Кыргыз эл бий сынагы

el_biy

Кыргыз бийин ким табат?
«Улут жүзү» коомдук фонду кыргыз эл бийине сынак жарыялайт.

Байге фонду 1 миллион сом!

Кыргыз эл бий сынагынын жобосу
Бул долбоор руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп, өнөр сересиндеги чыгармачыл адамдарга, жаш талантарга дем күч берип, улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга жана жаштарды патриоттуулукка үндөйт.

Сынактын максаты жана мааниси:
-Кыргыз эл бийин жандандыруу жана өнүктүрүү;
-Кыргыз бий өнөрүн сүйүүчү ышкыбоздорду колдоо.

Сынактын шарттары:
Сынакка жеке аткаруучулар жана чыгармачыл топтор катыша алат.
Катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт.

Сынака катышуучулар:
1) сынакка катышуу үчүн анкета-билдирме толтуруп (анкетаны формасын www.ulut-juzu.kg сайтынан алууга болот);
2) өз бий композицияларын тасмага түшүрүп жөнөтүүлөрү зарыл.

Сынака сунушталуучу материалдар ушул жылдын 30-августуна чейин кабыл алынат.

Техникалык талаптар:
Сынака жөнөтүлгөн видео материалдар (клиптер) бир мүнөттөн кем эмес, беш мүнөттөн ашык болбошу кажет.

Сынака сунушталуучу материалдар баардык электрондук жүктөмөлөр (DVD-диск, флеш-карт ж.б.) же интернет аркылуу кабыл алынат

Эскертме:
– сапатсыз видео материалдар;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген (эл аралык же улуттар аралык козутуулар ж.б. камтылган) видео материалдар кабыл алынбайт жана каралбайт.
– Кабыл алынган анкеталар боюнча ой-пикирлер айтылбайт жана катышуучулар сунуштаган видеоматериалдар кайтарылып берилбейт.

Жобонун толук варианты менен www.ulut-juzu.kg сайтынан таанышууга болот.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 45;
байланыш тел.: 0312 66 56 77, моб.: 0 550 301 305
Электрондук дареги: ulutjuzu@mail.ru, ulutjuzu @gmail.com

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.