Кылым жашаган кыргыз кийимдери

Кезинде улуу Токтогул:
“Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң”, –
деп ырдаган керемет сапты кыргызда укпаган аз чыгаар. Ушул сыңар деги эле кийим (анын ичинен кыргыз кийимдери) ырга кошулуп келиши да бекеринен эмес. Анткени, жарашыктуу кийим адамдын көркү! Бул жагынан жаңылык ачалы деген ойдон алыспыз. Мына мындан үч жыл мурда Италиянын Милан шаарынан чыгып келген, кыргыз кийимдеринин сүрөтү таасын тартылган альбомго кызыга карап отурабыз. Бул альбомго 164 сүрөт жайгаштырылган. Биз сүрөт, кыргыз кийими деген жөн гана фотосүрөтчүнүн болгон буюмду болгондон тартып китеп (альбом) бетине жабыштыра салынган деп түшүнбөшүбүз керек. Бул жерде сөз андан кийин Түркия мамлекети басып чыгарган “Кыргыздын элдик кийимдери” деген экинчи альбом жөнүндө да бара жатат.

Экинчисинин барактарына кичине чоң болуп отуруп 242 сүрөт жайгаштырыптыр. Бул китептердин негизги авторлору эки киши десек болчудай. Анын биринчиси кыргыз жерин, тоо жолдору менен талаа жолдорун бирдей кыдырып кыргыздын кайсы айы­лындагылар кандай кийим кийип келишкенин өткөн кылымдын 70-80-жылдарында иликтеп, кыргыз этнография илимин байыткан Клавдия Исановна Антипина болсо, ошол изилдөөлөрдү искусство тили менен байытып жогортодон сөз кылып келе жаткан альбомдордун пайда болушуна, мына карап, таанышкыла деп колубузга карматып, бир эсе таңдантып да, суктантып жаткан татынакай талант ээси, инибиз Темирбек Мусакеев болуп жатпайбы?

Бул жерде ошол кийимдерди кийишкен адамдарды, ар кыл буюм-теримдерди фотого түшүрүп, жогоруда эки адамдын эмгегине да баалуу салым кошкон Роландо Пайвону унутта калтырганыбыз болбос. К.И.Антипинанын эмгеги өзүнөн-өзү, тез арада эле жаралып анын негизги автору болгон Темирбек Мусакеевдин колуна жеңил-желпи эле тие калдыбы, деген суроо жаралышы да мүмкүн. Кийинки эгемендик алган 20 жылды албаганыбызда эле 20-кылымдын орто ченинен өтө берген кездерге чейин эле кыргыз кийимин кийүүчүлөр кыйла азайып кеткендиктен аларды этнограф-окумуштуу үчүн табыш кыйла эле машакатты жаратпай койгон эмес. Анын ичинен элечек сыяктуу кыргыз аялдарынын баалуу, жасалгалуу баш кийимин кийүү өтө эле чанда болуп калган. Мисалы, “Кыргыздын элдик кийимдери” альбомунун 83-сүрөтүндөгү “Аялдардын баш кийими элечек, түндүк-батыш аймактардан”, 86-сүрөт. Аялдардын баш кийими элечек, чеке таңгычы менен деген татына сүрөттөрдү эле көрүп, таанышып коюу эле канча баалуу.

Жогоруда оюбузду төгүнгө чыгарбай дагы тереңдеткен альбомдун 29-48-беттеринен орун алган көлөмдүү илимий макаладан да чакан үзүндү келтире кетели. “Альбомдун жасалышы боюнча бир-эки ооз сөз. Сүрөттөр революцияга чейинки окумуштуулардын, аскер адамдарынын соломо сүрөттөрүнөн, фото сүрөттөрүнөн алынды. Кийимдин кээ бир түрлөрү алар жөнүндөгү жазма даректердин маалыматтары боюнча калыбына келтирилди” деп жазат. Эгер бул сыяктуу тарыхый этнографиялык чыныгы билгичтик, илимий баам, сүрөтчүлүк жөндөм менен пайдаланганда бул сыяктуу эстетикалык-тарыхый-көркөм табылганы жаратуу мүмкүн да эмес эле. Биздин баам­доолор боюнча өткөн кылымдын 40-жылдарына чейин кыргыз кийимдери кыйла шардана пайдалангандыктан, алардын анча-мынчасын көрүп калганыбызга бул альбомдорду карап отуруп кыйла кубанып да калдык. Ошондой болсо да “Кыргыз элдик кийимдери” альбомунун 138, 139, 140, 141-сүрөттөрдөгү сөйкө, желбирөөчтөр, Күмүш, Сирке, Карайтуу, Филигрань деген жазуулар жазылган кооз буюмдарды чанда гана жандар көрүшпөсө көпчүлүк бул сыяктуулар элибиздин турмушуна колдонуп келишкенинен кабардар да болушпаса керек. Бул макалабызда эки адамдын жаратууларына өзгөчө маани ыйгарып жатабыз. Бул бекеринен эмес.

Эми окумуштуу Клавдия Ивановнанын жолун чыгармачылык менен улантып келип, жогоруда эки, үч ирет аттары аталган альбомдор Европанын эки мамлекетинде чыгуу менен эле токтоп калдыбы же мээнеткеч Темирбек инибиз аракеттенүүсүн дагы улантып жатабы? – деген жөндүү суроолор өзүнөн-өзү туулушу мыйзамдуу нерсе. Ушундан улам Темирбектин өнөрканасында ал кишиники эле эки жылдын ичинде жараткан 20дан ашык чыгармаларын биринен сала экинчи, үчүнчүлөрүн кезеги менен карап, жөн гана карап кубанбай толкунданып отурам. Мисалы, 150-сүрөт, улгайган эркектин кышкы кийими, тумак, ичик деген жазуу менен тумак, ичик кийип турган адамдын көрүнүшү, тулку бою гана тартылган болсо, автор кийинки чыгармаларында ошол эле сүрөттү кыйла байытып, ага кыйла жан киргизип, ошол кайсы жерлик жана кандай чөйрөдө жашап жатат, күн кечирип жаткан каарман эгер тоолук болсо, тоонун элеси – сүрөттүн фонунда ташка тамга баскандай даана көрүнүп турат. Ошондой эле “Кыргызстан” альбомунун 123-бетинен орун алган “аялдардын күнүмдүк кийими” сүрөтүнө да кайрылсак, аскасы асман тиреген тоолор, топоздун төрт бутунун алдында жалгыз аяк жолдун нугу да көрүнбөйт. Сүрөт, сүрөттөгү “кэлэк, атлас чапан, Алай өрөөнү, Памир 19-кылымдын экинчи жарымы жана 20-кылымдын башы” деген кыска маалымат менен кабардар болобуз. Биз баятадан көз чаптырып отурган кайсы чыгарманы албайлы, ар бири сүрөткердин жөн эле кыялы менен байыбай, тигил же бул сүрөттүн мазмуну фонундагы көрүнүш аркылуу тереңделе жана толуктала берген. Бул авторго чоң утуш алып келгенин айтып далилдештин деле кажети жоктой. Эми эмне деп оюбузду жыйынтыктамакчыбыз. Темирбек изденгич, баамчыл сүрөтчү тарабынан улам күңүрттөнүп бара жаткан тарых тереңдигиндеги элибиздин буюм-теримдери бадырайып көркөмдүгүнөн бир жанбай чыга келген. Ошону үчүн бул эмгек ээсине ыраазычылыгыбызды гана билдирели.

Тенти ОРОКЧИЕВ, акын жана журналист,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
КТРКнын отличниги,
«Кыргыз туусу»,
06.09.2011-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Кылым жашаган кыргыз кийимдери

  • 15.02.2015 at 19:34
    Permalink

    Урматтуу редакция улуттук кийим, тамак-аш тууралуу жазылган маалыматтар сонун жазылыптыр.Эми видео сабак сыяктуу кылып кантип жасаса болот ошону да сайта киргизип койсонуздар сонун болмок.Мисалы кийизди,тамак-аштарды кантип жасаса болот

    Reply
    • 16.02.2015 at 12:01
      Permalink

      Рахмат коолоо-тилегиизге.
      Сиз айткандай видео материалдар болсо эң жакшы болмок. Балким кызыккандар сунушташаттыр. Биз андай видео материалдарга ыраазы болот элек.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.