Белгилүү журналист, публицист Мамат Сабыровдун “Жол” аттуу алгачкы китеби жарык көрдү

Өткөн жумада “Бийиктик” басмаканасынан белгилүү журналист, публицист Мамат Сабыровдун “Жол” аттуу аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Мамат Сабыровдун кичи мекени Ноокат району болгондуктан, бул алгачкы жыйнагында да элеттиктердин каада-салты, кулк-мүнөзү, турмушу чагылдырылган. Китепке баш сөздү көп жылдар бою автор менен журналисттик кесипте чогуу иштешкен, жашы да курбалдаш, азыр КР маданият жана маалымат министри Султан Раев баш сөз жазып, “Мен Мамат досумдун бул китебин барактап отуруп, жаштыгымдын билинбей өтүп кеткен бир бүктөмүн таап алгандай болдум”,- деп жазган.

Китеп Ж.Бакиев атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен жарык көргөн.

Э.Момунов, “Кабар”, МА, 3.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.