Кызганчаак, түнт, согушка барбай калганына кейиген Алыкул

Аз жашаган өмүрүндө артына өлбөс-өчпөс атын калтырып кеткен алп акын Алыкул Осмоновду кимдер билбейт. Жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күнү Алыкул Осмоновдун өмүрдөн кеткени кандайдыр бир мистикадай таасир калтырат. Азыр да классик акындын сырлуу ыр дүйнөсү, жеке жашоосу жөнүндө жазылып бүтпөй келет. Мисалы, жазуучу, журналист замандашыбыз Мундузбек Тентимишов акындын арзып алган ак никелүү жары болуп, бирок тагдырдын жазмышы менен ажырашып кеткен аялы Зейнеп Сооронбаева менен Алыкул Осмоновдун турмушун изилдеп жазып келет. Акынды жубайы Зейнеп Сооронбаева мындайча эскерет:
“…Залда эл жык, бош орундук көрүнбөйт. Аңгыча орто ченде отурган кыргыз жигиттин жанында бош орун бар экен. Ошого чакырышты. Алыкул экенин кайдан билейин. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Көрсө, ажыгабылдар күн мурун сөз бышырып, орундук камдап коюшкан турбайбы. Алыкулдун атагын угуп жүрчүмүн. Серт, бирок ырайымдуу жаш жигит окуумду, студенттик күндөрдү сурамжылап, “мен сени тааныйм, педтехникумда оюнга катышчу эмес белең, агаң менен чогуу жүрчү элем” деди. Анан тааныша элек жатып эле кече аяктайын деп калганда турмуш курбайлыбы деп оюндагысын ачык айтып салбаспы. Кандай неме деп так секирдим. Жашым араң 16да болсо, окуум жүрүп жатса, турмушка чыгууну кайдан ойлоном?”


***
“… Ошентип ал жыл өтүп кетти.
Кийинки жылы Алыкул Москвага дагы келди. Ал кышкысын дем ала турган. Ымалабыз ачыла түштү. Арнап бир жоолук алган экен, эми колуктум деп жүрөйүн, салынып кой деп өтүндү. 1941-жылы күзүндө, согуш башталган учурда баш кошуп, Түгөлбай Сыдыкбеков менен бир үйдө жашап турдук. Биз үйлөнгөндө Мукай Элебаев байбичеси менен, Кубанычбек Маликов, дагы биртоп атактуу адамдар катышкан эле. Агасындай камкордук көрүп, жасаган тамагыма чейин мактап жеген жакыныбыз Жоомарт эле. Кайран киши оюн-чындан күлө сүйлөп, чарбага жоксуң деп Алыкулду жемелеп коё турган. Ал келгенде жаныбыз жыргап, кубанып калчубуз.”

***
“… Мындай окуяны айтайын. Согуш чыкканы Алыкул аз жазып калды. Ушундай чоң иштен каласыңбы, жаз, көпчүлүккө кошул десем жактырбай бир карап алып, “согушту мен кийинчерээк жазам, азыр болбойт” деп койду. Көрсө, башка нерсеге алагды болуп жүргөн турбайбы кургур. Бир жолу чын сырын айтты. “Согушка албай жатышат, Жоомарт, Жусуп, Мукайдан калып жашагым келбейт” деп. Алыкул бул үчөөнү мына ушундай жакшы көрө турган. Согушка алышпаган себеби, өпкөсүнөн кургак учуктун ачык түрүн таап чыгышыптыр…”

***
“…Алыкул түнт, кырс. Мен да өзүмдүкүн бербеген көк, таарынчаакмын. Анын үстүнө боюмда бар. Майда бараттан урушсак да кечирим суроого эч кимибиз даабайбыз. Театрга бирге барып, кээде жолдун эки тарабы менен келчүбүз. 1942-жылы согуш басылмак түгүл күчөп кетти. Бирөөнүн үй турмушуна кызыкканды кой, ар ким өз айласын таппай калды. Жакын санаалаштарынын баары согушка кетти. Өзү барбаганына Алыкул катуу чүнчүдү. Ал үйдө, мен маданият башкармасында иштеймин. Түйшүк көп. Кээде ушунчалык чарчап түнкү 1-2лерде араң келем. Алыкул түнөрүп тосуп алат. Кээде эшикти биртопко чейин ачпай койчу. Бул чындык. Көрсө, ал байкуш мени кызганып жүргөн турбайбы. Жаштыгым менен тетири кабыл алчу экенмин…”

***
“.. 1943-жылы ажырашып кеттик. Төрт жыл бой жүрдүм. 1947-жылы турмушка чыгып, ошондон бери Ташкенде жашайм…”

***
“… Аныкындай сейрек мүнөздү андан кийин эч кимден жолуктурганым жок. Төрт жыл бою эмне деген гана ушактын бутасы болбодум. Алыкулду да, мени да жөн коюшпады. Бирөө Алыкул эл душманынын кызын кууп ийиптир десе, дагы бири Зейнеп төркүнүнө таянып Алыкулду чанып кетиптир деп бирге экини кошушту. Элдешкен күндө деле ушактан арылбас жагдай түзүлдү. Аны тараткандар деле алыстан келишкен бейтааныштар эмес, кийин акындын аты чыкканда ага “дос”, “жолдош”, “калемдеш” болуп суурула келишкендер болучу. Мени кимге гана тийгизип кандай гана эссиз аял кылышпады. Кээ бири оорусу жугат деп Алыкулдун кагазын кармагандан да каччу турбайбы… деп да айтышты…”

***
“… Акыркы жолу 1947-жылы Фрунзеде илимдер академиясына кирип баратсам Алыкул чыгып келатыптыр. Көрүп таштай катып калды. Мен да не кылаарымды билбей селдейе сөз айтпастан четке басып кеттим. Көзү өткөндө эч ким кабар кылбады. Бир күнү жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип, “мурдагы күйөөң, кыргыздын чоң акыны каза болуптур” деп айтты. Аны менен Москвада чогуу окуганбыз. Көп жылдан кийин Алыкулдун көрүстөнүн издеп бардым. Эч ким биздин тагдырыбыз боло албайт. Эгер анын өмүрү кайгылуу аяктап, эрте үзүлсө, мен калган күнүмдү Алыкулдун эстелигине татыктуу болгудай жашоого умтулам. Жиберген каталыгымды актоого…”

Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.