Кыргызстанда 38 миң бала таптакыр мектеп босогосун аттаган эмес, ал эми 23 миң окуучу түрдүү себептерден улам мектепти таштап кетишкен

Кыргызстан боюнча 38 миң бала мектепке такыр тартылбаган болсо, 23 миң окуучу түрдүү себептерден улам мектепти таштоого аргасыз болушкан. Мындай маалыматты Жогорку Кеңеште депутат Гүлнара Дербишалиева билдирди.

Депутат айымдын айтуусунда, бул маселеге жаңы министр көңүл бурушу керек.”Балдардын мектепти таштап кетүүсүнө үй-бүлөлүк шарт, жакырчылык, мугалимдердин орой мамилеси жана мектеп окуучуларынын арасындагы рэкетчилик негизги себеп болууда. Изилдөөлөр мектепти таштап кеткен балдардын билими 1-класстык деңгээлден да төмөн экендигин көрсөттү”, деди Г.Дербишалиева.

“Zpress.kg” МА

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.