздын суроолору.

Ачык эшик саясатындагы эскинин калдыгы…
Же кыртышыбызга терең житкен, боосу бекем, түбү түптүү динибиз болбосо, буга чейин кылымдар бою топтолгон улуттук көрөңгөлөрүбүздү, асыл-нарктарыбызды пролетардык таптык идеология, “эскинин калдыгы” катары жерип-жектеп, тебелеп-тепсеген болсо, тоталитардык коом жарандарыбызды ал тарыхый тамырлардан оолак кармап, Маңкурт кылып өстүргөн болсо, анан кантип биз четтен келген экспансияга туруштук бере алар экенбиз? Капыстан соккон күчтүү шамалга каакым сыяктуу үйлөнүп, такаат кыларга дарман жок, чоочун цивилизациянын стихиясына жутулуп кетебизби?

Азыр биз ачык эшик саясатын жүргүзүп жатабыз. Туура, бүгүнкү күндө буга альтернатива жок сыяктуу. Бирок биз бүгүнкү опурталдуу заманда жумуриятыбыздын менталитетинин баасы жалаң эле эшиктин ачыктыгы менен эмес, тыштан келип жаткан чоочун таасирлерге жана ички ыйман-жаныбызга, намысыбызга доо кетире турган агымдарга каяша айтып, каршылык кыла билүү касиети менен да өлчөнүшү керек го. Биз – кыргыз улуту бүгүн ушундай сапатка эгедирбизби? Маселен, кандайдыр бир чет элдик модалуу идеянын, чоочун концепциянын, агымдын экспансиясына карата Кытай өлкөсү өзүнүн кылымдарды карыткан улуу маданиятын же өзүнүн буддасын каршы коет экен же Конфуцийдин окуусун көтөрүп чыгат дейли. Арабдар болсо арабдык-исламдык альтернатива менен каяша айтып чыгат. Ал эми кыргыз жумурияты ичибизден өнүп чыккан кайсы улуттук идеяны, кайсы философиябызды бетке кармайбыз? Биздин үлүшүбүз – бөлөктөрдү ээрчүү, тууроо, көчүрүү, жетеленүүбү?

Биз азыр рухий, адеп-ахлак пайдубалыбызды чыңдоо жагын эстен чыгарып койгонубузду моюнга алышыбыз керек. Бизде азырынча ички бекемдикке жана туруктуулукка негиз болуп бере турган улуттук идея, тутуна турган идеал, ыйык көрүп кармана турган жалпыга орток моралдык абсолют, таяна турган рухий-маданий концепция, адеп-ахлак философиясы иштелип чыга элек. Ал эми жетектөөчү жогорку идеясыз жеке адам да, улут да жашай албасын эсибизден чыгарбасак. Мына ошондой карманган бекем багыты, сыйынган кудайы бар, айланчыктап турган “ат мамысы”, тегеренип турган уюлу бар калк гана ачык эшиктен кирип жаткан жаман-жакшы нерселерди талдап, керектүүсүн, ылайыксызын ажырата билип, зыяндуу, жат таасирлерге өзүнүн калканын тосууга жөндөмдүү келет тура. Жетилген калк бекем кабыгы бар жумурткага окшош болот экен. Бекем кабыкчан жумуртка ошол кабыгы аркылуу тышкы терс таасирлерден жакшы коргонот. Ичине чаң, ыплас нерсе, булганыч зат оңой менен кирбейт.

Кыргызстан кабыгы жок жумурткага окшошпу?
Ал эми биздин жаш жумурият, ачуу кеп болсо да айтып коелу, бүгүнкү күндө кабыгы жок жумурткага көбүрөөк окшошуп турат. Анын кабыксыз жумшак, солкулдак тулкусуна четтен келген көрүнгөн нерселер оңой жугуп, жабышып, ич жагы ого бетер бузулуу коркунучунда тургандыгын байкоо кыйын эмес. Жумуриятыбыздын туш тарабы ачык керегесинен коммерциялашкан Батыштын массалык маданиятынын арзан стандарттары эч тоскоолдуксуз басып кирип жатат. Жергебизде Батыш менен Чыгыш башаламан аралаша баштады. Тоталитардык системада улутсуз духта тарбияланып, тарыхый тамырлардан ажыратылган көптөгөн жарандар коммунисттик идеалдын туусу жыгылгандан кийин, өздөрүнүн ичтен бекем тутунган улуттук табериги, туткасы болбогон соң, сырткы бөтөн таасирлердин тактекесине айланып, оозду ачып, көздү жуумп, ар жакка жетеленип, оңой-олтоң ишенип, арзан арбалып, чоочун стандарттардын жана идолдордун туткунуна түшүп берүүдө.

Христиан динине өтүп жаткан жаштарыбыздын саны улам акырындап арбууда. Кай бир атуулдарыбыздын, газеталарыбыздын өз элинин салт-санаасын, психологиясын, этномаданий өзгөчөлүгүн эсепке албай, еврохристиандык турмуш образынын айрым уят-сыйытсыз жактарын үгүттөп, жарыя кылып жатышы өкүндүрбөй койбойт. Кино-театр экрандары эротикалык, боевик фильмдерге толду. Айылдарга секс видеофильмдери кеңири жайылды. Денесин саткан кыргыз кыздарынын катары күн санап көбөйүүдө.

Бүгүн жергебизде турмушка, адамга карата жаланып-жуктанган мамиле баш көтөрүп, караандай акчанын, коммерциялык-финансылык, материалдык ийгиликтин культу күч алып, ачкөздүктүн, дүнүйөкорлуктун арааны ачыла баштады. Кандай каражат-курал колдоносуң, кандай айла-амал кыласың, иши кылып акча тапсаң, пайда тапсаң кишисиң деген “философия” турмушка кирип жатат. Пайда болгон идеологиялык боштукту адеп-ахлактык багытсыздык ээледи. Мынакей, идеалсыз, бардыгына тийиштүү жогорку жетектөөчү идеясыз жашоонун кайгылуу натыйжалары.

Эгерде жалпы баарынын тумардай тутунуп, ыйык көрүп сыйынган өзүнүн улуттук “Каабасы” болбой, ар ким каалаган жагына туш келди баскан бул процесс мындан ары карай ушу бойдон көзөмөлсүз, башкөзсүз жүрүп отурса, анда көп өтпөй биздин рухий экологиябыз ого бетер бүлүнүп бузулары көз көрүнөө. Ички рухий турмушубуздун багытсыздыгынын шартында бөтөн цивилизациянын шамалдары улуттук очогубузду ого бетер жылаңачтап, кыртышыбызда али да болсо кармалып турган асыл топурагыбызды учуруп, кебетебизди өзгөртүп, түрүбүздү бузуп коюшу толук ыктымал.

Керегебизди бекем кымтылап алыш керекпи?
Албетте, мындай ойдон улам бөтөн цивилизацияларды сөзсүз эле өгөйлөй карап, түндүк жабуубузду чүмкөй тартып, эшигибизди түшүрүп, керегебизди бекем кымтылап алыш керек деген жыйынтык чыкпоого тийиш. Аскердик авиацияда “опурталдуу жакындашуу” деген түшүнүк бар. Кеп бул жерде, алдагайда алдыга кетип калган топурагы башка, жосуну, салт-санаасы, тили, дини бөлөк цивилизация менен алды-артын карабай көздү жумуп, коюн-колтук алышуунун арты көп учурда кейиштүү болуп бүтөрүн тарых нечен ирет ырастаганын эске тута жүрүү зарыл. Бизге окшогон жаңыдан өнүгүп жаткан кечөөкү көчмөн этностун бүгүнкү кубаттуу машинелешкен, компьютерлешкен цивилизациянын алкымына оп тартылып кетиши анчалык кыйынчылыкка турбайт.

Ооба, биз да дүйнөлүк илим-технологияны өздөштүрөбүз , келечекте биз да жетишербиз, өзүбүзгө материалдык комфорт түзөрбүз. Бирок ошол экономикалык жыргализм турмуштун сапаты, мазмуну кандай болор экен? Бир кезде улуу Достоевскийдин тынчын алган түбөлүктүү чоң суроо кайрадан айланып келип, бүгүн кыргыздардын да алдында туруп калгандыгын азырынча аңдабай жатат окшойбуз. Достоевский: макул, акыры жүрүп адам килемдин үстүнө отуруп калды дейли. Анан эмне болот? Андан аркысы кандай болот? – деп сураган эмеспи. Ошол килемдин үстүндө келечекте ким отурат? Кош аяктуу шайтанбы же периштеби, Сабитжанбы же Едигейби (Ч.Айтматов), Бостонбу же ата-бабасы ыйык туткан бугу энесине каршы ок атып, аёолуу бешигин, ата-конушун бүлүнтүү менен прогресске барган Орозкулбу, ким?

Эгерде коом экономикалык жактан, техникалык жактан өркүндөп алга жылган сайын адамдар адептик-ыймандык асыл сапаттарынан ажырап, кишилик касиеттеринен кагылып жүрүп отурса анда бул прогресс эмес, регресс. Демек адамзат дегеле өзүнүн адамзаада деген атын сактайм десе, ал илим-техника, экономика деп гана турмуштун бир гана жагына сыйынып, өсүүнүн бир гана тарабын абсолютташтырып, бир жактуу түрдө илгерилөөгө жол берүүгө тийиш эмес. Адам баласы илим -техника, экономика менен катар абийир, ыйман, рух жагынан өркүндөп өсүүгө тийиш. Кишинин ыйман-жаны, уят-абийири, адеп-ахлагы гүлдөп турган жерде гана техникалык-экономикалык өнүгүүнүн мааниси, кадыр-баркы болмок. Адамзаттын индустриялдык өнүгүүсү анын моралдык өнүгүүсү менен коштолуусу зарыл. Мындай мыйзам ченемдүүлүксүз адамзаада көрөгөчтөр айткандай, акыр замандын туюгуна келип кептелбей койбойт.

Бүгүн биз – келечекке жол издеп жаткан кыргыз тукумдары рухий кризиске учураган капиталисттик батыштын өнүгүү тажрыйбасынан сабак алып, ал тажрыйбадан эмнени туурабаш керек экендигин, кайсы жолдон этият болуш керек экендигин жакшы түшүнүүгө тийишпис.

Эмнеси болсо да, жалпы дүйнөлүк интеграциянын күч алып чыкчу шартында жол тоомунда турган кыргыз пендесинин рухани түзүлүшү, жан дүйнө курулушу жөнүндөгү маселе бүгүн номур биринчи маселелерден. Мындай болгон соң эмне кылыш керек?

Тумардай тутунган салт…
Ушуга байланыштуу жогоруда Кытай жөнүндө, бул өлкөнүн Конфуцийи тууралуу айтып өттүк эле. Чынында эле, Кытайдын идеологиясы күчтүү. Бул өлкө бүгүн ыкчамдык менен өнүгүп жатканы менен түпкүлүгүндө өзүнүн байыртан келаткан маданиятын, рухий-нравалык салтын тумардай тутунуп жашайт. Кытай бир жагынан инноватор, экинчи жагынан өзүнүн улуттук салтына келгенде сөздүн жакшы маанисиндеги консерватор. Культуролог Ю.Романовдун сөзүн тыңшап көрөлү: “Азыр кытай адамы өз улутунун маданиятынын те байыркы кезден бери колдонулуп келаткан эрежелерине таянат. Бүгүнкү кытайлардын күндөлүк турмушу Конфуцийдин этикалык-философиялык идеяларынын күчтүү таасиринин астында турат. Кытайларда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн жоопкерчилик сезими абдан өнүккөн. Алар ата-энени сыйлоону биринчи милдетим деп эсептешет. Үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн кытайлар жанын курман кылууга даяр. Өлкөгө капитализм кирип, жашап жатат, бирок ал кытайда баары бир үстөмдүк кылуучу доктринага айланып калган жок. Кытайлардын консервативдүүлүгү чет өлкөлүк таасирлерге азгырылбагандыгынан көрүнөт. Алар үчүн чет жактан ташылып келинген нерселерге караганда өздөрүнүн кенчтери ар качан кымбат”. Өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын кастарлап, ага таянуу жагынан жалгыз Кытай гана эмес Япония, Турция, Иран, араб элдери да, а түгүл Өзбекстан да айырмаланары белгилүү.

Мындай мисалдан улам жаакты таянып ойлонуп, дагы сурайлы. Мынабу глобалдашуунун кыйын-кезең шартында биз кыргыздар эмнени таяныч кылабыз жана кантип сакталабыз? Эмесе, түз эле айталы, кытай өлкөсүнүн Конфуцийи болсо, биздин улуу Манасыбыз бар. Биз байыртан келаткан түптүү элбиз. “Манас-байыркы кыргыз рухунун туу чокусу “(Ч.Айтматов). Кадалана карап көрсөк, “Манаста” бүгүнкү кыргыз рух турмушунун пайдубалына негиз боло турган асыл-нарктар жатат. Биздин маданиятыбыздын да тереңинде түптүү дөөлөттөр “жүрөк кагат”.

Манас Ата калтырган улуттук рух казына…
Кыргыз Ата, Манас Ата баштап калтырган улуттук рух казынабызда эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата журт ыйык, аскасы бийик Ала-Тоо – мекен ыйык. Ата журттун, ак калпак калктын азаттыгы, эркиндиги, эгемендүүлүгү ыйык. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу деген кыргыз элинин биримдиги, баш кошкондугу, идеясы ыйык. Атажурттун алдындагы атуулдук парз улук. Калк үчүн каруусун казык, башын токмок кылган уулдук ак мээнет ыйык. Элим-жерим деп күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, саргара жорткон, кызара бөрткөн эмгек ыйык. Айлана-тегерекке, алыс-жакынга агынан жарылып ачылган достук ыйык. Жаратылыш менен жуурулушкан биримдик ыйык. Ата-бабалардан келе жаткан салт ыйык. Эне тил ыйык. Үч кылдуу комуз ыйык. Кыргыз менталитетинде тээ илгертен бери карай АТА-ЭНЕ кол тийгис ыйык нерсе катары саналып келет. Ошондой эле кыргыз меймандостугу менен кыргыз болуп саналат. Кыргыз баласы эгер ал жаш болсо, эч убакта аксакалдан озунуп төргө өтпөйт. Ал улууну сыйлайт. Ал ошол үчүн кыргыз. Кыргыз баласы европадагыдай индивидуалист эмес, мындай нрава анын жаратылышына жат. Анын жаратылышы жамаатчыл, ал күйүмдүү, адамгерчиликтүү, коңшу-колоңдору, жек-жааттары, жамааты менен жамандык-жакшылыкта ар дайым кол кармашып бирге турат. Кыргыз ушул үчүн кыргыз. Кыргыздын адеп-ахлак салтында бул өңдүү гуманисттик маңызга толгон сапат-касиеттер санай берсек арбын. Биздин тоолук калкыбызда дүнүйө мүлктөн, материалдык байлыктан рухий байлык, ыймандык нарктар ар качан жогору коюлуп келген. Кыргыз насилинде биринчи орунда адамдык нарк, кишилик касиет, адамгерчилик турат. Ушул бүгүнкү күндө Кыргызстан кризиске учураса да, капиталисттик батыш эбак жоготуп алган рухий-моралдык асыл-байлыктар элдик менталитеттин тереңинде баары бир жүрөк кагып, жашап турат. Батыш өзүнүн техникасы менен күчтүү болсо, биз тоолуктар өзүбүздүн рухий-ыймандык байлыгыбыз менен өзгөчөлөнөбүз. Манастын айкөл жан дүйнөсү-кыргыздын сапаты.

Кыскасын айтканда, кыргыз эли жашоого тирек боло турган моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Калкыбыз мына ушундай кайталангыс руханий, адеп-ыймандык маданиятын өзүнүн миңдеген жылдык узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, ысык-суукту, ачуу-таттуунун баштан кечирген татаал жана эң бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Дагы бир жолу айталы, тарыхый тажрыйбасына таянып, миң жылдап иштеп чыгып, туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн кыргыз калкы тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен. Мындай түптүү, асылбаа байлыгыбыздын бааланбай келгени бардыгына евроцентристтик позициядан караган көнүмүштүн жана маңкуртчулуктун кесепетинен болуп келди. Кыргыз эли бүгүн өзүнүн 5 миң жылдык тарыхында жараткан, түзгөн ушундай гуманисттик, маданиятынын, рухий цивилизациясынын духунда кайра жаралууга тийиш деген ишенимдебиз. Ушул улуу дөөлөттөрүбүздү өлкөбүздүн ички идеологиясы катары тутунуп, аларды кайрадан терең өздөштүрүп, сактап, аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтып, калкыбыздын, жаш муундарыбыздын энчисине айландырып, жарандарыбыздын барктаган, кастарлаган, сыймыктанган табериги катары кан-жанга сиңишине жетишишибиз керек. Ушул нарктар аркылуу кыргыз баласынын улуттук өзүн өзү аңдап түшүнүүсүн, улуттук кадыр-барк, ар намыс сезимин (чувство национального достоинства) ойготуп, чыңдашыбыз керек. Биз глобалдашуунун аз сандагы элди оп тартып, жутуп коюучу катаал өкүмүнө ушундай культурологиялык концепциябызды каршы коюу аркылуу гана журт катары сакталып кала алабыз. “Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес”(Ф.Достоевский). Дагы баса айталы, эгерде калк өзүнүн ички руханий ресурстарын активдүү түрдө кыймылга келтире алса, өзүнүн улуттук салттарын жана нарктарын аң-сезимдүү түрдө тутунса, алардын тамырларына суу куюп, дайыма гүлдөтүп турса, улуттук маданияттын мамысы бекем орнотулган болсо, анда мындай эл дүйнөлүк интеграциянын ассимиляциялап жиберүүчү күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула алмак.

Советбек БАЙГАЗИЕВ,профессор-публицист,
“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.