Баарлашуу. Таасирленүү. Жапон хоккусу. Сергей Есенин, Олжобай Шакир жана Жыргалбек Касаболотов.

Жапондордун адабияты, маданияты менен тааныштыгы жок адам алардын 3 сап түрүндөгү хокку ырларын окуганда бир кызык абалда болушу мүмкүн. Болгону 3 кыска сап. Кичинекей бир көрүнүштүн, абалдын, ой-толгоолордун, болгондо да алардын бир бучкагынын, өңүтүнүн гана сүрөттөлүшү, баяндалышы. Бирок ошол эле кезде ар бир хоккунун аркасында, айланасында айтылбаган, бирок кадимкидей сезилип турган чоң бир нерсе жатканы дароо сезилет.

Жапон поэзиясы менен канчалык көп таанышсаң, мурда сезилип гана турган нерсе, эми дааналап да көрүнө баштаганын, бирок ошол эле кезде анын айланасындагы айтылбаган нерсе да көбөйүп калганын байкайсың. Ал айтылбаган нерсе  – акындардын, доорлордун, ырлардын кабарлашып, таасирленип турушу.

japan_surot

Жапон поэзиясын жакшы билген адам кайсы бир хоккуну окуганда бул ыр менен үндөшүп турган дагы көптөгөн башка ырлар анын эсине түшөт. Ал эми үндөшүү менен таасирленүү да тыгыз байланышта. Кийинкилер мурдагылардан таасирленип жаңы нерсе жаратат. Музыка дүйнөсүнөн салыштырууну алсак, адам бир гана музыкалдык инструменттин күүсүн гана укпастан дуэт, трио, квартет, квинтет, сикстет же керек болсо чоң симфоникалык оркестрдин аткаруусундагы музыканы угат.

Бул нерсе жапон поэзиясына гана мүнөздүү нерсе эмес, бул универсалдуу көрүнүш.

Ушундай бир мисалга мен жакында өзүм күбө болдум. Катышуучулар: белгилүү орус акыны Сергей Есенин жана эки жакын досторум, чоң акындар Жыргалбек Касаболотов менен Олжобай Шакир.

1925-жылы С.Есенин мындай бир ырды жаратты эле:

* * *

Быть поэтом — это значит то же,
Если правды жизни не нарушить,
Рубцевать себя по нежной коже,
Кровью чувств ласкать чужие души.

Быть поэтом — значит петь раздольно,
Чтобы было для тебя известней.
Соловей поет — ему не больно,
У него одна и та же песня.

Канарейка с голоса чужого —
Жалкая, смешная побрякушка.
Миру нужно песенное слово
Петь по-свойски, даже как лягушка.

Магомет перехитрил в Коране,
Запрещая крепкие напитки.
Потому поэт не перестанет
Пить вино, когда идет на пытки.

И когда поэт идет к любимой,
А любимая с другим лежит на ложе,
Влагою живительной хранимый,
Он ей в сердце не запустит ножик.

Но, горя ревнивою отвагой,
Будет вслух насвистывать до дома:
«Ну и что ж! помру себе бродягой.
На земле и это нам знакомо».

 

Туура 85 жылдан кийин, бир кезде улуу орус акынын түйшөлткөн маселелер да Олжобайды да түйшөлткөнбү, атайын эле Есенин тарапка баш ийкеппи, же өзүнөн-өзү эле жаралыппы, мындай бир жазат:

* * *

Бака үнүн угуп түндө чардаган –
өз үнүмдү таппаганга арданам.

Бака менен сайрап бирге чегиртке
намысыма тийди менин зериккен.

Өзөгүм өрт, өз үнүмдү таппай бу…
кайран өмүр сая кетип жатпайбы!

2-июль, 2010-ж.

 

Бул ырды окуган, андан таасирленген Жыргалбек досубуз жооп ыр жаратат:

Бакалардын чардап жаткан талашы –
Бардык жерде Өмүр-Өлүм арасы.

Алы-жаны калгычакты тынч алып
Ар ким жашайт өз бетинче үн салып.

Тийип турса кара жерге таманы
Тирүүлүктүн болбойт жакшы-жаманы.

Ар кай жерден асел үчүн кайсалап
Аарылар да өз өмүрүн жар салат.

Чыйыры бар, унчукпаган киттин да.
Чындыгы бар, уруп турган иттин да.

Бөктөрүнгөн жемин артып жонунда,
Бөрү жортот Бөрүлүктүн Жолунда.

Бугун төгүп айымынын көзүнчө
Булбул деле сайрап турат өзүнчө.

Өмүр жолу калган кезде түгөнүп
Өчүп калат доошу дагы түбөлүк.

Бактар бакка, гүлдөр гүлгө окшобой
Башкалары сайрап турат токтобой.

Акыл гана айырмалайт алардан,
Адам деле бир макулук жаралган.

Жалган-чынды чабыштырып эрегиш,
Жашоо үчүн жанталашып келебиз.

Биротоло бүткүчөктү күнүбүз
Биздин деле чыгып турат үнүбүз.

Изибизден ээрчисе деп балабыз
Иш бүткөн соң кара жерде калабыз.

Ал андыктан калтырууга мурасын
Ар кимиси өз баянын уласын.

Түгөнсө да бир өмүрдүн жарышы,
Түгөнбөсүн Тирүүлүктүн дабышы.

 

Ушундайда Ыр акеге окшоп эмоцияга алдырып кыйкыргың келет: “Жашасын поэзиядагы кабарлашуу жана таасирленүү!” Мындай нерселер поэзияны эч бир ачылып бүтпөгөн, аны толук аңдап-түшүнүүгө болбогон чексиз бир ырахат мухитке айлантат.

Марат Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.